presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жашыл беретка же "Скорпиондо" кимдер кызмат өтөйт?
Токмок шаарында жайгашкан КР Коргоо министрлигинин №52806 атайын багыттагы "Скорпион" аскер бөлүгүнө барып, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан "скорпиончулар" менен жакындан тааныштык. "Скорпионго" түзүлгөн шарттарды көрүп алып, КР Куралдуу күчтөрүнүн элиталык аскер бөлүгү катары сыймыктанса болоруна көзүбүз жетти.

Талантбек ТАЛИПОВ, "Скорпиондун" командири, полковник:
"Башкы милдет - коопсуздукту камсыз кылуу"
- "Скорпиондо" кимдер кызмат өтөй алат жана кандай критерийлер бар?
- "Скорпионго" чыныгы аскердик кызматты өтөп келген гана жоокерлер кабыл алынат. Эң негизгиси физикалык жана психикалык тесттен өтүш керек. Спорттун бир түрү боюнча разрядга ээ болушу да шарт. Бой 175 см, салмак 75 килограммдан кем болбош керек. Алгач келишим үч жылга түзүлөт. Учурда 300дөн ашык аскер кызматкери келишимдик негизде кызмат өтөп жатышат. Алардын 34ү кыз-келиндер болуп саналат. Биздин курамда 5-6 улуттун өкүлдөрү бар.
- Алдыңарга коюлган негизги тапшырма эмне?
- "Скорпиондун" алдына коюлган негизи тапшырма Кыргызстандагы аскердик коопсуздукту камсыз кылуу болуп саналат. Ар кандай куралдуу кол салуулардын, чыр-чатактардын, улуттар аралык жаңжалдардын алдын алуу биздин башкы максат. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарда элге жардам беребиз.
- Түзүлгөн шарттар аскер кызматкерлерин толук канааттандырабы?
- Азыркы учурда күжүрмөн даярдык үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Биз жашап жаткан аскер шаарчасы 2009-жылдын ноябрында колдонууга берилген. Шаарча АКШ өкмөтү тарабынан бөлүнгөн 9 млн. долларга бүткөрүлгөн. Аскердик шаарчанын жалпы аянты 12 гектар. Машыгуучу жайлар, казарма, окутуучу борбор, мончо, саунадан бери бар.
- Сыр болбосо "скорпиончунун" орточо айлыгы канча?
- Аскер кызматчысынын орточо айлыгы 12-14 миң сом. Ар бир аскер кызматкери өзүнүн ээлеген ордуна жараша кошумча сыйлыктарды да алат.
Бегайым КУРМАНОВА, улук сержант:
"Мекенди коргоо - аялдардын милдети"
- Ата мекенди коргоо эркектердин гана милдети дегендерге эмне дейт элеңиз?
- Негизи мекен ар бир адам үчүн ыйык. Албетте биринчи кезекте мекенди жигиттер коргоого тийиш. Бирок аялдар да карап турбашы керек. Биз эркектер менен бирдей эле мекенге кызмат кылып, берилген тапшырмаларды аткарабыз. Анткени ант бергенбиз. Кандай гана буйрук болбосун аткарууга дайым даярбыз. Армия да аялдарга муктаж. Жалаң эркектер болсо да болбой калат. Аскер бөлүгүндөгү эсеп-кысап, байланыш иштери негизинен аялдарга жүктөлгөн.
- Жолдошуңуз сиздин аскер адамы болушуңузга кандай карайт?
- Мен бул кызматка өз каалоом менен келгем. Алты балам бар. Жолдошум түшүнүү менен мамиле кылат. Эми алты бала менен үй-бүлөдө кыйынчылыктар болбой койбойт. Ошентсе да ыйык милдетти берилгендик менен аткарганга аракет кылам.
- Аскер адамы болуш аялзаты үчүн оор эле болсо керек...
- Кыргызстанды көтөрүүдө аскер кызматкерлеринин салымы чоң. Анткени биз коопсуздукту камсыз кылабыз. Баткен, Ош окуяларында биздин балдардын баары ошол жактарда өз милдетин абийирдүү аткарышты. Ошол учурларда жоопкерчиликтин баары биздин мойнубузга жүктөлөт. Колубузга автомат алып аскердик шаарчаны толугу менен кайтарабыз. Эң башкысы өз кесибиңди сүйсөң башка оорчулуктар сезилбей калат экен. Мен аскер адамы болгонума өкүнбөйм, тескерисинче сыймыктанам.
- "Скорпиондо" жашыл беретканын ээси болуу оңойго турбайт дешет. Сиз кантип алып калдыңыз?
- Ооба, жашыл береткага ээ болуу "скорпиончулар" үчүн эбегейсиз чоң сыймык. Анткени буга жетүү үчүн катаал даярдыктан өтүш керек. Мен 2006-жылы жашыл беретка алгам. Жашыл беретка ар бир эле аскер кызматкерине бериле бербейт. Атайын нормативдерди тапшырып туруп алдым. Чынын айтсам мен үчүн өтө оор болду.


"Скорпион" тууралуу кыскача
"Скорпион" 1994-жылы 30-мартта КР Коргоо министринин буйругуна ылайык 525-өзүнчө атайын багыттагы рота болуп түзүлгөн. 2001-жылдын 27-ноябрында Коргоо министринин буйругу менен 25-өзүнчө атайын багыттагы бригада болуп өзгөргөн. Аскер бөлүктүн алгачкы командири болуп капитан Холодков Станислав Альфредович дайындалган. "Скорпион" атайын багыттагы даярдалган өздүк курамы күжүрмөн даярдыкта алдыңкы ийгиликтерге жетишип, Кытай, Россия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө өткөн эл аралык окуу-машыгууларына тынымсыз катышып келет. 1999-2000-жылдары Баткенде болуп өткөн эл аралык террористтер менен болгон күрөшүүдө жана аларды жок кылууда "скорпиончулардын" өздүк курамы абдан чоң салым кошкон. Ата мекенди коргоодо эрдик көрсөтүшкөн кенже лейтенант Шайырбек Эрмеков жана кенже сержант Улан Муканбет уулу баатырларча курман болуп, "Эрдик" медалы менен сыйланган. 2010-жылы июнда Ошто болгон улуттар арасындагы кагылышууда кыргыз элинин эркиндиги жана биримдиги үчүн сержант Азамат Сурантаев окко учуп, ага "Эрдик" наамы түбөлүккө ыйгарылган. Бригаданын өздүк курамы көрсөткөн каармандыктары үчүн ар түрдүү мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан. Атап айтсак, "Манас" орденинин 3-даражасы менен 7 аскер кызматкери, "Эрдик" медалы менен 17, КР Президентинин Ардак грамотасы менен 7 аскер кызматкери сыйланган. 2004-жылы аскер бөлүгү КР Президенти тарабынан куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн ичинен күжүрмөн даярдыгы боюнча 1-орунду алып, Президенттин "Аскердик каармандык" вымпели менен сыйланган. Ушул тапта "Скорпион" Кыргызстандагы элиталык аскер бөлүгү болуп саналат.


Аскердик кызмат
өтөө тозок эмес
Менин уулум Чынтемир Токтоматов 2012-жылдын күз мезгилинен баштап Ош шаарындагы 36806-аскердик бөлүктө өз милдетин өтөп жатат. Албетте уулумдун кызмат өтөп жатканы эч кимди кызыктырбайт. Бирок акыркы мезгилдеги аскердик кызмат өтөө, жоокерлердин өз жанын кыюуга баруусу, качып кетүүлөрү калем кармап жазууга түрткү берди.
Башка аскердик бөлүктөрдө тартип, кызмат өтөө шарты кандай экенин билбейм, бирок балам атуулдук парзын өтөп жаткан бөлүктү өз көзүм менен көрүп абдан ыраазы болдум. Эне катары аталган бөлүктүн кызматкерлеринин чыныгы кесиптик, адамдык сапаттарына баа берип, жүрөгүм жылыды.
Полковник Жыргалбек Аданов, аскердик бөлүктүн командири, полковник Мурат Мамбетов, анын орунбасары, полковник Бакытбек Жапаров, өздүк курам менен тарбия иштери боюнча жетекчи, капитан Артур Салиев, инженердик зыянсыздандыруу ротасынын командири Эрнест Абдрахманов, улук лейтенант Алмаз Кожокмановдорго ыраазы болбой кое албайт экенсиң. Ушундай адамдардын кол алдында кызмат өтөгөн жоокерлерден татыктуу, намыстуу, эр жүрөк, мекенчил жигиттер чыгаарына ишенем. Учурда армия десе эле зомбулук, жоокерлерди уруп-согуу, жетишпестик, ачкачылыкты элестетебиз. Уулум кызмат өтөгөн бөлүктө тартип, тарбия, жоокерлердин бири-бирине болгон мамилеси армия тууралуу мындай түшүнүктү, элестетүүнү жоет экен. Ошондуктан ушул аскердик бөлүктүн жетекчилигине терең ыраазычылык билдирип, келечекте кызмат өтөй тургандардын ата-энелерин эч коркпостон балдарын аскерге жөнөтүүгө чакырам. Аскердик кызмат өтөөнү жаман дей берсек, Мекенди ким коргойт?

Шайлоогүл АСАНАЛИЕВА,
Аламүдүн району,
Лебединовка айылы




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??