22.02.13 Бул ирет 23-февраль Ата мекенди коргоочулардын майрамына карата мырзалар жөнүндө, Кыргызстан тууралуу, жигиттик сапат, патриоттук темасында ар кайсы тармактын өкүлдөрүнүн көөдөнүн кагып көрдүк.

Депутаттарга тиешеси болушу мүмкүн
- Ак үйгө кирген мырзалардын көбү жигитчилик сапатын жогото башташат деген сөзгө кошуласызбы?
Эрнст ИСАКОВ, ЖК аппаратындагы адис:
- Жок, кошулбайм. Джентльмендик жактан тескерисинче Ак үйдө иштеген мырзалар өзгөчөлөнүшөт. Балким жумуштун көптүгүнөн кыздар менен баарлашпай калып ошондой кеп айтылгандыр. Дагы бир жагы карьераны кууп жашоосундагы приоритеттери алдыда туруп калышы мүмкүн. Ал эми убада боюнча кеп болсо, анда бул сөз депутаттарга карата айтылат. Анткени, кандидат кезинде саясатчыларың убаданы бере беришет дагы, депутат болгондо унутуп коюшат. Ошол учурда Ак үйгө киргендер жигитчилик сапатын жоготот делсе, кошулам. А эгерде жалпысынан бүт эркектерге берилген суроо болсо анда кошула албайм.



Уйкаштык үчүн
айтылган
- "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" деген макалдагыдай, 70 өнөрү бар адамдар барбы?
Асыл АППАСОВА, режиссер-продюсер:
- Негизи кыргыздын ар бир макалында чон философия жатат. Ал эми "жигитке жетимиш өнөр аз" деген макал менен биз негизи эркек кишини бийик коебуз. Бул жерде кыргыздын дагы бир улуу касиетин сактоо менен эркек кишиге таазим этүүсү айтылган. Жигитке жетимиш өнөр деп айтылганы бул сөз айкалышы, уйкаштык болсо керек. Ал 69 болобу же 71 болобу бул башка кеп. А чыныгы кыргыздын жигити - өнөрдүн жоон тобун билген, ошол билген өнөрүн даңазалай алган адам деп айта алам. Бүгүнкү заманбап коомдо эркек эле эмес айымдар да ар тараптуу болуусу керек. Ошентсе да туптуура жетимиш же жетимишке жакын өнөрү бар адам аз болсо керек.


Ак халатчан
мырзалар жагат
- Эркек киши экрандын жүзү болсо жакшыбы же эркектин орду башка жактабы?
Нуркамал ТУРСУНКУЛОВА, теле алып баруучу:
- Жарашса боло берсин да. Дүйнөгө таанымал көпчүлүк мырзалар айымдарга дал ушул теле аркылуу гана белгилүү болушкан. А статистикага таянсак, аялзатына көбүнчө аскер кийимин кийген мырзалар жагат экен. Мен эмнегедир элден өзгөчөлөнүп орой сүйлөгөн аскер адамдарын жактыра бербейм. Мага ак халатчан врачтар жагат. Алар жумушунда бейтаптын көңүлүн оорутпаш үчүн сылык-сыпаа, жакшы сөз айтышат. Ал эми үйүндө да жумушундагыдай аялзатына жумшак мамиле кылышат. Ошол себептен мен үчүн ак халатчан мырзалар жогору турат.


Кеп акчада эмес
- Жигиттин аты чыкпайт март болбосо дегенге кошуласызбы?
Сайкал САДЫБАКАСОВА, ырчы:
- Акчасын чачып берешен болгондордун эле аты чыгат деп ойлобойм. Себеби, кыргыздын канча азаматтары элге акчасын чачпай эле ак кызмат кылышып, өз ишин мыкты аткарып аттары чыккан. Акча маселесине келсек, кимдин канча акчасы бар деген биринчи орунга чыкпай, ошол көп акчаны ким кандай жол менен тапты деген башкы маселе болуш керек. Албетте, мактаныш үчүн акчасын чачкандар көп. Ал эми элге пайдасы тие турган жумуштарга, маданиятты, улуттук баалуулуктарды көтөрүп турган жигиттер ошол ишин милдет кылбаса эл өзү баалап алат деп ойлойм.


Устукан тарткан кыргыз - аябай меймандос
- Кыргыз жерин эмнеси үчүн сүйүш керек? Кыргызстандын эмнеси сага өзгөчө жагат, эмнеси эсте калды?
Атсуши КУВАЯМА, Нарында жашап кеткен япониялык волонтер (Токио шаары):
- Мен башкалардай болуп Кыргызстанды анысы же мунусу үчүн сүйүш керек деп айта албайм. Туура, жаратылышы сонун, кооз жер. Бирок жеке мага кыргыз элинин меймандостугу, өзүнөн да конокту жогору коюп устукан тартканы, чоң сүйлөбөй "Кудай буюрса" деп эртеңкиден үмүтүн үзбөгөнү, "кой, уят" деп өзгөлөргө жакшы мамиле кылганы аябай жакты. Мен Кыргызстанда жүрүп өзүмдү өтө эркин сездим. Кайра жарала турган мүмкүнчүлүк болсо, кыргыз болуп деле туулмакмын. Буюрса, жакында бул жакта Кыргызстанды япондорго тааныштырам. Ошондо кыргыз элинин башка жакта жок жоомарттык, айкөлдүк, кең пейилдүү, ак ниеттүү сапаттарын айтып мактайын деп жатам.


Акылдуу адам гана тамашалай алат
- Кыздардан жолдуу болуш үчүн жигиттер шайыр болуш керекпи?
Нургазы САРАЛАЕВ, "тамашоучу":
- Негизи жигиттер дайыма тамашалап туруш керек. Кыз киши кулагы менен сүйгөндүктөн, тамаша аркылуу анын көңүлүн жибитип, жүзүнө жылмаюу тартуулап турсаң, ал сени такыр унута албайт. Маанайы чөксө эле сени эстей берет. Тамашалоо, шайыр болуу да акылдуулуктун белгиси. Эгер сени бирөө күлдүрө алса, демек, ал адам элден өзгөчөлөнүп кадимки сөздөрдү ыңгайына жараша колдонуп сага күлкү тартуулайт. Бул ар бир адамдын колунан эле келе бербейт. Мисалы, бир бүтө элек чоң үй турат дейли. Анын жанында кооздолуп салынган кичирээк үй турса, адамдын көңүлү алгач кооз үйгө бурулат. Ошол сыңары эле эки адам турса, ким гана болбосун тамашалай сүйлөп, шайыр-шаңдуу турган адамга биринчи болуп көңүл бурат.


Эркек эркектей
болуш керек
- Кыргыз жигити кандай болуш керек?
Марал КОЙЧУКАРАЕВА, актриса:
- Кыргыз жигиттер намыскөй, аялзатты коргой билген, адилеттүү, кечиримдүү, айкөл, март, акылдуу, ыймандуу, сабырдуу, мекенчил болушу керек.
А жалпылап айтканда, кайсы улуттун өкүлү болбосун, эркек киши эркек болгону дурус.


Генералдардын шермендечилиги
- Бир жыл ичинде 24 жоокер кызмат өтөп жүргөн мезгилде ар кандай жагдайда каза болушту. Согуш жок тынч мезгилде о дүйнө кеткен бул жигиттерди мекен үчүн өлдү десек болобу?
Камит САВАЙ, жазуучу:
- Аскерде кызмат өтөп жаткан убакта каза болушса, анда мекен үчүн о дүйнө салышты десек болот. Бирок биздин алтын жаш балдарыбыз кээ бирде аскер башчыларыбыздын, командирлердин шалаакылыгынан, тартиптин жоктугунан, өз өмүрүнө кол салып өлгөндөр көптүк кылып жатат. Мен ойлойм, тынчтык убакта мынча жоокер жигиттердин өлүшү бул оор жоготуу, канча эненин, жакындарынын ыйы, канча үзүлгөн өмүрлөр, үмүттөр... Бул биздин мамлекетибиздин бетиндеги дагы бир "кара так"... Кенедей армиябызда тартип болбосо, анда бул биздин бийликтин, генералдардын шермендечилиги. Аскерде тартип болбосо, өлкөдө тартип болбойт.


Эркектер дайым жашасын!
- Эгер дүйнөдө эркектер жок болуп кетсе эмне болот?
Таттыбү НАЗАРКУЛОВА, ди-джей:
- Айымдардан амал качып кутулбайт. Ал учурда деле бир нерсе ойлоп табышса керек эле. Ошентсе да, аял эркексиз, эркек аялсыз жашай албасын ар бир жан билет. Эл өмүрү түбөлүктүү. Падышалар гана түбөлүктүү эмес. Ошондуктан аялзатына бактылуу көз ирмемдерди арнап, тукум улантып, Мекенди коргоп, эл алдында милдетти аткаруу үчүн ар дайым жок болбой эле бар болуңуздар! Келе жаткан 23-февраль Ата мекенди коргоо күнү менен куттуктап, сиздерге дайым ийгилик жылмайып туруусун каалайм!


Мекен биздин энебиз
- Мекен үчүн жаныңды берүүгө даярсыңбы?
Улан ИСАКОВ, журналист:
- Киндик каным тамган жер мен үчүн ыйык жана улук. Керек болсо кашык каным түгөнгөнгө чейин элдин ар-намысын жана бейкуттугун коргоого даярмын. Анткени ар бир эне бизди жарык дүйнөгө алып келет. А жарык дүйнөгө келген адам сөзсүз түрдө бир өлкөнүн атуулу болот. Бул деген ошол өлкөнүн баласы дегендей эле кеп. Ар бир бала өз апасы үчүн кандай күйсө, мекен үчүн ошондой жан үрөп турса, ал өлкөнүн азаттыгына эч ким кол сала албайт. Бекеринен "чептен эрдин күчү бек!" деп айтылбаса керек.

Суроо салган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ