presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Тараза
Министрлердин эмне менен алектенип атканы элге белгисиз. Алар жумушка келип-кетип, эптеп эле күн өткөрүп аткандай маанай жаратат. Министрлердин кимиси кандай иштеп атканын коомчулукка жеткирүү максатында жаңы рубрика ачтык. Биздин алгачкы коногубуз Экономика министри Темир Сариев. Анын өткөн айдагы ишмердүүлүгүнүн орчундууларын тизмектейбиз.

Министр Темир Сариев кандай иштеди?

Темир Аргенбаевичтин жаңы жылдан кийинки алгачкы иш күнү 8-январда маалымат агенттиктеринин бирине маек куруу менен башталды. Ал 2012-жылдагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр тууралуу кеп козгоп, сыртта эмгектенип жүргөн мекендештерибиз былтыр 1,8 млрд. доллар которгонун билдирди. Ал эми Кыргызстан бажы биримдигине кириши керектигин, анын биз үчүн саясый-экономикалык мааниси чоңдугун ырастаган.
Соңку жылдары "Жерүй" алтын кенинин тегерегиндеги талаш маселе чечилбей келген. Өкмөттүн 12-январдагы жыйынында Экономика министри "Жерүйдүн" айланасында талашка чекит коюлгандыгын, андыктан аны аукционго коюш керектигин билдирди. Т.Сариевдин маалымдашынча, "Жерүйдүн" баштапкы наркы 100 млн. долларга бааланат жана аукцион ачык-айкын, мамлекеттин кызыкчылыгына шайкеш өтөт. "2012-жылы Кыргызстандагы бардык тоо кен ишканаларынан 5 млрд. 780 млн. сомдук салык чогулган. Анын 3,78 млрд. сому Кумтөр кенинен алынган. Эгер "Жерүй" 2015-жылдан тартып ишке кирсе, жылына 3 млрд. сомдун тегерегинде салык жыйнала баштайт. Эгер алтындын дүйнөлүк баасы өссө, бул көрсөткүч дагы жогорулайт" дейт ал.

Сулууларды жандай сүрөткө түшүп…
Темир мырза үчүн январь жемиштүү болду. Себеби, ал 18-январда Германияда башталган "Мода жумалыгына" барып катышканга да үлгүрдү. Сапар алкагында Кыргызстандагы экономикалык көрсөткүчтөр жана келечектеги иш-пландар боюнча доклад окуду. Ошондой эле Германия өкмөтүнүн чыгыш комитетинин төрагасы менен жолугушуп, эки мамлекет ортосундагы экономикалык карым-катнаштын келечегин талкуулады. Акырында "Мода жумалыгында" жеңген айчырайлуу кыз менен жанаша сүрөткө түшүп, мекенине кайтты.

Алтынга бекем Темир
Темир Сариев Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд Инк" компаниясынын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссияны жетектегени маалым. Ал эми комиссиянын корутундусу 25-январда өткөн парламенттеги коалициянын жыйынында талкууланып, көпчүлүктөн колдоо тапты. Корутундунун мазмунуна токтолбойлу, корутунду тууралуу маалымат каражаттарынан кенен маалымат алдык. Болгону анын маалымат жыйынын байма-бай өткөрүп, комиссиянын ишинин жыйынтыгын жар салганы түрдүү пикирлерди жаратууда.
"Төрага катары жакшы иликтебептир"
"Экономика министри Темир Сариевдин ишмердүүлүгүн кандай баалайсыз?" деген суроо менен түрдүү тармактын өкүлдөрүнө кайрылсак, төмөндөгүдөй
жооп беришти.
Турсунбек ЧЫҢГЫШЕВ,
коомдук ишмер:
- Жалпы жонунан канааттандырарлык деп баалайм. Кезинде Бакиев бийлиги менен күрөшүп, убактылуу өкмөттө иштеди. Былтыртан бери Экономика министри катары жакшы иштерди жасады. Тажрыйбалуу жигит. Кумтөр алтын кенин иликтеп, объективдүү жыйынтык чыгарды. Ошон үчүн Сариевге "бали" дейм.

Болот БАЙКОЖОЕВ,
экс-депутат:
- Оң баа берем. Бирок Кумтөрдү иликтеген мамкомиссиянын төрагасы катары анча-мынча каталарды кетиргенсиди. Мисалы, комиссия иликтөөсүн алты айга чейин жүргүзгөнү - өтө узак убакыт. Экинчиден, Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссия менен бул комиссиянын отчетунун айырмачылыгын ачык жазса болмок. Үчүнчүдөн, Кумтөрдөгү акцияларыбыздын кандайдыр бир бөлүгүн 86 млн. долларга саткан экенбиз. Бирок каражат мамбюджетке түштүбү же түшкөн жокпу? Буга мамкомиссия жооп тапкан эмес. Ушундай майда-барат нерселерди тактабагандан кийин комиссия кантип иштегенин билбейм.

Айылчы САРЫБАЕВ,
экономика илиминин доктору, профессор:
- Сариев өкмөттүн мүчөсү да, андыктан ага өкмөт башчысы тапшырма бериши керек. Ошого жараша баасын бериши абзел. А мен жөнөкөй жаранмын, Сариевдин ишмердүүлүгүнө карата андай, мындай деп оюмду айтканым моралдык жактан туура болбой калат.

Төрөбай ЗУЛПУКАРОВ,
ЖК төрага орунбасары:
- Канааттандырарлык деп бааласак болот. Колунан келген ишти жасап жатат. Эми анын ишмердүүлүгүнө эл баасын бериши зарыл.










Андай эмес мындай дейт
Курманбек ОСМОНОВ, ЖК депутаты, "Ата журт" фракциясы:
"Мени каралоону саясый оппоненттеримден көрөм"
Гезитибиздин өткөн санында жарык көргөн "Оозун ачкан" Осмонов же кокуйлаткан корутунду" аттуу макалада "ата журтчу" депутат Курманбек Осмонов 2004-жылы Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди жактаган "ода каты" "Центерра Голд Инк" компаниясынын жетекчилигине жолдогонун кенен баяндаганбыз. Ошол эле макалада экинчи тараптын пикирине да орун бергенбиз. Бирок Курманбек Эргешович оюм жеткиликтүү болбой калыптыр деп кайрадан байланышка чыкты.

- 2004- жылы биринчи вице-премьер, Юстиция министрлигин аркалаганым чын. Ошол убакта "Кумтөр долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндөгү" токтом кабыл алынган. Өкмөт мүчөсү катары Кумтөр маселесин талкуулоого таптакыр аралашпаптырмын, конкреттүү документтерге кол койгон эмесмин. Ал эми сиз суроо салган корутунду каттын түпнускасын эч жерден таба алган жокпуз. Бул тууралуу өткөндө айттым, аны кайталап отурбайын. Болгону кат туурасында ача пикиримди билдирейин.
2004-жылы "Центеррага" эки жолу кат жазган имишмин, биринчисин 4-январда, экинчисин 26-январда. Эки каттын тең мааниси бирдей, бирок катталуу номуру күмөн туудурат. Маселен, 6-январдагы кат №0068684 деп катталса, 26-январдагы №0050614 деп катталган. Эмне үчүн 4-январдан кийин жазылган каттын катталуу номуру азайтылып калганы түшүнүксүз.
2004-жылдын 6-февралында Жогорку соттун төрагалыгына дайындалгам. Силердин макалада "К.Осмонов жаңы келишимди мактап-жактап кат жолдогондон эки күн өтүп-өтпөй, тагырагы, 2004-жылы 6-февралда Жогорку соттун төрагалыгына дайындалганы адамды таңгалдырбай койбойт. Балким ушул кызматка барыш үчүн келишимди колдоп, Канадага чейин кат жазгандыр?" деген күдүк ой жаралары шексиз" деп табышмактанта жазылыптыр. Жогорку соттун төрагасы болоюн деген ниетим жок болчу. Аскар Акаев "сизден бөлөк компетенттүү адамды таппай атабыз, ушул тармакты жетектеп бериңиз" деп үчүнчү жолу сунуш кылганда араң макул болгом.
Үчүнчүдөн, ошол кат жазылган күндө да ал юридикалык-нормативдик күчкө ээ эмес. Себеби ал "Кумтөр долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндөгү" токтом кабыл алынгандан кийин жазылып атат. Бирок ал катта жаңы келишим макталып-жакталбай, юридикалык процедуралык нормалар сакталганы гана айтылган. Анүстүнө келишим парламенттен ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет.
- Демек, мунун баарын танат турбайсызбы?
- Мени бир тараптуу каралоо 2008-жылы январда Жогорку соттун төрагалыгынан кеткенден кийин башталган. Анын артында президенттин уулу Максим Бакиев, Алексей Елисеев турарын кийин билдим. Ал эми бул жолку каралоону азыркы саясый оппоненттериме байланыштырам.
Абакта жаткан партиялаштарымдын беш коомдук жактоочулары бар, алардын бири менмин. Мындан улам Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтыруу демилгесин көтөрдү эле, аны колдогонуна караганда Осмонов да ушундай позицияда окшойт деген пикир жаралыптыр. "Ата журт" фракциясынын жыйынында мени С.Жапаровдун коомдук жактоочусу катары дайындашкан. Экинчиден, Жапаровду Кумтөрдү улутташтыруу демилгеси үчүн эмес, ага тагылган айыптардын туура эместигинен улам колдоп жатам.

Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??