22.02.13 Мекен чегиндеги өлүмдөр
Эгер кыргыз армиясында чоңсунуу жок болсо,
анда аскерлердин өлүмүнө эмне себеп?

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын маалыматына таянсак, 2012-жылы Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан 21 аскер ар кандай себептерден улам каза тапса, 2013-жылдын январынан ушул күнгө чейин эле үч аскердин өлүмү катталган. Бул цифралар аскерлердин өлүмү өткөн жылдардан алда канча көп экендигин билдирет. Каза тапкан аскерлердин жакындары кабырганы кайыштырган кырсыктарга армиядагы чоңсунуу (дедовщина) себепкер дешсе, аскер жетекчиликтери мындай дооматты жакын жолоткусу жок. Алар тескерисинче мындай өлүмдөрдүн көбөйүшүн кызмат өтөөгө чакырылган уландардын физикалык жана психикалык даярдыгынын начардыгынан көрөт. Ал эми коомчулуктун кыргыз армиясына болгон көз карашы таптакыр башкача. Кыргызстандагы башка толгон-токой саясый маселелердин фонунда көлөкөдө калып калган аскерлердин өлүмүн иликтеп, өлүмдөрдүн чыныгы себебин аныктоого аракет кылдык.
Расмий органдан расмий цифралар
Иликтөөбүздү Аскер прокуратурасынын так маалыматтары менен баштоону эп көрүп, алгач Аскер прокурору Марат Эшперовдун атына расмий кат менен кайрылдык. Аскер прокурорунун орунбасары Максат Молдалиев 17 күн дегенде араң суроолорубузга жооп берди. "2012-жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейин Аскер прокуратурасында канча аскердин өлүмү боюнча иш тергелди?" деген суроого: "2012-жылы КР Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жатып, ар кандай себептерден улам 21 (бирөө аскер кызматкеринин жубайы) жана 2013-жылдын башынан бери үч аскердин өлүмү катталган. Жалпысынан 8 кылмыш иши козголуп, 4 кылмыш иши сотко жиберилген. Эки кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылса, эки иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүп жатат" деп жооп узатты. "Жогорудагы өлүмдөрдүн канчасынын "дедовщинага" байланышы бар?" деп сураганыбызда, козголгон кылмыш иштеринин ичинен чоңсунууга, тагыраагы Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинде көрсөтүлгөндөй "Бири-бирине баш ийбеген аскер кызматчыларынын ортосундагы өз ара мамилелердин белгиленген эрежелерин бузуу" жана 102-беренедеги "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүүгө" байланышкан эки кылмыш иши боюнча бир офицер, бир прапорщик, бир сержант, бир ефрейтор жана алты катардагы жоокер сот тарабынан күнөөлүү деп табылганын айтты. Ал эми аскер кызматын өтөө учурунда кокустуктан, ден соолукка жана башка себептерге байланышкан он өлүм боюнча мыйзам чегинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынып, учурда 1 факт боюнча текшерүү иштери улантылып жатат.
Максат мырза Эчкили-Таш каргашасы боюнча төмөнкүлөргө токтолду. Эчкили-Таш чек ара тозотунун катардагы жоокери Кулбарак уулу Балбай төрт аскер кызматкерин жана аскер кызматкердин аялын атып өлтүргөн. Колго түшүрүү маалында өзү окко учкандыктан анын үстүнөн кылмыш куугунтугу токтотулду. Беш адамдын өмүрүн алган кырсыктын алдын албагандыгы үчүн 2028 - чек ара тозотунун командиринин орунбасары Б.Асаналиев жана Эңилчек чек ара тозотунун командири Э.Өмүралиев сот жообуна тартылды.
Энелерди эчкирткен Эчкили-Таш…
Иликтөөбүздүн жүрүшүндө алты адамдын өмүрүн алган Эчкили-Таш чек ара тозотунда болуп өткөн каргашага кененирээк токтолбосок болбос. Эске салсак, 2012-жылдын 20-августунда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш чек ара тозотундагы атышуудан төрт аскер кызматкери жана бир аскер кызматкеринин аялы окко учкан. Беш кишини атып өлтүрүп, Калашников автоматы менен качып кеткен 1993-жылы туулган катардагы аскер, мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан Кулбарак уулу Балбай 21-августта Ай-Таш капчыгайынан табылып, куралдуу каршылык көрсөткөн учурда көзү тазаланган эле. Бул каргашалуу окуядан Эчкили-Таш чек ара бекетинин башчысы, прапорщик Мирлан Маликов (1975-жылы туулган), сержант Бакыт Кадыров (87), улук сержант Саадатбек Токтосунов (88), сержант Ырысбек Калманбетов (82) жана Бакыт Кадыровдун жубайы Нуриза Шерикбаева окко учкан эле.
Биз өз кезегинде бул кырсык боюнча да материал даярдаганбыз. Ошондо Балбайдын жакындары кандуу окуяга чоңсунуу гана себеп болгонун бир ооздон айтышкан. Анын аталаш тууганы Уран Осмоналиев: "Балбай өзү араң эле 50 килограмм салмакта болгон. Акылы ордунда киши мындай чатакка эч себепсиз барбайт эле" деген пикирин билдирген эле. Ал эми Балыкчы гарнизондук аскер сотунун маалымат кызматы кырсыктын себебин ич ара ыйкы-тыйкыдан, өз ара түшүнбөөчүлүктөн келип чыкканын ачыктаган эле.
Балбайды эмне үчүн тирүү кармашкан эмес?
Ушул каргаша боюнча КР Акыйкатчысы Турсунбек Акунга кайрылганыбызда: "Акыркы учурда аскерден качкандар анан кызмат өтөп жатып ажал тапкандар көбөйүп кетти. Эчкили-Таштагы окуя боюнча менин дагы шегим бар. Аскер жетекчилиги эмне үчүн Балбайды тирүү кармаган эмес? Апасын алып барса да тирүү кармоого мүмкүн эле да. Алар ишти жабыш үчүн куралдуу каршылыкка шылтап туруп тигинин көзүн тазалашты. Эгер мындай жол менен кете берсек өлүмдөр көбөйгөндөн көбөйө берет" деп каңырыгы түтөдү. Ал эми мурдагы депутат, азыркы Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов аталган факт боюнча төмөнкүдөй пикирин айтты: "Бул боюнча мен дагы парламентте маселе көтөргөм. Ошол учурда Каракол чек ара отрядынын штаб жетекчиси "Кулбарак уулу Балбай каршылык көрсөтсө аткыла" деп буйрук берген экен. Бул өтө чоң катачылык. Муну тактоо үчүн Аскер прокуратурасына да кат менен кайрылгам. Менимче муну прокуратура органдары толугу менен иликтеп чыгышы керек" деген жүйөсүн келтирди. Ушул дооматтар боюнча Аскер прокурорунун орунбасары Максат Молдалиевге кайрылсак, жогорудагыдай маалыматтар жок экенин, Мамытовдун жазган катын көрбөгөнүн билдирди. Кошумчалай кетсек, учурда бул факт боюнча Кулбарак уулу Балбайга карата иш өндүрүштөн кыскарганы менен кылмыш иши толук жабыла элек.
Биз иликтөөнүн жүрүшүндө Кулбарак уулу Балбайдын көзүн тазалоого күбө болгон көлдүк жигиттен маалымат алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Маалыматтар боюнча Балбай окко учкан учурда эки аскер кызматкери жана ошол жигит окуяга түздөн-түз күбө болгон. Аскер жетекчилиги жападан жалгыз маалымат булагынын "оозун жаап" койгонбу, айтор окуянын күбөсүн кепке келтире албадык.
Министр мырза эмне дейт?
Убагында Коргоо министри, генерал Таалайбек Өмүралиев менен маек курганыбызда армиядагы "дедовщина" боюнча төмөнкүдөй пикир айткан. "Чоңсунуу Кыргызстандын эле эмес, мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн орчундуу маселеси болуп келет. Керек болсо Американын аскерлеринин арасында да бар. "Дедовщина" бул социалдык оору. Эми ал үчүн жалгыз гана армия күнөөлүү эмес да. Биз армиягы аскерлерди Марстан алып жаткан жокпуз. Баары тең эле өзүбүздүн арабыздан чыккан балдар" деп жооп берген эле. Андан ары министр мырза чоңсунууну жоюу үчүн эң ириде үй-бүлөдөгү тарбияны оңдоо керектигин айтат. Ал эми министрлик системаны өзгөртүү үчүн уландарды бир учурда чакыруу менен "дед", "молодой" деген стереотиптерди жоюп, мөөнөттүү эмес, келишимдин негизинде кызмат өтөө менен гана абалдан чыгууга болорун ачыктаган. ("Жаңы Агым", 06.07.12, 8-бет - автор).
Чек ара кызматынан 19 аскер көз жумду (!)
"Аскерлердин энелери" коомдук бирикмесинин төрайымы Галина Афонина 2012-жылдын январь айынан баштап ушул күнгө чейин Чек ара кызматынан 19, Коргоо министрлигинен 3, Юстиция департаментинен 2 аскер кызматкери ар кандай себептерден улам көз жумганын айтат. Алар ар бир факт боюнча өз алдынча иликтөө ишин жүргүзүшөт. Ички аскерлерден жана Улуттук гвардиядан кудай жалгап кырсык катталган эмес. "Аталган кырсыктардын себептери ар кандай. "Дедовщина" өлүмдөрдүн 5-7 пайызына себепкер болушу мүмкүн. Көп учурда ата-энелер балдары менен жолукканы келгенде ар кандай тиричилик көйгөйлөрүн айтып аскердин психикалык абалына тескери таасир тийгизип жатышат. Арасында ири көлөмдөгү кредиттик карыздарды угуп жан бергендер да бар. Аскерлердин көбү өздөрүн атып же асып өлтүрүп жатышат. Эң өкүнүчтүү окуя катары Эчкили-Таш чек ара бекетиндеги 5 аскер кызматчынын өмүрүн алган кырсыкты айтсак болот. Кыргыздарда мындай канкордук болушу да мүмкүн эмес эле. Кандайча болгонун дагы деле түшүнө албайм" дейт Галина айым. Ал аскер кызматкерлеринин өлүмү акыркы жылдары кескин түрдө өсүп жатканына кейиди. "Кудай буюрса чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлдү. Эми мындай кырсыктардын саны азайса керек" деп сөзүн жыйынтыктады.
"Аскерлер токоч талашып өлгөн жок..."
Чек ара кызматынан кайтыш болгон 19 аскер боюнча Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Закир Тиленовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. (Окуянын кызуусунда да ал киши бизге маалымат берүүдөн баш тарткан - "Жаңы Агым", 24.08.12, 5-бет - автор). Ошентсе да бул кызматта жаңы гана дайындалган Токон Мамытовдон аталган фактылар боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды алдык. "Сиздер айтып жаткан 19 аскердин алтоо өз өмүрүн өзү кыйган. Кырсыктардын башкы себеби армиядагы темирдей тартиптин жоктугунда. Экинчи себеби, командирлердин коллектив менен иштей албагандыгында, алардын кесиптик чеберчилиги өтө тайкы. Анан албетте жетекчилик тарабынан көзөмөл начар болгон. Буга чейин "ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт" болуп келген. Эгер мындан кийин ушундай кырсык боло турган болсо тиешелүү структуранын жетекчилиги бүт кетесиңер деп талап коюп жатам. Солдаттар токоч жетпей өлгөн жок. Аларга тартип гана жетишпейт. Биз балдарды армияга алты саны аман алгандан кийин кайра ата-энесине ошондой тапшырышыбыз керек. Биз милдеттүүбүз, мыйзамда да ушундай жазылган" деп агынан жарылып алды. Эске салсак, Токон мырза депутат кезинде парламенттин трибунасынан аскер жетекчилигинин шалаакылыгын байма-бай сындап келген. Башкы чек арачы аскер адамдарынын айлыгын көтөрүү менен маселе чечилбей турганын, маселени комплекстүү чечүү керектигин жашырбайт.

(Уландысы кийинки санда)
Уланбек ЭГИЗБАЕВ




Сууга чөгүп өлдү делген катардагы жоокер Байысбек Тажиматовдун апасы Гүлнара Жоробаева:
"Уулумду өлөрчө сабап, сууга тумчуктуруп салышкан"
"Уулум УКМКнын №64-479 аскер бөлүгүндө жакшынакай эле кызмат өтөп жаткан. Анан эле "сууга чөгүп өлдү" деген суук кабар келди. Бирок денесинин баары көгала экен. Соттук-медициналык экспертиза денедеги көктөр өлөр алдында болгон деп жыйынтык чыгарды. Башына да сокку болгон экен. Мага бассейнде өлгөн дешкен, көрсө ал жер бассейн эмес эле өрткө каршы топтогон суу экен. Тергөөчүлөр ошол сууга тумчугуп өлдү деп чечим чыгарып коюшкан. Уулумдун оң көзү да көпкөк экен. Мойну, желкеси, далысынан бери капкара болуп кетиптир. Менин оюмча өлөрчө сабап туруп анан сууга тумчуктурушкан. Барганына эки жарым ай болгон. Уулум дайыма бизге чалып, башка эле номурларга бирдик жүктөп койгулачы деп көп суранчу. Тамекилерди блогу менен алып кетчү. Насвай, конфет, печенье, арак алып барбасам болбойт дечү. Акыркы жолу телефондон чыпалагы сынганын айткан. Маратбек уулу Руслан урду деп мага ачык эле айткан. Ушунун баары тергөөдө каралган жок. Байысбек сууга балыктай эле сүзүп чоңойгон. Эркин күрөш жана эрежесиз мушташ боюнча спорттун чебери эле. Турмуштан эч кандай кордук көргөн жок. Ал 16га чыкканча атайын аны жакшылап багалы деп балалуу болгон эмеспиз".
Гүлнара айым мындан сырткары соттук-медициналык экспертизанын кызматкери жогору жактан кысым болуп жатат, болбосо иштен ыргыйм деп медициналык тастыктамаларды сотко толук өткөрбөгөнүн кошумчалады.