22.02.13 Оңго барсаң өзүң, солго барсаң…
Алтын чыры Кыргызстанга эмне алып келет?
Жогорку Кеңештин 20-21-февралдагы жыйынында Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы угулду. Жыйын кызуу талкуу менен коштолуп, мамкомиссиянын корутундусун жактагандар да, ага сын айткандар да чыкты. Биз жыйында айтылган ойлордун урунттууларын жана корутундуга карата адистердин пикирин сунуш кылабыз.

Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ,
өкмөт башчысы:
"Кен казуу бир күнгө да токтобойт"
- "Центерра Голд Инк." компаниясынын президенти Ян Аткинсон менен жолугушууда комиссия жакшы иштеди, ошонун негизинде иш алып баралы дедим. Аларга эң биринчи кезекте мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын карап бергиле деген сунушту айттык. Алар "бул сунуш биз үчүн абдан оор, анткени 2009-жылы сиздердин Жогорку Кеңеш, өкмөт, президент жана Конституциялык сот келишим боюнча корутундусун берген" деп айтышты. Бирок биз андан кайра кайтып келишиңиздерди талап кылабыз деп жооп бердик.
"Центерра" азырынча комиссиянын корутундусу боюнча акыркы чечимин айта элек. Сүйлөшүүлөр мурдагыдай Канада же башка өлкөлөрдө эмес, бир гана Бишкекте жүрөт. Кандай гана сүйлөшүүлөр болбосун кен казуу бир күнгө да токтобойт.


Темир САРИЕВ, Экономика министри, мамлекеттик комиссиянын төрагасы:
"Комиссия соодалашууларга барган жок"
- Кумтөр компаниясынын 1993-1994-жылдары түзүлгөн келишими боюнча иштерди туура, так алып барганыбызда, биз бүгүнкү күндө Кумтөрдү өзүбүз жетектеп калмакпыз. Ошондой эле 2009-жыл ага чейин түзүлгөн келишимдер өкмөт тарабынан жокко чыгарылган. Максим Бакиев убагында Кумтөрдүн иштерин мыйзамсыз түрдө түздөн-түз башкарган.
Ачыгын айтайын, биздин комиссия жең ичинен сүйлөшүүлөргө барган жок. Эми биздин бүтүм ишке ашабы-жокпу, албетте ал парламенттин колунда. Сиздер кандай чечим кабыл аласыздар, аны кантип көзөмөлдөйсүздөр баары ошого байланыштуу. Өкмөт да парламентке жооптуу. Эгер эч нерседен жалтаңдабай комиссия бүтүмү ишке ашырылса Кумтөр кени Кыргызстандын кызыкчылыгына иштей баштайт.


Осмонбек АРТЫКБАЕВ, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору:
"Канадалыктарга чара колдонулган эмес"
- Кумтөрдү иштеткен компания экологияга олуттуу зыян келтирген. Кумтөрдө курулуш иштерин жүргүзүүдө 7 млрд. 797 млн. чарчы метр жер бузулган. Ал 107 млн. доллардан ашык зыянга алып келген. Ошондой эле 180 млн. долларга суу ресурстары жок кылынган. Канадалыктар экологияга олуттуу зыян келтирип, тилекке каршы, ага карата чара колдонулган эмес.


Алманбет ШЫКМАМАТОВ,
Юстиция министри:
"Сүйлөшүүнү 2003-жылкы келишимден башташ керек"
- Келишимде дагы жалаң кыянаттык менен жазылган нормалар бар. Салык боюнча жеңилдик көрсөтүлгөн, 2042-жылга чейин бирөөнүн дагы Кумтөрдүн тегерегинде маселе көтөргөнгө акысы жок. Жаратылыш боюнча мурунку кемчиликтердин бардыгына биз жооп бербейбиз, экология маселелери боюнча Кыргызстан мындан ары маселе көтөрбөйт деген нормалары бар. Айтор, келишим бир тараптуу "Центерранын" кызыкчылыгын коргоп, Кыргызстандын бир дагы кызыкчылыгы каралбай калган. Биз мыйзамга такайлы десек эле, алар "мына бизде келишим бар, карагыла, ага президентиңер өзү кол коюп, парламент аркылуу бекитип бергенсиңер, Кумтөр боюнча маселе көтөргөнгө, экология боюнча маселе көтөргөнгө акыңар жок, салыкты көбөйткөнгө акыңар жок" деп бизди жарга такап коюп атышпайбы. Ошондуктан биз 2009-жылкы ратификацияны жокко чыгарып, 2003-жылкы келишимге кайтып келип, сүйлөшүүнү ушул жерден башташыбыз керек. Болбосо эл аралык сотторго чейин барууга туура келет. Эл аралык сотто "эгерде эл аралык келишимдер дагы ошол элдин, жердин, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келсе, анда ал келишим жокко чыгарылат" деген норма бар. Алар деген цивилизациялуу коомдун соттору да, акыйкаттык менен иш алып барат. Биз мына ушунун негизинде эле келишимди жокко чыгарсак болот. Кумтөр - жеке адамдардын же бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеши абзел. Мамлекеттик комиссия ушул багытта иш алып барды.

Жылдызкан ЖОЛДОШЕВА, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
"Бул корутунду элди алдайт"
- Туура, бул комиссия жакшы иш алып барды. Бирок анын жыйынтыгы жөн гана элди алдоо. Маселен, жылына 22 тонна алтын кени казылып алынат экен. Анын 19 тоннасы Канадага кетип атат. Бул жерде миллиарддаган доллар тууралуу сөз болуп атат. Ал эми комиссия 100 миллион сом түшөт деп атат. Бул элди алдоо. Кумтөрдү улутташтырабыз деген терминди колдонбошубуз керек.
Ян Аткинсон өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп эмнелерди сүйлөшкөнүн эч ким билбейт. Анткени жолугушууга бир дагы депутат катышкан жок. Ошондуктан анын сырдуу келип, сырдуу кеткени кооптуу болуп турат. Ал жөн келген жок да. Сүйлөшүүнү өз тарабына чечүү үчүн бир нерсе алып келери бышык, ал куру кол келген жок. Анан Кумтөрдү изилдеген Темир Сариев баштаган мамлекеттик комиссия баарын кыйратып салдык деп элге жакшы көрүнгүсү келбей эле койсун, мунун артында бир мандем жатат. Булар бул маселени башка жакка бурганы атышат.

Исмаил ИСАКОВ, ЖК депутаты,
КСДП фракциясы:
"Кумтөрдө чоң саясат жатат"
- Азыркы өкмөт "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ишин иликтеп, анын жыйынтыгын ачык-айкын түрдө элге алып чыгып жатканын баалашыбыз керек. Ушул Кумтөр маселесинин айынан эл үчүн күйгөн Кыргызстандын биринчи премьер-министри (Насирдин Исанов) өлтүрүлгөн. Андан башка бул ишти көтөрүп чыкканы үчүн легендарлуу парламент таратылып, анын ордуна эки баштуу парламент пайда болгон. Эми жакында дагы үч депутатыбыз ушул маселенин айынан камакка алынды. Демек, бул жерде чоң саясат жатат. УКМКнын абагында жаткан Садыр Жапаровду жыйынга алып келип, анын дагы оюн угуп койсок ашыкча болбойт эле.

Анвар АРТЫКОВ, ЖК депутаты,
"Ар-намыс" фракциясы:
"Кумтөр боюнча соодалашуу жүрүп атабы?"
- Акыркы 20 жыл аралыгында Кумтөргө өкмөт биринчи жолу жогорку деңгээлде көңүл буруп атат. Кумтөр - бул жалпы Кыргызстандын трагедиясы. Учурда ишкананын мамлекетке келтирген жалпы зыянын 5 млрд. доллар деп атабыз. Бирок мамлекеттик комиссия 6 млрд. 806 млн. сом деген сумманы айтууда. Айырма асман менен жердей. Бул жерде соодалашуу жүрүп жатабы?
Темир Аргенбаевич, мен бул маалыматты көчөдөн угуп айтып жаткан жокмун. Сиздин комиссиянын отчетунун 367-бетинде турат бул маалыматтар. Көз карандысыз эксперттер Кумтөр 5 млрд. доллар зыян болгон десе, сиз баштаган мамлекеттик комиссия компания 6 млрд. 806 млн. гана сом зыян келтирген деп атат.

Индира ЖАКЫПОВА, экология боюнча маалыматтык сервистин редактору:
"Учурдагы келишим Кыргызстанга ыңгайлуу"
- Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү өз ишин жасады. Маселе башкада, мунун азыр кереги бар беле? Кумтөр бир да тыйын бербейт, анан да ал таза иштей албайт. Алтынды өндүрүү таза болушу мүмкүн эмес. Мамлекет пайда көрүп, ошону менен бирге экологияга зыян келтирбөө деген таптакыр жүзөгө ашчу нерсе эмес. Өкмөт муну түшүнүп турат. Ошол эле маалда Кумтөрдү улутташтыра алабыз, бирок кенди өз алдынча иштете алабызбы? Учурдагы келишим Кыргызстан үчүн өтө деле начар вариант эмес. ("24.kg" маалымат агенттигинен алынды)

Эмил ШҮКҮРОВ, "Алейне" экологиялык кыймылынын төрагасы:
"Комиссия заказ аткарды"
- Комиссия Кумтөрдөн акча алып чыгуу ниетин жашырбастан заказды ачыктан ачык аткарды. Мамлекеттик комиссиянын ишканадан акча өндүрүүнү талап кылган беренелеринин баары ойдон чыгарылган. Ишканадан акча алыштын амалын көрүп ар кандай себептерди издешүүдө. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү ишенимдүү болушу үчүн экологияга олуттуу зыян келтирген жагдайларды табышы керек болчу. Кумтөр 4000 метр бийиктикте жайгашкан, ал эми мындай бийиктикте экологияга келтирген зыян минималдуу болот. Мен мындан 50 жыл мурда Кумтөр кенине баргам. Ал жерде жайыт бар болчу, бирок жайытты Кумтөр эмес, чабандар талкалаган. Бирок аларды эч ким айып пул төлөтпөйт. ("24.kg" маалымат агенттигинен алынды)

Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ, e-mail: kerimbayev@mail.ru, тел.:29-88-45