presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Москвадагы мыкаачылык
Уланбек Турдубаевди неге сабашты?
2011-жылдын 8-майында түнкү саат 22.20лар чамасында Орусиянын борбору Москва шаарындагы "312" кафесинде Уланбек Турдубаев мекендештери тарабынан катуу сабалган. Анын кесепетинен мээси катуу чайкалып, эстен танган. Ошол эле жылдын 21-майында ага атайын операция жасалып, ошондон бери эсине келбей дале төшөктө жатат.


- 2011- жылы 21-июнда Уланбекти Москвадан айласыздан Кыргызстанга алып келип, Ош облустук аймактар аралык оооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө үч ай жаткырдык. Дагы деле эсине келген жок. Ошондон бери үйгө чыгарып, инимди кезектешип күнү-түнү карап жатабыз. Уланбекти Москвада уюшкан кылмыш тобунун өкүлдөрү эч себепсиз токмоктоп жатышканда "312" кафесинде иштешкен Мээримбек Чобоев, Азамат Абиласанов кой-ай дегенге жарабай карап турушкан. Жоомарт Орозалиев, Азат Адашбек уулу, Акжол Сатиев, Азамат Абиласанов Уланбекти тигилер улам сүйрөп жүрүп адегенде дааратканада, анан көчөдө ачык эле токмоктоп жатышканда ажыратып койгонго жарашкан эмес. А "312" кафесинин ижарачысы Акжол Сатиев тополоңду басууга милиция чакырууга дааган эмес. Демек, жанагы балдар уюшкан кылмыштуу топтун (ОПГнын) мүчөлөрү болушкан. Дагы кейиштүүсү, 8-майдагы ошол кандуу окуя боюнча эмдигиче кылмыш иши козголгон эмес, - деп үшкүрүндү Уланбектин акеси Уларбек Турдубаев.
- Беш уул, эки кыздын апасымын. Уланбек балдарымдын эң кенжеси, 1986-жылы туулган. Үйлөнө элек. Жаш жигиттин түбүнө Камчы Көлбаевдин, Алмамбет Анапияевдин уюшкан кылмыш тобунун (ОПГнын) өкүлдөрү сыңары эсептелишкен Эрнис Казаков баштаган балдар жетишти. Алар Москвада иштеген балдар-кыздарды коркутуп-үркүтүп, ар ай сайын "үлүш" алып турушчу экен. Өзүбүз Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылынан болобуз. Айылдаштарыбыз укук коргоо органдары бу боюнча чукул чараларды көрүшпөсө, тигилерди дароо камабаса, анда өздөрү тигилердин түбүнө башкача жетебиз деп жатышат, - деп чырылдады Салия Исаева.
Ошол эле учурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын эл аралык укуктук байланыш бөлүмүнүн ага прокурору М.Нурматов Уланбек Турдубаевдин туугандарына жолдогон катында аталган кылмышка Эрнис Казаков, Алмаз Эрмекбаев, Медер Исаков, Кумарбек Жусупов жана Медербек Эрматовдун катыштыгы бардыгын танбайт.
- Алмаз Эрмекбаевге Орусияда башка кылмыштарга аралашкандыгы үчүн дагы айып тагылып, учурда Москва шаарында абакта жатат, - дейт М.Нурматов. - А Эрнис Казаковго бирөөнү зордуктагандыгы жана бейбаштыгы үчүн кылмыш ишин козгогонбуз. Ошон үчүн Орусия Башпрокуратурасынан аны Кыргызстанга токтоосуз түрдө экстрадациялоону суранган элек. Өтүнүчүбүздү дароо канаттандырышкан. Эркин Казаков 2012-жылдан бери Бишкек шаарынын №1 тергөө абагында кармалууда.
Ал эми Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы А.Исаевдин билдиришинче, Эрнис Казаков Бишкектеги эмес эле бул эле Оштогу тергөө абагында жатат. А Алмаз Эрмекбаев 2011-жылы адамдарды сатуу максатында уурдагандыгы үчүн Москва полициясы тарабынан кармалып, 17 жылга кесилген. Медер Исаков дагы Грузияда колго түшүрүлүп, учурда абакта жатат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы,
Ош облусу,
сүрөттөр автордуку




Айыл жыты
Биздин сыймык - Зейнегүл апа

Бул жолу сөз Түп районундагы Чоң-Тогузбай айылынын ардактуу жашоочусу, колунан көөрү төгүлгөн уз Зейнегүл апа жөнүндө болмокчу. Касиеттүү Көлүбүздүн таасириненби, айтор, жергебиз нечен кырлуу таланттарга бай экендиги талашсыз.
Зейнегүл апа союз убагында колхоздо көп жылдар бою бухгалтер, кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенип, азыр ардактуу эс алууда. Ардактуу эс алууда жөн жатып албаган апа эң кооз шырдак, алакийиз, төшөктөрдү жасап көпчүлүктү өз өнөрү менен суктантып келет. Анын салган оюуларын карап туруп кыргыз аялзатынын касиеттүүлүгүнө, насил-нарктуулугуна таңданасың. Азыр Зейнегүл апанын келини, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин көркөм сүрөт факультетин аяктаган Мунара узчулукту мыкты өздөштүрүп, кайненесине жардам берүүдө. Экөө элдин заказдарын алып, кыз себин ойдогудай жасап келишет. Илгертен сеп аркылуу кыздын энесине баа берилип келаткандыктан, сеп жасоо да ошончолук маанилүү, жоопкерчиликтүү экени талашсыз. Учурда сеп даярдоо жагынан маселе болсо айылдыктар Зейнегүл апага кайрылышат. Кайрылгандар эч качан ага нааразы болуп кайтышканын байкаганым жок. Анткени бычылган баа да, сеп да көңүлдөгүдөй.

Нуржан Илебаева,
Түп району,
Чоң-Тогузбай айылы




Күкүк эне
"Баламды эч ким билбесин дегем"
Ысык-Көлдүн борбору Каракол шаарында ымыркайдын сөөгү табылды. Дагы бир баласы бар, турмуштан жолу болбогон аял аны ажатканага төрөп таштап кеткени айтылууда. Мыйзамга ылайык мындай иши үчүн эне кылмыш жообуна тартылат. Азыр тергөө иштери башталды.


Каракол шаардык милицияга ажатканадан жаңы төрөлгөн баланын өлүгү табылганы тууралуу кабар түшкөн. Иликтөө натыйжасында отузга чыгайын деп калган Марина Кузнецова наристенин энеси экени айгинеленди. Ишти тергеп жаткан Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Толкунбек Акматов буларды айтууда.
- Бизге күндүзгү саат 14төрдө маалымат келип түштү. Барып текшерсек ажатканадан баланын өлүгү табылды. Баланы төрөгөн Марина Кузнецова болуп чыкты. Баланын энеси менен сүйлөшө келгенде, ал баланы ажатканадан төрөөгө туура келди, эч кандай жардам бере алган жокмун деп билдирди. Учурда келиндин акыбалы оор болгонуна байланыштуу ал ооруканага жаткырылган . Экспертизанын корутундусу чыга элек, эгер корутундуда баланы тогуз ай көтөрүп төрөдү десе, анда иш козголот.
Баланын энеси Марина Кузнецова 11-февралда көз жаргандан кийин оор акыбалда үч күн бою үйдө жаткан экен. Эми милициянын жардамы менен ооруканага жаткырылды. Маринага барып жолуктук.
- Саат канчада төрөдүңүз?
- Эртең мененки 10дордо.
- Мындан башка балдарыңыз барбы?
- Бар.
- Демек бала кандай төрөлөрү тууралуу билет экенсиз да? Толгоо болду беле?
- Жок, бир аз ооруган. Мончого түшкөндөн кийин эрте төрөп койдум.
- Бала тирүү беле?
- Билбейм, көргөн жокмун, уккан да жокмун.
- Баланын ыйлаганы угулган жокпу?
- Жок, караган жокмун.
- Ооруканага эмне себептен кайрылган жоксуз?
- Эч ким билбесин дегем.
Биз менен маектешкенде наристенин энеси окуянын ушундай болгонуна өкүнүп жатам деди. Учурда Кузнецованын төрт жаштагы баласы бар экен. Өзү болсо турмушка чыгып, ажырашып кетиптир. Марина Кузнецова жашоо шартынын оордугун, үйүндө апасы төшөктө, өзү болсо жалданма жумушта иштээрин айтты.
- Учурда бул окуя териштирилип, экспертизанын корутундусу эне наристени атайылап таштап салганын аныктады. Эми мыйзам чегинде жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүү фактысы боюнча 100-берененин негизинде иш козголуп, үч жылга дейре эркинен ажырашы мүмкүн. Иш козголууга чейинки иликтөөдө баланын тогуз айлык болуп төрөлгөнү аныкталып, эненин кандай төрөгөнү тууралуу экспертизанын корутундусу көпкө кармалып калган, - дейт Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Толкунбек Акматов.
Алтынкыз Көлбаева, Каракол шаары






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??