№06, 08.02.13. • "Агым" гезити, кыргызча...
Амалбы же шамалбы?
Каримов Сохту соодалайм дептир
"Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2013-жылы 19-январда Сох анклавын Кыргызстанга сатаарын айтты" таризиндеги "Ар-намыс" партиясынын депутаты Турсунбай Бакир уулунун билдирүүсүн кечээ "Баракелде" маалымат порталы коомчулукка жайды. Буга улай депутат Сохту кыргыздарга сатуу демилгесин өзбек ажосу көтөргөнүн жана анклав бир нече миллиард долларга чейин бааланганын кошумчалаган.
Депутаттын сөзүнө шилтеме кылган СA-NEWS интернет редакциясы Ташкентке байланышып, Турсунбай Бакир уулу айткан маалыматтын чын-төгүнүн биле албай койгонун жазат. "Өзбек анклавын сатып алуу оңой эмес. Ислам Каримов канча сурап атканы белгисиз. Бирок Сохту расмий Ташкент 2 млрд. долларга бааларын эксперттер айтып атышат. Балким бул аракети менен өзбек лидери казынасын бекемдеп, кыргыз тарапты да тынчтандырайын десе керек" деп кошумчалайт СA-NEWS. Бирок азырынча Ташкент тараптан эч кандай билдирүү боло элек.