15.03.13
Насыят Сапарбек КАСМАМБЕТОВ, төкмө акын, манасчы: "Алмамбет, Чубак жол талашканда митинг, пикет, саясый бюросу жок эле Манас атабыз экөөнү элдештирип койгон"
Кыргызга Сапарбек Касмамбетовду төкмө акын, манасчы катары тааныштыруунун кажети жок. Улуттун рухий баалуулугунун туу чокусу болгон кош өнөрдү аркалап келаткан мындай таланттуу инсанды элибиз бизсиз да жакшы билет. Андыктан бул жолу Сапарбек абанын астанасын аттап, тек гана аксакалдык нарк, турмуштук тажрыйбалар, коомдун моралдык абалы тууралуу сөзгө тарттык.
- Сапарбек аба, эзелтен эле кыргызды салт билген, нарк билген аксакалдар башкарып келген. Бүгүн улутубуздун ошол аксакалдык институту жакшы иштебей жаткандай. Мунун себеби эмнеде?
- Бүгүн сен айткан эзелки тарбияны өздөрү менен кошо алып келаткан Октябрь революциясынын келишин, Улуу Ата мекендик согушту көргөн аксакалдар калбай баратат. Кийинкилери деле өздөрүнөн мурдагы аталардын тарбиясын көрүп, алардай карып келатышат эле. Андан бери муун алмашты. Учурда коммунисттик партиянын тарбиясын көргөн аксакалдар көп. Албетте эзелки нусканы улачулар деле бар, бирок аз. Алардын кадырын "атам да, апам да партия" деп чоңойгон, ата-бабанын салт-санаасын, үрп-адатын билбей жүрүп карыган, өзүнүн кара курсагы, мамлекеттик сыйлык, балдарынын кызматы үчүн дүжүр чалга айланган аксакалдар кетиргенсип койду. Натыйжада кийинки муун алар менен кошо нукура кыргыз аксакалдарынын калыс сөзүн да укпай калды. Коом менен кошо мамлекеттик жетекчилер да улууларды сыйлабай калды. Ага бир эле мисал, азыр өлкө жетекчилерине кеңешчи болуп жүргөн Бакай аталар барбы? Жок. Эл ичинде нускалуу карылар бар, бирок аларды эч ким баалабайт. Мисалы, аксакал акындарыбыз Сүйүнбай Эралиев менен Сооронбай Жусуевдин сөзүн президенттен баштап катардагы жарандарга чейин угуп, сыйлап туруш керек эле да. Тилекке каршы андай болбой жатат.
- Эми ушул боюнча кете беребизби? Бүгүн бир дөбөдө отура калып эле ошол аймакта жашагандардын маселесин адилет, акыйкат чечкен, сөзү өтүмдүү болгон аксакалдардын эзелки салты кандай формада уланыш керек эле?
- Ал үчүн ир алдыда улут өз уңгусун тааныш керек. Ким экенин билиш керек. Урпак тарыхына, ал эми улуусу урпагына карата түздөнүүсү шарт. Азыр коомчулукта улуттук каада-салт, эне тил маселеси кайра-кайра айтылып, ар кай жерден мекенчилдик темасы көтөрүлүп, мындайча айтканда кайрадан кыргыз болгонго умтулуп жатканыбыз бекеринен эмес. Бул улуттун ааламдаштыруу апаатына туш болбой жашап кетүүгө болгон табигый аракети. Мындай кезде өзүн-өзү таппай калган улут жок болот. Азыр чындыгында абал жакшы жагына ыктай элек. Коомдун бардык катмары моралдык жактан ооруп турат. Жубайым, кырк жылдай педагогика тармагында жетекчи кызматта жүргөн, акын, драматург апаңар Асангүл Абдиеванын ушул маселе боюнча өзүнүн идеялары бар. Ал ар бир тармак боюнча моралдык кодекс жазуу керек дейт. Мисалы, мамлекеттик кызматкер кандай болуш керек, журналист кандай болуш керек, бала кандай болуш керек, аксакал кандай болуш керек дегендей... Чындап эле мындай моралдык чен-өлчөм менен жашабасак келечегибиз кыйын болуп бараткандай. Жок дегенде ошол моралдык кодекс менен уяткарсак жыйынтык болор.
- Жакшы идея экен, бул идеяны илип алып андан ары өрчүтүп кетчүлөр чыгар. Сапарбек аба, бу базар экономикасы кыргызды курсагы тойсо да көңүлү тойбогон шумдуктай ачкөз кылып койгонсуйт. Биз эзелтен эле акчаны биринчи орунга койгон эл белек?
- Кайдан. Кыргыз өз өмүрүндө байлык менен бийликти негизги орунга койгон эмес. Эгер биздин аталар көрдүйнөгө кызыкса тоо-таштын баарына башка элдердей эле заңгыраган сарайларды куруп салбайт беле. Алар жаратылышка залал келтирбей жашап өткөн. Бабалар бирөөнүн байлыгына эмес, ар адамдын адамгерчилигине, турмуштук тажрыйбасына, эмгекчилдигине, өнөрүнө баа берип келгенин окуп эле жүрбөйбүзбү. Эл колунда бардын сөзүн эмес, туура сүйлөгөн кишинин сөзүн уккан. Жалкоо болбой, бирөөнүн оокатын тартып албай, аксакал-көксакалдардын кеңешин угуп, ар бир иштин майын чыгара иштеп, адилет, акыйкат болуп жашагандарды баалап келген. Турмуш зымга тартып койгондой эмес. Бирде бар болот, бирде жок болот. Мезгил ар түрдүү болуп өзгөрүлүп турат. Жоокерчилик заманда ар кандай тагдырга туш болуп, бирде бар болуп, бирде зар болуп келген эл кандай болгон күндө да адамдык баалуулуктарын, намысын жоготкон эмес эле. Кийинки муун биртоп эле мажес болуп, башына бир аз кыйынчылык түшсө эле жаман иштерге барып коюшууда. Бул туура эмес.
- Сапарбек аба, сиздер чыгармачылык менен бирге эле жубайыңыз экөөлөп татыктуу уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн ата-энесиздер. Сиздин кайсы бир айтышта "Эки кызым Лондондо, дагы бир уулум борбордо" дегендей саптарыңызды айтып калышат...
- Менин кайын журтум Ат-Башы районунун Ак-Моюн деген айылы. Ошол райондо бир чоң айтыш болуп, жаш болсо да өнөрү менен теңата болуп калган Элмирбек Иманалиев мага:
"Калкка кыйын дайыныңыз,
Ат-Башы болду кайыныңыз.
Алтындай сөздүн баарысын,
Алдыга кое салыңыз, - деп тийишти эле. Анан мен ошондо ырдап келип:
"Бир уулум иштейт борбордо,
Эки кызым Лондондо.
Какылдап ырдап турамын,
Минтип бакты-таалай башыма,
Айланып келип конгонго" - деп айткам. Анткенимдин себеби улуу балам Жогорку Кенеште көп жылдан бери аппарат жетекчиси болуп иштейт. Ал эми кыздарым Гүлнара менен Акчолпон да көп жылдан бери Лондондо Би-Би-Си радиосунда иштешет эмеспи.
- Азыркы саясатка болгон көз карашыңыз кандай? Туура эле кетип баратабызбы?
- Балам, мен саясаттан алысмын. Жеринен эле саясатка кызыкпайм. Аткарылбаган иштин кереги не. Менин өзүмдүн жолум бар. Тишим өтпөгөн нерселерге аралашпай эле койгон оң. Чогулуп алып митинг уюштуруп, оппозиция болдук деп жүрүү болбогон иш. Андан көрө чогуу-чаран отуруп эле чечилбеген иштерин сүйлөшүп алышпайбы. Эки тараптын тең бир эле максаты болуш керек да мамлекетти оңдоо деген. Анын талаша турган эмнеси бар. Акылдашып алып мамлекетти оңдош керек, болду. 20 жылдан бери эле тытышып келатат, жыйынтык кана? Кызмат үчүн калп эле оппозиция болуп орун талашып жүргөндөрдү түшүнбөйм. Бул мамлекетке деле, Кудайга деле, жаратылышка деле жакшы таасир бербейт. Манас атабыз Алмамбет, Сыргак, Чубак жол талашканда эч кандай митинг, пикети жок эле экөөнү элдештирип койгон да. Ошондон тарбия алсак болбойбу. Манас, Бакай, Кошой үчөө келип чырдашып кеткен эки баатырды эч кандай саясый бюросу, кеңешчиси, "ОБОНчулары" жок эле бириктирип коюп жатпайбы. Биздин саясатчылар деле ошентип тил табышып ар кими өз акыбалын билип, жогору жагы аларды мүмкүнчүлүгүнө жараша кызматка коюп койсо эмнеге болбосун? Биздин эң негизги иделогия "Манас" эпосу болуш керек. Анда чечилбей турган маселе жок. Биздин саясатчылар Манас тууралуу айтса кыйын, бирок анын айкөлдүк касиетин, акылга дыйкан башкаруу системасын байкамаксан болушат.
- Сапарбек аба, учурда кыргыздын экиге бөлүнмөй оорусу күчөп тургандай. Ага албетте саясатчылар, анан былжырак саясат таануучулар, айрым журналисттер чоң салым кошуп атат. Бул ооруудан кантип сакаябыз?
- Үчүнчү күч биздин элге өтө жийиркеничтүү адаттарды үйрөттү. Мен билгенден 95-жылдардан баштап эл эки жаат боло баштады. Мурда мындай оорудан алыс эле. Эмне үчүн ушундай болду? Бир эле себеп бар, тарыхын, тегин билбеген эл ушундай болот. Жоголо турган улут бөлүнүп-жарылат. Азыр тарых кыргыз керек болсо түрк дүйнөсүнүн атасы экенин далилдеп жатат. Бизге өзбек, казак, тажик ж.б. биртоп эл бөтөн эмес экенин, алар менен тамырыбыз бир экени далилденүүдө. Ашыра айтканда кыргыз дүйнөгө биринчи жаралган калктардын катарына кирди. Бир шаарында 15 млн. калкы бар Москва тынч жашап атат. Ал жерде канча түрлүү улут бар экенин айтыш кыйын. Ал эми 5 млнга жетпеген бечара кыргыздын бөлүнгөнү өтө уят нерсе. Бул оорудан тез арада сакайышыбыз керек. Бөлүнгөндөрдү соттоп, камап ийсе да аздык кылат.
- Сөзүбүздү азыр чыгармачылык боюнча эмне иштерди жасап жатканыңыз менен жыйынтыктайлы...
- Мен чыгармачылыкты кечирээк баштап калдым. Жаш кезде баштасам болмок экен. Кыргыз телесинин алтын фондунда 29 сааттык манасым жазылган. Кийинчерээк алар китеп болуп да чыкты. Англис тилине которулду. Мындан сырткары балдар үчүн арналган "Бала Манас баяны", "Семетей" сыяктуу майда китептерди чыгарып бердик. Азыр оюмда "Манас" эпосундагы жаман иш жасаган адамдар тууралуу жазайын деп жүрөм. Алар эл арасында көп айтылбайт. Мисалы, Көкөтөйдүн Бокмуруну тууралуу. Анын кылбаганы жок. Эгер ал кытайларды, калмактарды Көкөтөйдүн ашына чакырбаганда анда Чоң казат болмок эмес. Маселе ушунда жатат. Мен муну баштап койгом. Азыр ден соолукка байланыштуу калем кармай албай жатам. Мындан сырткары окурмандар көп биле бербеген "Жар Манас" тууралуу жазгам. Ал жакында жарык көрөт. Менин чыгармаларым интернетте кенен жайылтылган.
Зайырбек АЖЫМАТОВ