01.03.13 Адамзатты маң кылган маңзат
АКШ менен Афганистан сүйлөшүп алышканбы?

Расмий маалыматка таянсак, дүйнө жүзүндөгү апийимдин 63 пайызы Ооганстанда өндүрүлөт. Бир грамм героин бул өлкөдө 4 доллардан сатылса, Батыш жана Борбордук Европада керектөөчүлөр ушул эле көлөм үчүн 40-100 доллар төлөшөт. Ал эми Түндүк Европада жана Америка Кошмо Штаттарында 1 грамм героин 170-200, Австралияда 230-370 долларга бааланат.
Ошентип ооган дыйкандары 2010-жылы эле 440 млн. доллар киреше табышты. Мындан улам героинди керектеген өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуу топтор дагы катуу эле жыргап атышат.
- Адистердин баамында, "Made in Afghanistan" деген героиндин 65 пайызы базарларга Иран жана Түркия аркылуу тарайт. Дал ушул "Балкан багыты" Европага деңиз аркылуу ташылып жеткирилет. А калган 35 пайызы "Түндүк багыты" аркылуу Борбор Азияны кыдырып, анан Орусияга жөнөтүлүп турат, - дейт Борбор Азиядагы наркосаясат борборунун директору Александр Зеличенко. Анын айтканына караганда, маңзат урунуу бир катар элдин генофондуна ачык эле кесепетин тийгизип, атүгүл ВИЧ/СПИД илдетинин ыкчам жайылышына өбөлгө жаратууда.
- Бириккен Улуттар Уюмунун атайын программасынын эсебине таянсак, апийимди жер шарында 21 миллиондой адам чегип, ал эми адамзаттын төрттөн бир бөлүгү героин урунат экен. Ооган героинин көбүнчө Европа жана Азия өлкөлөрүндө кең-кесири колдонушат. Ошентип жыл сайын аны саткандар 65 миллиард доллар пайда көрүшөт. Наркомафия бул акчалардын басымдуу бөлүгүн террористтерге жумшайт. Алар үчүн такай курал-жарак, ок-дары сатып алышат. Буга улай коррупционерлерге дагы маал-маалы менен жем таштап турушат, - деп билдирди Александр Зеличенко. Ал маңзаттын Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу байма-бай ташылышы аймактагы мамлекеттердин улуттук кооопсуздугуна олуттуу коркунуч туудуруп жаткандыгын жашырган жок.
- Эл аралык терроризм күчөдү. Коррупция оожалды. Экономика кескин түрдө ылдыйлады. Мунун кесепетинен көмүскө экономика гүлдөдү. Калктын бөөдө өлүмү көбөйдү. Айрыкча сакайгыс дарт ВИЧ/СПИД илдетине чалдыккандар ого бетер арбыды, - деп баса белгиледи Александр Зеличенко.
Деген менен Кыргызстандагы маңзатты көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын биринчи орунбасары Гуламжан Анарбаев Александр Зеличенконун пикирин дегеле кубаттабайт.
- Жакында өкмөттүн атайын концепциясын иштеп чыктык. Ага ылайык мындан ары бул өңүттө ырааттуу иш жүргүзөбүз. Ал эми Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар чет өлкөлөрдөн грант түрүндө алып жаткан каражаттарды акташ үчүн биздеги кырдаалды атайылап бурмалап, фактыларды атайылап көбүртүп-жабыртып жатышат. Алардан сырткары Кыргызстанга эзели көзү түз эмес үчүнчү күчтөр дагы кошулуп, абалды ого бетер курчутканга далалат кылышууда. Болбосо АКШнын Бишкектеги авиабазасы эмдигиче Кыргызстандан чыгып кетет эле го. Алар Ооганстанда апийим эккен дыйкандарды неге талкалабай жатышат? Анткени буларга кырдаалдын дайыма чыңалып турганы пайдалуу, - дейт Гуламжан Анарбаев.

Учурда кыл учунда турган Кыргызстан эртең эки чоктун ортосунда калбаса эле болду...
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары,
сүрөт автордуку



Таласка болгон сапар
Баасы чыккан төөбуурчак, чек араны аңдыган сүт өндүрүүчүлөр жана тагдыры тумандаган "Жерүй"

Өкмөттүн иш башкармалыгы 25-27-февраль аралыгында Талас дубанына журналисттер үчүн пресс-тур уюштурду. Пресс-турдун алкагында облус жетекчилиги аймактагы жасалып жаткан иштер жана чечилбей жаткан көйгөйлөр менен жеринен тааныштырды.
Облустагы өкмөт өкүлү Койсун Курманалиеванын айтымында, Таласта абал тынч. Кезектеги төңкөрүш кайрадан Таластан тутанат деген айың кептерге негиз жок экенин баса белгиледи. Облустун эң башкы жетишкендиги катары төөбуурчак маселесинин жолго коюлушун айтсак болот. Анткени Таласта элүүгө жакын төөбуурчак кабыл алуучу борборлор ачылган. Түрк ишкерлери жергиликтүү дыйкандардан төөбуурчактын килограммын 58-62 сомдон сатып алып, тазалоо, сорттоо иштеринен кийин чет өлкөлөргө экспортко жөнөтүшөт экен. Облустун аймагында 6 сүт иштетүүчү завод болгону менен алардын иши мактанарлык эмес. Анткени Казакстан чек араны жапкандан кийин өндүрүш кыйла төмөндөгөн. Сүт өндүрүүчүлөр вице премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кургак сүт чыгарган кытай заводун курабыз дегенине караманча каршы. Алар сүттү элден 14-15 сомдон сатып алышат. Эгер кытайлыктар келсе сүттү убактылуу кымбат алып, жергиликтүү сүт өндүрүүчүлөрдү сызга отургузгандан кийин сүттүн баасын төмөндөтүп коюшат. Анүстүнө Таласта кургак сүт чыгарган завод бар, андан көрө Тайырбек мырза чек араны ачып, экспорт маселесин чечип берсе кытайлыктары жок эле сүт азыктарынын түрүн чыгарабыз дешет сүтчүлөр.
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан "Жерүй" ишканасынын жетекчилиги аба ырайынын катаалдыгын шылтоолоп, журналисттерди комбинатка жакын жолоткон жок. Ошентсе да Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Ишимбай Чунуев өзү келип журналисттер менен жыйын курду. Чунуев "Жерүйдүн" иштешин жергиликтүү элдин басымдуу көпчүлүгү каалап жатканын айтып, каршы чыккандар чакан гана саясый топтор экенин айтты. Таласка болгон пресс-тур тууралуу гезитибиздин эмки санында толук маалымат беребиз.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ





Тынчтык качан орнойт?
Сох окуясынын таасири ушинтип уланууда

Сох окуясы эки элдин ортосуна терс таасирин тийгизбей койгон жок. Чек аралар жабылып, бир канча кыйынчылыктар пайда болгон эле. Эки өлкөнүн сүйлөшүүсү менен тосулган жолдор ачылып, Өзбекстандын Сох районунун тургундары Сох-Кадамжай жолу аркылуу каттай башташкан. Бирок жараны кайра ырбаткан окуялар да болуп жатат.
2013-жылдын 20-февраль күнү саат алтылар чамасында Баткен районунун Кыштут айыл округунун Сай айылынын тургундары Эркин Абсеитов, Жеңишбек Токтобаев, Нурлан Эшов болушуп алдын ала уюшулган пландарын ишке ашырышат. Тактап айтканда, Кадамжай районунун Айдаркен ашуусунан өтчү Ош -Баткен автожолунда Өзбекстандын Сох районуна бара жаткан 5 унааны токтотуп андагы өзбек жараны Н.Хамзидиновду ачык коркутуп 15 миң сум өзбек акчасын алышып, бир канча өзбек жарандарын уруп, сабашкан. Кылган кылмыштарын жабуу максатында окуя болгон жерден качып кетишкен.
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын тергөө боюнча орунбасары Имамназар уулу Алдаярдын айтымында, бул маалымат түшөрү менен Кадамжай ИИБнин ыкчам иликтөө иши жүргүзүлүп, аталган факты боюнча кылмышка шектүүлөр кармалышты. Өзбекстандын 21500 сум акчасы табылып, далил буюм катары алынган. Бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 167-ст. 2-б. 1-п. 3-б. 2-п. 234-ст 2-б. 1-п менен №48-13-30 сандуу кылмыш иши козголуп, Э.Абсеитов, А.Нурмаматов, Н.Эшов, Ж.Токтобаевдер КР ЖПКнын 94-ст. негизинде камакка алынып, 23-февралда алардын айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары камак түрү тандалып, азыркы убакта тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Азамат Абсатаров,
Баткен облусу





Бир
бүркүм…
Кечээ Башпрокуратура сот өкүмүн ишке ашыруу үчүн Бакиевдерди жеткирип берүү өтүнүчүн Белоруссия бийлигине жолдоду.
2013-жылы Кыргызстан 900 миң тонна буудай өстүрмөй болду.
Коргоо министрлиги Түркиядан аскер-техникалык жардам алат.
7-апрель окуялары боюнча сотто Ак үй чатырын текшерүү чечими кабыл алынды.
2013-жылы Жогорку Кеңеш төрагасынын резервдик фонду 30 миллион сомду түзөт.
АКШ Өзбекстан менен Кыргызстандан бөлөк Борбор Азия өлкөлөрүнө каржылык жардамын кыскартат.
Кечээ Жалал-Абад облусунда күчү 3,9 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Мектеп рэкетчилигине шектүү 15 жаштагы жаран кармалды.
Экс-муфтий Чубак ажы Жалиловго байланыштуу сот иши башталды. Ал ажылык сапардан салык жашырган деп күнөөлөнүп жатат.
27-февралда Бишкектеги Түштүк дарбазада ок атышуу болуп, бир адам каза тапты.
Ат-Башы районунда 23-февраль күнү бейтааныш бирөөлөр дарбазанын алдына жаңы төрөлгөн ымыркай таштап кетишкен. Учурда ымыркайдын ата-энесин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Бишкекте өзбекстандык качкын Шухрат Мусин дайынсыз жоголду. Ал 2005-жылдагы Өзбекстандагы Анжиян окуяларына байланыштуу куугунтукка кабылып, 2008-жылдан бери Бишкекте качкын катары жашап жүргөн.
Шаардагы жаңы конуштарда эки жыл аралыгында мыйзамсыз жол менен 30 миңден ашык үй курулган.
Нарында 700дөн ашык багар-көрөрү жок карылар бар.
Ысык-Көлдөгү жер титирөөнүн кесепетинен 26 млн. 960 миң сом чыгым келтирилген.
Бишкектин көчөлөрүндө 206 светофор иштейт.
Кытай абактарында Кыргызстандын 20 жараны жаза өтөп жатат.
Ирандын борбору Тегеранда 800 метр жана бир жарым чакырым аралыкта чуркоо менен биринчи орунду Жалал-Абад мамуниверситетинин студенти Гүлшанай Сатарова ээлеп, эки алтын медаль алды.
Жумгалда пенсия курактагы кызматкерлер кызмат орундарын өз ыктыярлары менен жаштарга өткөрүп беришүүдө.
Тоң райондук борборлоштурулган китепканага Эл баатыры Б.Жакиевдин ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды.
Кыргызстандан жыл сайын 700 миң чамалуу адам чет мамлекеттерге иштеп акча таап келүү үчүн чыгат.
Кыргызстанда 110 кесиптик билим берүүчү окуу жай бар.
Талас облусунун Манас районунда айыл чарба азыгын кайра иштетүүчү завод курулат.
2012-жылы Бажы кызматынан 129 адам иштен алынган.
Парламент телеканалдардагы жүгүртмө саптардын, СМС билдирүүлөрдүн маңызын көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алат.
Жапония өкмөтү Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарына баа берүү потенциалын бекемдөө үчүн 2,2 млн. доллар бөлүп берди.
Медицина академиясынын ортопедиялык стоматология кафедра жетекчиси диплом жасагандыгы үчүн кармалды.
Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин төрагасы жана депутаты курал менен кармалды.
Ош облусундагы Көк-Арт дарыясындагы көпүрөнү оңдоо үчүн Жапония 52 млн. йен бөлдү.
Бишкек ШИИБнин атайын сайты ачылды. Бул сайттан карапайым калк борбордогу РИИБдердин, участкалык кызматкерлердин иштери менен таанышып, көйгөйлөрүн билдире алышат.

"Жаңы Агым" - пресс