01.02.13 Ким ишенет?
"Оозун ачкан" Осмонов же кокуйлаткан корутунду

Кыргызстандагы эң ири Кумтөр алтын кенинин тегерегиндеги чуу далай фигуралардын чыныгы жүзүн ачат окшоп калды. Кумтөрдү иштеткен компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол койгон мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунушун киргизди. Ошол эле маалда бүгүнкү күндө Кумтөр боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгыш керек деп тызылдаган айрым саясатчылар кезинде бул келишимди мактап-жактап, Канадага чейин кат жазганы тастыкталды. Алардын бири - "ата журтчу" депутат Курманбек Осмонов.
Алгачкы келишимге ылайык 2003-жылдын аяк ченинде кыргыз бийлиги Кумтөргө толук ээлик кылып калмак. Бирок Николай Танаев баштаган өкмөт 2003-жылдын 31-декабрында шашылыш түрдө "Кумтөр долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндөгү" токтом кабыл алышкан. Анын негизинде "Кыргызалтын" ААКсы жана канадалык инвесторлордун ортосунда жаңы келишим түзүлүп, ага "Кыргызалтындын" атынан К.Кудайбергенов, "Камеко Голд Инк", "Кумтөр Маунтен Корпорейшин", "Центерра Голд Инк" ишканасынын жетекчилери кол койгон. Ага удаа эле "Кыргызалтындын" 7,5 млн. акциясы Торонтодогу фондулук биржага сатыкка коюлган. Жыйынтыгында "Центерра Голд Инк" Кумтөргө толук көзөмөл жүргүзүп, Кыргызстандын аталган компаниядагы үлүшү 15,66%, "Камеко" 52,68%, калган акционерлерге 31,66% үлүш тийген. Кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин Кумтөрдөй ырыскысынан кол жууп, бүгүнкүдөй таз кейипти кийип калганынын кыскача таржымалы ушундай.
2003-жылдын 31-декабрындагы келишимге Курманбек Осмоновдун кандай тиешеси бар дегиңиз бардыр? Түз болбосо да кыйыр түрдө катыштыгы бар. Курманбек Эргешович Юстиция министри, биринчи вице-премьер катары Кумтөр боюнча жаңы келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келерин, мыйзамсыз түзүлгөнүн айткандын ордуна 2004-жылдын 4-январында "Центерра Голд Инк" компаниясынын жетекчилигине 7 пункттан турган "ода кат" жазыптыр. Ал киши Кумтөр келишимин кынтыксыз, идеалдуу деп баалап, бардыгы мыйзам чегинде жүргөнүн корутунду катта билдирген. Ал эми жаңы келишимге алымча-кошумча киргизүүнүн кажети жоктугун төмөндөгүчө баса белгилейт: "Ни Постановление Правительства Кыргызской Республики от 31 декабря 2003 года №835 "О реструктуризации проекта Кумтор", ни любое из Новых соглашений по "Кумтору" не требуют никаких дополнительных разрешений со стороны каких бы то ни было государственных органов власти (включая, без ограничения, Жогорку Кенеш Кыргызской Республики) для придания действиям правительства Кыргызской Республики обязательной и действительной юридической силы".
2003-жылдагы келишим Кыргызстандын укугун тебелеп-тепсегенин дагы бир ирет кайталайлы. А К.Осмонов жаңы келишимди мактап-жактап кат жолдогондон эки күн өтүп-өтпөй, тагыраагы, 2004-жылы 6-январда Жогорку соттун төрагалыгына дайындалганы адамды таңгалдырбай койбойт. Балким ушул кызматка барыш үчүн келишимди колдоп, Канадага чейин кат жазгандыр деген күдүк ой жаралары шексиз... Андан бери арадан сегиз жыл өтүптүр. Курманбек мырза позициясын дароо өзгөртүп Кумтөр келишими мыйзамсыз түзүлгөнүн, келишимди өзгөртүү керектигин айтып партиялашы Садыр Жапаровду жактап жүрү. Эгер эли үчүн, мамлекети үчүн күйгөнү чын болсо, калыс пикирин 2004-жылы эле билдирбейт беле?
К.Осмонов биздин гезитке курган маегинде "Центерра Голд Инк" компаниясынын дарегине кат жолдобогонун айтып актанды. Анда муну укук коргоо органдары иликтеп, юридикалык баа бериши керек эмеспи? Себеби кеп катардагы документ эмес, мамлекетибизди сызга отургузуп кеткен келишимди жактаган корутунду кат тууралуу жүрүп жатат…
Депутат жалганга чыгарды
Жогорудагы кат тууралуу пикирин угуу максатында Курманбек Эргешович Осмоновго коңгуроо кактык. Ал кишинин жообу мындай болду:
- Сиз айткан корутунду каттын түпнускасын эч жерден таба албай жатабыз. Садыр Жапаров Кумтөр маселесин көтөрүп чыкканда дагы ушул катты тапчы деп өтүндүм эле, бирок таба албай койду. Ошол 2004-жылы 4-январдан кийин дагы бир жолу кат жазган имишмин. Ал каттар жазылган болсо, Юстиция министрлигинде түпнускалары сакталышы керек эле да. Ал каттар аталган министрликтин журналында катталат. Андай маалымат дагы, каттын өзү да жок. Анан бүгүнкүдөй мүмкүнчүлүк менен каалаган кишинин колун каалаган документтин алдына "кодировать" этип коюп койсо боло берет. Ал эми корутунду деген келишим түзүлүп, ага кол коюлганга чейин тийиштүү органдар тарабынан берилет. Келишимге 2003-жылы 31-декабрда кол коюлганын айтып атышпайбы. Биздин корутунду жаңы жылдан кийин чыгып атат. Анан дагы корутунду эч качан "Уважаемые дамы и господа" деп чыгарылбайт. Ал балким ошол "Центерра Голд Инк" компаниясынан келген катка жооп болуп калса керек.
- Демек, бардыгын жалганга чыгарат турбайсызбы?
- Эгер ошол каттын түпнускасын таап келип менин колумдун коюлуп турганын көрсөтүп беришсе бир жөн эле. Экинчиден, эч качан корутунду "Уважаемые дамы и господа" деп башталбай тургандыгын айтып өттүм. Эң башкысы, ал кат "Центерра Голд Инк" компаниясына жолдонуп атат. Анан алар үчүн гана бир тараптуу корутунду чыгарылбайт да. Башкы документ болуп эсептелип жаткан өкмөттүн токтомунда менин колум жок. Ал жерде ошол мезгилдеги вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин колу бар экен. Бирок ал өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу аркылуу билдирип, токтомго кошуп тиркептир. Ал эми мени каралоо аракеттери 2008-жылы Жогорку соттун төрагалыгынан кетиришкенден кийин Максим Бакиев, Алексей Елисеев тарабынан жасалган атайын аракеттер болсо керек деп ойлойм. Эгер ошол документтер болсо архивден таап чыкса болот. Аны издөөнүн эки жолу бар. Биринчиси, жумуш болгон документтерди каттоо журналынан караш керек. Экинчиден, папкелердин арасынан караса ал каттын экинчи көчүрмөсү табылышы керек. Ага дагы кол коюлат. Өзүбүздө кала турган документке дагы сөзсүз кол коюлчу. Себеби кийин бул документтерге компьютерден колду сканерлөө аркылуу көчүрүп коюп койбосун деген сактануу максатында. Ошол эле учурда каттын экинчи көчүрмөсүндө каттын аткаруучусу ким экендиги, министрдин орунбасары, бөлүм башчыларынын визасы коюлушу абзел. Алардын визасы болмоюнча катка кол коюлбайт болчу. Убактысы боюнча алып караганда дагы туура эмес. Себеби 2003-жылы 31-декабрда кол коюлган келишимге 2004-жылы 4-январда эле кат жазылып атат. Ошондо жаңы жылдан кийин дагы иштеген болуп калабызбы? Ал кат кандай болгон күндө да юридикалык-нормативдик күчкө ээ эмес.

Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Блокадада калган анклав
Барактыктар:
"Өкмөт чукул чара көрбөсө, мекенибизди таштап баш оогон жакка жылабыз!"
Төрт тарабынан Өзбекстан менен курчалган Кара-Суу районуна караштуу Барак анклавынын тургундары алардын үнүн акыркы кезде кыргыз бийлиги таптакыр укпай келаткандыгын, акыбал ушул тейде уланса кичи мекенин таштап жапырт баш оогон жактарга көчүп кетишерин эскертип жатышат.
Дөөлөтбек Мусабеков соңку күндөрү Барак анклавынын көйгөйү барган сайын ашып-ташып бараткандыгын ачыктады.
- Сохтогу жаңжалдан кийин Өзбекстан чек араларын ушул жылдын 15-январынан тарта бир тараптуу жаап, барактыктарды мурдагыдай ары-бери өткөрбөй калышты. Ар бирибизди каалагандай тинтип, атүгүл ачык шылдыңдап жана келекелөө менен мамиле кылып жатышат. Чындыгында мындай жашоого биз деле тоюп бүттүк. Эгер Өзбекстан тоңмоюндугун дагы улантып, кыргыз бийлиги алардын акмакчылыктарына азыркыдай көңүлкош мамилесин уланта берсе, чет жактарда эмгектенген айылдаштарыбыз чукул штаб түзүп, Ош облустук бийлигинин астында - борбордук аянтка боз үй тигип, маселебиз бир жаңсыл чечилмейинче нааразычылык акциясын уюштурууну биротоло чечтик.
Ал эми Барак айылынын дагы бир тургуну Таалайбек Апсатаров жердештеринин чыдамы чындап чегине жетип, атүгүл ашкандыгын моюндады.
- Ары-бери ээн-эркин каттамай тыйылганына 12 жылдан ашты, - деп тызылдады Таалайбек Апсатаров. - Чынында Барак анклавынын таптакыр келечеги жок болуп калды. Электр энергиясы күн сайын эки сааттан гана берилет. Калган убакта Өзбекстан атайылап өчүрүп таштайт. Биз менен адам сыңары сүйлөшүшпөйт.
Барак анклавынын тургундарынын "Жаңы Агым" гезитинин кабарчысына билдиришинче, алар бир жарым жылдан берки түшүмүн Кыргызстанга өткөрө албай катуу убара чегип жатышкан чагы. Ошол себептен пахта, жүгөрү, буудай барган сайын эскирип, сапатын жоготуп, алды керектен чыга баштады. Ушуга күйүккөн барактыктар ушул жылдын 13-январында Кара-Суу райондук мамлекеттик акимчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Алардын ошондогу кайрылуусу кыргыз өкмөтүнө, президентке дароо жөнөтүлгөн. Тилекке каршы, Бишкектеги Ак үйдөн эмдигиче эч кимиси үн ката элек.
Анткен менен Кара-Суу районунун акиминин биринчи орунбасары Сооронбай Жолдошев чоң делегация аз күн мурда Барак анклавында жашап жаткандарга гуманитардык жардам жеткиргендигин баса белгиледи.
- Өкмөттүн матрезервинин эсебинен 153 кап унду барактыктарга тапшырдык, - дейт Сооронбай Жолдошев. - Ал эми Өзгөчө кырдаал министрлиги жабыркаган калкка 106 куту кургатылган азык-түлүк, 153 куту гигиеналык жабдуу, 224 даана костюм, 224 даана этек, 93 даана жилет тараттык.
Деген менен Сооронбай Жолдошев барактыктардын негизги суроо-талабы - аларды Кыргызстанга көчүрүү мамлекеттик алкакта чечилүүсү зарылдыгын катуу эскертти.
- Биздин колубуз аркылуу бул маселе дегеле чечилбейт. Кыргыз өкмөтү өзү түздөн-түз кийлигишпесе Барак анклавынын тагдырын биз, жергиликтүү бийлик бир жаңсыл кыла албайбыз, - деп агынан жарылды Сооронбай Жолдошев.
Баса, Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов маселени эки тарап жакынкы арада расмий түрдө бетме-бет жолугушуп сөзсүз түрдө чечүүсү зарыл экендигин билдирди.
- Өзбекстан өкмөтү менен муну ачык-айкын сүйлөшүп, барактыктардын Кара-Сууга ээн-эркин катташына туруктуу жол (коридор) ачтырыш керек. Башка арга жок. Ал эми анклавды Өзбекстанга алмаштыруу бул өтө оор маселе. Анүчүн тарыхты кайра көтөрүп, Кыргыз мамлекетинин картасына дыкат абай салган оң. Бирок буга коңшу мамлекет көнөөрү күмөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош облусу, Кара-Суу району,
сүрөттөр автордуку