01.03.13 Бүлүндүрүү оңой, куруу колубуздан келеби?
ЖоКенин 20-21-февралдагы жыйынында Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу кызуу талкууланды. Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул маселени кийинки жумага калтыралы десе, өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев суранып жатып добушка койдурду. Натыйжада парламент мамкомиссиянын корутундусун жактырган токтом кабыл алды.

Темир Сариев жетектеген комиссия Кумтөрдөн табиятка олуттуу зыян келип жатканын, алтын кенин иштеткен "Центерра Голд Инк" компаниясы түшкөн кирешенин көпчүлүк бөлүгүн алып, Кыргызстанга арзыбаган тыйын-тыпыр берип жүргөнүн жар салды. "Кумтөр ишканасы менен 1992-1994, 2003-2004-жылдары келишимдерге кол коюуда бир нече мыйзам бузуулар катталган. Ошондой эле экологиялык жактан эрежелерди бузуу фактылары бар. Көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу мамлекеттик комиссия кыргыз өкмөтүнө бир нече сунуштарды берди. Биринчиден, "Центерра Голд Инк" компаниясы менен 2009-жылдагы Кумтөр долбоору боюнча келишимди жокко чыгаруу тууралуу сүйлөшүү. Экинчиден, кабыл алынган отчет ЖКда каралгандан кийин үч айдын ичинде жаңы келишимдерди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү. Үчүнчүдөн, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан "Центерра Голд Инк" компаниясынын акционерлерине жана "Кыргызалтын" ААКсына бир катар талаптарды коюу каралган" деген Темир Аргенбаевич зыяндуу келишимге кол койгон экс-чиновниктерге укуктук баа берүү сунушун Башпрокуратурага жолдогон эле. Ал эми парламенттен колдоо тапкан токтомдо корутундуда келтирилген фактылар эске алынып, бул боюнча өкмөт менен Башпрокуратурага бир катар тапшырмалар жүктөлдү. Өкмөт жана көзөмөлдөөчү орган үч айдын ичинде маселени тыкыр иликтеп, июндун башында Жогорку Кеңеште отчет бериши керек. Мына ошондо Кумтөрдүн тегерегиндеги чуу кандай жыйынтыкталары билинет.
Кумтөрдүн расмий сайтында мамкомиссиянын корутундусуна карата жооп жарыяланды. Жоопто 2009-жылкы келишим мыйзамдуу экени, келишимди кыргыз өкмөтү, парламенти жана Жогорку соту бекиткени айтылат. Ошондой эле эгер талаш жаратчу жагдай уланса, маселе эл аралык сотто чечилиши ыктымалдыгы кыйытылган. Буга удаа эле "Центерранын" президенти Ян Аткинсон россиялык "ИТАР-ТАСС" агенттиги аркылуу үн катты. Төмөндө Ян мырзанын айтканын келтиребиз:
- 2009-жылдагы келишимди бузууга, макулдашууга барбайбыз. Биз өкмөт менен Кумтөрдүн айланасында болуп жаткан кырдаалды конструктивдүү талдоодон өткөрүп, бардык акционерлерди канааттандыра турган бир чечим табабыз. 15 жылдан бери алтын казуу менен кызматташып келаткан компания эл аралык арбитражга чуркап барбай турганына ишенем. Биз мурун да ал-абалды сүйлөшүүлөр менен жолго салганбыз.
Компания "экологияга олуттуу зыян келтирген" деген кинени негизсиз деп эсептейт. Парламенттин резолюциясы олуттуу күчкө ээ эмес. Кумтөрдө 3000дей адам эмгектенет, ал 2011-жылы ИДПнын 12%ын түздү. Өткөн жылы 12 тонна казылып алынган. Быйыл 18,8 тоннадан 20,5 тоннага чейин алтын казып алуу пландалууда. Албетте эгер өкмөт менен сүйлөшүүгө жетишсек…

Өкмөт унчуга
элек…
Кыргыз өкмөтү Ян Аткинсондун билдирүүсүнө жооп кайтара элек. Жеке булагыбыздан алынган маалыматка таянсак, мамкомиссия жакынкы мезгилдеги жыйынында Аткинсондун айткандарына карата аргументтерин жар салмакчы.
Темир Сариев баштаган комиссия мүчөлөрү мурдагы бийликтердей болуп "Центеррага" "сатылып" кетпестигин, баштаган ишти аягына чыгарышарын билдиришүүдө. Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов да: "Биз дагы өзүбүздү сыйлаган эл экенибизди далилдеп, өзүбүздүн намысыбызды тебелетпей, өз байлыгыбызга өзүбүз ээ бололу, андан тиешелүү деңгээлдеги үлүшүбүздү алалы деген гана аракет. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, башкалар тебелеп-тепсей берет. Эгер биздин сунуштарга макул болбой, мурдагы түзүлгөн келишим боюнча эле ишти уланта беребиз дешсе, анда келишимди бир тараптуу бузууга туура келет. Бизди сыйлабаган, тоготпогон инвесторлордун эмне кереги бар?" деп өкмөт позициясында бекем турарын баса белгилеген. Ошол эле учурда Ян Аткинсондун "2009-жылдагы келишимди бузууга өкмөт менен макулдашууга барбайбыз" дегенин эске алсак, алтын кенинин тегерегиндеги маселе чоң чууга айланарын боолголойсуң. Эки тарап тең айтканыбыздан кайтпайбыз деген позицияда турганына караганда, Кумтөр чуусу эл аралык сотко чейин жетиши ыктымал. Мындан кайсы тарап утат: Кыргызстанбы же канадалыктарбы? Буга албетте мезгил өзү жооп берет…

Башпрокуратура кыймылдай баштады…
Мамлекеттик комиссиянын корутундусунда Кумтөр боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелеп-тепсеген келишимге кол койгон мурдагы аткаминерлерге (туңгуч президент Аскар Акаев, экс-президент Курманбек Бакиев, экс-премьер Турсунбек Чыңгышев, "Кыргызалтын" ААКсынын экс-гендеректири Дастан Сарыгулов, Борис Силаев, К.Кудайбергенов, А.Жакыпов, экс-премьер Николай Танаев, экс-премьер Игорь Чудинов, экс-премьер Данияр Үсөнов, Алексей Елисеев, экс-ханзаада Максим Бакиев, К.Курманалиев) укуктук баа берүү тапшырмасы Башпрокуратурага ыйгарылганы белгилүү. Ал эми көзөмөлдөөчү орган бул маселе боюнча кылмыш ишин козгогону шаршембиде маалым болду. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын кабарлашынча, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызмат укугунан аша чабуу" жана "Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүүгө" байланыштуу беренелеринин негизинде ачылган. Учурда ишти мекемелер аралык тергөө тобу иликтей баштады.





- Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу парламенттен колдоо тапты. Мамкомиссиянын отчетунан майнап чыгарына ишенесизби?
Бегалы НАРГОЗУЕВ, коомдук ишмер:
- Мамлекеттик комиссия элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, айрым бир таасирдүү күчтөрдүн заказын аткарды. Биринчиден, мамлекеттик комиссиянын таасирдүү мүчөлөрү эмне үчүн канадалыктар Кумтөрдөн 260 тонна алтын казып алып, анын 1,5 тоннасын гана Кыргызстанга калтырганын 3 жылдан бери айтпай жашырып келишти? Садыр Жапаровдун комиссиясы көтөрүп чыккандан кийин алардын демилгесин колдон жулуп алып эми өздөрүнүкү кылып айтып жатат. Экинчиден, мамлекеттик комиссиянын корутундусу саясатташып кеткен, Темир Сариев 2003-жылдагы келишим эң зыяндуу келишим, ал эми 2009-жылкы келишим пайдалуу деп туруп, 2003-жылдагы келишимди бузуу жөнүндө айтпай 2009-жылдагыга аттап кетет. Анткени 2009-жылдагы келишим пайдалуу болгону менен ал Темир Сариевдин оппоненттери тарабынан кабыл алынган. Үчүнчүдөн, Темир Сариев азыркы президент, ал кездеги премьер-министр Алмазбек Атамбаев кол койгон 2007-жылдагы келишим боюнча ооз ачпайт. Анткени президенттен коркот. Төртүнчүдөн, Темир Сариев чакырган эл аралык көз карандысыз "Мушкат", "Барлев" эксперттик компаниялары баарын изилдеп чыгып, "силер канадалыктарды сотко берип, 1 миллиарддан 3 миллиардга чейин айыпка жыксаңар болот" деп бүтүм чыгарып берсе, Темир Сариев канадалыктарга 150 миллион гана доллар айып коюуну сунуштоодо. Демек, биздин бийликтин туу чокусунда отургандар баягы эле акаевдик, бакиевдик алтын уурдоо схемасын улантып жатышат. Ошондуктан сотко берип жатабыз деп чоё беришет, сот бүтпөйт, ал эми алтын жылына 20-25 тонналап казылып ташыла берет. Ал эми биздин коррупционерлер өз энчисин ала беришет. Ошон үчүн бул комиссиянын корутундусу аткарыларына ишенбейм.

Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
тоо кен тармагы боюнча адис:
- Сөзсүз майнап чыгыш керек. Эгер тараптар тирешип отура беришсе анда кенде иш токтойт, анын кесепети экономикабызга тиет. Ошон үчүн тараптар "ийри отуруп, түз кеңешип", келишимге алымча-кошумчаларды киргизип, ишти улантышы зарыл. Ал эми келишимди денонсация кылабыз деген чакырыктар бизге пайда алып келбейт.

Эркингүл ИМАНКОЖОЕВА, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
- Бул маселени 2005-жылдан бери көтөрүп келатам. Ошол жылдары мамлекеттик комиссия түзүлүп, 10 пункттан турган талап коюлган. Ошондо Садыр Жапаров, Акматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошевалар кайда эле? Алар түштөн кийин баатыр болушуп, Кумтөрдү бетине кармап элге күйгөндөй маанай жаратып жатышканы уят.
Бу жолку мамлекеттик комиссиянын корутундусунан майнап чыгарынан үмүтүм бар. Эң негизгиси, мамлекетибиздин кызыкчылыгы корголгондой чечим кабыл алынышы абзел.

Наргиза МАНСУРОВА, "Баракелде" агенттигинин журналисти:
- Мамлекеттик комиссиянын отчетунан майнап чыгарына ишенгим келет. Анткени ушунча жылдан бери кыргыз элинин байлыгы болгон кендерди иштетүүнүн үзүрү бир ууч топтун жана чет элдик компаниялардын кызыкчылыгына иштеп келген көрүнүштү токтотууга убакыт келип жетти. "Алтынга болгон ачкөздүктү коргошун менен гана токтотсо болот" дегендей, алтын бар жерде чыр-чатактар дайым болуп келген. Бирок экономиканы көтөрүүгө чоң өбөлгө боло турган алтын иштетүүнү токтотуп коюу дагы акылсыздык болуп калат. Биздин башчыларыбыз пендечиликтен аз да болсо көтөрүлүп, кен иштетүү жагын толугу менен мамлекеттин, карапайым калктын пайдасына иштей тургандай кылып көзөмөлдөсө, мамлекетибиз кичине, элибиздин саны аз болсо да, өз жаныбызды багып кетүүгө кудуретибиз жетет, ал гана эмес сол чөнтөккө сологонду токтотсок, гүлдөп, өнүккөн өлкөгө айланарыбызга шек жок.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ