presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сейит Жетимишев
Чертилген кыялдар

Жалган дүйнө жалган да,
Жаным калбай арманда.
Жаздын жытта гүлдөрүн,
Жазыктуудай карманба.
Карманба жаным, карманба,
Калп сезимге алданба.
Калаарсың каалгып зеңгиреп,
Кайран жаз кетип калганда.
24.02.13
Ө...-гө
Садага ырда, ырда жанды таштап,
Жыпарын жыттуу жаздын ырдап актап.
Мен эмес ашык болсун алтын үнгө,
Өзүңдү коштоп жаткан түркүн аспап.
Садага ырда, ырда жанды таштап,
Эзилсин эзилбестей таш да мактап.
Ырдасаң топтон чыгып гүл сунайын,
Оюмдан жаздан артык бүр сунайын.
Ойгонбой уктасын деп ырдан кийин,
Оюмдан оогасы жок түн сунайын.
Садага ырда, ырда жанды таштап,
Ачылсын жүрөктөгү жабык капкак.
Таң атса көчөгө чык сууган аттай,
Суктансын жолуккандар шаша баспай.
Сен болсоң көрүнөрсүң ал жандарга,
Сезимди тартып турган сыйкыр заттай.
Садага ырда, ырда жанды таштап,
Сагынып мен жүрөйүн эсте сактап.
24.02.13
***
Жүдөтсө кышка таарындым,
Жүзүңдү жазым сагындым.
Көрөмбү деп ойлодум,
Көгөргөн бүрүн багымдын.
Жылытар жанды жаз экен,
Жылытса көктөм жаш экен.
Сайран күү чертип сансыз куш,
Сайрарга жазда маш экен.
Көк бүрүн көрүп багымдын,
Көпөлөк болуп жалындым.
Көшүткөн жытка мас болуп,
Көк булак сындуу агылдым.
Жазым ай, жазым, жазым ай,
Жарыктай сенин атың ай.
Кубартпас берчи касиет,
Кундуздай кара чачыма ай.
14.02.13
***
Азайып жандар эселек,
Арбысын кыргыз эселеп.
Арийне, аз эл деген сөз,
Али да эстен өчө элек.
Балакатка жете элек,
Бал тили али кете элек.
Балкытат бала жанымды,
Баратса эне жетелеп.
Эне да сулуу көзүмө,
Бала да сулуу көзүмө.
Экөөң тең кызыл гүл кылып,
Кыскым бир келет төшүмө.
19.02.13
***
Түшүмө бала киргенде,
Туу-тулпар берем мингенге.
Ала-Тоо сенин жериң деп,
Ак калпак берем кийгенге.
Ак дүрбү берем ыроолоп,
Ааламдын сырын билгенге.
Жаның да кыргыз болсун дейм,
Каның да кыргыз болсун дейм.
Намысты колдон алдырбас,
Арың да кыргыз болсун дейм.
Бармактай бала болсоң да,
Ала-Тоо менен чоңсуң дейм.
19.02.13
***
Аялдар бала төрөйгөр,
Алганыңды жөлөйгөр.
Сүйгөнүң куурап кетпесин,
Сүт жытына бөлөйгөр.
Баштарын муштаар кез келет,
Баладан качкан сөрөйлөр.
19.02.13
***
Үлп-үлп этип үпүбүндөй каакымдын,
Үрүл-бүрүл жыты өңдөнүп атырдын.
Жазгы желден жадыр кабар айттырып,
Жаным мени үнсүз, тилсиз чакырдың.
Чакырсаң да чарчадым го бара албай,
Чакмак таштай чакса дагы жана албай.
Жаман экен жан-ыр жазган пенделер,
Жарым тыйын калган кезде таба албай.
19.02.13
***
Тубаса майып сындалбайт,
Тууп берген зайып сындалбайт.
Баласыз ата барпайып,
Бариктүү бактай ыргалбайт.
19.02.13
***
Башаттуу жер көк болот,
Баарлашар сөз болот.
Сөз башаттай чыкпаса,
Кан-сөлү жок чөп болот.
19.02.13
***
Алжактаган, жалжактаган сөздөр көп,
Жарым ачык, толук "нахал" төштөр көп.
Бийлик деген бир балээни талашып,
Бирин-бири өлтүрчүдөй өчтөр көп.
Төштөргө да, өчтөргө да суктанбай,
"Нахалдыкты", бийликти да кызганбай.
Ыйык кыял чындык издейт зымырап,
Ала-Тоонун бир шумкары учкандай.
17.12.12
***
Ааламда сырдуу чагылган,
Жарылган таштай жаңырган.
Жансыздай кантип тура алат,
Жаралып калса жалындан.
Жалындаса чарт этет,
Жан алчудай тарс этет.
Жарык күн, кара түндү да,
Жара чаап жарк этет.
Жарк эткин сырдуу чагылган,
Жан болбос сага таарынган.
Бешенеме нур болчу,
Берейин орун канымдан.
20.01.13
***
Карыбачы, кагылайын жаш кайың,
Кандай сонун, кандай көркөм жаштайың.
Кабагыңды бүркөбөчү адамга,
Карааныңдан карыш алыс баспайын.
Сени көрсөм элестетем кемени,
Серпип таштап кайгы деген немени.
Көк деңизде көйкөлөсүң желбиреп,
Сен болгонсуп ал кеменин желеги.
Желбирегин элесте да, көңүлдө,
Желбирөө да жетпей калат өмүрдө.
Эркин-Тоонун эрке аппак кайыңы,
Элесимди чыгарбачы төгүнгө.
25.01.13
О... айтты
Билдиң бекен кыз кезимде сүйгөнүмдү,
Атыңа ашык болуп жүргөнүмдү.
Кез-кезде жолугушуп калган кезде,
Кызарып кыя карап күлгөнүмдү.
Билбедиң менде күйгөн жалын отту,
Мен жүрдүм издегендей таппас жокту.
Акыры жетпесиме көзүм жетип,
Акылга башын ийип жүрөк сокту.
Сага уйкаш аттуу менен курдум үйдү,
Ал мени сендей эмес, мендей сүйдү.
Бакыттын белгисиндей жарык чачып,
Балбылдап үйүбүздө чырак күйдү.
25.01.13
***
Безерлер жашап жатат, жашап жатат,
Өздөрүн мыктымын деп атап жатат.
Чынжырлап байласа да безерлерден,
Чынында ырыс качат, ырыс качат.
Шылуундар жашап жатат, жашап жатат,
Шылдыңдап "Теңчиликти" атап жатат.
Теңирдин "Тең" жолуна түшмөйүнчө,
Биз эмес, бүт дүйнөдө бүтпөйт казат.
25.01.13
***
Тагдыр, тагдыр кандайсың,
Көгөрүп тилди албайсың.
Азапка мени салсаң да,
Баары бир мага шамдайсың.
Азапты азап дебеймин,
Ач эмес, бирок кедеймин.
Ак кагаз менен арбашып,
Айтылчу сөздү элеймин.
25.01.13
***
Чоттоп-топтоп ойлорумдун эсебин,
Мен турмуштун татаал тилин сеземин.
Үмүттөрүм учкунданып жылт этет,
Артта калып азаптуу күн - кечээгим.
Сезип турам жакшы күндүн келерин,
Кор заманды тең замандын жеңерин.
Ыйык сүтүн чүрпөсүнө эмизип,
Айкөл эне ак жарыгын себерин.
29.01.13
***
Ары тур деп табияттын кырсыгын,
Калкалаймын Ала-Тоонун чырпыгын.
Алтын эмес ыраа көрбөйм бөтөнгө,
Бөөдө жаткан кумдун дагы чымчымын.
Ала-Тоону медер кылып жалганда,
Арман-ойдон бир алыстап алганда.
Ала-Тоого бараткансыйм мен чөгүп,
Кыял кыстап кээде жалгыз калганда.
31.01.13.
***
Ыр жазбаймын жагыш үчүн бирөөгө,
Мактап мени алса экен деп сүрөөгө.
Келген ырды ак кагазга түшүрөм,
Кесир кылып калбайын деп күнөөгө.
Күнөөм болсо кечире көр Теңирим,
Ыйык мага сезим деген беримиң.
Ак мөңгүгө конгон чаңды тазалаар,
Керек болсо Ала-Тоонун желимин.
01.01.13.
***
Жашоодо бар жыргал дагы тозоктор,
Баатыр жанга дайым болот тозоттор.
Жолу шыдыр кошоматчы пенденин,
Кимди болсо миң кырданып кошоктор.
Жолдой көрүп ийри-муру сызыктай,
Жыргалга да, тозокко да кызыкпай.
Баатыр адам көшөкөргө кезиксе,
Күлүп коет боло берчү кызыктай.
04.02.13.
А...-га
Тоодогу өскөн мандалак,
Томсортпой тоону саймалап.
Жылмайып койсоң сен мага,
Жылдызга жаным айланат.
Үлпөттүү кызгылт мандалак,
Үзө албай турсам кармалап.
Тоо жели менден кызганып,
Тосчудай болот далдалап.
Таалайлаш кылбай мандалак,
Тагдырлар кээде тайгалак.
Көргөндөй болуп жүрөрмүн,
Көңүлдө сени аймалап.
05.02.13.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??