presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Оюндан от чыгат
Эгер үчүнчү революцияга жол беришсе, анда бийлик да, оппозиция да элдин душманы
Аң-сезимдүү ой жүгүрткөн атуулдар Кыргызстанда буга чейин болуп келген эки революция тең сырткы күчтөрдүн колдоосу менен ишке ашканын эң сонун билет. Болуп өткөн революциялардын негизги себеби "Манас" аба майданындагы АКШнын аскер базасы экени, бул маселеге кайсы өлкөлөр кызыкдар болушу баарына маалым.


Учурда жакшылап баам салсак, жазга карата оппозициянын кандайдыр бир деңгээлде даярдыгы башталды. Серепчи Марс Сариев "биз акыркы мезгилде Россияга көбүрөөк ыктап, Батыш менен балансты жоготуп алдык. Эгер жазга чейин Америка Кыргызстандагы базасынын маселесин чече албаса, анда ал бизден чыгарылат. Андай болгон учурда Америка биздин өлкөнүн ичиндеги кырдаалды тынч койбойт. Себеби аларга базаны чыгарбай турган башка бийлик керек болот" деген пикирин айтып чыкты.
Учурда революция жасоого зарылдык барбы? Бул суроо боюнча серепчи Валентин Богатырев: "Азыр кийинки баскычтын мезгили келди. Президент Атамбаевге өтө зарыл болгон күчтүү долбоор алигиче жок. Жалпысынан айтканда, бүгүн Атамбаев үчүн өтө жагымсыз жагдай түзүлдү. Өлкөнүн жашоосунда жакшы маанайдагы өзгөрүүлөр, иш-аракеттердин күчтүү планы жок. Ишке дем берүүчү реалдуу оппозиция да жок. Ал эми бийлик бар. Бул кудум эле 1995-жылдагы Акаевдин, 2007-жылдагы Бакиевдин абалы. Мурунку эки абал кайгылуу кесепетке алып барган жолдун башталышы эле. Ошондуктан бүгүн Атамбаев үчүн эң негизги маселе бул Атамбаевдин өзү. Авиацияда кээде учкуч учакты абага көтөрүшүм керекпи же жокпу деген чечим чыгарышы керек болот, бул учурду качырсаң абага көтөрүлө албай да каласың. Президентибиз да дал ушундай чечим чыгарыш керек болгон учурда турат" дейт.
Мейли дейли, бирок үчүнчү революция Кыргызстанга жакшылык алып келеби? Эч качан! Эгер революция менен оңоло турган болсок буга чейинки эки революциядан кийин деле оңолмокпуз. Биздин өткөн революциялардан алган көзгө көрүнөрлүк "пайдабыз" өлкөнү таладык, талкаладык, өзүбүз да кырылдык, кимдир бирөөлөрдү күтүлбөгөн жерден байыттык, экономикабыз биртоп артка кетти. Чынында азыркы доордо системаны маданияттуу саясый сүйлөшүүлөр аркылуу деле ишке ашырса болот эле. Качанга чейин Кыргызстан сырткы күчтөрдүн оюн талаасына айланган боюнча кала берет?
Биз учурда талаш-тартыш менен, бийлик талашуу менен эч кандай жакшылыкка жете албай турганыбызды түшүнгөндөй эле болдук. Мисалы, Ливия, Египет мамлекеттерин алалы. Алардагы окуялардын аягы эмне менен бүттү? Сирия бүгүнкү күндө эмне болуп жатат? Биз эмнеге ушулардан сабак албайбыз? Биздеги бийлик талашкан бир ууч топ өздөрүнө байлыктын бардыгын топтоп алышты. Анысына макул дейли. Эми жок дегенде өлкө коопсуздугу үчүн эс-акылга келип, революция оюнун ойной бербей, бир калыптагы өнүгүү жолун беттешибиз керек болуп турат.




Кайда барсаң Мамайдын көрү
Ош окуясы боюнча күнөөлүүлөр да актала баштады

Учурда "Кыргыз журтун коргогон баатырлар" жана "Санпа шейиттери" коомдук уюмунун өкүлдөрү Жалал-Абад облустук сотунун чечимине нааразычылык билдирип жатат.
Аталган коомдук уюмдардын жана Кыргызстандын сотторун люстрациялоо кыймылынын мүчөлөрү июнь окуясы боюнча күнөөлөнүп жаткан Кадыржан Батыровдун мүлкүн мамлекеттин эсебине өткөрүү боюнча Сузак райондук сотунун чечимин Жалал-Абад облустук соту өзгөртүп койгону менен макул эмес. Башында Сузак райондук соту тарабынан Кадыржан Батыровго тиешелүү делинген 34 объект такталган. Нааразы тараптын айтуусу боюнча учурда бул объектилер Батыровдун пикирлеши Карамат Абдуллаеванын адвокаты тарабынан сатылып жатат.
Мисалы, 34 объекттин ичинен Жалал-Абад шаарындагы "Улуттар биримдиги" университетинин имараты 12 млн. долларга бааланган. Июнь окуясынын жабырлануучулары К.Батыровдун мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлүшүн жана Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Рысбек Шүкүралиевдин жоопкерчиликке тартылышын талап кылууда.
Ошол эле учурда нааразы болуп аткан тарап Санпа окуясы боюнча айыпталып жаткан Шамсидин Ниязалиевди 150 миң сом айып пул салып, сот залынан бошоткон чечимине нааразы. Тактап айтканда, Сузак райондук соту тарабынан Ш.Ниязалиев 2010-жылы июнь окуясы учурунда башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү боюнча күнөөлөнүп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал эми Жалал-Абад облустук соту Ш.Ниязалиевди бошотуу чечимин чыгарган. Ага облустук прокуратура каршы чыгып, бул чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган.





Э-э-э-й эркелейсиң…
Таарынып, коркутуп таштап кете бергидей армия атаңардын
төрү беле?

3- февралдын түнүндө ИИМдин ички аскерлеринин №702 бөлүгүнүн 39 жоокери уруксатсыз бөлүктөн чыгып кетип, кайра бир күндүн аралыгында жыйырма беш, андан кийин дагы тогуз жоокер, кийин экөө туугандарынын коштоосунда кайтып келишкен. Бул окуя боюнча учурда Аскер прокуратурасы иш алып барууда. Ошондой эле "Жоокерлердин энелери" коомдук бирикмеси да бул иш боюнча өзүнчө иликтөө жүргүзөрүн билдирген.
Ошол күнү 39 жоокердин 22си Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында болгон. Бирок качкан маалда кызматта эмес, эс алып жаткан экен. Калгандары аталган бөлүктөн чыгып кеткен. Кызыгы, баарынын тең кызматы жазында бүтмөк тура. Андыктан бул окуя аскерлер ичинде боло келген "дедовшинадан" улам келип чыккан дегенге анчалык негиз жок. Аскер жетекчилиги бул жоокерлер кызматтык түйшүктү көтөрө албай ушундай кадамга барган деп түшүндүрүүдө. Ата-энелери балдары офицерлердин запкысына чыдабай ушул кадамга барды деп жатышат.
Негизи эле Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө бири-бирине чоңсунуу, бир-бирден же жоон тобу менен качып кетүү, өз жанын кыюу сыяктуу зомбулук окуялары кез-кез орун алып келет. Баарынан кызыгы, жогорудагы жигиттердин биринен КТРКнын кабарчысы "эмнеге качып кеттиңер эле?" деп сурап атса, анысы "жетекчиликти коркутуп коелу дегенбиз" деген таризде жооп берип атпайбы. Күлбөскө айла жок. Аскердик милдет деген коркутуп, таарынып, каалаган ишиңди жасай бере турган чоң атабыздын төрү эмес да. Атаңды, апаңды, аялыңды коркутсаң болот, ал эми армия деген бул эзелтен жигиттикке тарбиялай турган институт болуп келген эмеспи. Чынында кээ бир кыйынчылыктарга чыдабай асынып же атынып өлүп алуу да аскер кызматкери үчүн уят катары кабылданып келген. Жоокер мекен алдындагы антын аткара албай, душмандын колуна түшүп же аргасыздан мекенине чыккынчылык кылып алганда гана өзүн өзү атып салса түшүнсө болот.
Албетте керкисинде да, кемигинде да бар. Мындай окуялар жөндөн жөн эле болуп аткан жок. Биринчиден, жаш жоокерлерди аскерге кабыл алып аткан мурдагы муун же "деддер", атургай ал жерде иштеген офицерлер өздөрү чыныгы жоокерлик тарбия алышкан эмес. Учурда өлкөбүздүн жалпы куралдуу күчтөрүндө таалим-тарбия иштери начар. Андыктан аскерлер көбүнчө мекенчилдикке, жигиттик бийик нраваларга тарбияланбай эле түрмөнүн, армиянын, жөнжай жашоонун аралашмасынан келип чыккан ар кандай ички мыйзамдар менен жашап калышкандай.
Баса, Кыргызстандын Кыл-мыш-жаза кодекси боюнча аскер бөлүгүнөн уруксатсыз чыгып кеткен жоокерлер үч күндүн ичинде кайтып келсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, бул дисциплинардык баш ийбөө деп эсептелет.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ




Жалал-Абад, Баткенден, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Чүйдөн кабарчы керек!

Урматтуу калемдештер, окурмандар, "Жаңы Агым" гезити ар облустан калеми курч, сөзү мурч, чагылгандай ыкчам, элет турмушун ийне-жибине чейин жакшы жаза билген, ак-караны, жакшы-жаманды каза билген жергиликтүү журналисттерди, чымыны барларды кызматташууга чакырат. Кимде ким биз менен иштешип облустук кабарчы болгусу келсе (0771)339931 же (0312)386706, 386703 телефондоруна байланышыңыздар. Болочок кабарчы интернеттин тилин жакшы билип, сүрөт, тексттерди тез арада жибере алган, жума ичиндеги орчундуу окуянын тамырын кармай билип, ар кыл темада жаза билген адам болушу керек. Эскерте кетчү нерсе: ким биз менен туруктуу иштешсе, жазганына жараша калем акысы (гонорар) ай сайын төлөнүп турат. Өзүңүзгө ишенсеңиз биз менен байланышыңыз. Эгер даяр макалалар болсо molybden2703@list.ru, agym@vb.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүздөр болот.



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??