15.03.13 Кулак салсаңарчы
Султанов менен Шамырзаев баатырлыкка татыктуу
Ош облусунда жашап жатышкан ички иштер тармагынын ардагерлеринин жоон тобу Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбековго атайын кайрылуу жолдошту. Анда алар 2010-жылкы июнь коогалаңында эрдиктин кашкайган үлгүсүн көрсөтүшкөн Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султановго, айдоочусу, милициянын старшинасы Уран Шамырзаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарууну суранышкан.
- 2010-жылдын 13-июнь күнү улуттар аралык араздашуу күчөп турган кез. Ошого карабастан Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Адылбек Султанов, шоопуру Уран Шамырзаевге машинесин айдатып, жанына Кара-Суу районунун акиминин орунбасары, өзбек тектүү Абдысатар Шаятовду отургузуп, жалаң өзбектер жашаган Нариман кыштагына кирип барышкан, - деп эскерет милициянын ардагери Абдыш Турдукулов. - Алар кырдаалды курчутпастан, маселени тынчтык жолу менен чечүүнү ниет кылышкан эле. Тилекке каршы жаалданган калк А.Шаятовду дароо тигил экөөнөн бөлүп, чет жакка атайылап качырып ийишкен. Анан Адылбек Султановду, Уран Шамырзаевди "Жигули" машинесинен күчтөп сууруп чыгышып, уруп-согуп, акырында кыйнап туруп өлтүрүшкөн. Милиция башчысын тирүүлөй өрттөшкөн. Ал эми шоопурунун башын кыйып ташташкан. Ошондон аз убакыт өтпөстөн Уран Шамырзаевдин денесин укук коргоо органдары табышканда башы кескиленип, куйкаланган. Көздөрү оюлуп, кулактары тарпы жок кескиленген.
Абдыш Турдукулов каны кызыган элди жоошутуу максатында барып, тилекке каршы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жигиттердин эрдиги эмдигиче татыктуу баасын албай келатканына мындайча кейип-кепчиди: "Мына, Орусияда ички иштер кызматкери өрт өчүрүп жатканда каза тапты эле, дароо Орусия Баатыры наамын ыйгарып, теледен күн сайын тим эле эрдик кылгансып мактап жатып калышты. Ага караганда Адылбек Султанов менен Уран Шамырзаев жөнүндө бүткүл дүйнө угуп-билди, бирок булардын эрдиктери татыктуу бааланган жок. Болгону экөөнү тең Роза Отунбаева президент кезинде өлгөндөн кийин 3-даражадагы Манас ордени менен сыйлап араң кутулду".
- Бул маселени биз дагы Бишкекке убагында кабыргасынан койгонбуз, - деп агынан жарылды Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Марат Орозбаев. - Бирок негедир анчалык маани бербей коюшту. А Адылбек Султановдун бала-чакасына ижара тартуулап, өкмөт тарабынан бир миллион сом бөлдүрткөнбүз. Экөөнү тең жыл сайын эскерип, үй-бүлөсүнө алыбыз жетишинче каралашып турабыз.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу, сүрөттөр автордуку




Эл туура айтат
Тикенек зымдан тирүү эрдин күчү бек

Баткен облусу чек ара жагынан опурталдуу аймак экендиги Чарбак окуясынан кийин дагы бир жолу белгилүү болду. Өзбекстан чек ара тилкелерин тикенек зым менен тосууну мурда эле баштаган болсо, Баткен облусунда буга эми гана маани берилип, ишке аша баштады. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун билдиргенине караганда, чек ара айылдарын өнүктүрүүгө каралган 371 млн. сомдон ашык каражаттын 90 млн. сому чек ара тилкелерин тосууга жана чек ара кызматын чыңдоого каралган. Бүгүнкү күндө эки тараптуу аныкталган үч чакырым аралык тосулду.
Жогорку Кеңештин Баткен облусунда болуп өткөн көчмө отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов "чек ара тилкесинде зым тор керек. Бирок чек араны сактоодо жергиликтүү жаштардын катарынан жогорку билимдүү аскердик адистерди даярдоого маани берүү да абдан зарыл. Андыктан Бишкектеги жогорку аскердик окуу жайынан Баткен облусуна атайын орундар берилиши керек" деди. Буга жооп катары КР Чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов Россиянын жогорку аскердик окуу жайынан Кыргызстанга 25 орун берилерин, анын бешөө Баткен облусунун чек ара айылдарындагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн алынарын айтты. Бул чечимге канааттана бербеген депутат М.Мадеминов жүзгө жакын чек ара мектептери бар стратегиялык өзгөчөлүктөгү Баткен облусуна бул квота өтө аздык кыларын билдирди. Бул ойду облустук ардагерлер кеңешинин төрагасы Туйгун Жолдошев да колдоду. Баткендиктер болсо келечектеги чек арачы, аскер кызматкерлери аймактын шартын, коңшу элдердин тилин, салт-санаасын жакшы билген жергиликтүү жаштардын катары менен толукталса деген пикирде. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитовдун айтымында, Россиядагы жогорку аскердик окуу жайына барууга азыр чек арага жакын айыл мектептеринен үч окуучу талапкер экендиги аныкталды. Кандай болгондо да "чептен эрдин күчү бек" дегендей, зым торлордон мурун элибизге тынчтыкты камсыз кылып бере ала турган атуулдар керек экендигин көңүлдөн чыгарбасак.
Адылбек БАТЫРОВ, Баткен облусу




Шумдугуң кур!
Оштогу уюшкан кылмыш тобун каржылаган аткаминер Бишкекте кармалды

Ушул жылдын 6-мартында Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл округунун башчысы Аким Баатыр Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын опер кызматкерине 20 миң АКШ долларын пара сыңары берип жаткан маалда Бишкек шаарында колго түшүрүлдү. Ошол замат күбөлөрдүн катышуусунда протокол түзүлүп, чогултулган материалдардын негизинде транспорт прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренеси (пара берүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө кызыган чагы.
Анваридин КАДЫРОВ, Кара-Суу базары, соодагер: - Мен II топтогу майыпмын. Аким Баатыр мендей бей-бечараларга, турмуштан өтө кыйналгандарга такай каралашчу. Эсимде, бир ай мурда Сарай айылдык кеңешинин үч депутаты мага жөнсүз асылып, сөгүп, атүгүл кол көтөрүп укугумду ачык эле тебелеп-тепселешти эле. Ошондо мен бечараны эч ким укпай койгондо Аким Баатыр жеке өзү кабылдап, маселемди дароо оң жагына жайгарганга жардамдашты.
Уулкан АЙДАРОВА, Сарай айыл округунун тургуну: - Аким Баатырдын кең пейилдигин, колу ачыктыгын баарыбыз жакшы билебиз. Анын 20 миң долларга мурду дегеле бүткөн эмес. Чынында анча акча дайыма анын чөнтөгүндө жүрчү, керек маалында кембагалдарга туруктуу каралашкан ашкере ак көңүл эле. Эми ошонусунун куп азабын тартып отурат. Эгер жалпыбыздын сүйүктүү кишибизди бийлик чукул арада эркиндикке бошотпосо, үзгүлтүксүз пикет, митинг уюштурабыз. Эмне үчүн Ошто эмес, атайы Бишкекке чакырып барып камашат. Бул демек, Ак үйдүн буюртмасы жыттанып турат.
Гүлнара КЫДЫРАЛИЕВА, Кеңсай кыштагынын жашоочусу: - Аким Баатыр эл үчүн башын сайып ак дилден кызмат кылып жатты эле. Ушул касиети чоңдорго жакпай калды өңдөнөт.
Кумар БААТЫРОВА, Аким Баатырдын бир тууган карындашы: - Адал жашап, ак эмгектенгенге акем баарыбызды үйрөттү. Бирөөнө эзели кыянатчылык кылганды дегеле билчү эмес. Анан каяктагы уюшкан кылмышкерлер менен кызматташат? Эли-журту, үй-бүлөсү, тууган-уруктары бийликтен калыстыкты күтөбүз. Антишпесе, жок дегенде бүтүндөй Кара-Суу району көтөрүлөт. Алардын андан аркы ар кандай кадамдарына биз таптакыр жооп бербей тургандыгыбызды туугандары азыртан эскертип коелу.
Шахзада МАТКАРИМОВА. Сарай айылдык кеңеши-нин депутаты: - Коңшу айылдагылар дагы Аким Баатырдын камалышына абдан нааразы. Бийлик маселени токтоосуз түрдө оң жагына чечпесе, 16-марттан баштап Кара-Суу райакимчилигинин алдына боз үй тигип, ошерде жансактайбыз. Анан Аким Баатыр биротоло акталгыча, бийликке мөөнөтсүз баш ийбөө акциясын жарыялайбыз. Учурдан пайдаланып айтарым, ушундай кыйчалыш кырдаалда таптакыр унчукпаган, ачык позициясын билдирүүгө жарабаган Сарай айылдык кеңеши токтоосуз тарасын! Аким Баатырды дал ошолор зор ишеним көрсөтүп шайлашкан, неге унчугушпайт, ыя?
- Аким Баатырдын соту 16-мартта Бишкек шаарында болот. Биз дагы элдин талабын тийиштүү жерлерге төкпөй-чачпай жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Ошентсе да муну ашкере саясатташтыруунун кажети жок, - деп билдирди "Жаңы Агым" гезитине Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Марат Турганбаев.
Баса, Ички иштер министрлигинин соңку маалыматына таянсак, Кара-Суу районунун Сарай айыл округунун башчысы Аким Баатыр Кара-Суу районунун мурдагы акими Марат Жумабеков жана анын карамагындагылар менен жең ичинен сүйлөшүп, "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык 1,78 гектар жер аянтын Сарай айыл округуна пайдалануу үчүн берип таштаган. Анын 0,76 гектарын жеке бирөөнө 200 миң долларга сатып ийген. Бирок айыл округунун кассасына ошонун ичинен 1 миллион 976 миң сомду (дээрлик 42 миң доллар) гана кириштеген. Мындан тышкары Кара-Суу базарындагы 1 миң 80 контейнерден ижара акысы үчүн чогултулган акчанын үчтөн бир бөлүгүн гана айыл округунун кассасына төгүп турган. А калган каражаттарды Аким Баатыр өзүнө сиңирип, айрым бөлүгү аркылуу уюшкан кылмыштуу топтун башчысы К.Досоновду (каймана аты "Жеңго") туруктуу каржылап турган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Кара-Суу району,
сүрөттөр автордуку