presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Агартуу айдыңында
КР Билим берүү жана илим министри Канат САДЫКОВ:
"Мугалимдердин айлыгы азайган жок, тескерисинче жогорулады"
5-февралда КР Билим берүү жана илим министрлиги 2012-жылда жасалган иштер жана 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Убакыттан пайдаланып Канат САДЫКОВго айрым суроолорду узатууга үлгүрдүк. Мындан сырткары билим берүү тармагына тиешеси бар адамдардын да аталган министрликтин ишмердигине карата берген бааларына да орун бердик.


- Мектептеги окуу программасындагы айрым сааттардын кыскарышы мугалимдерди нааразы кылып жатат. Өзгөчө кыргыз адабияты сабагы кыскартылды деген маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынууда.
- КР жалпы билим берүүчү мекемелеринин 2012-2013-окуу жылына карата базистик окуу планы төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлдү. Окуу программасындагы сааттар 1200 сааттан 714 саатка чейин кыскартылды. Бул кыскартууларга тил, адабият сабактарынын эч кандай тиешеси жок. Мурда окуу программасындагы сааттар 1200гө чейин жеткен. Өзүңүздөр билгендей, PISA эл аралык уюму 15 жаштагы балдардын билимин текшергенде Кыргызстан 65 өлкөнүн ичинен акыркы орунду алган. Ошондон кийин атайын эксперттик топ мектеп билим берүүсүнө байкоо жүргүзгөн. Ошондо мындай артта калууга окуучулардын окуу жүктөмүнүн көп болуп жатканы башкы себеп экени аныкталган. Билим берүүсү жолго коюлган окутуу программасын Орусияда 900, Финляндияда 700 саатка чейин кыскартышкан. Мына ушул себептен бир катар предметтер бириктирилди. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде адам жана коом, экономикага киришүү жана адеп сабактары 9-10-11-класстарга бир предмет катары кирди. Эмгекке үйрөтүү жана чийүү сабактары 8-9-класстарга бир сабакка бириктирилген. Булар орус, өзбек тилинде сабак берген мектептерге да тийиштүү. Бул өкмөттүн токтому менен бекитилген. Кыргыз тили сабагы боюнча эч кандай кыскартуу болгон жок. Бир гана кыргыз адабияты сабагына бөлүнгөн 102 саат 68 саат болуп кыскарды. Негизи предметтер эч кандай кыскарган жок. Болгону сааттардын саны гана азайтылды.
- Сааттардын кыскарышы мугалимдердин айлыгынын азайышына алып келбейби?
- Эки жыл мурда мугалимдердин таңсыктыгы 3500 болсо, азыркы күндө мектептерге 1307 гана мугалим жетишпейт. Бир мугалим ооруп же башка себептер менен жумушка чыкпай калган учурда бирин-бири толукташат. Мурда бир мугалим 20 саат менен иштесе азыр орточо дептер текшерүү, класстык иштерди кошкондо 27 саат менен иштеп жатышат. Мурун эки ставка менен иштегендер 36 саат менен иштесе, бүгүнкү күндө мугалимдин мүмкүнчүлүгүнө жараша 30 саатка чейин уруксат берилген. Кыскасы, сааттардын кыскарышы алардын маянасына таасир этпейт. Муну эч кандай саясатташтыруунун зарылдыгы жок. Айрым депутаттар бул маселени апыртып айтып чыгууда. Мугалимдердин айлыгы учурда эч кандай кыскарган жок. Тескерисинче жаш мугалимдердин айлыгы 2,7 эсеге чейин жогорулады. Эгер жаш мугалим эки жыл мурда 26 сааттык программа менен 1300 сом айлык алса, азыр 7000 сомго чейин маяна алып жатат. Кээ бир мугалимдер 1,5-2 ставка менен иштеп биртоп эле акча алып жатышат. Мурда мугалимдердин айлыгына деп бюджеттен 4 млрд. гана сом бөлүнсө, учурда 8 млрд. сомдон ашык акча сарпталып жатат.
- ЖКнын Билим берүү комитети көтөрүп чыккан китепке деп бөлүнгөн 200 млн. сомдун тагдыры эмне болду?
- Негизи ЖК депутаттары маалыматтуу жар салуунун алдында ошол фактыны изилдеп чыгышса жакшы болот эле. ММКлар да бул боюнча туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Билим берүү министрлигиндеги каржы маселелеринин баары Каржы министрлиги аркылуу гана жүргүзүлөт. 2011-жылы Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн 200 млн. сомго министрлик тарабынан 47 аталыштагы китеп чыксын деген тизмесин гана бергенбиз. Тендер жана башка каржы маселелерине биздин министрликтин эч кандай тиешеси жок. Биз болгону керектүү китептердин кайсылар экенин жана канча нускада чыгарарын гана айтабыз. Жалпысынан быйыл 72 аталыштагы 3 203 890 окуу китеби чыкмак. Буга 200 млн. сом Бүткүл дүйнөлүк банктан, 100 млн. сом өкмөттөн бөлүнгөн. Кептин баары "Учкун" ААКсынын 13 аталыштагы 667 миң китепти кечиктирип чыгарганында болуп жатат. Учурда аталган китептер басмадан чыгып аймактарга жеткирилип жатат. Китеп басуудагы чыр "Учкундун" жетекчилиги алмашканда гана жолго коюлду.
- Сиздер кабыл алган стратегия эмне жыйынтык берет? 2020-жылы окуучулардын деңгээли момундай болуп калат деп программага конкреттүү жазылганбы?
- Өнүгүү стратегиясы үч этапка бөлүнгөн. Биринчи этап 2012-2014, экинчи этап 2015-2017 жана үчүнчү этап 2018-2020-жылдарда ишке ашат. Стратегиянын алгачкы этаптарында ишке ашыруунун механизмдери иштелип чыгат. Ал эми акыркы этапта жыйынтыктарга жетише баштайбыз. Биздин стратегиянын негизги максаты окуучуларды билимдүү кылып тарбиялоо менен бирге эле алар алган билимдерин иш жүзүндө пайдалана билиши керек. Сабак берүүнүн ыкмасы, сабактардын мазмуну өзгөрөт. Жөнөкөй эле мисал, орус мектепти бүткөн окуучу же орус тилинде же кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албайт. Анткени сабактарда тилдин грамматикасы гана окутулуп келген. Ал эми биздин жаңы программада кыргыз жана орус тилиндеги мектептерде оозеки түрдө сүйлөй билүүсүнө басым жасалат. Ошол эле учурда тилдин грамматикасы да жогорку деңгээлде окутулат. Толук маалыматты министрликтин расмий сайтынан алсаңыздар болот.
- Эл аралык донорлордон алынчу гранттар кандай шартта жана канча жылга алынып жатат?
- Евросоюздан алына турган 17 млн. евро толук гранттык негизде берилет. Ал эми Эл аралык банктан келчү 16,5 млн. доллардын 60 пайызы гранттык негизде, ал эми 40 пайызы насыя түрүндө 0,1 пайыз менен узак мөөнөткө берилип жатат.
- Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы билим берүү тармагы эң коррупциялашкан тармак экени белгилүү. 2012-жылы сиздердин министрлик тарабынан коррупцияга каршы кандай иштер жасалды? Эгер жасалса конкреттүү фактылар менен токтоло кетсеңиз?
- Биздин негизги максатыбыз коррупционерлерди сот жообуна тартуу эмес. Биз болгону коррупциялык механизмдерге нормативдик документтер менен жоюуга аракет кылып келебиз. Мен жалпы республикалык тестирлөө боюнча эле айтып коеюн. Мурда ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алууда жылына коррупцияга байланышкан 10 чакты даттануу келип түшчү. Эки жылдан бери окууга тапшыруу мезгилинде бир дагы факт катталган жок. Ал эми мектептердеги коррупцияга мектеп фонддору шарт түзүп жатат. Мына ушул фонддордун ишин ачык жүргүзүш керек. Ал эми ЖОЖдордогу сессия убагындагы коррупцияга студенттер жана мугалимдер жоопкер. Биз коррупцияга каршы туруш үчүн ЖОЖдордо студенттин сабакка катышуусун жана сабакка болгон жетишүүсүн электрондук системага киргизип жатабыз. Азыркы учурда ЖОЖдордун жарымынан көбү ушул электрондук системага өткөн.
Уланбек ЭГИЗБАЕВ

- Билим берүү жана илим министрлигинин ишмердигин кандай баалайсыз?

Чолпон СУЛТАНБЕКОВА, ЖКдагы Билим берүү комитетинин төрага орунбасары:
- Эми аракет кылып жатышат, бирок реформа болуп жатат деп айта албайм. Билим берүү тармагында маселелер абдан көп. Мен жан башына каржылоо маселеси боюнча эле айтып коеюн. Бул реформа делгени менен алыскы аймактардагы мектептердин жабылып калышына алып келип жатат. Муну негизи чоң-чоң мектептерге гана киргизсе болот. Ал эми алыскы райондогу мектептерге тескерисинче ар кандай жеңилдиктерди берип колдоого алыш керек эле. Анан баса белгилеп айта кетчү нерсе министрликке китеп чыгарууга деп бөлүнгөн 200 млн. сомдун дайыны ушуга чейин жок. Анан мугалимдер айлык акы маселеси боюнча бизге дагы арызданып жатышат. Анткени маянаны 2-3 эсе көтөрдүк деген пиар кампания эле болуп калган. Эгер чын эле айлык жогорулаган болсо мугалимдер мектептерден качпайт эле да.

Чыңгыз ШАМШИЕВ, КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору:
- Биринчиден, 2020-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын кабыл алуунун өзү эле колдоого арзыйт. Бул стратегия менимче катардагы эле документ эмес. Билим берүү министрлигинин бул кадамын келечекти көрө билүүсү катары бааласак болот. Аталган стратегия бир гана билим берүү тармагына гана тийиштүү эмес. Анткени бардык тармактар келип эле билим берүүгө такалат. Андыктан министрликти колдош керек. Үч жыл аралыгында аталган министрлик өлкөдөгү туруксуздукка карабай билим берүү системасын реформа кылууга аракет кылып келет. Албетте катачылыктары да жок эмес. Жалпысынан министрликтин ишмердигин жогору баалайт элем. Мисал катары ЖОЖдордогу билим берүүнүн эки баскычтуу (бакалавр-магистр) системага өтүшүн белгилесек болот. Дагы бир жакшы саамалык катары сырттан окутуу бөлүмдөрүнө берилчү лицензияларга чек коюлушу мени кубандырат.

Салтанат АЛАКУНОВА, N№65 лицейдин мугалими:
- Мурда кыргыз адабияты сабагын орус каласстарга өз-өзүнчө топко бөлүп берчүбүз. Сабакта 15 эле бала отурчу, азыр 35 баланы бириктирип салышты. Кыргыз адабиятын 15 балага 45 мүнөттө араң түшүндүрчү элек, эми 35 балага кантип сабак өтөрүбүздү билбей калдык. Мен 20 саат менен 5300 сом айлык алып жатам. Эң максималдуу 24 гана саат менен иштейбиз. Анткени сааттар кыскарып, мугалимдерге саат жетпей жатат. Менин 2 саатым кыскарып азыр 18 саат менен араң иштеп атам. Ошондуктан мугалимдикти таштап башка жумушка кетип жатам. Мага окшогондор толтура. 2009-2010-жылдары жаңы иштеп баштаганда 36 саат менен 2500-3000 сом айлык алчумун. Айлык 2-3 эсе көтөрүлдү делгени менен саатты кыс-картып айлыктар кайра эле азайып калды.

Нурсултан АБДИМИТАЛИП уулу, 5-курстун студенти:
- Жогорку окуу жайды бүткөндөр жумуш таба албай кыйналып жүрүшөт. Министрлик ушуга көңүл бурса болмок. Бул боюнча кандай программалар бар экени белгисиз. Мындан сырткары мектептердеги сааттарды кыскарткан туура эмес. Анткени бул жумуш ордун кыскартууга барабар. Сабактар кыскарганда биринчи болуп жаш мугалимдер иштен ыргыйт. Ошентип мектептерде жашы улгайгандар гана калат.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??