presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Элмирбек ИМАНАЛИЕВ,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"Бакытыңды ырдан издеп келесиң,
Бакыт ырда эмесин кеч сезесиң"
- Эмике, сен үчүн чыгармачылык кризис деген эмне? Чыныгы чыгарма жаратайын деп изденген, закымдарды кууган таланттар чыгармачылык кризиске тез-тез туш болуп турса керек.
- Мен чыгармачылыктагы кризисти сыртынан кадимки эле акчанын кризисине окшош деп салыштырат элем. Айрыкча шаарда тыйынсыз калуу бул өтө кыйын эмеспи. Бирок ичинен алып карасак чыгармачылык кризис өтө коркунучтуу. Себеби жандүйнөңдү толтуруп турган дем, шык бөксөрүп калган учурда анын ордун башка бирдеме ээлейт. Керек болсо ал бош орунду айбанчылык, зөөкүрчүлүк ээлеп алышы да мүмкүн. Кээде кадимки эле атың өчкүр ичкилик ээлеп алат дегендей. Же өзүңдөн өзүң кыжаалаттанып жүрүп ыпыр-сыпыр пастыкка барып коесуң. Негизи чыгармачыл кишинин көкүрөгү дайыма толуп, жараткан чыгармасына өзү канааттанып турган учурда гана бийик. Тарыхты карасаң деле улуу сүрөтчү Ван Гог өзүнүн кулагын өзү кесип ийип, андан башка да не деген даанышман ойлорду айткан акындардын, сүрөтчүлөрдүн, айтор, таланттуу инсандардын арасында өзүн өзү асып өлтүргөндөр көп болгон. Карап көрсөк алардын жазганы, айтканы кандай бийик, парасаттуу, акылдуу. Бирок жогоруда айткандай пастыктарга барып коюшуп атпайбы. Алар мындай кадамга чыгармачылык кризистен улам барган да. Айтор бул маселени так, таамай айтуу кыйын. Чыгармачылык киризис ошол адамдын аң-сезимине, деңгээлине жараша ар кимге ар кандай келиши мүмкүн.
- Мисалы, жеке сен үчүн чыгармачылык кризис кандай болот?
- Мен чыгармачылык кризиске учураганда жаратылышка чыгып кетем же дагы башка ушундай нерселерди жасайм дегенден алысмын. Туура, сүйлөшкөнгө адам тандап калам. Мындай бир мээмдин уктап калган жерин ойгото турган, бөксө жеримди толтура турган адамдар менен гана сүйлөшүп каларым чын. Бирок алардын баары эле чыгармачыл кишилер болбойт. Кээде суйсалып сулуу кыздар отурган кафелерге барып деле аларды карап алаксыган учурлар болот.
- Чыгармачыл инсандарды коомдо болуп аткан окуялар, бир кездеги баалуулуктардын өзгөрүшү, башаламан идеялар да чыгармачылык кризиске туштуктурушу мүмкүнбү? Дегеним, учурда жалпы эле кыргыз адабиятында, маданиятында, искусствосунда кризис болуп тургансыйт.
- Менин жеке оюмда муну эки жааттан караш керек. Мисалы, биз кандайдыр бир калыпка көнгөнбүз. Аны аң-сезимдин чен-өлчөмдөрү деп коелу. Тактап айтканда, биз чектен ашкан окуяларга "о кокуй, бул эмне деген жосун, ушундай кантип болсун" деп замандын улам жаңырып ачылып аткан беттерин, болгондо да биздин акылга туура эмес келген жактарын өзүбүзгө сиңире албайбыз. Идеологиянын калыптанбай, чыныгы чыгармалардын таанылбай жатышы бизге маңкуртчулук деп эсептелет. Коомчулук тарабынан чыныгы таланттардын баркталбай калышы чатак иш. Байкап көрсөң чыныгы ырлардын окурманы аз, чыныгы таланттарга колдоо аз. Бул жаман көрүнүш. Мындай нерсе акырындан адамдын аң-сезимине тескери таасирин тийгизип, акыл, сезим майып боло баштайт экен. Бул биздин чөгүп баратканыбыз. Азыр көп кишилер, кээ бир улуттун каймактары деген инсандарыбыз "коомдун талабы ушундай болуп атат, андан калбаш керек, ырас, кайсы бир ырчынын концертине эл көп келип атабы, демек коом аны талап кылып атыптыр, ушул китеп жакшы окулуп атабы, демек ал заманбап жазуучу, тиги гезиттин нускасы көппү, анда алар коомдун талабына ылайык иштеп атат" дей башташты. Бирок эми бу жерде маселе башкада да, чыгармачыл интеллигенциянын милдети элдин көркөм табитин жогорулатуу. Белгилүү театр реформатору Станиславскийдин "искусство элди ээрчип кетпеш керек, элди ээрчитиш керек" деп айтканы бекер эмес да. Бир-экиден болсо да элди ээрчитиш керек.
- Акыркы жыйырма жылда акын-жазуучулардын арасында заман капшабына кабылып жок болуп же толук ачылбай калган таланттар көп болду. Кыргыз музыкасы деле ушундай акыбалга туш болуп, натыйжада жүрөктүн эмес кулактын ырлары басымдуулук кылып, "жылдыздары" көп өлкөгө айланып калдык окшойт...
- Мен бир нерсеге токтоло кетейин, өзүм шаарга келгенден баштап Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда окудум. Ошондо 1992-1993-жылдары биз менен чогуу окууга тапшырган группалаштарыбыздын арасынан азыр белгилүүлөрүбүз Токтобек Асаналиев, Сыймык Бейшекеев, (Сыймык бизден бир курс кийин окучу) Мунарбек Чобиев, Элмира Кайып кызы, Кенже Кубатова, талантына аябай суктанган, сыйлаган башка бир нече улан-кыздар бар эле. Ошолор ал кездеги чөккөн турмуштун айынан, адамдардын акырындап жардыланып бараткан жандүйнөсүнөн улам эле өнөрлөрүн таштап, жоголуп кетишти. Таластан Венера деген кыз бар эле. Менимче дастан айтуу боюнча анын үнүндөй үн жок болчу. Кийин да кезиктире элекмин. Ал айылына кетип ошол боюнча дайыны чыкпай калды. Оштон келген Феликс Кенеев деген жигит бар эле. Ал чоң обончу болмок. Ошондо эле анын ырлары кадимки Рыспай, Түгөлбай, Асанкалый агаларыбыздай нагыз обончулардын жолунда эле. Ал Россияга кетти. Мен замандын айынан таланты ачылбай калган бир-эки эле талантты айттым. Биз эгер улут катары жок болуп кетпейли, мамлекет катары сакталалы десек, анда бул маселени жалпылап ойлонбосок болбойт. Чыгармачыл интеллигенция ойгонуш керек.
- Чыгармачыл интеллигенция демекчи, бул топ эгемендик жылдары жигердүү боло алган жок. Аларга караганда саясатчылар, ишкерлер, бандиттер алдыңкы планга чыгып жаштарга идеал боло алды. Учурда чыгармачыл интеллигенция барбы?
- Чыгармачыл интеллигенция ар бир заманда болот. Биз аларды байкабайбыз. Жөөлөп өтүп жүргөн чыгарбыз. Турмушубуз базар болуп кетти. Ак үйүң да, жөн үйүң да, жолуң да, окууң да базар. Мындайда алар түрткүнчүк болуудан, тебелендиде калуудан качып көрүнбөйт экен. Биз жазуучу эмнени айткысы келип атканын, обончу эмнени ырдагысы келип турганын баамдабай жатпайбызбы. Анан мөлтүрөгөн таза нерселердин баары алардын өзү менен кошо кетип атпайбы. Бул дүйнөнүн кирдеп баратканынын белгиси. Бизди жетелей турган адамдар бар, биз аларды көрбөй жатабыз. Мисалы, "Жүз жыл жалгыздыкта" деген китепти жазып дүйнөнү дүңгүрөткөн кадимки Маркес убагында болгон оокатын, керек болсо аялын да күрөөгө коюп атып эптеп бир китебин чыгарыптыр. Ошондо да анын китебин окуп коюшкан эмес. Убагында көрүнбөй кала турган таланттар көп. Мисалы, аттуу-баштуу кишилерден Айтматов бизди канча жетеледи.
- Эми Эмике, буга чейин сени төкмө, актер, аткаруучу, обончу катары билчү элек жакындан бери жазма акын катары да биле баштадык. Поэзия деген сен үчүн эмне?
- Менимче дүйнө жүзүндө поэзия, махабат, өмүр, өлүм деген эмне деген суроолорго жооп табылбай келатса керек. Бул суроолорго чынында жооп жок. Алар башка бир ранга. Бул жаатка аралашып калганымдын себеби, мен комуз кармап эле төгүп ырдап кеткен эмесмин. Бала кезимден ыр жазып келгем. Ошол кезде окуган китептерим Алыкулдун, Байдылданын ж.б акындардын китеби болор эле. Ошолордун таасири менен качан мен ушул акындарга жетем деген кыял менен жашап жүрчүмүн. Азыр кээде төкмөлүк өнөрдө, ырчылыкта, обончулукта айта албай калган ойлорумду, сезим ыргагын ушу поэзияда айткым келет окшойт...
- Эмнеден коркосуң?
- Коомдогу болуп аткан психологиялык абал кээде өзүмдөн да байкалып калат. Мен кийинчерээк чындап таарына да албай, сагына да албай бараткансыйм. Кээде жүрөк ооруткан окуяларга кайдыгер карагансыйм. Азыр тээ бала кездегиге караганда биртоп мерезмин. Мен ушундай сезимсиздиктен корком.
- Элмир мырза, анда эмесе сөзүбүздү сенин калемиңден жаралган ырлар менен аяктайлы...







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??