15.02.13 Кубат ОТОРБАЕВ,
КТРК башкы директору:
"Телеканал толук коомдук болуш үчүн дагы бир топ маселе чечилиш керек"

Акыркы убактарда КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев жөнүндө ММКларда, айрыкча гезиттерде ар кандай маалыматтар байма-бай жарыяланып келет. Мына ушул сыяктуу КТРКга карата айтылып жаткан сын-пикирлерге, дооматтарга, келтирилген жүйөлөргө жооп алуу максатында Кубат мырзага ыңгайлуу да, ыңгайсыз да суроолорду узаттык.


- Айрым гезиттерде жарыяланып жаткан КТРКдагы коррупциялык схемаларга кандай комментарий бересиз? 18 жаштагы кызга 4 тасма которгону үчүн 100 миң сом төлөнгөнү чындыкпы?
- Биринчиден, гезиттерге чыгып жаткан жалган жалаалуу маалыматтардын бардыгы КТРКнын жетекчисинин орду саясый кызмат экендигин көргөзүп жатат. Саясый таймаштар күчөгөндө мага карата да чабуулдар күчөп жатат. Эми ал маалыматтар тууралуу, мисалы, редакторлорго төлөнгөн маяналарды алалы, алардын бардыгы мыйзам чегинде. Башкы редакторлор Нарын Идиновго, Ильич Кулназаровго, Көкүл Ариповага, Нуржамал Бурхановага, Назира Аалы кызына бир жыл ичинде 195 миңден 264 миң сомго чейин маяна берилгени чындык. Редакциянын башчысы болгондуктан көп иштерди ошолор аткарышат. Ар биринде 15тен 40ка чейинки кызматкерлер иштешет. Редакторлор текст жазышпайт, бирок текшеришет. Ошондуктан калем акы төлөнбөй, болгону 10 миң сомдун тегерегинде жылаңач гана айлык алышчу. Элестеткиле, 10 миң сомго ушул заманда кайсы адам ушундай көлөмдөгү ишке иштейт? Ошондуктан эзелтен эле редакторлорго эмгегине жараша кошумча сыйлык берилип келген, эми да бериле бермекчи. Акчалай сыйлыктарды берүү өкмөт бекиткен мыйзамдуу токтомдордо жазылган. Бул жакта эч кандай мыйзам бузуу жок. Мисалы, 250 миң сомду 12 айга бөлсөк 20 миң сомдун тегерегиндеги эле айлык болуп жатпайбы. Эми редакторлор үчүн керек болсо бул аз да. Эртеден кечке, дем алыш күндөрү да иштешет. Биздин каналдын деңгээли коңшу мамлекеттердикиндей болуш үчүн кызматкерлерге жакшы акча төлөп туруп, анан жыйынтыкты талап кылышыбыз керек.
Ал эми котормо боюнча айтсак, бизге буга чейин тасмаларды кыргыз тилине которуш керек деген талаптар коюлган. Ошонун негизинде ММКлардан жана КТРКдан тасмаларды кыргызчалоо боюнча жарыя бергенбиз. Конкурска ылайык котормо колумдан келет дегендер менен атайын келишимдер түзүлгөн. Бирок ошол келишимдерди түзүүдө чекиликтер кетип калган. Анткени ал жакта ошол котормолордун канча күндө бүткөнү туура эмес көрсөтүлгөн. Келишимди туура эмес түзгөндөргө сөгүш бердик. Ал эми Токтосунова чындыгында эле 4 тасма которгон. Маселе анын 18 жашта экендигинде эмес, 60 жашка чыгып бир фильм которо албагандар деле бар. Паспорт алгандан кийин Граждандык кодекске ылайык ал жаран катары толук кандуу тиешелүү укуктарга ээ болот да. Эң негизгиси ал өз милдетин так аткарды. Азыр ал Германияда окуп жатыптыр. Тил билбесе окуй албайт эле да. Тасмаларды которуу иши жай айларында башталып, декабрда бүткөн. Даталар келишимде туура эмес көрсөтүлгөн.
- Котормо боюнча конкурска катышкандардын арасында 18 жаштан жогорку тажрыйбалуулары жок бекен?
- 40тай котормочу ат салышкан. Катышуучулар келгенде аларга тексттер берилип, алардын деңгээлдери текшерилген. Конкурстан жашына карап эмес, ишти билген сапатына, денгээлине жараша тандалып өткөндө гана келишим түзүлгөн. Аларды 5 кишиден турган комиссия электен өткөргөн. Комиссиянын башында "Дөөлөт" котормо студиясынын башкы редактору Орозбек Мусакеев турду. Эми комиссия тандагандан кийин, демек, ошого татыктуу болгон да.
- Ошол кыргызчага которулган тасмалардын тексттери жок экени айтылууда. Чын эле жокпу?
- Бардык тасмалардын тексттери бар. Бизди бир канча жолу тиешелүү органдар текшерген, иштер мыйзамдын алкагында экени тастыкталды.
- Биз билгенден "Айтышфильмге" котормолор үчүн 13 млн. 600 миң сом которулган. Мындай келишимге кол коюуда "Айтышфильмдин" продюсери Фархат Бекмамбетовдун КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болушу роль ойноп кеткен жокпу?
- Акча тендердин негизинде гана которулган. Тендер тууралуу Каржы министрлигине атайын билдирүү жөнөткөнбүз жана алар макулдугун берген. "Айтышфильм" ошол тендерден жеңип чыккан. Баш-аягы 63 фильмди дубляж жасаган. Мунун баары мыйзамдын алкагында жасалган. Эгер биз ошол тендерди өткөрбөсөк, ал акча Каржы министрлигинде калып калмак. Эми биз кыргыз тилин өнүктүрөлү деп жатсак кайра рахмат айтуунун ордуна жумурткадан кыр издегендерди түк түшүнбөй турам. Баса айтып кетейин, тендер өткөн учурда Фархат Бекмамбетов Байкоочу кеңештин мүчөсү боло элек болчу. Тендер 2011-жылдын декабрында өткөн. Коомдук телеканал боюнча мыйзам 2011-жылдын декабрында кабыл алынып, Бекмамбетов 2012-жылдын апрелинде шайланып келди. Бул жерде эч кандай байланыш жок. Анан каяктагы коррупциялык схема?
- Тендерге канча студия катышты эле?
- Тендерге "Айтышфильм" жалгыз гана катышкан. Эми тендердин түрлөрү бар да. Бир же бир нече компания катышса болот. Бир компания тендердин талаптарына толук жооп берсе тендер жарактуу деп табылат. Эгер тендер туура эмес өткөн болсо Каржы министрлиги акча бөлмөк эмес. Текшерүүчү органдар болсо аны эбак эле айтып, жазып чыгышмак. Ал жакта да жөн кишилер отурган жок да.
- Редактор Көкүл Ариповага байланышкан иш эмне болду? Анын иши сотко өткөнбү?
- Арипованын иши боюнча чоң териштирүүлөр жүргөн. Иш прокуратурага өткөн. Байкоочу кеңеш менен биргеликте ошол ишке мыйзамдуу чекит коюлушуна биз дагы кызыкдарбыз. Бул боюнча Ленин райондук прокуратурасы мыйзамга каршы эч нерсе жок деп ишти ачкан эмес экен. Бул иш боюнча Каржы полициясы да текшерип, мыйзамга каршы кадамдарды тапкан эмес. Эми азыр тергөө иши толук бүттү деп айтканга болбойт. Эгер Арипованын күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп беришине мен дагы кызыкдармын. Арипова мурда жаштар редакциясында иштечү. Бирок бул иштер башталганга чейин эле башка редакцияга которулган.
- КТРКны мурда "кара жашик" дешсе, азыр "кубаттуу кара жашик" деп сындап жатышат. Буга сиздин комментарийиңиз...
- Мен буга макул эмесмин. Эми азыр ошондой маалыматтарды тараткандарга ак менен караны ажыратуу оор болуп жатат окшойт. Бир эле мисал, алар 3-октябрь менен 7-апрелди салыштырып жатышат. Кудайды караш керек да. Ошондой эле азыркы КТРК менен 7-апрелге чейинкисин салыштыруу мүмкүн эмес. "Азаттыкты" жетектеп турганда КТРКда "Азаттык" үчүн орун жок эле. Оппозицияга орун берген долбоорлор кетчү эмес. Азыр ошол долбоорлордун баары иштеп жатат. Оппозицияга да сөз берилип жатат. Ошол эле шайлоолордо бардык тараптарга бирдей мүмкүнчүлүк берилди. Бакиевдин убагында КТРК "Ата мекен" партиясынын 30 секунддук мыйзамдуу ролигин Жогорку соттун да көрсөтүлсүн деген чечимине карабай көрсөтпөй койгон. Азыр болсо оппозицияга эч кандай тоскоолдук жок. Бул болгону азыркы бийликти бир тараптуу шыбап, жаманатты кылгысы келгендердин чыгарган сөзү.
- Учурда КТРК коомдук деген атка жооп бере алабы?
- КТРКны сөздүн толук маанисинде коомдук деп айтыш үчүн бир катар маселелерди чечиш керек. Биринчиден, каржы маселесин жолго коюш керек. Экинчиден, ички структураны реформалаш керек. Мындан тышкары техникалык маселелер да бар. Биз бул боюнча 2015-жылга чейинки КТРКнын өнүгүү стратегиясын Байкоочу кеңеш менен бирге иштеп чыктык.
- 3-октябрда болгон митинг боюнча Камчыбек Ташиев КТРК туура эмес маалымат бергени үчүн сизди жоопко тартыш керек деп айтканы бар. Мындай доомат канчалык деңгээлде негиздүү?
- Биринчиден, эч кандай туура эмес маалымат берген эмеспиз. Кудай аман койсо Камчыбек Ташиев мырза менен да көрүшөрбүз. Балким ал кишиге туура эмес маалымат жеткирип жатышкандыр. Митинг кандай болсо эфирден дал ошондой кылып, эч кандай комментарийи жок берилди. Ал эми телефондук чалуулар боюнча биз Камчыбек Ташиевдин номеринен Лондонго жана Белоруссияга чалуу болгон деп гана маалымат бердик. Биз Максим менен сүйлөштү дегенибиз жок. Мындай маалымат КТРКдан башка эч жерге чыккан эмес. Номурлардын баары бар. Эми болгонун болгондой айтсак, анын эмнеси каралоо?
- Гезиттердин биринде сиздин Ташиевден үйүңүздү бүтү-рүү үчүн 5 миң доллар карыз алганыңыз, сиз салган там айрым байлардыкынан да кымбат экени жазылды. Ушул чынбы?
- Мунун баары карандай калп. Ошол диктофонго жазылып алынган үндөрдү мага да угузушса жакшы болмок. Ал эми үйүм боюнча айтсам, менин журналистикада иштеп жатканыма 20 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында тапкан-ташыганымды үйгө жумшадым. Ошол каражаттын көбүн "Азаттыкта" иштеп жүргөндө топтогом. Үйдүн курулушу мурда эле башталган. Бүтүшү КТРКга жетекчи болгон учурга туш келип калды. Эми меникиндей үйдү базарда соода жасагандар, айылдагы фермерлер деле салып жатпайбы. Ушу үйүмдү салып бүтүү үчүн машинемди, кичинекей дүкөнүм бар эле, аны да саттым. Мындан тышкары банктан кредит да алгам. Азыр ошону төлөп жатам.
- КТРКнын Байкоочу кеңе-шине Жеңишгүл Өзүбекова талапкер болордо "Чиркин өмүр" сериалы көрсөтүлө баштаганы шек жаратпай койбойт деп жазышты айрым гезиттер. Же бул жөн гана дал келүүчүлүкпү?
- "Чиркин өмүр" тасмасынын көрсөтүлүшү бул көрөрмандардын талабы. Анткени мониторинг жүргүзгөндө сериалдар болсо деп айтышкан. Анан архивди карасак "Чиркин өмүр" бар экен. Анан ошону көрсөтүп жатабыз. Ал эми Өзүбекова шайланып келе элек да. Мындай сөз чыгаргандар бизден кынтык издегендер. Ошол эле басылмалар эмне үчүн КТРКдагы жакшы иштерди жазгысы келбейт? Мен жетекчи болгон 3 жылда көптөгөн иштер жасалды. Эми алардын ар бирин тизмектөөнүн зарылдыгы жок.
- Эмне үчүн КТРКнын жетекчилиги журналисттерди токмоктогон Айдин Кулбаевдин ишин сотко жеткире алган жок?
- Биринчиден, кыздардын сабалганы чындык. Биз аларга дароо жактоочу жалдап, керектүү жардамдарды бергенбиз. Кийин кабарчылар Ширин Асанакунова менен Бурулай Бусурманкулова өз макулдуктары менен тосмо арыз жазып беришти. Коллегияда карап, бул чечим алардыкы экенин белгиледик, эми ал ар кимдин укугу.

Кепке тарткан
Уланбек ЭГИЗБАЕВ