15.03.13 От дегенден ооз күйбөйт
Гүлзада СТАНАЛИЕВА:
"Орус тилисиз алыс бара албайбыз"

Кыргыз тилин өнүктүрүш керек деп оозеки сайраганыбыз менен аны өнүктүрүүнүн майнаптуу жолун эмдигиче таба албай убара болуп келебиз. Бири кыргыз тили өнүгүп жатат десе, экинчиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө орус тили тоскоол болуп жатат деп капталдан чыгат. Кыргыз тилин мыйзамдын күчүнө салып зордоп үйрөтүш керек дегендер да аз эмес. Акыркы мезгилдерде эне тилибиздин жоголуп кетчү тилдердин катарынан орун алышы да жаңылык болбой калды. Кыргыз тилинин маселесин, келечегин жана чечүү жолдорун талкуулоо үчүн жаш тилчи жана илимпоз Гүлзада Станалиеваны кепке тарттык. Гүлзада айым тилди өнүктүрүү боюнча өзүнүн кызыктуу сунуштарын ортого салды.

- Жаш тилчи катары кыргыз тилинин өнүкпөй жатышын эмнеден көрөсүз? Деги эле кыргыз тилинин илимий-техникалык чөйрөдөгү орду кандай болуп жатат?
- Азыркы убакта кыргыздар сыяктуу аз сандагы элдердин тилин сактап калуу, калк катары өз иденттүүлүгүн коргоп калуу ааламдашкан дүйнөдө курч маселеге айланды.Ушу тапта глобал дүйнөнүн биздин алдыбызга койгон талаптары такыр башка. Илимдин, техниканын заманында кыргыз тилинин деңгээли өтө төмөндөп кетти. Анткени кыргызча эч кандай илимий материалдар жок. Интернетте кыргыз тили өнүгүп жатат дегенибиз менен ал жактан деле кыргызча маалымат табуу оңойго турбайт. Кыргыз тилинин өнүкпөй жатышына глобалдык да, жергиликтүү да факторлор терс таасирин берип келет. Ал эми айтыла жүргөн кыргыз тили көчөдө, коомдук транспортто сүйлөнбөйт деген дооматтар маселенин бир эле чети. Биринчи кезекте тил институтун түзүш керек. Ал институт күн сайын өнүгүп, өзгөрүп жаткан илимий-техникалык терминдерди кыргызчалап тилибизге сиңириши керек. Мисалы, медицина тармагындагы терминдерди кыргыз тилинде айтуу мүмкүн эмес. Анткени бирдиктүү, толук кандуу терминология жок. Айла жоктон орус, англис тилдерин пайдаланууга туура келип жатат. Эл аралык терминдерди колдонсо болот, бирок ар бир эле терминди башка тилде колдонуу кыргыз тилин муунтат. Тилди сактап калуу үчүн бүгүнкү күнгө жооп бере турган тилдин базасын өнүктүрүшүбүз шарт. Бул ошол институттун иши болмок. Экинчи маселе бул котормо. Дүйнөдө эң көп окулган окумал китептерди которуу менен өнүккөн өлкөлөр өз тилдерин алдыга байытып келет. Бул абдан чоң каражатты талап кылат. Бирок котормосуз тилдин өнүгүшү да мүмкүн эмес. Түркияда дүйнөдөгү алдыңкы адабияттар, илимий эмгектер дайыма түрк тилине которулуп турат. Ал жакта котормочулар эң көп маяна алышат. Ушундай котормонун негизинде түрк тилинин статусу дүйнөдө күн санап жогорулап барат. Кээде бир материалдын орусчасы жок болсо сөзсүз түркчөсүн табууга болот. Мезгил маалымат кайсы тилде көп болсо ошол тил актуалдуу болорун көрсөтүп койду. Кыргыз тилин жарнамаларды которуп коюу менен өнүктүрөбүз деген болбогон иш.
- Сиз айтып жаткан институт Улуттук илимдер академиясында бар да?
- Ооба, ал жакта тил жана адабият институту бар, бирок алар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшөт. Көптөгөн иштерди жасап жатышат. Менин айтайын дегеним, кыргыз тилин өнүктүрүү институту. Терминология, котормо боюнча иштеш керек.
- Кыргыз тили маалыматтын башкы булагы болуп жаткан англис, орус тили сыяктуу киттер турганда илимдин, техниканын тили боло алабы? Алар менен теңата колдонулушу куру кыял эмеспи?
- Албетте, маселенин бул тарабы суроо жаратпай койбойт. Эгер кыргыз тили турмуш тиричилик деңгээлинен жогору көтөрө албаса тил катары жоголуп кетүү коркунучу жогору. Бирок кыргыз тили илимдин, техниканын тили боло албайт деп айтууга болбойт. Анткени кыргыз тили абдан бай тил. Бир диалектиде жок сөз экинчисинде бар. Түрктөрдүн ыкмасын өрнөк катары алсак болот. Алар компьютерди эчак эле түркчө сүйлөтүп коюшкан.
- Кыргыз тили дегенибиз менен ата-энелердин көбү балдарын орус тилдүү бакчаларга, мектептерге бергиси келет экен. Сиз балаңызды кандай мектепке берейин деп жатасыз?
- Айылдык мектептердин тандоосу чектелүү. Ал эми шаардык ата-энелердин көпчүлүгү балдарын орус тилдүү мектептерге бергиси келишет. Себеби баласын кийин кыйналып калбасын дейт. Орус тилин билбеген окуучу алыс бара албайт. Англис тили деле ошондой маанилүү. Менин уулум кудай буюрса сентябрда мектепке барат. Кайсы мектепке берсем деп баш катырып жатам. Анткени орус мектепке берсем аң-сезими, түшүнүгү орусташып кетет. Кыргыздарда эркек баланын орду чоң эмеспи. Анан улуттук баалуулуктарды билбей калса кыйналат да. Ар бир эле ата-эне баласын кыргыздын салт-санаасын билип чоңоюшун каалайт. Ал эми кыргыз мектепке берсең орусча жакшы билбей келечекте билимин улантуусуна тоскоолдуктар жаралат. Азыр орус тили жок алыс бара албайбыз. Анткени орус тили бизди дүйнө менен байланыштырган көпүрө тил. Андыктан эки тилди бирдей алып кетүү замандын талабы.
- Эки тоонун чөбүн эңсеген эчкидей болуп эки тилди тең жакшы билбей калышпайбы?
- Мен бул жерде кыргыз тили канткенде утат деген өңүттө айткым келди. Ар бир эле ата-эне өз баласын тартиптүү, анан билимдүү болушун тилесе керек. Мектептерде эки тилде билим берүү талапка ылайык деп эсептейм. Мисалы, кыргыз мектептери сабактардын жарымын орус тилинде өтсө майнаптуу болмок. Анткени орус тили жана адабияты сабагы менен балдарга орусча үйрөтө албайбыз. Андыктан альтернативалык жол катары айрым мектептерде кош тилде билим бериш керек. Ал эми орус тилдүү мектептерде кыргыз тилинде, кыргыздын салт-санаасын киргизип, эки тилди айкалыштырыш керек. Ата-энелер тандоосуна жараша бир тилдеги же аралаш мектептен окутушмак. Коомчулукта орусчаны шаардан өзү эле үйрөнөт деген туура эмес стереотип бар. Чындыгында андай эмес. Анткени орус тилин оозеки сүйлөй алышы мүмкүн. Бирок сабаттуу түрдө орусча жаза алышпайт. Эки тилде сабаттуу сүйлөй да, жаза да билсе эмнеси жаман? Тилди билүү башка, ошол тилди пайдаланып билим алуу такыр башка нерсе да. Жогорку окуу жайларда даярдоо курстарын ачыш керек. Маселен, Кыргыз-Түрк "Манас" университети орус тилдүү мектептерди бүтүп келгендерге бир жыл бою кыргыз тилин үйрөтөт.
- Кыргыз тилин өздөштүрүү үчүн жетиштүү материал жок деген сөз канчалык деңгээлде жүйөлүү? Же жөн эле шылтообу?
- Материалдар чындыгында эле тиешелүү деңгээлде жетишпейт. Китеп, булак, материал маселеси абдан курч турат. Замандын шарданы менен кетип жатып кантип башка тилдерге баш-отубуз менен кирип кеткенибизди байкабай калышыбыз мүмкүн. Өзүбүздүн тилди өнүктүрө албасак башка тилдер өз сазына тартып кетет. Биз жашаган доордо маалыматтын кайсы тилде болгону эмес, маалыматтын өзү маанилүү.
- Аз-аздан болсо да ар кандай тасмалар кыргызчаланып жатат. Мына ушул котормолордун деңгээли боюнча эмне айта аласыз?
- Азыр маалымат алуу үчүн китеп эмес, визуалдык материалдар көп колдонулат. Учурдагы тасмаларды которуу аракети жаман эмес. Бирок ошол котормолордун деңгээли кандай? Тилекке каршы көп учурда китеп тили менен которулуп калып жатат. Балдар мындай оор тилди кабыл ала албайт. Жаш балдардын психологиясы, маалымат кабылдоосу кыска гана мөөнөткө созулат. Татаал нерседен бала зеригип кетет. Башка тилден которулган бир мультфильмде "карап көрөлү" деген сөздү "байкоо салалы" деп которуп коюптур. Эми балдар "байкоо салалы" эмне экенин түшүнбөйт да. Андыктан тасмалардын, анимациялардын тилин жөнөкөйлөтүш керек. Оор которулган кыргызча мультфильмден качкан жаш балдар жалпак тил менен коштолгон орусча мультфильмдерди көрүшөт. Телевизордон кетип жаткан кыргызча жарнамалар мурда кулакка өөн угулчу. Азыр кадимкидей өз нугун таап алды. Уккан кишиге абдан жагымдуу. Менимче, тасмалар да акырындык менен өз нугун тапса керек. Ал үчүн убакыт керек.
- Журналисттер кыргыз тилин бузуп жатат дегенге кандай карайсыз?
- Эми кыргыз гезиттери эгемендикти алгандан кийин "Асаба" баштап элдин кулагына шыбырап жаткандай стилде жазып калышкан да. Ошондон бери эле кыргыз журналисттери "Асаба" чапкан арык менен келатат. Журналистиканын тили адабий тил менен публицистикалык стилдин айкалышкан формасында болушу шарт. Азыр болсо ММКнын тили өтө эле төмөн деңгээлге түшүп кетти. Эми бизде текстти талдоо, контент анализ деген жүргүзүлбөйт да. Өнүккөн өлкөлөрдө ар бир сөз талдоого алынат, журналисттин эмнени айткысы келгени тыкыр иликтенет. Ал эми бизде ар бир сөз талдоо мындай турсун этиканын нормалары сакталбай калды. Көпчүлүк журналисттер өзүнүн маалыматынан сенсация жаратыш үчүн бардык аракеттерге барып жатышат. Учурда ММКнын таасири абдан чоң. Анткени эл мурдагыдай китеп окубай калган. Окуганы гезит, тиктегени телевизор.
- Интернет сыяктуу альтернативалык булактар турганда китептердин окулбай калышынан трагедия жасоо канчалык жөндүү?
- Өзгөчө адабий китептердин окулбай калышы чынында эле трагедия. Анткени китеп адамдын ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт. Эгер адам китеп окубай калса эркин ой жүгүртө албайт. Айтматов айткан маңкуртчулукка алып келет. Китеп сөз байлыгын, дүйнө таанымды, көркөм ойлонууну өрчүтөт. Азыркы тапта мугалимдер окуучулардын өз оюн жеткире сүйлөй албастыгын айтып жатышат. Ит деле сөздү түшүнөт бирок сүйлөй албайт да. Окуучулардын көбү өз оюн жеткиликтүү айтуудан аксайт. Мектептерде чыгармалардагы окуяларды гана окушат. Чыгарманын идеясын, маңызын аңдай алышпайт. Окуучулар ошол чыгармалар аркылуу дүйнөнү, адамды таануу аркылуу калыптанышы керек. Биз ушул нерсени колго алышыбыз керек. Бул жакта мугалимдердин да күнөөсү бар. Анткени тарбия берүү бул тыюу салуу эмес, өз алдынча ойлондуруу, аңдап түшүндүрүү да. Ал эми журналисттердин китеп окубай калышы андан эки эсе трагедия. Журналисттер коом менен дүйнөнүн ортосундагы көпүрө да. Журналисттер окумал адамдар болуш керек. Эгер биз өтүп бараткан көпүрө сабатсыз болуп жатса келечегибиз кандай болот деген суроо туулат.

Суроо салган
Уланбек ЭГИЗБАЕВ