15.03.13 Мамлекеттик айыптоо Ташиев менен Жапаровду 10 жыл, Мамытовду 9 жылга кесүүнү сурады
Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишиндеги материалдар иликтенип бүттү. Кечээги сот отурумда мамлекеттик айыптоочу соттон Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду 10 жылга, Талант Мамытовду 9 жылга эркинен ажыратууну суранды. Мындан сырткары, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин үч жансакчысын 3-4 жылга эркинен ажыратуу керектигин билдирген. Ишке төрагалык кылган судья Адыл Субанкулов кандай чечим чыгарары азырынча белгисиз.
Ошентсе да Камчыбек Кыдыршаевич өзүнө тагылган кинелерди четке кагып, прокурордун "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып такканына макул эместигин айтты. "Бир дагы күбө же жабырлануучу менин колумда таяк же таш болгонун айта алган жок. Аскер кызматкерлери өздөрү менин куралсыз, ок атууну токтотуу үчүн аларды көздөй чуркаганымды айтып жатышат. Ооба, мен аларды сөккөнүмдү мойнума алам, бирок аларды курал колдонбоого чакыргам. Тасмада менин бийликти басып алуу чакырыгын таштабаганым көрсөтүлдү. Мен болгону Кумтөргө карата саясатты, өлкөдөгү бийликти өзгөртүү чакырыгын таштагам. Бирок бийликти күч менен басып алууга үндөгөн эмесмин, менде андай ой да болгон эмес. Ошон үчүн соттон адилет чечим чыгарып, мени актоого чакырам" дейт ал.


ЖоКенин "куну" 100 миллионбу?
"Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов парламенттин башын "жутмайынча" тынчыбайт окшойт. Анткени анын ЖоКени "жок кылуу" үчүн 100 млн. "жашылбайды" чачууга даяр тургандыгы тууралуу кеп кетти. Ушул жерден Өмүрбек Токтогуловичке сунуш айталы: анча болду пикет-митинг өткөрүп, маалымат "согушун" жүргүзүп элди да, өзүңүздү да беймазага салбастан, үстүнө 20 миллионду кошо салып, депутаттардын ар бирине 1 млн. доллардан таркатып жибербейсизби?! Акча дегенде жантыгынан жата калчулар миллионду көргөндө мандатын таштап, өздөрү басып кетпей жаны жокпу?

Москвадагы жолугушуу…
Таба эмес тобо дейли, бирок аткаминер, депутаттарыбыз кылмыш иши козголсо эле "ооруп калмайды" өнөргө айландырып алышты. "Ата журтчу" Нурлан Сулаймановго кылмыш иши ачылды эле, анысы дароо Германияга барып жүрөгүнө операция жасатканын жарыялады. Ылайым эле сакайып кетсин. Төрага Асылбек Жээнбековго жолдогон катында марттын башында келерин убада кылганы маалым. Бирок март айы ортолоп калды, Нурлан мырзадан дайын-дарек жок. Бирок Россияга күн алыс каттап турганынан кабарыбыз бар. Эл өкүлү Акматбек Келдибеков өгүнү Москвага барганда Нурлан Чолпонбаевичке жолукканын көргөндөр бизге айтып келишти. Атүгүл экөө бир мейманканада түнөп, таң аткыча сыр чечишти дейт. Кокусунан эле бийлик алмашып кетпесе, Сулаймановдун мекенине кайтышы азырынча күмөн го…

Самаков Ноорузду Францияда өткөрөт
Кыргыздын патриот жигиттеринин бири, "Манас" эпосун ЮНЕСКОго чейин барып коргогон Карганбек Самаков аттуу "ата мекенчи" депутатыбыз бар. Бул жигиттин улуту үчүн жасаган эмгектери арбын. "Манастан" тартып шырдак, алакийиз сыяктуу кыргыздын улуттук баалуулуктарын ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине киргизди. Эми бүгүн 12 адамды жанына алып Францияга жөнөп кетти. Парижде, ЮНЕСКО курамындагы 147 мамлекеттин өкүлдөрүнө жолугуп, алар менен бирге Ноорузду белгилемекчи. Анүчүн атайын кыргыздын улуттук тамактарын кошо бөктөрүнө кетиптир. Дүйнөнүн 147 мамлекетинен келген беш жүзгө жакын өкүлдөр ЮНЕСКОнун бир ресторанынан бешбармак, казы-карта, чучуктан тамшана жеп, "Манас" эпосунан үзүндү угуп, комузда кол ойноткон өнөрпоздорубуздун өнөрүнө күбө болушмакчы. Атайын Францияга барып кыргыздын духун көтөргөн Самаковго бали дейбиз.

Жантөрө мырза, убада кана?
Акыркы кездерде аткаминерлерибиз элге жигитче сөз берип, уруша кетишсе да жигитче эсептешип ийгендерин көрүп эле жүрөбүз. Ошол оору башбакан Жантөрө Сатыбалдиевге да жуккан өңдөнөт. Дегенибиз, өткөн жылы Кеминге Жантөрө мырза жан-жөкөрлөрү менен барып биртоп жерди көрүп кайткан. Тилекке каршы, ал жалаң өкмөт башчынын айткандарын эки кылбаган аким, айыл өкмөт башчыларына жолугат. Буга кыжырданган Орловка шаарынын жаштары Жантөрө мырзаны тосуп чыгып бир аз аларды тыңдап, бир цехке барып кетүүсүн суранышат. Ошондо Жантөрө Жолдошевич жаркылдай бир жумадан соң келип кетерин жигитче убада кылыптыр. Ошондон бери күтүп атып чарчаган жаштар өкмөт башчынын жигит экендигинен күмөн санай баштаганын айтышып, биз аркылуу ага чоң салам айттырышты. Эми убадаңызга туруп ал жакка бир барып келбесеңиз болбойт го?

Мукар Чолпонбаевдин өтмүшү менен эмкиси
Ары айлакер, ары юрист, тракторист, моряк, тергөөчү, министр болуп көптөгөн кесиптин башын кайсалаган Шалтак атанын тыңчыкма уулу бир кезде көлдүктөрдүн көөнүнө толуп, ЖКга эки жолу депутат болгон. Ал 20 ай бою 1995- жылдын мартынан 1996-жылдын ноябрына чейин ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйынына төрагалык да кылды. Бирок кашайып ал жерден жеп-ичкени үчүн ыргып кеткен. Тактап айтканда, ал ошол жылдары ЖК төрагасы катары "Ак шумкар" деген аты-жыты билинбеген фирма менен макулдашып, Жогорку Кеңештин 3,2 миллион сомун которуп эмерек алмай болот. Кийинчерек Жогорку Кеңеш акчадан жок же эмеректин дайынын таппай калып, акыры бул иш сотко өткөн. Бир нече жолку текшерүүдөн кийин гана "Ак шумкар" фирмасынын жетекчиси Ш.Турганбаева, б.а. экс-спикер Мукар Чолпонбаевдин жубайы болуп чыкпаспы!
Экс-спикерге ЖКнын финчарба башкармалыгы менен "Ак шумкар" ААКсы ортосундагы макулдашуу нормаларды бузуу менен түзүлгөн жана которулган акчалар туура эмес максатта пайдаланылган деген айып тагылып, анын бул "операциясы" үчүн "Ак шумкардын" катардагы кызматкерлери В.Смирнов менен Э. Дүйшөмбаев өз жазаларын алышты. В.Смирнов он жылга кесилсе, Э.Дүйшөмбаев ден соолугуна байланыштуу темир тордон аман калып, эбегейсиз чоң суммада айып тарткан. Бирок бул иштин башында турган М.Чолпонбаев депутаттык кол тийбестигинин аркасында жоопкерчиликтен кутулуп кеткен.

Генерал эне тилине көңүл бурду
Ооган, Баткен согушунун катышуучусу, генерал Ашырбек Бакаев ушул күндөрү үйүндө шүк отурбай, бийлик, айрыкча мамлекеттик тил комиссиясы жасабаган кыргыз-орус сөздүгүн түзүп, (аскерий терминдерди аныктаган буга чейинки эмгеги дагы бар) келерки аптада жарыялайм деп туру. Мамлекеттен бир тыйын колдоо албаган Бакаев бул жыйнакка кетчү каражатты жалгыз өзү көтөрүп эрдик кылып турган кези. Парламентти мөөнөтүнөн мурда таратабыз, бийликти кууйбуз деп чаң салган генералдар Бакаевден үлгү алса демекчибиз.

Сагынбаеванын ордуна Төрөбаевдин адамы келеби?
Социал-демократчы Дамира Ниязалиеванын сүймөнчүк кадры, Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын башын кара булут айланган кези. Ал жакын арада креслодон жылмышары күтүлүүдө. Ал эми бошогон орунга вице-спикер Бакыт Төрөбаевдин адамы талпынганын Көк үйдөгүлөр кеп кылышууда.

Бабырбектин баасы антимонополдук агенттик экен
Өткөн жумада антимонополия боюнча мамагенттик жетекчилигине дайындалган Бабырбек Жээнбеков биздин кесиптеш эле. Эки ай мурда эле Атамбаевге сөөмөй кезеп, эмнеге кыргыз журналисттерин ушакчы дейсиң деп ачык кат жазып, ултандан султанга гезит аркылуу салам айтып, мен деген оппозицияга өттүм, бийлик кызматка чакырса такыр барбайм деп жанында жүргөндөрдү күбө тартып, айтор жок жерден жакшы эле жасалма оппозиционер болгонсуп жаткан. Эми ошо Бабырбек оппозицияга чыккан бийлик, болгондо да ал өзү "мародер эле мародер!" деп жаагы айрылганча айкырып жаткан "Ата мекен" партиясынын колу менен "чупа-чупс" суна койду эле, кайран киши алтымыштан ашып, чуркаса кыйналганына да карабай акактап жетип барды.
"Ата мекендин" анабашы Өмүрбек Текебаевдин айлакерлигине сөз жок. Бирөөлөр бийликти тартып алат, айрымдар каршылашын жок кылып басып алат, кээ бирлерди анча-мынча кызмат менен жаагын баса турса болот дегенди айныксыз далилдеди.

Акаев эмнеге жанталаша баштады?
Акыркы кезде Москвада "сүргүндө" жүргөн экс-президент Аскар Акаев аялы Майрам экөө алмак-салмак ММКга чыгышып, адаттагыдай эле өздөрүн сүттөн ак көрсөтүп, Кыргызстандын да, өздөрүнүн да азыркыдай акыбалына башкаларды күнөөлөп чыгышты. Айрыкча Кумтөр маселесинде Аскар Акаев он беш жыл элге кандай калп айтып келсе, азыр деле ошол адатынан жазбаганын даана көрсөттү. "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" Дастан Сарыгулов менен Темир Сариевдин ошогезде кылган иштерин күбө тартып күнөөлөп өттү эле, экөө тең Акаевдин адаттагы калпын ошо замат чыгарышты. Темир Сариев 2003-жылкы Жогорку Кеңеш токтомун көрсөтүп, анда депутат кезинде Кумтөр боюнча кандай добуш бергенин далил менен айтты.
Негизи Аскар Акаевден кыргызстандыктардын сурай турган суроолору көп. Эмдиги жылы ал жетимишке чыгат. Жок дегенде ушу жашка келгенде чындыкты айтып берсе, балким эл да кечирип, ал мекенине коркпой-үркпөй келээр беле…

"Жаңы Агым" - пресс