15.03.13 Фейсбук сүйлөйт
Жаныбек ЖАНЫЗАК: - Атаңгөрү, "Алиби" гезити мени "көз каранды журналист" деп бакыйтып жазып салыптыр. Эй Бабырбек, качантан бери Жанызак "көз каранды журналист" болуп калган? Кимисине көз каранды дейсиң мени? Бийликке бир кирип, кайра чыгып эркелеп жүргөн сен өзүң орду-түбүң менен көз карандысыңбы деп калдым. Ыскат дечү эле мындайларды биздин айылда бир аскер көргөн абышка...




Нуржан АЛЫМКАНОВА:
"Дилибизди, ой жүгүртүүбүздү оңдосок, Калифорния болуш оңой эле экен"
"Жаңы Агым" гезитинин мурдагы менеджери Нуржан Алымканова былтыр Америкага кеткен. Учурда ал АКШнын Калифорния штатындагы Монтерей шаарында убактылуу жашап атат. Ал күн куру эмес фейсбук баракчасына адамды кайдыгер калтырбаган сүрөттөрдү түшүндүрмөсү менен коюп келет. Американы канчалык жаман көрбөйлү, ал жакта үлгү алчу нерселер көп экен.


Дил, ой жүгүртүү башкача
Тили, дилинен эле айырмасы болбосо Калифорнияда деле биздей адамдар жашайт. Дили деп басым жасаганым, америкалыктар жаратылышка, ар бир ийгиликке, өзгөрүүлөргө дили менен берилип, табият менен гармонияда жашаганды жакшы көрүшөт. Климаты өзгөчөбү десем, Кыргызстан деле бул жактан кем калышпайт. Болгону элдин ой жүгүртүүсү, дили башкача. Катардагы эле жашоочулар жоктон бар кылганды, жаңыны ойлоп таап, эскини мурдагысынан да жакшыртып, ыңгайлаштырып алганды билишет экен.

Майыптарды мыкты ресторан, банк, университтерден көрөсүң
Америкалыктардын өз ара камкордук мамилесин көрүп, биздеги боорукерлик сапат жукарып кеткенин баамдадым. Дегеним, Калифорнияда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды университеттен, банктардан, мыкты ресторандардан, коомдук иш-чаралардан - шаар турмушунун толук кандуу мүчөлөрү катары жолуктурууга болот. Негедир өз мекенимдегидей көчө бойлой кайыр сурап, коомдук унаага түшө албай кыйналып, Бишкектегидей керектүү ведомстволорго кире албай жаткан майыптарды көрө албадым. Көрсө, бул жакта кайрымдуулук сезими бала кезден калыптанат экен. Мисалы, жакшы урунулган оюнчуктарды кабыл алуучу жайлар уюштурулган. Ал жерге эс тартып калган балдар өз ыктыяры менен оюнчуктарын тапшырып жатканын көрүүгө болот. Күз аягы менен жергиликтүү жашоочулар кийилбей калган жылуу кийимдерин үй-жайсыз адамдар үчүн кийим жыйнаган жайларга тапшырышат экен. Мындай уюмдар жыл бою иштейт. Уюмга бирөө жетекчилик кылса, калгандары кыска мөөнөткө өз ыктыяры менен көмөктөшүүгө келген окуучулар, студенттер же карапайым адамдар.

Эликтер шаарда эл менен жашайт
Манастын жети осуятынынын биринде адамзатты табият менен таттуу мамиледе болууга үндөйт. Бул жакта айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу адамдардын аң сезиминде жашайт экен. Түнкүсүн коңшу парктан же токой жактан чаарчыктарын ээрчиткен эликтер көчө аралап жүргөнүн алгач көргөндө таң калдым. Коңшу Пасифик Грув шаарында болсо алар күндүзү ээн-эркин оттоп жүрүшөт. Албетте, Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсү укмуш бай деп эсептелет. Бирок бир да жолу адамдар жашаган жерде машине менен кошо элик жарыша чуркаганын уккан да, көргөн да эмесмин.

Арча, чий эшик алдында
Баарынан да мага жакканы көчөлөрдүн көз суктандыра жашылдандырылганы жана көркөмдөлгөнү болду. Албетте, аба ырайынын жылуулугунан улам бул жакта кар түшпөйт жана көп өсүмдүктөр жыл бою гүлдөп турат. Бирок кыргыз эли жаз, жай, күз ушундай кооздуктарды жасап жатабызбы? Алсак, кадимки эле биз билген, үй аластаган арча бул жакта чоң челектерге өстүрүлүп, имараттардын кире беришинде турат. Үйдү тегерете дубал, коргон ордуна арча тигип, жакшынакай кыркып койгон. Өзүнчө бир керемет, кооздук, көрк. Жөнөкөй бирок сонун нерсени өзүбүзгө оңой эле жасап алсак болчудай. Биздин шартта өскөнгө көнгөн, жайы-кышы жапжашыл арчаны өстүрүп, ар ким өз фантазиясына жараша кыркып койсо неге болбосун. Арчанын түбүнө тыкыйтып чийди да отургузуп коюшуптур. Бизде чий жокпу? Кыскасы, бар нерсеге башкача көз караш менен карап, жашоого ылайыкташтырып алса болот тура. Үй тегереги көрктүү, таза, арча жыттуу аба, жанга жагымдуу. Кыскасы, жайлоо жаныңда.

Шаардыктар мэрге эмес, элдик демге ишенет
Эртең менен витаминдерге байытылган дан өсүмдүктөрүнүн талканы атайын баштыкчаларда сатылат. Кыргызстанда да мындай дан азыктары бар, бирок алар ымыркайлар үчүн гана. Дагы бир байкаганым, унаа токтотуучу жайлар. Көп эле жердеги мындай жайларга баланчалардын демөөрчүлүгү менен курулган делген узун тизме илинген. Атургай ар кайсы жердеги скамейкаларда, жерге төшөлгөн брусчаткаларда да мындай аты-жөндөр кездешет. Шаардын бюджети таңсык болсо, шаар тургундары демилгени өз колуна алып, көп түкүрсө көл болот дегендей жашаган жерлерин жакшыртып алышат экен. Ооба, бизде ишеним сейрек кездешүүчү калдыркандай. Бирок Бишкекте мен жогоруда мисал келтиргендей иш башталса, бара-бара ал жакшы адатка айланмак.
Таң калганым, шаардын тарыхы көчөлөрдө толук жазылыптыр. Алгач бул жерге бут койгон адам, алгачкы сенатор тууралуу маалыматтар, алгачкы сот жана бажы имараты, тарыхый окуялар болгон жерлер толук сакталып, музей катары ачык. Ар биринин тушунда ким, эмне иш кылганы, кандай салым кошкону, атургай терс иштеринен бери такталарга жазылган.

Гармония деп ушуну айт
Тюлендер мурда бул аймактарды байырлап келишкен. Аларга азыр өзүнчө атайын жерлер бөлүнгөн. Бирок алар кайыктар токтогон жерде, пирстин жанында, пляжда деле жүрө беришет. Адамдардан чочулашпайт. Сырттан келген меймандар алардын кыймыл-аракетин карап катып калышат. Монтерейде ири аквариум жайгашкан. Ал жерде балыктарды көрсөтүп тим болбостон, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, океан тургундарына аяр мамиле жасоо үйрөтүлөт. Океандын атактуу жашоочулары медузалар. Монтерейде алардын бардык түрлөрүн көрүүгө болот. Кооз болгону менен көбү уулуу болорун билдик. Айрым балыктарды, деңиз жылдызын кармап көрсө да болот.

Дарак менен даараткана издебейсиң
Монтерей тоолуу, токойлуу жерде жайгашып, ландшафтын сактап калган. Үйлөр, имараттар, жолдор жер формасын бузбай салынган. Бул да табиятты сыйлагандык деп ойлойм. Бак-дарактардын жашы жанындагы үйлөрдөн улуу экени байкалат. Курулуш учурунда кыйып салбай сактап калгандары жакты.
Дагы бир жакшы көрүнүш, коомдук дааратканалар. Менимче элдин маданияттуулугу эң биринчи ушундан байкалса керек. Американын башка жактарында кандай экенин билбейм, бирок бул жакта пляждарда, паркта, коомдук жайлардын баарында таптаза, эшиктери бүтүн, даарат кагазы, самыны, кол аарчысы даяр, акысыз турат. Бизде акы төлөп кирсең да анчалык тазалыктагы даараткана жолуктурбайсың.
Бул жакта таза суунун булагы жалгыз дарыя болгондуктан ага аяр мамиле кылуу талабы катуу коюлган. Дүкөндөгү ичүүчү суу кымбат. Жакында "Жаян балык фестивалы" болуп өттү. Анда таза суунун баркы менен наркы жана адам тиричилиги океан жашоочуларына зыян алып келип жатканы тууралуу иш-чаралар өттү. Кыргызстанда болсо мөлтүр кашка сууну ким барктап жатат?

Мелис СОВЕТ уулу