presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



1-февралда Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт өнөр музейинде "Кыргызстандын алдыңкы инсандары" сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Жүрөктөрдү сыздаткан муңдуу сүрөттөр
Уюштуруучулардын айтымында, көргөзмө Орунбек Санатбаевдин активдүү катышуусунда уюштурулган жана ХХ кылымдын белгилүү балбаны, күрөш боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Раатбек Санатбаевдин элесине арналган.
Көргөзмөгө Курманжан датка, Исхак Раззаков, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Жалил Садыков, Сүймөнкул Чокморов, Раатбек Санатбаев жана башка инсандар тууралуу маалымдаган 150гө жакын фотосүрөттөр жана башка материалдар киргизилген. Жогорудагы жети инсандын жакын туугандары бул көргөзмөнүн сыйлуу коноктору болушту. Бул жети инсандын ар бири Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, маданиятынын, илим-билиминин түптөлүшүнө жана анын аброюн дүйнө жүзүнө таанытууга зор эмгек сиңиришкен.
Көргөзмөнүн өзгөчөлүгү - сүрөттөр мурда жарыяланбаган жана кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө тааныш эмес. Ошондой эле мында белгилүү адамдардын жеке буюм-тайымдары да коюлган.
Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 1-16-февралына дейре өткөрүлөт.
Дилбар САНАТБАЕВА,
Раатбектин апасы:
"Апамдын душманы менин душманым деп айтчу"
Бул көргөзмөдө элдин көңүлүн бурдуруп, жүрөктөрдү сыздаткан Раатбек Санатбаевдин апасы Дилбар эже болду. Кыргыз элинин бактысына бир жарк этип жаралып, кайрадан жаштайында жалп этип өчкөн, бир эле эненин эмес бүтүндөй кыргыз элин арманга салып кеткен Раатбек Санатбаевдин мотурайган бала кезинен берки сүрөттөрү, жансыз, муңайым сүрөттөрү көргөн адамдардын жүрөгүн сыздатты. Дилбар апа менен сүйлөшкөнүбүздө буркурап баласын мындайча эскерип турду. "Кулунум ымыркай кезинен эле башкача бала болду. Бир жарым жашка чыкканча бассам-турсам этектеген ыйлаактыгын айтпа. Эс тарткандан кийин өтө шок болуп, удаа төрт эркек бала керээлден кечке күрөшүп, мушташып эле жатышчу. Раатбек шок болгону менен тил алчаак эле, үй жыйнатсам заматта таптаза кылып жыйнап койчу. Өз боюн да өтө таза, тыкан алып жүрчү. Сыртынан жоош көрүнгөнү менен өз билгенин бербеген өжөрдүгү, жасайм дегенинен кайтпаган көктүгү, ошол эле мүнөзүнүн алдында кичипейил, жумшак, адамдын көңүлүн калтырбаган жаркын сапаттары билинип турчу.
Эч эсимден кетпегени - армияда жүргөндө мага кат жазып, барактын артына менин сүрөтүмдү тартып жөнөтчү. Атасынын баянын алып "Алтын апа" деген ырды ырдап калчу. Өзү күн сайын эртең менен телефон чалып "апа, кандай турдуңуз, абалыңыз кандай?" деп сурап, Көлгө машыкканы барса мени ала барчу. Ал тоолорго чуркаса артынан машыктыруучу экөөбүз машине менен ээрчип алчубуз, сууга түшсө мен да бутумду сууга салып алып карап отурчумун. Жакындардын баарына "апама ким катуу сүйлөсө, ал менин душманым" деп айтып, мага катуу болушаар эле. Туулган күнүм 8-март, ошол күндү "эки майрамыңыз бир келди" деп өзгөчө белгилеп берчү. Бизге колунан келгенин жасап койду, бир эле арман өзү жок. Азыр капа болуп калган күндөрүмдө түшүмө кирип калат, дайыма калпак кийип жылмайып турганын көрөм. Раатбегим түшүмө кирген соң эртеси сөз жок жакшы адамдар менен жолугам. Негизи тез-тез эле экөөбүз тамак ичип аркы-беркини сүйлөшүп отурчубуз. Анан ошол күнү дагы кафеге чакырып калды. Барсам мени маңдайына отургузуп алып, көзү тойбой карап отурат. Ошондогу көздөрүн эстесем азыр жанымды коерго жер таппай кетем. Жамандыкты ким эле ойлосун, мурдагыдай эле аркы-беркини сүйлөшүп отурдук. Үйгө келгенде "бара бер, иниң Бакыт менен кирип кетем" десем, болбой өзү алып кирип пальтомду чечип отургузуп кеткен. Ошондо баламдын тирүү кезин эң акыркы жолу көрүптүрмүн. Жаркылдаган, эч бир кабагым-кашым дебеген жан эле. Баарына тегиз эле. Ичкүйдүлүк кылып адамдын артынан сүйлөчү эмес. Кыргыздын уулдарын дүйнөлүк аренага алып чыгам деген аруу тилектери бар эле. Баламдын жаш кеткенине өкүнөм. Кызым эгиз төрөп Раатбек, Бермет деген ысымдарды ыйгарганбыз. Кичинекей Раатбек чоңоюп келе жатат" деп илинген сүрөттөргө карап боздогон энеге улуу адамдар "ушундай баатырды төрөгөн бактылуу энесиң. Кыргыз элине чоң белек тартууладың. Раатбектей асыл уул кудайга да керек болгондур" деп кайрат айтып турушту.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??