presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Гимнден чыккан күйүт кеп
Жаман элден эр чыкса өзүнүн алачыгын чабат
Кыргыздар эгемендүү болуп, жыйырмадан ашык жыл ичинде эч алгылыктуу ишке жетпеди. Ушул жыйырма жылдын ичинде жаңжал, араздашуу, мушташуу, чабышуу, уурдамай, жулмай, өлтүрмөй, жемей, бөлүнмөй эл башынан кетпеди. Соңку жаңжал тил болду. Бул жаңжалды баштаган баягы эле парламент. Эч нерсеге алы жетпеген парламент тилди оюнчук кылып алды. Бечара кыргыз тили парламентте бок болду. Депутаттар өзүнүн билимсиздигин, илимсиздигин, наадандыгын элге көрсөттү. Орустун: "Өтүкчү өтүк тиксин, наавайчы нан жапсын" деген макалы бар. Кыргыздарда инженер-механик Абдырахман Маматалиев тилге тийишет. Айбанат табиби Искендер Кадыркулов электр тармагын башкарат. Президент Алмазбек Атамбаев карап тамаша кылып турат.

Валимжан ТАҢЫРЫКОВ, БГУнун профессору, араб тилинин устаты

Тилдин жаңжалы эмнеде? Тилдин жаңжалы наадандыкта. Тилдин жаңжалы илимий изилдөө жумушу жүргүзүлбөгөндүктө. Кыргыз тилинин тарыхын, басып өткөн жолун, кыйсы тилдер менен аралашканын, кандай сөздөрдү өздөштүргөнүн, анын айтылышын, маанисин кандай өзгөрткөнүн, кантип ошол сөздөрдү төл сөзү кылып алганын иштеп чыкпагандыкта. Кантип омонимдер, синонимдер пайда болгонун изилдебегендикте. Бизде тоок мээ илимпоздор толуп жатат. Советтер Союзунун заманында Некрасовдун "Ты поэтом можешь не быть, а гражданином быть обязан" деп айтканын бурмалап "Ты поэтом можешь не быть, а кандидатом быть обязан" дегендей жүздөгөн кадидаттарды жазгы жөжөдөй жайнатып таштаган. Азыр да ушул иш жүрүп жатат. Пулга жүрүп жатат. Акчаң болсо кандидаттык дипломду даярдап үйүңө алып келип берет. Ошондуктан жүздөгөн чет тили боюнча кандидаттар өзүнүн өмүр баянын чет тилде жаза алышпайт.
Гимндин сөзүн алып таштоодо А.Маматалиев кимдерди чакырган? Академик А.Какеевди, жазуучу М.Байжиевди, бир белгисиз Наби Назарбаевди жана Шайлообек Дүйшеевди. Ушул инсандардын, Наби Назарбаевден башкасынын, элге сиңирген эмгектери бар. Бул инсандар кыргыз элине таанымал ишмерлер. Бирок ушул илимпоз-жазуучулардын лингвистика боюнча, кабыл алынган сөздөр боюнча, ошол чет тилдер боюнча кабары жок да! Кыргыз тилине кирген көп сөздөр араб жана фарсы тилинен кирген. Ошол сөздөрдүн филология илиминин доктору Бурул Сагынбаева айткандай, этимологиясын изилдеш керек, ошол тилде так сүйлөш керек. Сурап көрөлү, Аскар, Мар, Шайлообек жана Наби мырзалар араб тилинде, фарсы тилинде сүйлөшө алышабы? Кеп ушунда турат. Ал эми Маматалиевдин алдамчылыгы да чыгып калды. Урматтуу И.Абдыразаков өзүнүн комиссияда мүчө экендигин "Жаңы Агым" гезитинин кабарчыларынан билип жүрөт. Эми Маматалиев мырза Абдыразаковдун бетин кантип карайт? Мен Ишенбай Абдыразаковдун кафедрасында иштейм. Ал киши комиссияга мүчө болгонун билсе мага кайрылмак. Себеби мен тил боюнча адисмин. Ал эми комиссияга кирген адистерди Анварбек Мокеев так мүнөздөптүр. "Депутаттар өздөрү ийри болсо эксперттери такыр эле кокуйлар" дептир. Анын антип айтар жөнү бар. Ал илимпоз фарсы тилинде так сүйлөгөн киши.
Ал эми Сыртбай Мусаев кыргыздын ири тилчи илимпоздорунун бири. Сыртбай айтып жатпайбы: "Бейкут жашоо деген сөз жыргал жашоо дегенди туюнтаарын керек болсо чабандар да жакшы билет".
Тил илими улуу илим. Мухиттей учу-кыйыры жок илим. Тилдер бири-бири менен аралашпай байыбайт. Тарыхта элдер бири-бири менен согушуп, чабышып, соодалашып, кудалашып, кыз берип, келин алып тил табышып, сөз алмашып келген. Тарыхта тоок мээлер да болгон. XVIII кылымда Иранда "пуританический" кыймыл пайда болгон - тилди чет тилден келген сөздөрдөн тазалоо жүргөн. Ирандыктар араб тилинен кирген сөздөрдү алып таштайбыз деп аракет кылган. Натыйжада иран тилин жоготкон. Перстер бири бири менен сүйлөй албай калышкан. Эсине келип кайра араб тилинен кирген сөздөрдү ордуна коюшкан. Ушундай эле кыймыл Түркияда да болгон. Түрктөр да тилин жогото жаздаган.
Мисалы мамлекет, өкмөт, өкүм, өкүмдар, аким (башкаруучу), аким (акылман), мекеме, адилет, раис, расмий, расим. Билим берүүдө: илим, илимпоз, аалим, аалам, илимий, маалым, маалымат, мугалим, мугалима, таалим, таалимчи, аламат ж.б. сөздөрдү алалы.
Ушул сөздөрдү алып таштасак ушул түшүнүктөрдү бир-бирибизге кантип түшүндүрө алабыз?
Эми өгөй бала болгон "бейкутка" келели. Биринчиден, кыргызча "бей" айтылып жүргөн префикс фарсы тилинде "би" деп окулат. Бул префикс кыргыз тилинде "жок", "сыз" терс маанини туюнтат. Ал эми "бейкут" деген сөздө бул терс маани берүүчү мүчө катышпайт. Бул сөздө " ба, бе " деген префикстер катышат. Ал эми уңгу сөз "ход". Бул сөз фарсы тилинде "ба- бе-" префикстери менен кошо жазылып " баход, беход" деген сөз жасайт. Мунун мааниси "өзү, өзү менен өзү, бирөөнүн ишине киришпей, тынч, бейпил жашоо" дегенди түшүндүрөт. Фарсы тилинде ушул сөз менен көп туунду сөздөр жасалат. Мисалы: ходкар - автомат - өзү иштөөчү. Жогоруда айтып кеттик, фарсы тилинде "бей-" деген префикс жок. Кыргыз тилине кирген "бей" "би" деп окулат. Кыргыз тилинде жетимиштен көп сөздөр "бей-" менен айтылат. Бир гана араб сөзү "бакуват" "ба-" префикси менен кыргыз тилине кирген. Кээ бир сөздөр "бе-" менен окулуп калган. Мисалы, "бекер" сөз.
Ал эми "кут" деген сөздүн "бейкут" менен эч кандай байланышы жок. Кут деген сөз араб тилинен кирген. Араб тилинде "каата" деген этиш бар. Бул этиш "тамак берүү, тойдуруу, тойут берүү, камсыз кылуу" деген маанини берет. Ушул этиштен "кут" деген зат атооч жасалат. Бул зат атоочтун мааниси - тамак, аш, тойут. Ушул этиштин төртүнчү туулмасы "акаата". Ушул туулмадан азыркы замандын чакчылы "мукиит" жасалат. Бул сөз Алла Тааланын аты- "ырыскы берүүчү, тамак берүүчү, камсыз кылуучу" деген маанини берет. Ушул сөздөн Мукитов деген мусулмандардын энчилүү аты түзүлөт. Ушул сөздүн араб тилиндеги көптүк түрү "акваат". Кыргыз тилине алынганда метатеза закону иштеп, тамгалар алмашып "оокат" болуп калган. Араб тилинен кирген сөздөрдүн метатезасын төмөнкү сөздөрдөн учуратабыз: лана - наалат, науба - мөөнөт, дүня - дүйнө.
Тыянак чыгарсак "кут" менен "бейкуттун" ортосунда эч байланыш жок. Бейкут фарсы сөзү, ал эми кут араб сөзү.
Эми Маматалиевдин корсоңдоп сүйлөгөнүнө келели. Ким Жогорку Кеңешке чексиз бийликти бериптир? Качан Жогорку Кеңештин чечимин талкуулоого болбой калыптыр? Маматалиев качан Жогорку Кеңешти элден жогору коюп алган? Маматалиев Конституцияны эч ачпаса керек. Конституцияда эмне деп жазылган. "Эл бийликтин булагы" деп Конституцияда жазылып турбайбы. Ал эми Маматалиевди ким депутат кылып шайлаган?
"Жаман элден эр чыкса, өз алачыгын чабат" деп кыргыздар бекеринен айткан эмес. Маматалиев элди алдап депутат болуп, биринчиден, ыйык болгон кыргыздын эне тилине асылды. Колунан келгени ушул экен. Механиканы жакшы өздөштүргөн эмес окшойт. Болбосо ошол адистиги боюнча элине пайда келтирет эле да.
Дагы айта турган бир нерсе. Маматалиев: "Ал эми Юдахиндин сөздүгүндө 2-3 сөз оң эле маанини берет деп жазылып калыптыр" деп наалыйт. Константин Юдахин болбосо кайсы кыргыз ушундай сөздүктү түзөт эле. Ал жарыктык кишинин кыргыз тилине кылган салымы Ала-Тоодой зор. Юдахиндин сөздүгүнө 2-3 эмес бир гана сөз киргизилген. Оң мааниси менен. Ал "бейкут". Калгандары ушул сөздүн туулмалары. Маматалиев жазылып калыптыр дегендин ордуна К.Юдахиндин арбагына сыйынышы керек. К.Юдахин жөнүндө Кыргыз илимдер академиясынын президенти маркум Жээнбаев мындай деп айткан: "Этот русский учил кыргызов кыргызскому языку" .
Ал эми Маматалиевдин башкы адиси Наби Назарбаев кыргыз тилинин Баткен говорунда "бейкут" деген сөз бар дептир. Наби мырза билет бекен кыргызда Жээнбай Мукамбаев деген дыйкан тилчи болгонун. Ошол киши бүт өмүрүн кыргыздын диалектика, разговор, наречия сөздөрүн жыйнаган. Коммунисттер заманында ал жарыктык адамды сен улутчулсуң деп тепкилеген. Кечээ жакында ушул кишинин эмгеги жарык көрдү (Жээнбай Мукамбаев. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Бишкек, 2009). Ошол китептин 223-бетинде "бейхут" - баткендик говор. бейхут - өңүнөн азганы. Бейхут болду - өңүнөн азып кетти. Наби дамылда жергиликтүү тажиктер менен жүрүп, тилин да жакшы үйрөнбөсө керек. Ушул сөз "бейкут" сөзүнүн экинчи бөлүгү фарсы ат атоочу "ход" экенин тастыктап турат. Кыргыз тилинин баткендик говорунда бул сөз "өңүнөн азды" деп турат. Фарсы сөзү "ход" кыргыз тилинде "өзү, өзү менен өзү". Ал эми фарсы префикси "би" ыраңынан азганын туюндуруп турат. Бул жерде "бей" терс мааниде. Бирок "кут" менен эч байланышы жок.
Мени таңгалдырган дагы бир маселе, эмне үчүн Абдылдажан Акматалиев комиссияга кирген эмес? Анварбек Мокеев, Абдыганы Эркебаев, Сыртбай Мусаев, Бүбүйна Орузбаева, Нурлан Балтабаев четте калган? Кыргызстанда фарсы тилинин бир гана атасы бар. Ал нагыз офицер (Советтер Союзунун), дипломат Авазбек Атаханов. Эмне бу киши комиссияга кирбей калган? Демек, саясый жагынан бул тилге кылган диверсия.

К.К. Юдахин. Кыргызско - русский словарь. Издательство "Советская энциклопедия", Москва, 1965,
(страница 124)
Бейкут ир - спокойный, безмятежный, спокойно, безмятежно.
Бейкутсуз - беспокойный, причиняющий беспокойство.
Бейкутсуздук - беспокойство
Бейкуттук, бейкутчулук - безмятежность, покой

Кут I.
1. Мифический кусочек студенистого вещества темно-красного цвета, якобы падающий через түндүк и приносящий счастье тому, кто сможет его взять (взять его может только хороший , чистый человек, в руках же дурного он превращается в комочек кала)

Кыргыз тилинин сөздүгү. "Avrasia Press", Бишкек, 2011
(252- 253-беттер)
Бейкут - тынч, жай, капарсыз
Эч нерседен капарсыз, бейкут ойноп -күлүп эс алып жатышканда каргаша болуп, минтип согуш башталып, эл ичи дүрбөп калды. (К. Баялинов)
Бейкутсуз - тынч эмес, тынчсыздык
Алиманын өңү сурданып, билинер-билинбес бейкутсуздук байкалып турду. (Абдукаримов)
Бейкуттап - тынч, бейкут абалда болуу.
Тууган жер бейиш болуп бейкуттан,
Ар кимди куса кылат кетирип үш. (Токомбаев)
Бейкуттук - тынчтык, жайкерчилик, жайчылык
Согуш отун өчүрүп,
Бейкуттукту жактаткан. (Токомбаев)
Бейкутчулук, бейкуттук менен бирдей
Жер жүзүнүн калдайган калың эли согуштан бейкапар, бейкуттукта жашасак экен деп тилейт.

( "Ала-Тоо")

Кут
1. Диний ишенимде асмандан түшүүчү бакыт- таалай.
4. бакыт, таалай, дөөлөт
Кут болсун! Буйурсун. Тилек, каалоо айтуу.
Жээнбай Мукамбаев. Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү. Бишкек, 2009
(223-бет)

Бейхут - баткендик говор. бейхут - өңүнөн азганы
Бейхут болду - өңүнөн азып кетти.
Балтабаев Н.К. Кыргыз-фарсы сөздүгү. "Турар", Бишкек, 2009
(71-бет)





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??