presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чындык асманда эмес жаныңарда эле жүрөт
- 2011-жылы 5-сентябрда Нарын шаарынын тургуну Жумагүл Абдылдаеванын баласы Темирлан Асанакуновду балдар сабап кетишиптир. Арадан көп өтпөй эле менин уулум Фархад менен Адыл деген баланы милицияга алпарып суракка алышат. Себеби оор абалда жаткан Темирлан агасына Фархад сабады деп айткан имиш. Биз милицияда турсак жаш бала келип, мен медколледжде окуйм, кечээ биз Темирланды сабап кеткенбиз, жүрөгүм чыдабай өзүм милицияга келдим, мен намаз окуйм, Кудайдан корком деди. Ал жерден милициялар дагы кайсы балдар бар экенин сурап дароо такташты да, Фархад менен Адылдын ал окуяга тиешеси жок экенин угуп кое беришкен. Арадан алты күн өтпөй 11-сентябрда Темирландын агасы Жолдошбек стадионго Фархадды чакырат. Ал жерде эки бала менен күтүп туруптур. Темирландын телефонунда сенин номериң бар экен сен ошол сабаган балдардын арасында барсың деп ур-тепкиге алышат. Ал жерден Фархаддын чекеси жарылып, качып үйгө араң келет. Үйгө келгенде милицияга кабарласак невропатологго жолдомо бериптир. Нарын облустук ооруканасына көрүнгөнү барсак Ж.Абдылдаева бар экен, сен менин уулумду сабады деп милицияга бердиңби, ушул балам айыгып кетсин, карап тур, алдагы балаңды карматпасам элеби, мен революциянын баатырымын деп кыйкырып, кекенип калган. Чындыгында ошол учурда Темирландын абалы оор болчу. Баласынын абалы оор болуп атса аны ого бетер стресс кылбайлы деп кетип калдык. Ошентип сентябрь-октябрь айлары өтүп кетти, Фархаддын башы ооруп аткандыктан, Бишкекке алпарып көргөзөлү дедик. Бишкектен Фархаддын кан басымы көтөрүлүп Чүй облустук ооруканасына Ысык-Ата районунун "тез жардамы" менен келип жатып калды. Бир күнү милициядан телефон чалып, Жумагүл Абдылдаева баламды Фархад муунткан деп арыз жазганын кабарлашты. Тергөөчүгө Фархад ооруканада экенин айтсак, ал өзү келип көрүп кеткен. Ошол учурда менин эки бир тууганым өлүп, сөөктү коюп атканда келгендер Фархад издөөдө деп сүрөтү илинип турат дегенинен милицияга өзүбүз барганбыз. Начальниги үч эле күн сурак берет деген. Бирок революционер аял бул баланы кармабасаңар мен пикетке чыгам деп кыйкырды.
Нарын шаардык сотунун судьясы Медер Султаналиев бул ишти иликтеп, күнөөкөр балдардын биздин арабызда Фархад байке жок болчу дегенин, анын күнөөсү далилденбегенинен актап чыгарган. Бирок ошол жерден прокурор Фархадды күнөөлүү деп туруп алды. Акыры Нарын облустук сотко жазып, алар биртопко чейин созушту. Кармалган балдар сот учурунда да Фархад жок болчу, биз Кудайдан коркобуз, бул байкени милициядан гана көрдүк, бул жөн эле жатат деп айтышты. 28-январь күнү Нарын облустук соту аны 13 жылга эркинен ажыратып, 100 миң сом Жумагүл Абдылдаевага төлөнсүн деп чечим чыгарды. Бул ишти караган Арстан Шайзындаев деген сотко "бул эмне кылганың, ал жердеги күнөөкөр балдар Фархад жок болчу деп атышпайбы, эмне үчүн алардын сөзүн эске албайсыңар" десем, ал Жогорку сотко жазыңыз деди. "Ак баланы сен каралап атасаң, мен сотторго деле ишенбей калдым, Жогорку сот деле акыйкат карарына ишенбейм" десем, "эже, мени деле туура түшүнүңүзчү, сотторду кайра тандоо болуп атат, Ж.Абдылдаева артыман арызданам деп жанымды койбой атпайбы, болбосо жеп аткан нанымдан ажырап калам. Жогорку сотко жазсаңыз мен балаңызды кутултуп берем, ал жерде таанышым бар. Берки Жумагүл эже берчүсүн Атамбаевге берип жатат, мен уулуңуздун ак экенин билем,тигил жактан кысым болуп атпайбы" деди. Токтоно албай калдым. Барбаган жерим, жазбаган арызым калбады. Президент Атамбаевге эки жолу, Саляновага, депутаттарга жаздым. Колумдан келишинче акыйкат издеп таппадым. Баары ак экенин көрүп туруп эле көргүлөрү келбеди, тиги революционер аял келатат деп мени сыртка чыгарып коюп жатышты. Мен акыйкат издеп чырылдап атсам, ошол жердеги тергөөчү Марлен Өмүрзаков "эже, кыйын болсоңуз ошентип революционер болуп Атамбаевдин ишенимине кирип албайсызбы ызылдабай" деди. Менин ызамды жеткиришти, көтөрө албай калдым.
Мен өзүмө өрт коюп ооруканада жатканда адвокат менен жолдошум экөө Нарын облустук соттон өкүмдү алып келип Жогорку сотко, Президентке жазалы десе облустук соттун секретары бизге керектүү күбөлөрдү протоколдон алып салыптыр. Кайра убара болуп алыс жол тартып протоколду толук алып келүүгө жөнөштү. Фархаддын бир баласы бар, келинчеги кош бойлуу эле, анысы стресстен боюнан түшүп калды. Өзүм 2-3-даражадагы күйүк алыптырмын. Сыртымдын күйгөнү билинген жок, ичимдин күйгөнү басылбай атат.
Арстанбек ШАЙЗЫНДАЕВ, Нарын облустук сотунун төрагасынын орунбасары:
"Бул баланы актаганга негиз жок болчу"
- Бул ишти Нарын облустук сотунан мен карагам. Күнөөлүү Орозакунов Фархаддын жеңилдетүүчү жагдайлары жок болчу. Анткени ал мурда уурулук боюнча шарттуу түрдө эки жылга кесилген. Андан тышкары жабырлануучу Темирлан кылмыш убагында 18ге чыга элек жаш өспүрүм бала эле. Жабырлануучу Темирлан Орозакунов Фархад мени балка менен башка чаап муунткан деп тергөөнүн башынан аягына чейин айтып келген.
- Кылмышка катышкан төрт бала Фархад Орозакунов бул окуяга катышкан эмес деген көрсөтмө берген турбайбы?
- Бул боюнча кылмышка күнөөкөр беш бала Фархад окуяга катышкан эмес деп айтып атышат. Анын себеби болуш керек. Анткени ал балдар мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. Орозакунов Фархаддын агасы Орозакун уулу Нурлан мурда алты жолу соттолгон. Ошол убакта Орозакун уулу Нурлан 2012-жылы соттолуп жети жылга эркинен ажыратылып, Нарын шаардык СИЗОсунда отурган. Бул кылмышкер төрт бала да ошол СИЗОдо отурушкан. Эми түрмөнүн артында өздөрүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Ошондуктан жаш балдар Орозакун уулу Нурландан коркконунан Фархадды айткан жок деген жыйынтыкка келдик. Жабырлануучу болсо соттук психологиялык экспертизадан өтүп, акыл-эси ордунда, өзүнүн аракеттерине жооп бере алат деп чечтик.
- Соттун жыйынтыгы чыкканда Фархад Орозакуновдун апасы жолугуп, бул эмне кылганыңар десе, "эже, мен балаңыздын ак экенин билип турам, Жогорку сотко арыз жазгыла, мен силерге жардам берем" деген экенсиз?
- Мен өкүмдү окугандан кийин соттолуучуга мазмунун, даттануу тартиби түшүндүрүлөт да. Ошол боюнча мен эч кимди кабыл албайм, эч ким менен контактка барбайм. Алар менен контактка барган эмесмин. Эгер ошол сөзүмдү диктофонго жаздырып алып факты кылып көрсөтсө алып чыксын. Мен өкүмдү жалгыз чыгарбайм. Аны коллегия менен чыгарабыз. Бул облустук сот чечими чыккандан кийин ал күнөөлүү эместигин Жогорку сотко жазып арызданса болот. Фархад мурда соттолбосо, жабырлануучу көрсөтпөсө бир жөн. Жабырлануучунун көзү тирүү. Ал өтө оор абалда болуп, 3-4 айдан кийин ооруканадан чыккан. Аны балка менен башка чапканда мээси сыртка чыгып калган. Бирок ошол окуя болгондо жабырлануучунун агасы келген. Кылмышкерлер аны өлдү деп таштап кетишкен. Агасы анын жанына келгенде жабырлануучу эсине келип Опондун баласы Паки балдар менен келип өмүрүмө кол салды деп айткан. Нарындыктар Орозакунду Опон дешет, баласы Фархадды Паки деп билишет. Бул бала убагында медициналык жардам көрсөтүлгөндүн натыйжасында гана аман калган.
- Темирлан мурда революционер аялдын баласымын деп жаш балдарды тоноп жүрчү деп күнөөлөп жатышат?
- Иш боюнча жабырлануучу Темирлан Асанакунов башка балдарга опуза көрсөткөндүгү тууралуу расмий арыз бизге түшкөн эмес. Сот кылмышкерге коюлган айыптын негизинде гана соттойт. Фархад Орозакунов тергөөдөн качып алты ай карматпай жүргөндүгү да чындык. Биз издөө жарыялагандан кийин гана кармалган.
- Алар ооруп жатканда издөө жарыяланганын билип өзүбүз келгенбиз, тергөөчү келип кеткен деп атышпайбы?
- Тергөөчү барып көрүп кеткени тууралуу маалымат жок, болгону издөөгө туш болгону тууралуу гана маалымат бар. Соттолуучунун энесинин деле адвокаты бар болчу, арыз жазып Жогорку сотко мыйзамдуу түрдө кайрылышса болмок. Акыркы чекитти эми Жогорку сот коет. Негизи кандай болгон күндө да бир тарап утулат, бир тарап утат. Ар биринин өзүнүн чындыгы бар.
Жумагүл АБДЫЛДАЕВА, жабырлануучу Темирлан Асанакуновдун энеси:
- Мен Фархад Орозакуновдун күнөөлүү экенине ишенем. "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" болуп актанып жатышат. Бул бала мурда деле өкмөткө чоң зыян келтирип, уурулук кылып кесилип келген. Ошол окуядан кийин булар менин бир балама шантаж кылып, студенттер күнүндө Фарида деген кызын сенин Дамир деген балаң муунтуп, бычак такаган деп күнөөлөп чыгышты. Бирок студенттер андай болгон эмес деп көрсөтмө берип, баламдын иши жабылды. Бул аял ар кандай варианттарды ойлоп жатат. Ал эми Темирланды сабаган балдар биз жөн эле коркутуп коелу дегенбиз дешет. Эмне себептен коркутуп коелу дегенин айтышкан жок. Менин уулум Темирлан спортсмен болчу. Булар ошол күнү үйгө кечинде дубалдан секирип түшүп, анын жалгыз экенин билип, уктап жаткан жеринен кол салышкан. Баламдын чекесине балка менен чаап, жип менен муунтушкан. Бул аял эмне үчүн Ак үйдүн алдына өрттөнөм деп шантаж жасап жатат? Ар бир адам кылган кылмышын мойну менен тартыш керек. Бул эл баатыры болуп элди коркуткан деп айтып атыптыр. Мен элди коркутпайм, антип көргөн эмесмин.
Темирланды аеосуз сабашкан, аны чекеге балка менен чапканда баш сөөгү сынып, мээси көрүнүп калган, сегиз тиши күбүлүп, акыреги, бир буту сынган. Башына операция жасалып, чекесине пластик коюлду. Алар Темирланды өлтүрдүк деп кетип калышкан. Дагы ошол кезде жардамга келген дарыгерлерге ыраазымын. Мен да жөн отурбайм, бул иштин аягына чыгам. Жогорку сотко мен да арызданам. Мен өзүмдү коргоп жаткан жокмун, ак жерден аеосуз сабалган баламдын укугун коргоп атам.
Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??