presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тилегиңер тынчтык болсо…
Жадыраган жаздын алгачкы айында төңкөрүш болот имиши элдин жүрөгүнүн үшүн алып бүттү. Аңыз дегенибиз менен мында чындыктын үлүшү арбын өңдөнөт. Айрым бараандуу саясатчылар, мисалы, вице-спикер Бакыт Төрөбаев түптөгөн "Өнүгүү" партиясы жакынкы күндөрү ири жыйын өткөрүүнү пландашууда. Жыйында Руслан Бекназаров жетектеген "БЭК", Садык Шер-Нияз теңтөрагалык кылган "Замандаш-Современник" партиясынын өкүлдөрү өлкөдөгү саясый кырдаалды талкуулап, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн "азаматтардын" тизгинин тартып, оппозиция менен позицияны ынтымакка чакырары күтүлүүдө. Ошондой эле бийликтин буга чейинки кетирген кемчиликтерин көрсөтүп, оңолуу жолуна үндөй тургандыктары айтылат. Жеке кызыкчылыгын эмес, мамлекетибиздин келечегин көздөгөн демилгени амбициясы ашынган саясатчылар колдосо деген тилек…


Башпрокурорго сурак жокпу?
Өткөн жылдын 3-октябрындагы окуяга байланыштуу "ата журтчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун сот отурумунда Башпрокурор Аида Салянова күбө катары сурак бериши керек эле. Бирок Аида Жеңишбековна кечээги отурумга келген жок, себебин да түшүндүрбөдү. Мындан улам Биринчи май райондук сотунун судьясы Адылбек Субанбеков Башпрокурорго эскертүү берерин билдирди.
Чыңгызхандын "шакирттеринин" соту сагыздай чоюлуп баратат. Эгер бул маселе ары же бери чечилбесе, анын натыйжасы элдик толкундоолорго алып келиши ыктымалдыгын серепчилер божомолдошууда.

Россияда кыргыз айылы пайда болот
Көп жылдан бери Москвада иштеп жүргөн мекендештерибиз боор көтөрүп, учурда маанилүү долбоорлорду жүзөгө ашырганы турат. Болгондо да түндүк-батышта славяндардын байыркы шаары Ростов Великийдин жанынан Бүткүл россиялык кыргыз конгрессинин президенти Кубаныч Кожоев орус бийлигинен 12 гектар жер сурап, кыргыздын агро-туризм жана маданий борборун түзүүнү максат кылышкан экен. Кубаныч мырзанын сунушу Кремлден колдоо тааптыр. Андыктан Россияда кыргыздардын айылы пайда болчу күн алыс эмес.

Элден ырк кетпесин
Чүй облусундагы өкмөттүн өкүлү Айбек Азыранкулов Ата мекенди коргоочулардын күнүнүн урматына Аламүдүн районундагы Топурак-Бел айылында көкбөрү оюнун өткөрүп, ага аттуу-баштуу инсандар, оңчул-солчул саясатчылар катышты. Оюн жыйынтыкталган соң Айбек мырза "туугандар, саясый оюндарды токтотуп, ит-мышыктай ыркырашпай ынтымакка келели. Эгемендүүлүгүбүздү сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз" деп меймандарды биримдикке чакырганга үлгүрдү. Жаштыгына карабай омоктуу ой айткан Азыранкуловдун бул демилгесин көпчүлүк колдоп, позициясына карабай биримдикте иштемей болушту. Сунуштун жакшысы жакшы, бирок ал канчалык деңгээлде аткарылат болду экен?

Адахан алысты ойлойт
Сүйлөсө тилинен чаң чыккан Адахан Мадумаров Баткен облусун жетектөө сунушунан баш тартканын жазган элек. Эми коопсуздук, укук жана чек ара маселеси боюнча жаңы вице-премьерлик креслодон да аткез кылыптыр. Майталкан кызматтарды "чанганына" караганда, Адахан Кимсанбаевич бийликтин элдешкис оппонентине айланууну көздөгөндөй. Ал эми бул орунга Ички иштер министрлигин "реформалап бүткөн" Шамил Атаханов келет экен.
Саясатчылардын бардыгы Мадумаров эмес экен. Дегенибиз, оппозиция короосунда жүргөн фигуралардын бири мансап кумарына азгырылып, бүгүн-эртеңден мамагенттиктердин биринин төрагалыгына дайындалганы турат.


Балтабаева мигранттарды баш көтөртпөйбү?
Екатеринбург шаарындагы вице-консул Гүлнур Балтабаева мигранттарга баш көтөргөндү мыкты өздөштүргөн дейт нааразы болгон Иркутиядагы мекендештер. Башконсул Төлөнбай Жаныбековдун башын аттап, тымызын терс саясатын жүргүзүп, келгендерди кабыл албай кудай болуп алган дешет. Карапайым мигранттарды кой, диаспора жетекчилерине текебер мамиле кылып көкөйгө көк таштай тийип бүткөнү чынбы? Тышкы иштер министрлиги Балтабаеванын кылык-жоруктарына кичине көңүл буруп теске салып койбойбу?


Осмонов-Текебаев тиреши
"Ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев менен "ата журтчу" Курманбек Осмоновдун тиреши токточудай түрү жок. Курманбек Эргешович 2004-жылдын 4-январында Кумтөр боюнча жаңы келишимди айга-күнгө теңеп мактаган катты "Центерра" компаниясына жолдобогонун айтып карганса, Өмүрбек Чиркешович муну тастыктайм деп чамынган кези. Бул маселе "Ата мекен" фракциясынын бүгүнкү жыйынында каралып, Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов кенен маалымат берет. Мына ошондо "ода катына" байланышкан талашка чекит коюлат дешет билермандар. Алманбет мырза айткандай, каттын түпнускасы "Центеррадан" алынып келинсе, анда Осмоновдун абийирине доо кетери шексиз…


Султан палвандан "Жанжаза"
Белгилүү драматург, жазуучу Султан Раевдин "Жанжаза" аталыштагы жаңы романы ушул айда жарык көрөт. Дин, мифология, философия, сүйүү темалары чыгармадагы негизги жети каарман аркылуу берилип, алардын жашоого болгон көз караштары чагылдырылган. Мындан сырткары, Чыңгызхан сыяктуу тарыхый каармандардын образы сүрөттөлөт. "Жанжазанын" таржымалына байланыштуу Султан палван гезитибиздин кийинки санында кенен маек курууга убада берди.


Исанын ичи күйсө…
Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов Бишкек менен Ош шаар бийлигине болгон элдин ишенимин, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын ташка тамга баскандай санап, ким кандай иштеп жаткандыгын көрсөттү. Ушундан улам эгер бийлик жолотсо Мелисти Ошко эмес Бишкекке мэр кылып шайлагың келет экен. Иштеген кандай экенин Иса дегендерге көрсөтөт эле.
"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??