presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ыйманды, соопчулукту соодага айландыр-багыла

Майып балдарды, интернатта тарбияланган балдарды үй-бүлөдө тарбиялаш керек деген бейөкмөт уюмдары балдар үйлөрүн жабуу керектигин айтып келишет.
Бул маселе канчалык деңгээлде ишке ашат, балдар үйлөрүн жабуунун негизи барбы деген суроо менен тиешелүү адамдарга кайрылып көрдүк.

Асипа МУСАЕВА, майып аялдар коомунун президенти:
"Үй-бүлөнүн, эненин азабын бейөкмөтчүлөр түшүнбөйбү?"
- Бейөкмөт уюмдар майып балдарды интернаттарда кармабай, аны баккан ата-энеге кошумча пулду көбүрөөк төлөп берсе пайдалуу деген сыяктуу сунуштарды айтып жатышат, сиз буга кандай көз караштасыз?
- Бул боюнча бейөкмөт уюмдарына да айткам. Алар интернаттагы ар бир балага 5000-6000 сом акчаны өкмөт бөлөт экен, аны ата-энеге берсе жакшы болмок деп чыгышты. Негизи майып баланы ата-эне үйгө бага албайт. Майып балдардын ар түрдүүсү бар. Кээси жеңил болсо, кээси өтө оор. Алардын аң-сезимин өнүктүрүү үчүн ар кандай мектептерге, ооруканаларга алпарып турушу керек. Аны дайыма алпаруу, карап туруу, үйүндө кармап отуруу да оор. Өкмөт ошондой балдардын энесине 5000-6000 сом төлөсө деле бул акча аларга жетпейт. Бейөкмөт уюмдары ошондой майып балдардын энелерине мониторинг жасады бекен? Ага ата-энелер макулбу, үйдө шарты барбы, кээ бирөө чынында күнүмдүк турмушу үчүн жанталашып иштешет, анын майып баладан бөлөк да балдары бар. Андан тышкары майып балдары бар майып энелер бар. Бирөө он сегизге чыкканча майып баласын бакты, аягында өзүнүн баласына алы келбей, жакында айла жок майыптар үйүнө өткөрдү. Себеби майып балдарды баары бир эртеби-кечпи интернатка өткөрүүгө туура келет. Майып бала үйдөгү калган үй-бүлө мүчөлөрүнө да таасир этет экен. Өзүнүн энесине да психологиялык жактан терс таасир берет. Эне майып баласын таштап коюп эч жакка баралбайт, аны кошо ээрчите албайт, таштайын десе бир туугандары да карабайт. Ошонун баарын иликтебей эле чет өлкөдөн алган акчаны акташ үчүн бейөкмөт уюмунун мүчөлөрү жөн эле сүйлөп жатышат.
Чет өлкөлөрдө экономикалык, социалдык абал бизден алда канча жогору турат. Алар өнүккөн калк болгону менен менталитети такыр башка. Майып балдарды чет өлкөдө кандай багарын көрүп келдим. Мүмкүнчүлүгү чектелген баланы деле энеси бакпайт экен, акчасы көптөр акча төлөтүп башкаларга бактырышат. Көпчүлүгү атайын майып балдардын борборун ачып, ошол жерге кармап, эртең менен калтырып, кечинде алып кетет. Буга деле өкмөт анча чоң каражат бөлбөй, субсидия бөлөт экен, бирок алар өздөрү донор табышат. Ал жакта донор көп. Кичине акыл-эси жакшыраактарына кол өнөрчүлүк үйрөтүлөт. Бизде деле атайын акча төлөп майып балдарды караган борборлор бар. Алардын жарымын ата-энелер, жарымын донор таап төлөшөт. Бейөкмөт уюмдарынын айтуусу боюнча интернаттарды жаптырып салган оңой, бирок түбү эмне болот, аны изилдешкен жок. Бизде кээ бир майып балдар өтө оор абалда, аларды ким алат? Ата-энеси аны бага алабы? Андан тышкары, үйдөгү майып баланы сөзсүз бирөө карап турушу керек. Балдар интернаттарын жабыш керек деген сунуш айтып, атүгүл жаңы жылдан бери атайын интернатка албай жатышыптыр, кайда алпарабыз деп мага кайрылгандар да болууда.
- Майып балдарды атайын интернаттарга кабыл албай калса, аларды баккан ата-энесине кошумча пул төлөнөт бекен?
- Азырынча алардын пенсиясы көбөйдү дегенди уккан жокмун. Мисалы, азыр ар бир майып бала 3000 сом пенсия алат, он сегизге чыкканда да кошумча уланат. Бул акча эмнеге жетет? Бул маселени өкмөт чече элек. Өмүр бою майып баланы багып эч жерде иштебеген эне деле эң төмөнкү пенсияны алат. Майып баланы үйдө багып чоңойтту дейли, ал бала чоңойгондо эч кимге батпай калат. Аны кайда алпарат? Канттан бирөө майып баламды кайда алпарарымды билбей калдым, балдарымдын баарын бөлдүм, ушул баламды көзүмдүн тирүүсүндө үйлөнтсөм дейт. Чынында ага ким чыгат? Майыптарга үй-бүлө күткөнгө деле болбойт.
Акыл-эси толук эмес майыптар эч кимге кереги жок болуп калат. Энеси өлүп калгандан кийин алар көчөдө калышат. Ошондуктан булар майыптардын түпкүлүгүн ойлобой жатышат. Мисалы, мага бир аял келген, кызы башынан жабыркаган майып экен. Жөнөкөй дени сак кыздарга караганда майыптардын сексуалдык талабы өтө тез күчөп кетет, кармана албай калышат дейт медиктер. Эркек балдардыкы да коркунучтуу, алар башынан жабыркашат, энесине да жулунушу мүмкүн. Алар бир нерсени максат коюшса ошону алмайынча жандары тынбайт экен. Ушундай балдарды үйдө кармоо өтө оор. Бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү андай балдар менен иштеген жок, ошондуктан алардын түйшүгүн билишпейт. Алар соо балдарга деле, майып балдарга деле тыюу салышат. Бир нерсени бүлдүрүү, жаап салуу оңой, бирок кайра калыбына келтирип ачуу кыйын. Андыктан баарын таразалап иш кылуу шарт.
Нуржан КАСЫМБЕКОВА, майып баласы бар жалгыз бой эне:
- Бир чети майып балдарды баккан энелердин эмгегин баалап, өкмөт жетишерлик каражат бөлсө туура болмок. Бирок балдар үйлөрүн жабуу боюнча бейөкмөт уюмдарынын айтып атканын угуп мен да туура көргөн жокмун. Себеби майып балдардын оорусу ар кандай. Кээ бир балдар өтө эле оор абалда болушат, денесин кармай албай, ата-энеси көтөрө да албай калышат. Аны Токмок шаарындагы майып балдардын интернатында беш жашка чейин чоңойтуп беришет. Беш жаштан баштап Беловодскидеги балдар үйүнө кетишет. Менин да балам оорулуу болгондуктан ушундай майып балдардын интернатына волонтер болуп жардам берип жүрөм. Токмок жана Беловодскидеги майып балдардын тарбиячылары менен бирге алтымыш баланы алып Ысык-Көлгө барганбыз. Ошондо мурда мойнун токтото албай, кашык кармай албаган балдар да кашык кармап жакшы болуп калышканына күбө болдум. Бул ошол балдар үйүндөгү кызматкерлердин эмгеги. Балдар үйүндөгү социалдык кызматкерлердин ар бири өз ишин жасашат. Массажист балдардын денесин укаласа, медайым аларды текшерет, психолог да өз ишин алпарат. Айтор ал жерге барган бала комплекстүү көзөмөлдө болуп турат. Дарылары убагында берилет. Ал эми майып балдардын көбүнүн атасы жок, энеси менен жашашат. Жалгыз бой энелер балдарды багуу үчүн иштеш керек. Баласына жеткиликтүү деңгээлде көңүл бура албай калат. Андыктан балдар үйү, өзгөчө майыптар интернаты сөзсүз керек. Ушундай баланы баккан ата-энеге абдан оор. Казакстанда биздей болгон майып балдардын ата- энелери жөлөк пулга 450 доллар алышат экен. Мындай балдарды баккан эне стресске кабылат.
Эдил БАЙСАЛОВ, Социалдык коргоо жана өнүктүрүү министринин орунбасары:
"Бейөкмөт уюмдарга ишенбегиле"
- Майып балдар жашаган интернаттарды жоюу маселеси бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү тарабынан козголуп жатты эле, бул маселеге министрлик кандай жооп берет?
- Балдар интернаттары боюнча оптимизация планы деген иштелип чыккан. Бул былтыр жазында башталып, декабрь айында өкмөттүн токтому менен бекитилген. Ошондон кийин интернаттар жабылып, жоюлат имиш деген кеп тарап кетиптир. Негизинен бул жерде эки маселе бар. Биринчиси, балдарды интернаттарга жөнөтүп коюш оңой маселе болбош керек. Анткени ар бир баланын балалыгы үй-бүлө, ата-эне мээримин алуу менен өтүш керек. Мисалы, мурда социалдык коргоо кызматкерлери же жергиликтүү айыл өкмөтү көйгөйлүү үй-бүлөнүн баласын өздөрү чечип туруп эле бул баланы интернатка жөнөтүш керек деп жиберип салышчу. Ошонун эсебинен интернаттагы балдардын санын көбөйтүп жиберген. Үй-бүлө муктаждыгын ошол жерден чечип койбостон аны оңой жол көрүп интернатка жөнөтүп, баланы багып атабыз деп көнүп алышкан. Ата-энелер да ошону оңой көрүп алышкан. Алар баланы оңой эле бир жерге өткөрүп, буюмдай же малдай мамиле кылышкан. Баланы адамдай тарбиялаш керек. Андан тышкары ошол эле учурда интернаттардагы балдардын саны көбөйүп кетип, көзөмөлдөн чыгып кетиптир. Интернаттардын көбүндө баягыдай жетимдер, атайын муктаждыктагы балдар жок. Ошол чоң интернатта мисалы, 10-20 чакты жетим же кароосуз балдар жашаса, ал жерге мугалимдердин балдарын каттап жазып балдардын санын көбөйтүп, анан 50 баланын тегерегиндеги интернатта 120-150 киши штатта иштеп турган. Интернатка кеткен көмүр, электр энергиясы, тамак-ашы, кызматкерлерге төлөнгөн маяна ж.б. сыяктуу чыгымдар да көп.
- Мындай интернаттарды көзөмөлдөө кайсы министрликтин мойнуна жүктөлгөн?
- Интернаттарды Билим берүү министрлиги карашат. Албетте интернаттарды оптимизация кылып текшерип, кээ бир ашыкча катталып жүргөн балдарды жоюп тартипке келтиришибиз керек. Бейөкмөт уюмдары эле эмес, мурунку өкмөттүн жетекчилеринин арасында балдар үйлөрүн жоюп, ата-эне багыш керек деп демилге көтөргөндөр да болгон. Балдарды багуу милдетинен мамлекет баш тартсын дегендерге каршымын. Мындайга биз жол бербейбиз. Ал эми бул чөйрөдөгү үнөмдөө жолдорун карашыбыз керек. Жер-жерлерде жакыр жашаган үй-бүлөнүн балдарын колунан жула качып балдар интернатына өткөрбөй, аларга жардам бериши керек. Жакында теледен жакыр жашаган үй-бүлөнүн ата-энесин күнөөлөп, ата-энелик укуктан ажыратып, балдарын интернатка өткөрүп салышканын көргөздү. Биз мынчалык аша чаппай, тескерисинче кыйналган ата-энеге жардам беришибиз керек.
- Балдар үйүн жапканга негиз барбы, бейөкмөт уюмдар мындай интернаттарды жаап, ал жерге кеткен каражатты ата энелерге берген оң дешүүдө?
- Балдар үйүн жапканга негиз жок. Бейөкмөт уюмдарына ишенбегиле. Акыркы жылдары кээ бир адамдардын аша чапкандык аракети мода болуп кетти. Мурдагынын баары начар, мен эле билем деп бир заматта баарын балталап салгылары келишет. Өмүрүндө бак тикпеген кишилер ушунчалык килейген мамлекеттик системаны өзгөрткүсү бар. Өкмөт андайга барбайт, баарын таразалаш керек.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??