№10, 08.03.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Министрдики го белгилүү, депутатка не болду?

Ошентип ары тартышып, бери тартышып жатып кечээ Бишкек шаардык соту мурдагы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировду жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн режимде аткарууга 5 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле шаардык соттун чечими менен анын жардамчысы 3 жылга кесилди. Эске салсак, буга чейин Биринчи май райондук соту экс-министрди актап, жардамчысын темир тор артына кетирген эле.
Министр тагдыры минтип чечилип жатса, "Ата мекен" партиясынын мүчөсү, Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты, "Джин" каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев бирөөгө ок атып кармалды. Жабырлануучу борборубуздагы №4 шаардык ооруканага түшүп, ашынган депутат Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда турат.