presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кубатбек Жусубалиев:
"Биз жердин өтө ташбоор балдарыбыз"
Түбөлүктүүлүктү элестетип акыйкат жолуна түшүп, биз дуулдап-чуулдап бараткан көрпенделик турмушубуздан ат чабым алыстап кеткен Кубатбек Жусубалиев кычыраган кыш күндөрүндө алыстан ат арытып келиптир. Буга кызы Жамбы Жусубалиеванын Кытайга болгон сапары тууралуу "Жер жөнүндө ыр. Кытай" аттуу көргөзмөсү себепкер болду. Жымжырттыкка, үнсүздүккө тунган, көп сүйлөөнү жактырбаган, унчукпоону жакшы көрүп калган Кубат акени сүйлөтүү оор болсо да керектүү суроолорубузду узатып калдык.


- Сиз Кытайдан кайтып келип эле Алайга аттанып кеттиңиз. Кытайга болгон сапар тууралуу пикириңизди уккубуз келип турат...
- Кытайга баргандан келгенче өзүмдү жакшы сезгеним жок, ооруп жүрдүм. Орусча айтканда, духовный физический формада болгонум жок. Пекинге барганда ооруп калдым. Анан ошо жерде бир Ли аттуу доктур бар экен. Ошол жерден мени үч күндө бутума тургузушту. Адамдын өзүнөн энергия чыгат. Денеде энергия жүрөт. Менин көкүрөгүмдөбү же белимдин бир жериндеби энергия топтолуп туруп өтпөй калыптыр. Ошол энергияны өткөрүшкөндөн кийин өзүмө келдим. Барган сайын, өзүмө келген сайын бир ай Кытайды кыдырыш мен үчүн улуу эмгек болду. Саякат деген адамдын ичин да, тышын да кыйнайт экен. Саякаттоо да эмгек экен. Кытай бардык жагынан өнүккөн өтө улуу жер экен. Машинелеринин баары газ менен жүрөт экен. Кудум газ баллондун үстүндө бараткандайсың. Бир жүргөндө да 100 километр жүрбөйбүз, 600-700 километр жүрөсүң. Саякатта байкаганым, Кытайдын руху, ички-тышкы абалы жердин абалына окшош экен. Себеби биздин жердин абалы өтө трагедиялуу абалда. Биз жердин өтө эле жаман балдарыбыз. Акылы жок, өтө эле дардаңбай, күйүмү жок, ташбоор балдарыбыз. Азыркы Жамбынын көргөзмөсү жер жөнүндө ыр. Жерди сүйүүгө чакыруу. Мен өзүм Жамбыга таңмын. Бүтүндөй бир ай бою тынган жок. Телевидениеге он кино дайындап берди. Мен өзүмдүн жаным менен алек болуп жүрдүм. Жамбы азыркы мезгилде, азыркы маалда жерге биздин, адамзатынын ушундай өтө акылсыз, өтө эле макулук, өтө эле көрсезим мамиле кылып жаткан учурда ушундай өзүнүн көргөндөрүн журтуна арнаганы бул кыздын адамдык касиетин көрсөтүп турат.
- Сизде дүйнөлүк улуу композиторлордун симфонияларынын коллекциясы бар деп угуп калдык. Анын ичинде Густав Малердин…
- Густав Малер. Ал башкача киши болгон. XVIII кылымдарда жашап өткөн. Ал качан өлгөндөн кийин атагы таш жарган. Өтө сезгич, ойчул киши катары бул чыгыштын байыркы акындарынын ырына обон жазган. Чыныгы великий адам катары Чыгыш менен Батышты духовный жактан бириктирген, ширеткен киши болгон. "Өлгөн балдардын ыры" деген ыры шумдук. Жер жөнүндө ыры да башкача өтө трагедиялуу симфония. Жердин кайгысы айтылат.
Вино в златом бокале нас манит.
Но я сначала песню вам спою!
И песня о печали прозвучит,
Вселяя радость в ваше сердце.
Когда печаль близка, душа - осенний сад,
Где умирает, вянет смех и песня.
Во мраке жизнь, во мраке смерть.
Пребудет вечно голубой свод неба,
Земля весной цветами будет распускаться.
Но век какой тебе, о человек, отмерен?
Не сотни лет ты будешь наслаждаться
Всей мишурою хрупкой в этом мире!
Биздики, Жамбыныкы такыр башкача. Кытайды көзүбүз менен көрдүк. Жүрөгүбүз менен сездик. Кытайдын ырын, ыйын илгертен биз менен болгон рух духунун байланыштарын. Жамбы ошону айткысы келди.
- Дүйнө жүзүнүн адамдары акыр заман болот деп бир дүрбөп алышты. Сиз буга кандай ой жүгүрттүңүз?
- Акыр заман деген былжыраган, келжиреген сөздөр. Бул адамзаттын духовный жактан алжыганы. Духовный жагынан ойлонбогондугун, кедейлигин, көрпешене, көрпейил экендигин, таш жүрөк экендигин билдирет. Жерди адамзаты канчалык сүйсө, Жер да адамдарга ошондой мээримин төгөт. Айбандык коркунуч менен дүрбөй бербей, адамдар жерди сүйүүнү үйрөнүш керек. Жердин каары бар. Бул адамзатынын жеткен жардылыгы.
- Азыр эл башына кайсы падыша келбесин баягы эле турмуш, көртирилик. Сиздин бүгүнкү күнгө үн катканыңыз керек сыяктанат?
- Эң улуу нерсе эң жөнөкөй нерсе менен байланышта. Асман менен Жер байланышта. Эң жөнөкөй келпийген киши эң жогорудагы Кудай менен бир. Балким анын жүрөгү таза болуп Кудай бизден жакшы көрөөр. Эң майда нерсе эң улуу нерсе менен байланышта. Менин көз карашым ушундай, бул ыйык философия. Адам ушуну түшүнгөндө гана сүйүү, акылмандуулук пайда болот. Ал менменсинбейт. Андай киши сен айткандай ааламдын мыйзамы менен жашайт. Жашап, бокко тойгон короздой болуп эле жүрө бербейт. Аны аткарат. Мисалы, мен кыргыздарга "укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба" деген улуу сөздү айтып отуруп жаман көрүндүм. Эй кыргыз, сен ушуну аткарбайсыңбы, сага Конституциянын эмне кереги бар? Идеологияң, илимиң, тарбияң да улуу болот, экономикаң таза болот эле го деп чарчадым. Биз улуу диндерди айтып эле кыйынсынып жүрөбүз. А бирок биздин кыргыздарда ушулардын баары бар экен. Кыргыздардын тилинде, макал-лакаптарында буддизмде болбогон, христиан дининде болбогон негиздер бар. Атаңгөрү, талпайып бу кыргыз билет экен го, кандай эле алдыларынан мышык ыйлап калды, кандай таркады деп ойлондум. Биз баарын жазуу аркылуу билип алдык. А мурун жазуу болгон эмес. Байыркы Кытайда кандай? Кытайда илим оозеки таркаган. Бизде да оозеки таркаган. А мен кандай таркаган деп изилдемиш болдум. Карап отурсам кыргыздын санжырасы улуу тарых экен. Себеби бул тирүү тарых экен. Кыргыздар бекеринен уруу-уруу болуп жашаган эмес экен. Мен канча айткан менен эски кишимин да. Менин оюмча чоң-кичине ар бир уруунун башчылары болгон. Эл ошого ишенип ошого баш ийишчү. Өлгөндө, жамандык-жакшылыкта ошолор башкарат эле. Үйлөнөөрдө же аялын кетирерде, дагы башка турмуштун урунттуу учурларында башчылар кийлигишкен, көзөмөлдөгөн. Ата-энесинин сөзүн укпагандарды жазалашкан. Менден бир муун мурункуларда эле ушундай болгон. Чычырканакка ороп өлтүрүшүптүр бир тилазарды. Демек кыргыздар "ууру кылба, ушак айтпа" деген принципти колдонушкан. "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" деген сөз бар. Ким алып берсин, эй.
- Өлүмдөн кийин өмүр бар экенине ишенесизби?
- Сократ чыныгы улуу акылман болгон. Кетип жатканда бул жакта калган адамдарга боору ачыган. Критон деген Сократтын окуучусу болгон. Сократтын өлөрүнө бир күн калганда Критон келсе, устаты таттуу уйкуда уктап жатат. Ойготкусу келбейт. Көпкө карап отура берет. Бир убакта Сократ ойгонот. Шакирти ушундай оор учурда кантип мынча таттуу уктадыңыз деп суроо узатат. Сократ болсо сонун түш көрдүм. Бир чырайлуу аппак кийинген аруу аялзат келип, "эй Сократ, сен үч күндөн кийин бул жерде болосуң" деп мага жарык дүйнөдө жок жерди айтты. Бирок ал жердин ушунчалык жагымдуулугу сезилип турду" дейт. Баарын карап тургандай эле Сократ өзүнүн кийинки өмүрүн көргөн. Баарын билген. Өлүмдөн кийин өмүр бар экенин биз болсо түшүнбөй кыйналып жүрбөйбүзбү.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??