presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Марат ШАРИПОВ, аткаруучу:
"Биз жандуу үн менен концерт коебуз"

Байкаган кишиге акыркы мезгилде музыка дүйнөсүндө акырындап кулактын ырына караганда жүрөктүн ырына басым жасалып келатат. Арийне, кыргыз радиосу жыл сайын өткөрүп келаткан жаш обончу жана аткаруучулардын "Таланттар таймашы" сынагына келип катышкандын 99 пайызы Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай баштаган залкар обончулардын ырларын аткарып жүргөнүн угуп келебиз. Ошол эле учурда коомчулуктун кайсы бир бөлүгү да азыркы мезгилде эстрадага караганда каныбызга сиңген улуттук колориттеги жана классикалык ырларды укканга басым жасай баштады. Болгондо да ал угармандар арасында жаштардын көп экени сүйүндүрөт. Анан калса учурда жандуу үн менен жогоруда аты аталган обончулардын ырларын аткарган жаштар жыл сайын көбөйүп баратат. Азыр биз сиздерге тааныштыралы деп турган Марат ШАРИПОВ да кыргыз радиосунун өткөн жылы жыл бою жүргүзүлгөн аккордеончулардын "Таланттар таймашында" биринчи орунду жеңип алды.


- Марат, залкар обончулардын ырларына кызыгып, алардын чыгармаларын аткарып калганыңа эмне түрткү болду?
- Эмнегедир мен бала кезден эле аккордеон менен ырдаган жогорудагы агаларымдын ырларын кунт коюп угуп, ошолор менен кошо эргип чоңойдум. Теледен көргөн сайын ошолордой болуп ырдагым келчү. Тилим чыга баштаган кезден эле кагаздан аккордеон жасап алып аларды туурап ырдап калчумун. Атам менин абалымды түшүнүп 1989-жылы Россияга иштер менен барып келатып (ал кезде Фрунзе шаары эле) "Айчүрөк" дүкөнүнөн жаңы аккордеон сатып алып агам экөөбүзгө белек кылган. Анда мен тогузунчу класста болсом керек эле. Ошондон баштап кадимки музыкалык аспап менен ырдай баштадым. Азыр да жогорудагы залкар агаларымдын обондору менен "ооруп" келатам. Менимче азыр алардын деңгээлине жете турган обондор чыга элек. Андыктан жүрөктөн чыккан музыканы туу туткан оор басырыктуу биздин муун үчүн Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай, Аксуубай сыяктуу агайлар кумир болуп келатат.
- Алгачкы жолу чоң сахнага качан чыктың?
- Эми мен анчалык деле атактуу болуп чоң сахналарды багынтып келатам деп айта албайм. Негизинен бала кезимден баштап эле ырдап келатам. Орто мектепти бүткөндөн кийин Кыргызстандагы эң мыкты аккордеончулардын бири Майрамбек Осмоновдон сабак алып, аны менен бир нече чоң концерттерге катышып калдым.
- Кыргыз радиосунун "Таланттар таймашы" сынагына чейин да конкурстарга катышып жүрдүң беле?
- Ага чейин Рыспай Абдыкадыровдун ырларын аткаруучу катары анын юбилейлерине арналып өткөрүлгөн сынактарга катышып келдим. Бул сынактар 2001-2011-жылдары өттү.
- Музыкалык билимиң барбы?
- 6-классымдан баштап Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектептен билим алып, бирок балалык кылып 8-классымда айылга кетип калдым. Ал кезде заман да өйдө-ылдый болуп турган. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна келип тапшырып, азыр да ошол жерде окуп атам. Буюрса билимимди консерваториядан улантсамбы деген оюм бар.
- Сени аткаруучу катары эле эмес обончу катары да билип келатабыз...
- Азыр менин "Аксынын салкын кечтери" деген ырым ырдалып жүрөт. Анын сөзү Улан Турдалиевдики. Мындан сырткары досум Руслан Нарынбаевдин "Жомоктой сулуу", "Балалык" деген ырларын экөөбүз фольклордук маанайда кайра иштеп чыктык. Бул ырлар азыр чынында эл тарабынан жакшы кабыл алынып келет.
- Алдыда кандай максаттарың бар?
- Буюрса май айында жандуу үн менен концерт коеюн деп жүрөм. Албетте бул концертте залкар обончулардын ырлары жандуу үн менен аткарылат.
- Чыгармачылыгыңа ак жол!




Тагдырлуу обондор
Ак жамгыр электете төккөн кезде
Татаал тагдырлуу акын эжебиз Алмаш Чойбекова жүрөгүнөн эңшерилип чыккан, сызылып чыккан "Барам сага" аттуу махабат ыры тууралуу төмөндөгүлөргө токтолду.

Барам сага
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде
Сеңселткен саамайларын ак кайыңдар,
Самашып сагынчымды уккан кезде
Барам сага

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн койунун,
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр электете төккөн кезде
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы толгон кезде
Барам сага

Апам экөөбүз таякемдерге, өзүмдүн төрөлгөн жерим Ой-Алма тоосуна барганбыз. Барсам, таякелерим мени бир жигит менен тааныштырмак болушуп көндүрүштү. Тааныштым. Жашы мени менен тең, абдан сулуу, келишкен жаш жигит менен тааныштым. Ал балчелекчинин баласы экен. Бир көрүшкөндө эле бири-бирибизди жактырышып калдык. Чекпейт, ичпейт деп макташкан. Чындыгында эле ошондой экен. Эртеси эле жигиттин ата-энеси, тууган-туушкандары келишип, апама жалынып атып мени алып кетишти. Түн ичинде жолго чыктык. Ай тептегерек болуп балбылдап туруптур. Жанагы "Барам сага" деген ырымда "Алгачкы биз жолуккан кечтегидей, Алтын ай асмандагы толгон кезде, барам сага" деген саптар ошондон улам жазылган.
Ооба. Ошондо жеримдин касиети, түп таята-таенелеримдин арбагы колдоп бактым ачылган экен. Жөн эле жомоктогудай керемет жылдар өттү го, чиркин. Эл экөөбүздү "эгиз козу" деп коюшчу. 1973-75-жылдары мен Ош театрында, ал атасы менен тоодо балчелекчилик кесиби менен иштеп жүрдү. 1974-жылы Ошто актриса болуп театрда иштеп калдым. Ысык-Көлгө гастролдоп кетип, күйөөмдү көп убакытка көрбөй кыйналдым. Ошондо жолдошумду аябай сагынып, сагынычтан ушундай ыр жаралган. Кийин "ушул ырды сени сагынып жазгам" деп окуп берсем аябай сүйүнгөн. Ошондо "Барам сага" деп өмүр бою сыздап каларымды ким билсин. Бул ырга композитор Жайлообек Жалгасынов музыка жазып, Дарика Жалгасынова оркестр менен ырдап, радиого жаздырган. Дирижёру Асанкан Жумакматов болгон. Андан соң буга Кадыралы Артыков обон жаратты. Баса, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Махабат дастаны" тасмасында "Бегимайдын ыры" кылып казакчага которуп, киного да пайдаланышкан.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??