15.02.13 Жаштар Келдибековдон акчанын дайынын сурап жатат
"Кыргызстанга саясый жаңы-лануу керек" деген ураандын астында "Ариет", "Элдик кайрат", "Студенттер коррупцияга каршы", "Акыйкаттык" жана башка кыймылдардын жыйыны өттү. Анда "Элдик кайрат" кыймылынын өкүлдөрү убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун апрель окуяларында өз туугандары менен досторуна мамлекеттин акчасын оңду-солду таратканын сынга алышты. Андан ары жыйында "Ата журт" фракциясынын парламенттеги депутаты Акматбек Келдибековго байланышкан баракчалар таркатылды. Анда Келдибеков ЖКда төрага болуп турган кезде миллиондогон акчаларды "сугунуп" койгондугу тууралуу айтылыптыр. Көрсө Келдибеков ушул убакка чейин спикер болуп турган учурунда короткон өкмөттүн тыйынынын эсебин бере элек экен. Болгону бир счет-фактура менен 36 миллион сомдун ордун толтурган имиш. Учурда жогорудагы жаштар уюмдары ушуну айтып күйүп жүрүшөт.


Экс-министрден антимитинг…
Апрель окуясындагы талап-тоноочулукту иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулоо учурунда мурдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев менен "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаев абысындай айтышты. Ошол мезгилде Ак үйдүн сыртында "Ата мекен" партиясынын жактоочулары митинг өткөрүп аткан эле. Текебаевдин чабуулуна чыдабаган Зарылбек Кылычбекович 1500 жигит чогултуп, Ак үйдүн астына антимитинг өткөрөм деп чамынганы. Муну уккан санаалаштары антип опурулба, эки тарап тирешип, бөөдө кырсыкка кабылышпасын деп тигини араң тыйышыптыр. "Менттердин" эски кожоюну көчө балдарындай желпингени неси?

Жээнбековго кылмыш иши козголду
Башпрокуратуранын басма сөз кызматы Жалал-Абаддын мурдагы мэри Максатбек Жээнбековго кылмыш иши козголгонун жарыялады. Аталган мекеменин кабарлашынча, Жээнбеков Кылмыш-жаза кодексинин 304-305-беренелеринин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "КР жер мыйзамын одоно бузуу") негизинде айыпталууда. Бул боюнча Максатбек мырзага телефон аркылуу кайрылсак, "2010-жылдагы июнь коогалаңынан кийин милиция кызматкерлеринин духун көтөрүү максатында жер бөлүп бергенбиз. Мындай чечимимди тийиштүү органдарга түшүндүрүп бергем. Мага карата ачылган иш мыйзамсыз" деди.

Матраимов башкы бажычы болобу?
Гезитибиздин өткөн санында Ош облусунун бажы башчысы Раим Матраимов бажы кызматынын төрагалыгына дайындалышы ыктымалдыгын жазган элек. Биздин тарткан "төлгө ташыбыз" төп келчүдөй. Себеби эмки жумага мерчемделген бажы кызматынын коллегиясында Кубанычбек Кулматовдун тагдыры чечилет. Ал эми бошогон орунга Матраимовдун келери күтүлүүдө. Анын төрага болууга 100% шансы бар. Анткени Раим мырза өгүнү Ак үйдүн 7-кабатындагы үлкөнгө кирип, бул маселени чечип чыкканын билебиз…

"Өнүгүү" өксүдү, бийлик утту...
Жалал-Абад шаарында 12-февралда мэрди шайлоо болду. Калаа башчылыгына "Өнүгүү" фракциясынан Бакыт Адылов, КСДП жана "Ата журт" фракциясынан куралган "Ак ниет" коалициясынан Муктар Арапбаев ат салышып, шайлоо жашыруун добуш менен өткөрүлдү. Жыйынтыгында Арапбаев 17, Адылов 14 добушка татыды. Мындан улам Бакыт мырза утулганын мойнуна алып, Муктар мырзаны куттуктап, ишине ийгилик каалап бийиктигин көрсөттү. Көпчүлүктү түзүп утабыз деген "Өнүгүүдөн" эки депутат Абибула Тагаев менен Айнура Осмонова Арапбаевге добуш берип, санаалаштарынын тилегин таш каптырышыптыр. Айрым маалыматтарга караганда, вице-премьер Тайырбек Сарпашев мэрди шайлоого бир күн калганда келип, "өнүгүүчүлөрдүн" кулагын ушалап кеткенден кийин кырдаал ушул нукка өзгөрүлдү дейт. "Сатылып" кеткен эки депутатка үлкөн убада берилген окшобойбу. Канткен күндө да, "ичтен чыккан ийри жыландардын" айынан "Өнүгүү" мэрлик кызматка өз талапкерин өткөрө албай өксүп калса, бийлик утушка ээ болуп, максатына жетти.

Конуш жайлуу болсун!
Эл аралык "Манас" аэропортунун экс-президенти Болот Абдрахманов Бөкөнбаев-Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинен заманбап үлгүдөгү төрт бөлмөлүү батир сатып алганын кулагыбыз чалды. Конуш жайлуу болсун дейбиз. Бирок Болот мырзанын артынан убагында түрдүү кептер ээрчип, анын аэропорттун казынасына беш манжасын матырганы легендага айланган. Муну эстегенибиз, Учкунбек Ташбаев Мамлекеттик геология агенттинин деректирлигинен ыргыгандан кийин үч бөлмөлүү үй сатып алгандан көп өтпөй камакка алынган эле. Эгер тийиштүү органдар тыкыр иликтесе, Абдрахманов да Ташбаевдин кейпин кийип калбайбы?

Жазгы даярдык дале уланууда
"Республика" партиясынын жолбашчысы Өмүрбек Бабанов шаршембинин кечинде оппозиция лидерлерин кабыл алды. Жыйынга парламенттеги бараандуу депутаттар да катышыптыр. Анда жазга карата даярдык көрүү сыяктуу орчундуу маселелер каралып, ар бир дубанда штаб ачуу демилгеси көтөрүлгөнү айтылууда. Жазгы план боюнча оппозиция митингдердин сезонун Таластагы "Жерүй" алтын кенинен баштап, нааразычылык акциясын бүткүл өлкөгө жайылтып, акырында аттын оозун борборго бурушат дешет. Бийлик дегенде жантыгынан жата калган эргулдар "ит оюнун" токтотуп, Кыргызстандын бүтүндүгүн ойлошсо кана. "Оюндан от чыгып" мамлекетибизди талкалап алсак, эмнени талашабыз?

Арзыбек деген азамат экен
Экс-депутат, экс-губернатор Арзыбек Бурканов деген азаматтын дайыны чыкпай кетти эле. Көрсө саясатыңа тойдум дегенби, айтор, бизнестин ичегисине канды жакшылап куйганга ооп кетиптир. Ал ушу тапта Бишкектеги түштүк магистралына элит үйлөрдү салып сатып жатат. Аянты чоң, баасы кымбат квартиралар каны жерге тамбай кетип жатат дешет андан үй алган кардарлар. Өгөй баладай мамиле жасалган Баткен облусуна губернатор болгондон көрө, кымбат квартира салып саткан алдаканча сыйлуу эмеспи.

Бирөөнүн бизнесин тартып алган депутат ким?
ЖоКедеги фракция лидерлеринин бирине кылмыш иши козголуу алдында турганын кулагыбыз чалды. Бизге жеткен маалыматка караганда, темир торго отуруу коркунучуна кептелген эл өкүлүнүн үстүнөн имаратын тарттырып жиберген ишкерлердин бири арыз жазган имиш. Эгер арызда жазылгандар тастыкталса, жакынкы мезгилде Башпрокуратура дагы бир депутаттын кол тийбестигинен ажыратуу сунушун парламентке жолдомокчу.

Консерватория
качан ысымдуу болот?
Өткөн жылы өкмөттүн токтому менен улуттук консерваторияга улуу композитор Калый Молдобасановдун ысмы ыйгарылган. Улуттук консерваториянын ректору Мурат Бегалиев арадай жерге чарадай чуу кылып жатып, айтор бул токтом ишке ашпай келет. Эң эле кызыгы, шумдуктуу өкмөт өзү чыгарган бул токтомдун мыйзамдуу же мыйзамсыз (?) экендигин текшерүү үчүн комиссия түзөт. Комиссия да токтомдун мыйзамдуу экендигин аныктап чыгат. Ошого карабастан ал эмдигиче аткарыла элек. Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусовдун буга алы келбей, азыр ортого Жантөрө Сатыбалдиев, Үсөн Сыдыков, Муратбек Бегалиев деген "оюнчулар" чыкканын айтып жатышат. Айтмакчы, аттары аталган үчөөнүн кандай жакындыктары бар экендигин окурмандарга табышмак катары калтырабыз.
Кыстырма: Москвадагы консерваторияны бир кезде Рубинштейн деген ачкан. Кийин ага орустун улуу композитору П.И.Чайковскийдин ысмы ыйгарылган.

"Жаңы Агым" - пресс