01.03.13 Жапондор жардам бергенден жадабайбыз дешти

Президент Алмазбек Атамбаев Японияга болгон расмий эки күндүк сапарынын алкагында 27-февралда Токиодо Жапония премьер-министри Синдзо Абэ, жапон парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Бунмэй Ибуки, төмөнкү палатасынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Катсуюки Каваи, "Комэйто" партиясынын төрагасы Нацуо Ямагучи, JICA уюмунун вице-президенти Киёши Кодера император Акихито жана императрица Митико менен жолугушту.
Бул жолугушууларда Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда түрдүү багыттар боюнча кызматташуунун келечеги, тактап айтканда экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Япониянын премьер-министри Синдзо Абэни Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды. Жолугушуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын президенти менен Япониянын премьер-министри "Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда достукту, өнөктөштүктү жана кызматташтыкты андан ары тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүгө" кол коюшту. Алардын айрымдарын айта турган болсок, эки өлкөнүн ортосунда сооданы жана инвестицияларды кеңейтүү үчүн колдо бар механизмдер аркылуу бизнес маалыматтарды алмашууну, жеке сектордун өкүлдөрүнүн ортосундагы диалогду өнүктүрүү боюнча бир пикирге келишти.
Ошондой эле жапон тарап демократияны чыңдоо, "Кыргыз Республикасына жардамдашуу планы" программасынын негизинде туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өсүш үчүн Кыргызстанга тийиштүү жардам көрсөтүүнү улантуу ниети бар экенин айтты.
Өз кезегинде кыргыз тарап "Стамбул-Бишкек-Токио" маршруту боюнча авиакаттамын ачуу ниетин билдирди. Жапон тарап эки өлкөнүн ортосунда авиациялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча бул аракетти кубаттады.
Жалпы жонунан президент А.Атамбаевдин Японияга жасаган иш сапарында 31 бөлүмдөн турган биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.





Оп-ана
Жазгы митингдер болбой калды, адис революционерлер, эми башка иш тапкыла

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов k-news агенттигине "Кыргызстан дагы бир ыңкылапты же төңкөрүштү көтөрө албайт" деп билдирди. Анын айтуусунда, учурда ар кайсы басылмалар тарабынан "даярдалып жаткан жазгы төңкөрүштөрдүн артында Бабанов турат" деп жазылган маалыматтар жалган.
Бул маегинде Бабанов "Республика" партиясынын лидери тескерисинче өлкөдөгү коомдук-саясый абалды солкулдатууга аракеттенип жаткан күчтөргө каршы чыгууга даяр экенин айтты. "Өкмөттүн же парламенттин таркашын талап кылган митингдер боло берсин, бирок дагы бир ыңкылап кылып Ак үйдү басып алууга, талоончулук кылууга мүмкүн эмес, ансыз деле 2010-жылы 7-апрелде курман болгондордун каны сууй элек" дейт ал. Ошондой эле ал көптөн бери Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар менен да, оппозициячылар менен да көрүшө электигин кошумчалаган.
Айрым маалымат каражаттары Кыргызстанда оппозиция жаз айларында дагы бир төңкөрүшкө даярданып жаткандыгын, анын каржылоочусу мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов экенин жазып жатышкан. Чамасы Өмүрбек мырза катуу ойлонгон го...
Бирок Бабановдун "өкмөттүн же парламенттин таркашын талап кылган митингдер боло берсин" дегени баарыбир шек туурдурбай койбойт. Президентти алсыздандыруу үчүн парламентти, өкмөттү таратуу керек экени баарына маалым. Анан калса парламентти таратабыз деп барып эле Ак үйдүн короосунан ашып кетчүлөр чекеден табылат.





Чубактын чуусу
Ажылык боюнча соттошмой дагы деле бүтө элек

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын мурунку жетекчиси ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Жума ортосунда болгон сотто Чубак ажы Жалиловдун адвокаттары кылмыш ишти козгоо негизсиз болгонун, тергөө талапка жооп бербесин айтып, процессти токтотуу тууралуу өтүнүч келтирди. Судья Чыңгыз Адамкулов бул арызды канааттандырган жок. Мындан кийин судьянын өзүнө ишенбөөчүлүк жарыяланды. Доо арыз жогорку инстанцияга жөнөтүлүп, сот белгисиз мөөнөткө жылып калды.
Бул кылмыш иштин алкагында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын эсебиндеги 500 миңдей доллар камакка алынган. Муфтияттын юристи Даниэл Жаркеев "Азаттык" үналгысына берген маегинде ажылыкты уюштуруу иштеринен түшкөн кирешеден салык төлөөгө милдеттендирүүнү мыйзамсыз деп эсептерин айткан. "Үч салык төлөнгөн эмес деп доо коюлуп жатпайбы. Бул салыктар экономикалык кызматтан алына турган салыктар. Ажылыкты уюштуруу деген бул диний ишмердүүлүк. Муфтият ажылыкты уюштурду. Ажыга барып келген адамдардан биз акча сураганга укугубуз жок" дейт ал. Негизи муфтият киреше-чыгашасын ажылыкты уюштуруудан түшкөн каражат менен жабат. Былтыр Меккеге зыяратты атайын түзүлгөн Ажылык жана Умра борбору уюштурган болчу.
Талдоочу Самаган Мырзаибраимов бул талаш-тартыш маселеге сот чекит коюшу керек деген пикирде. Муфтият кирешесинин салыгына байланыштуу кылмыш ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы октябрь айында козгогон. Бул факт боюнча азыркы муфтий Рахматулла Эгембердиевге да айып тагылган болчу. Чубак ажы Жалилов өткөн жылы жайында муфтийликтен өз эрки менен кеткен. Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу мурдагы жылы да чуулуу окуялар менен коштолгон.
Зайырбек АЖЫМАТОВ





Ириңдеген ИИМ
Эски картадан эмнени күтсө болот?
Февралдын баш жагында, тагыраак айтканда, "Жаңы Агым" 8-февралдагы санына "Атаханов кетсе ордуна милициянын генералы, өмүр бою ушу тармакта иштеп жүрүп пенсияга чыккан илгерки Абдылда Шергазиевич Суранчиев келет экен. Абдылда мырза 63 жашта. Пайгамбар жашына барып жүрөктөрүнүн курчу кайтып калган адамдардын ордун алмаштыруу коомго, мамлекетке кандай пайда алып келет?" деп жаздык эле, өткөн жумада А.Суранчиев ИИМге "и.о." министр болуп барды. Бирок биздин айтаарыбыз азыр башка.

Шамил Атаханов адеп келгенде эле анын "Ата мекендин" мародерлук ишин жабуу үчүн келгендигин бардыгы айтып чыгышкан. Айтканды актап, а дагы келээр менен ишти эл алдында жаап берди, бирок анын жасаганына ишенген адам аз болду. Атаханов бул кызматта үч эле ай отурса да анын эң чоң "эмгеги" "Ата мекенди" актоо болуп калган учурда жалаң кадрдык ызы-чуудан башы чыкпады. Демек "мавр" өз "милдетин" аткарып кетти…
Бирок эмне үчүн бийлик башында отургандарга Ички иштер министринин кызматы акыркы кезде оңой алмашчу оюнчукка айланып калды? Бу тармакта ишке ашыра турган реформаны мындай кой, жаңы дайындалган адам бир ай же эки ай өз ордунда калабы деген суроо алдыга чыкты азыр. Анан кайдагы реформаны айтабыз? Милиция жетекчилери баарыбыз эки-үч айдан министр болуп калсак экен деп аргасыз күлүп жүрүшөт. Эми болсо реформадан ат чабым алыс, пайгамбар жашын жашап жаткан пенсионерди башкы милиционер кылып коюшту. А биздин түшүнүктө бул кызматка жалпы коомдун сый-урматына ээ, кылмышкерлер, ОПГ дегендер сестенип турган адам болуусу керек эле.
Азыркы бийлик деле бир кезде Акаев чаап кеткен жолдон чыгалбай, кызмат бөлүштүрүүгө келгенде адамдын кесипкөйлүгүнө, билим-жөндөмүнө эмес регионалдык балансты сактоого жана жазында болот деп күтүлүп жаткан ар кандай ызы-чууларда ишенимдүү адамга таянгысы келгендиктен гана акыркы рокировканы жасады дешке болот. Болбосо иштеп жаткан милиция жетекчилеринен министрликке татыктуулары жок беле? Мисалы, акыркы эле өтө резонанстуу делген чоң кылмыш Медет Садыркуловдун, Сергей Слепченко, Кубат Сулаймановдун өлүмдөрүнүн түбүн казып, кылмышты кимдер, кандай жасагандыгынын бетин ачып, анын түпкүлүгүндө саясый заказ тургандыгын далилдеп, колго түшкөндөрдүн жазасын тарттырып, Белоруссияда баш калкалап жүргөн Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүүгө жол ачып берген, өз ишин мыкты билген милиция жетекчилерин бийлик эле көрбөй жатпаса, көпчүлүк бул ишти кайсы генерал жасаганын жакшы билет.
Бирок А.Атамбаев деле адам да, көнбөскө чарасы барбы. Президенттик шайлоо учурунда ага өз айылынан бир добуш алып бере албаган, ошентсе да солтонун билерманы болуп жүргөн Адамкалый Чыныбаев баштаган чүйлүк аксакалдардын жыйынында укук коргоо тармагында жалаң нарындыктар жетекчи болуп отурганы, эми Ички иштер министрлигине өз адамды гана коюу тууралуу сөз болгонун ал жыйынга катышкандар жакшы билишет. А.Суранчиевдин ИИМге келишин ошонун жана башка келишүүлөрдүн гана үзүрү десек болот. Баса, Абдылда Шергазиевич Кант шаарынын Туз айылында туулуп өскөн. Минтип отурсак реформа жасап алга жылганды кой, колдогу анча-мынча нерседен айрылып, акыры башкарарга эч ким калбай калбаса болду.
"Жаңы Агым" - пресс