22.02.13 Келечек коркунучта!
Кыргыз кыздары көчөдө калдыбы?
Акыркы мезгилде эл аралык маалымат каражаттарында мектеп жашында төрөп койгон кыздар, боюнан алдырган окуучулар, чет өлкөдө кыргыз кыздары таштап кеткен балдар, сойкуга айланган мигрант кыздар жөнүндө кеп болуп, биздин ак шөкүлө кийчү сулууларыбызды жеңил ойлуу кылып жаза башташты. Буга чычалап кагып чыгайын десең, такталган маалыматтар аргасыз моюнга алууга түртүп жатат.
Акыркы убактарда Кыргызстанда бир жылда 12-17 жаштагы кыздар арасындагы боюнан алдыруу учурлары миңден ашып баратат. Бул үч миллионго жетпеген кыргыз улуту үчүн өтө чоң сан. Бир миллион кыргыз сыртта жүрсө, берки калганына 1000 секелектин мындай кадамга барганы салыштырмалуу түрдө өтө эле көп. Кыздыкка анча көңүл бурбаган Батыш өлкөлөрүндө да статистика мынчага жакындабайт. Өткөн жылы расмий катталган аборттун саны 1200 болуптур. Ал эми мыйзамсыз түрдө "кара акушерлердин" колунан жашыруун боюнан алдырып жаткандары мындан бир нече эсеге көп экени айтылды. Мындай жашыруун иштеген акушерлерге барган айымдар көбүнчө курсагы чоңоюп калганда боюнан алдыртышат. Акыркы убакта 100 аборттун тогузунда бала энесин аркы дүйнөгө кошо алып кетүүдө. Өмүр менен өлүмгө болгон тобокелди ойлобой макул болгон айымдар мындай коркунучка кептелип жатканы өкүндүрөт.
Бойдон алдыртуунун баасы дагы кымбат эмес. Катардагы клиникаларда 8-9 доллар болсо, жекече иштеген акушерлер 40 доллардан 200 долларга чейин кызмат акы алышат.
Учурда ак халатчандар азыркы жаштарды эрте жыныстык катнашка барбагыла деп айткандан тыянак чыкпасын түшүнүп, сактануунун жолдорун пропагандалап жатышыптыр.
Былтыр Кыргызстанда төрөт учурунда 71 аял каза болсо, боюнан алдырып көз жумгандардын саны андан көп, бирок жашыруун бойдон калып жатат. Ал эми дүйнөдө жыл сайын боюнда бар айымдардын өлүмү 50 пайыздан кыскарып жатса, биздин өлкөдө улам өсүп барат.
Россияда кыргыз кыздары боюнан алдыруу боюнча да, төрөгөн балдарын таштап кетүү жагынан да биринчи орунда турушат. Ал эми жарма патриот кыргыз жигиттери арданып башка улут менен жүргөн кыргыз кыздарын сабаганын деле туура түшүнсө болот. Анткени башка улуттун эркектеринин айтымында, кыргыз кыздары бир сый тамагы жок деле төшөккө жатууга макул болуп беришет тура. Буга эмне себеп болушу мүмкүн? Албетте, кыздардын жеңил ойлуулугу. Ушундай жолго барган кызга аты-жөнүн айтпайбыз деген убада менен суроо узатсак, "адам болгондон кийин эркекти каалайт экенсиң. Кыргыздар менен жатсаң бир заматта бул тиги жактык бир бала менен жатып жүрөт экен деген кеп тарап кетет. А башка улуттун жигиттеринен бизге ушул эле керек" деп оозду ачырды. Москвадагы сойкулардын арасында да эң арзан тейлегендер кыргыз кыздары экенин айтышканы эмнени каңкуулайт? Аны кой, Грузиянын Түркияга жакын жайгашкан Гония айылында жалаң кыргыз кыздарынан турган сойкуканалар бар экен. Бул тууралуу орустун журналисттери репортаж тартып келишти.
Андан да Россияда жүргөн кыргыз кыздары биринчи балаңды боюңдан алдырып салсаң кийин төрөбөй каласың дегенди кулагына бекем түйүп алып, бир жыл тууган-уругуна көрүнбөй жүрүп төрөп, анан баласын таштап, эчтеке болбогондой жашоосун улаганына таңгалбай кое албайсың. Мисалы, жакында эле 19 жаштагы кыргызстандык жаш кыз жаңы төрөлгөн наристесин бир үйдүн эшигине таштап жаткан жеринен кармалды. Ал эмес Кыргызстанда деле өткөн аптада эч жерге катталбай төрөгөн кыз кичинекей чүрпөсүн ажатканага таштап, аны таш менен койгулап өлтүрүүгө аракет кылган. Учурда Москвадагы таштанды балдарды кароочу балдар үйүндө 230 кыргыз кыздары карабай кеткен бала бар.
Ушундай маалыматтарды окуп, ар кандай окуяларды укканда төбө чачың тик туруп, жакаңды кармаганга аргасыз болот экенсиң.
Бийлик, депутаттар интрига менен ирибей, келечекти күмөнгө салган чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушпайбы деп жиниң да келет. Былтыр жаш депутат Ыргал Кадыралиева чет өлкөгө чыгып бараткан жаш кыздарды көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүп чыкканда сындагандар көп болгон. Бул демилгени жактырбагандар адам укугун чектөө катары кабыл алышты. Ал эми Ыргал айымга бул суроо менен кайрылсак, ал "ошол эле Конституциянын 20-беренесинде "адамдын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлактыкты, салтты сактоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиш керек" деп жазылган" деп жооп берди. Чын эле ата-энелерге туура тарбия берүү жагына таасир эте албасак, мыйзам менен мындай көрүнүштөрдү азайтканга аракет кылсак болмок.
Кайсы заманда кыргыз кыздары ушинтип көчөдө калып, баласын таштап, көрүнгөн улуттун алдында тепселенип жаткан сойку болчу эле? 10-11-класстагы кыздардын арасында 80 пайызынын кыздык белгилери жок деп окуучулар өздөрү тастыктап берип жатат. Мындай статистика бир да мусулман өлкөсүндө жок. Өзүбүздүн пейилибизге жараша жараткан бизге татаал тагдыр берип жаткан жокпу? Коломтонун башында отуруп үй-бүлө ынтымагына кепилдик болчу, келечектеги эне болчу кыздарды көзөмөлгө алып, улуттун келечегин ойлонбойлубу?
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ