01.03.13 Парламент жыйынынан
Коргонууга өткөн "ата журтчулар",
жооп кайтарган Жээнбеков
ЖоКенин кечээги жыйынында "Мал жандыктарын идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Мындан сырткары, апрель окуясында банк кутучаларынан табылган каражаттар, абакта жаткан үч "ата журтчунун" тагдырына байланышкан көйгөйлөр козголду.


Жыйын башында ар кандай маселелерге жарым саат арноо парламент турмушунда салтка айланган. Бу жолу да "ата журтчу" Жылдызкан Жолдошева өзүнө тымызын кысымдар жасалып, жакын туугандарын УКМК кызматкерлери текшерип жатканын билдирди. Ошондой эле партиялаштары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду коргой албаганы үчүн төраганы күнөөлөп, Асылбек Жээнбековдун тушунда төрт депутаттын камакка алынышы - буга чейин болбогон окуя экенин айтты. Ал эми спикер мунун баарын четке кагып, адамды жөнү жок каралай бергендин чеги болушу керектигин баса белгиледи. "Ушуга чейин унчукпай келдим эле, эми айтайын. Унчукпай койсо жообу жок экен деп ойлойт экенсиңер. Азыркы төраганын учурунда төрт депутат камакка алынды деп жатышат. Эмне, мен аларды "забордон" секирттимби? Жок. Кудайга шүгүр дешибиз керек, мурдагы чакырылыштарда беш депутат өлтүрүлгөн, ошол учурда каякта элеңер? Эмне үчүн унчукпай отургансыңар? Медет Садыркуловду тирүүлөй өрттөп жок кылышкан, анда эмнеге унчуккан эмессиңер? Электр энергиясына баалар кымбаттап эл кыйналып жатканда үн катпай отургандар азыр ар кайсыны айтып жатышат. Бүгүн биз кудайга шүгүр, жакшы эле иштеп жатабыз" деген Жээнбеков Жолдошеваны ордуна койду.
Жолдошева-Жээнбеков "акыйнеги" гана эмес, депутаттар соңку мезгилде парламент трибунасын жеке мамилелерди аныктоочу жайга айландырып алышканы байкалат. Мисалы, өткөн жумада "ата мекенчилер" Кумтөр алтын кени боюнча түзүлгөн келишимге байланыштуу агездеги Башпрокурор Мыктыбек Абдылдаевге укуктук баа берүү демилгесин көтөрүп чыгышты эле, Мыктыбек Юсупович кечээ аларга жооп кайтарды. Ал киши кайрадан апрель окуясындагы талап-тоноочулукка кайрылып, айрым кесиптештеринин ошол убакта комендант болгондугун тастыктаган документ табылбаса, анда Башпрокуратура кылмыш иши козгошу керектигин талап кылды. Сөзүн андан ары улаган эл өкүлү апрель окуясында банк кутучуларынан табылган каражаттар боюнча ошол мезгилдеги Финансы министри, учурдагы Экономика министри Темир Сариевдин жоопкерчилигин кароо сунушун Башпрокуратурага жолдоду. Бийлик-оппозиция "согушу" эми апрель окуясынын тегерегинде уланат окшойт…

Өкмөттүн сунушу четке кагылды
Акылбек Жапаровдун "койду паспорттоштуруу" демилгесин күлкү катары кабылдап, убагында аны шылдыңдаганга чейин барганбыз. Мезгилдин өтүшү менен бул демилге абадай зарыл экени ырасталды. Кыргыз өкмөтү бу жаатта атайын "Мал жандыктарын идентификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жазып, кечээ аны парламенттин кароосуна салды. Буга оппозициячыл депутаттар каршы чыгышты. "Ата журтчу" Акматбек Келдибековдун айтымында, малды идентификациялоодон мурда айыл чарба тармагына керектүү заводдорду, лабораторияларды ачуу зарыл. "Ар бир малды идентификациялоо эч кандай жыйынтык бербейт. Андан көрө облустардын климаттык шартына ылайыктап завод же лабораторияларды куруу керек. Маселен, Нарынга эт заводун заманбап ыкма менен куруп койсок, эл келип малын тапшырып жатканда ошол жерден текшерип, оорусу бар же жок экендигин аныктагандай шарт түзүү зарыл. Каражат коротуп бирка басалы, бирок ал эч кандай жыйынтык бербейт" дейт Келдибеков.
Талкуу учурунда социал-демократчы Эркин Сакебаев мал доктурлардын арасында коррупция күч алып кеткенин жар салды. Анын билдиришинче, мал доктурлар базарлардан малды текшербестен, акчага справка жазып берип жатышыптыр. Э.Сакебаевдин мындай пикирин колдоого алган "ар-намысчы" Талантбек Узакбаев Токмок шаарындагы базарды мисал кылып, акча жасоонун кыныгын алган ветеринарлар ошол жакка жыйналып калганын кошумчалады. Мына ушундай талаш-тартыштан кийин аталган мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Бата тиленди
Эмки ырыскыбызды алдатпасак экен
Жогорку Кеңештин 21-февралдагы жыйынында "КР өкмөтү менен РФ өкмөтүнүн ортосунда Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды. Ага ылайык, Россия менен биргеликте Нарын каскадында 8 ГЭС жана "Камбар-Ата-1" курулушу абзел.


Келишим боюнча ГЭСтердин курулушуна орус өкмөтү кредит табуу милдетин алган. Ал кредиттин жылдык үстөгү 2,5%. Ушул жерден орчундуу маселени тактай кетели. ГЭСтин 50% үлүшү Россияга, 50%ы бизге таандык болору келишимде көрсөтүлгөн. Бирок Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтер өзүн актаганга чейин Кыргызстан өз үлүшүнүн 25%ын Россия тараптын башкаруусуна өткөрүшү керек. Талаш дал ушу пункттан чыкты. "Ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар аталган ГЭСтер экинчи Кумтөрдүн кейпин кийип калышы ыктымалдыгын айтып коңгуроо кагышты. Мындай кооптонууга толук негиз бар.
Биринчиден, ГЭСтердин качан курулуп бүтөрү жана алар чыгымды качан актаары белгисиз. Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовдун айтымында, ГЭСтер кеминде 20 жылдан кийин өзүн өзү актайт. "Эгерде тариф 1 сом 34 тыйын болсо, "Камбар-Ата-1" ГЭСи 20 жылда, ал эми Жогорку Нарын 14 жылда актайт. Эгерде тариф 1 сом 92 тыйындан болсо, "Камбар-Ата-1" 14,5 жылда, Жогорку Нарын 10 жылда өзүн актайт" дейт ал.
"Камбар-Ата-1дин" кубаттуулугу абдан жогору, жылына 5,1 млрд. кВт/саат электр энергиясын өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү жетет. 2009-жылдагы келишимде ГЭСти ишке киргизүүгө 1,7 млрд. доллар жумшалары аныкталган. Ал эми азыр канча каражат сарпталарын Энергетика министри да так билбейт. Каражат көлөмү ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккандан кийин белгилүү болорун айткан А.Калмамбетов Россия тарап бул багытта 15 млн. доллар кредит бөлгөнүн сүйүнчүлөдү. А эгер кокусунан орус өкмөтү канадалыктардын ыкмасына салып, курулуш иштерине кетчү насыяны Кыргызстандын эсебинен алып, Кыргызстандын эсебинен төлөтүп койсочу? Шорубуз ошондо шорподой кайнабайбы? Бул экинчиси деп туруңуз.
Үчүнчүдөн, орус тарап "Камбар-Ата-1деги" 50%, Жогорку Нарын каскадындагы 75% үлүшүбүздү качан кайтарып берери келишимде так жазылган эмес. Демек, "Россия менен өнөктөш болдук, ири ГЭСтерибизди куруп бермей болду" деп алакан чаап, тебетейибизди көккө ыргытууга али эрте. Азыр канадалыктардан Кумтөрдү талашкандай, ГЭСтердин айынан келечекте да Россия менен араздашчу абал кайра түзүлүп жаткан жокпу? Кыргыз бийлиги чечим кабыл алардан мурда мына ушундай орчундуу маселелерди ойлонду бекен? Же бийлик үчүн ири энергетикалык долбоорлор башталды деп элдин көзүн будамайлап, бийлигин убактылуу кармап туруу гана керекпи?

Кылмыштуубу же элге жарыгын тийгизчү долбоорбу?
Энергетикалык долбоорлор парламентте каралып жатканда түрдүү ойлор айтылды. Ошондой эле коомчулукта мыйзам долбоорун колдогон пикирлер дагы жаралды. Төмөндө эки тараптуу пикирлерге орун беребиз.

Акматбек КЕЛДИБЕКОВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
- Негизинен бул долбоор Кыргызстан үчүн керек. Бирок коммерциялык насыя алып жатып, салыктан бошотуу - кылмыш. Андай кылбаш керек. Коммерциялык насыя алынып жатат. Андан ары башкаруу үчүн 25% акцияны берип жатасыңар. Салыктан бошотуу үчүн кандай зарылчылык бар? Казынаны кантип толтурабыз?

Равшан ЖЭЭНБЕКОВ,
ЖК эркин депутаты:
- "РусГидро" ишканасын Кыргызстандын "Камбар-Ата" боюнча негизги өнөгү деп айтып жатасыңар. Россиянын президенти Владимир Путин жакында эле "РусГидро" ишканасынын жетекчиси Додду (Дод Евгений Вячеславович - "РусГидро" ААКнын башкармалык төрагасы) мамлекеттен 25 млрд. рублди коррупциялык жол менен жок кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгын айтты. Эми өз мамлекетинен уурдаган компания Кыргызстанды жыргатмак беле?!

Карыпбек АЛЫМКУЛОВ,
экс-депутат, энергетика боюнча адис:
- "Бул ГЭСтерди курууну Россияга берип, биз мамлекетибиздин суверенитеттүүлүгүнөн айрылып калабыз" деген кооптонуу жаралды. Мен бир гана жабык акционердик коомдун айынан мамлекет суверенитеттүүлүгүн жоготуп коет дегенге түшүнө албайм. Кантип эле жоготуп койсун? Келишимде "Электр энергиясынын иштелип чыгуусу 50 млрд. кВт/сааттын тегерегинде. Ага бааларды коюу - Кыргызстандын укугуна тиешелүү" деп турат. Ошондой эле келишимде: "Жабык акционердик коом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат" деп жазылып турат. Ал эми биздин мыйзам боюнча жабык акционердик коомду башка бир тарап анын акчасын толук төлөмөйүнчө тартып алууга эч кандай мүмкүн эмес. Демек, мыйзам чегинде алып барсак утулбайбыз.
Суу режими боюнча оюмду айтайын. Менин түшүнүгүмдө эң жакшы режим Өзбекстан үчүн болуп жатат. Кышында азыр кандай сууну толтуруп жатсак, ошондой толтурабыз. Ал эми жай мезгилинде каналдарга кое берилет. Андыктан суу режими Кыргызстан үчүн электр энергиясын өндүрүүгө, ал эми Казакстан менен Өзбекстанга сугат иштери үчүн өтө пайдалуу.

Эргеш ТӨРӨБАЕВ,
экс-депутат, энергетика боюнча адис:
- Биз "Камбар-Ата-1ди" сөзсүз курушубуз керек. Болбосо жакынкы жылдары электр энергиясы менен өзүбүздү өзүбүз камсыздай албай калабыз. Бул ГЭС азыркы Кыргызстандагы жалпы ГЭСтердин кубаттуулугунун 70-80%ын жалгыз өзү түзөт. Курулуп калса, кайсы бир ГЭС убактылуу иштебей калса дагы электр энергиясынын тартыштыгы билинбей калат. Мындан сырткары, экспорттоого жол ачылат. Бүгүнкү күндө эле Кытай бизден 7 центтен алууга макулдугун билдирип жатыптыр. Биз үчүн Россия менен биргеликте курганыбыз туура болуп турат. Себеби жогоруда айтканымдай, башка ГЭСтерди дагы оңдоп-түзөп алабыз. Ал ГЭСтерибиздин бардыгынын жабдыктары Россиянын заводдорунан чыккан. Ошондуктан оңдоп-түзөп алганга жакшы шарт бар.

Талантбек СЫДЫКОВ