№11, 15.03.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Окуучу менен окутуучуну эксперимент кылуу качан токтойт?

Билим берүү министрлиги окуу сааттарын кыскартуунун экинчи этабын убактылуу токтото туруу демилгесин көтөрдү. Бул боюнча кечээ Билим берүү министринин орунбасары Д.Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, учурда мугалимдер окуу программасын кыскартылган сааттарга тууралап бөлүштүрүү жагынан кыйналып жатышат.
"Азыр ансыз да мугалимдердин сааттары азайды. Кыскартуунун экинчи этабын киргизсек, окуу саатынын кыскарышы менен маяна да азаят. Анда тажрыйбалуу мугалимдерди мектепте кармоо кыйын болуп калат" дейт министр орунбасары. Эске салсак, кыскартуулардын биринчи этабында жалпы 714 окуу сааты кыскарып, 231 млн. сом үнөмдөлгөн. Экинчи этапта дагы 476 саат кыскартылмак. Буга улай министр орунбасары Кыргызстанда азыр жылына 1100 окуу сааты болсо, Россияда, КМШ, Европа өлкөлөрүндө 600-800 саат гана окутуларын айтат. Ошондой эле көз карандысыз иликтөө боюнча 65 өлкөнүн ичинен Кыргызстан билим берүү сапаты жагынан акыркы болгон. Албетте кыскартуудан билим жакшырса жакшы. Бирок ансыз да маянабыз аз деп жатышкан мугалимдерди ким ойлоп, ким коргойт?