01.02.13 Биздин өлкөдө эмнеге
курганга караганда бузгандар көп?

Редакциянын дарегине Чүй облусунун Военно-Антоновка айылынын Рассвет дыйкан чарбасы тууралуу узун сабак кайрылуу келип түштү. Бул кайрылуу башында УКМКнын мурдагы төрагасы Ш.Атахановго, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Б.Сыдыгалиевге багышталып жазылган экен. Бирок ары-бери түртүлүп отуруп акыры редакцияга келип түшкөн. Тактап айтканда, УКМКнын Чүй облустук бөлүмү бул фактылар боюнча иш жүргүзүп, бирок анын жыйынтыгы нааразы болгон тарапты канааттандырган эмес. Алардын бири Усарбек ЖЕЛЧИЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:

- Биздин негизги маселе чарбанын сатылбай калган байлыгын сактап калуу. Биз 2010-жылы 7-апрелден кийин Рассвет дыйкан чарбасында иштеп жер үлүшүн ала албай калган эл чогулуп, аталган чарбанын мурдагы башкармасы Е.Быцкону жумуштан кетирип ордуна Сергей Передревди койгон элек. Көрсө биз чоң жаңылыштык кетирген экенбиз. Бул адам жумушка киришери менен өзүмбилемдикке салып мурунку башкарманын убагында калган чарбанын кампасындагы эгиндерди саткан. Чарбанын кампасында 400 тонна буудай, 300 тонна арпа бар эле деген сөз бар. Ошондой эле бузулган техникалардан чогултулган 120 тонна кара темир (черный металл) сатылган. Мурунку башкармабыз Быцконун убагында бир да техника сатылган эмес, ал бузулгандарын чогултуп оңдоп-түздөп келген эле. Бузук тракторлор сакталып турчу. Кашайып Передрев ошол техникаларды дыйкан чарбада үлүшү бар адамдарга сунуштабай туруп эле башка чарбада иштеген адамдарга сатып ийди.
Мындан сырткары да 1 млн. сомдун тегерегинде турган эки сарайдын орду бар 3 гектар 20 сотых жерди аталган дыйкан чарбанын мүчөлөрүнүн чечими жок эле бул чарбада иштебеген адамга сатып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип келет. Биздин угушубузча анын баасы 120 млн. сом болгон. Баса, 2010-жылы ал өзүнүн уулун кырманга жоопкер кылып койгон эле. Учурда ошол жылдагы эгиндин түшүмү кайда кеткенин эч ким билбейт. Ошол жылдын 7-апрелиндеги колхоз жетекчилигинин берген отчету боюнча чарбада чочко жана жылкы бар эле. Алардын канчасы калды, канчасы сатылды эч ким билбейт. Жогоруда сөз болуп кеткен 3 гектар 20 сотых жерди аукционго коюп сатса чарбага миллиондогон акча түшмөк. Айтор, бул жерде мурдагы башкармабыз Быцко жыйырма жыл бою элдин энчиси деп кармап келген байлыкты Сергей Передрев көрүнөөсүн көрүнөө, көрүнбөгөнүн жашырып сатып жатат. Анын эмне иш кылып жатканын ушул дыйкан чарбада үлүшү барлар да билбей калууда.
УКМК биздин кайрылуубузду дыкат текшерип берсе жакшы болот эле. Эгер бул иш жыйынтыкталбаса, анда биз ЖКга, өкмөткө, президентке кайрылабыз. Дагы тактап кетейин:

1. Мурун Рассвет колхозунда иштеп жүрүп жер үлүшүнө ээ болгон адамдар кийинчерээк жерин карабай эле чет мамлекеттерге кетип калган. Себеби өзүңүздөр билгендей биздин айылда көбүнчө немис, орус улутундагылар жашап келген. Учурда такталбаган маалыматтар боюнча Рассвет дыйкан чарбасы ошондой ээсиз калган жерлер менен кошо 700 гектар жерди пайдаланып жатат. Ушул жерлерге салык төлөнөбү?

2. Жогоруда айткандай 2010-жылкы эгиндин түшүмү кайда? 2010-жылдын апрелине чейин аталган дыйкан чарбанын кампасында канча эгин болгонун ошол учурдагы кампачы билет.

3. Чарбада канча жылкы жана канча чочко бар? Буларга айына канча жем, чөп сарпталат?

4. Бул дыйкан чарбада учурда канча адамдын үлүшү бар, канчасы үлүшүн алган, канча адам үлүшүн албай туруп четке чыгып кеткен? Бизге азыр бул тизмени көрсөтпөй жатышат.

5. Сатылып жаткан жерлер мыйзамдуубу?

6. Биздин эсеп боюнча бул дыйкан чарбада жалпы жонунан элдин 540 млн. сом үлүшү болушу зарыл. Азыр анын канчасы бар?

7. Ошол эле учурда 37 имараттын бүгүнкү баасы канча турат?
Албетте азырынча биз эч кимди тикеден тике күнөөлөй албайбыз. Бирок бул жерде элдин кызыкчылыгына каршы иштер болуп жатканын байкап келебиз. Биздин оюбузча сатылган техникаларга, жер аянттарына жалгыз эле чарбанын башкармасы күнөөлүү эмес. Бул иштерге чарбанын башка жетекчилери да аралашкан. Натыйжада жетекчилердин ачкөздүгүнөн улам карапайым калк жапа чегип атат. Биз бул жетекчилерге ишенбей калдык, - дейт Усарбек Желчиев.
Биз гезиттин көлөмүнө ылайык кайрылуу катты кыскарта чаап, айтылгандардын ичинен кээ бир фактыларды гана бердик. Экинчи тарап менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Агрардык өлкө болуп туруп айыл чарбасын оң жолго сала албай турган өкмөт жок дегенде кээ бир жерлерде эптеп сакталып калган дыйкан чарбаларды андан ары талкалап жаткандарды кечирбеш керек. Мындай маалымат коррупцияны коколоп атабыз дегендерди эмнеге анчалык кызыктырбады экен? Биз журналист катары бул иштин артынан акмалап туралы. Жыйынтыгы кандай болгонун бөлүшөбүз.

Зайырбек АЖЫМАТОВ




Апрель окуясына
деги ким жооп берет?

7- апрель окуясы боюнча сот ишин гезитибизге "кылым соту" деп бир кезде жазган элек. Анын сыңарындай, окуя болгондон бери туура 2 жыл 10 ай болуптур. Токсонго жакын кыргыз жарандарынын өмүрүн алган каргашалуу окуяга 21 адам айыптуу деп табылып, анын алтысы Кыргызстандын сыртында болгондуктан издөө жарыяланган. Сырттагы алтоону кармайбыз деп кыйкырган азыркы бийлик тескерисинче аларга кошуп Акмат Бакиевди да качырып тынды.
Андан бери 7-апрель боюнча сот процесстери болуп эле келатат. Тырмактай жылыш, жыйынтык болгон жок. Көгөндөлгөн койлорду бирден кое бергенсип айыпталгандар четинен үй камагына, ден соолугуна байланыштуу деген шылтоолор менен азайтылып отуруп бир гана киши темир тор артында калды. Өткөн жумада Мамлекеттик кайтаруу кызматынын башчысынын ошо кездеги орунбасары, айыпталуучу Данияр Дунганов үй камагына бошотулду. Буга жана мурдагы соттук териштирүүлөргө нааразы болгон "Мекен шейиттери", "Айкөл Ала-Тоо", "Апрель байрагы" кыймылдарынын өкүлдөрү Ак үй алдына митингге да чыгып үлгүрүштү.
28-январга белгиленген сот иши Данияр Дунгановдун эсинен танып жыгылышына жана сот Дамир Оңолбековдун ант бере электигине байланыштуу белгисиз мөөнөткө дагы артка жылдырылды. Соттун айтымында, президент үч-төрт күн мурун аны Чүй облустук сотуна судьялыкка дайындоо токтомуна кол коюп, бирок ал ант бере элек экен. Данияр Дунганов болсо 21-январда соттун чечими менен саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган. Андан кийинки эки соттук процесске тең келип, жабырлануучулар келбегендигине байланыштуу сот иши дагы артка жылдырылган. Адвокатынын айтымында, 28-январь күнү Дунганов "сот ишин үзгүлтүккө учуратпас" үчүн сотко келип, өзүн жаман сезип кулап түшкөн жана аны "тез жардам" дароо ооруканага алып кеткен. "Мекен шейиттери" бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев болсо бул күнү Дунгановду сот залында такыр көрбөгөнүн айтат. "Бүгүн биз митингди убактылуу токтоттук. Бул чечимди кечээ кабыл алганбыз. Башында 21 адам айыптуу деп табылып, алардын 15и камалган. Улам бирден кое берилип отуруп азыр темир тор артында Нурлан Темирбаев эле калды. 2010-жылдын октябрь айынан бери болжол менен жүздөн ашык соттук процесс болуптур. Биз митингге мурда кое берилгендерди кайра камап, мыйзамдуу чечим чыгаргыла, кадрдык саясатты туура жүргүзүп, электр энергиясынын тарифин жогорулатуу маселесин көтөрбөгүлө деген талап менен чыктык. Бийлик өкүлдөрү кадр маселесин, электр энергиясынын тарифин көзөмөлгө алышарын убада кылышты. Бирок соттун мурдагы чечимдерине президент, парламент да кийлигише албастыгын билдирди" дейт Осунбек Жамансариев. "Мекен шейиттери" бирикмесинин төрагасына айыпталуучуларды кое берип жаткан соң сот Дамир Оңолбековго ишеним көрсөтпөй койсоңор болбойт беле деген суроону узаттык. Осунбек мырзанын айтымында, Дамир Оңолбековго чейинки сотко жабырлануучулар ишеним көрсөтпөй коюп, ордуна Д.Оңолбеков келген. "Эми азыркы сотко ишеним көрсөтпөй койсок эки жарым жылдан берки сот иштерин кайра баштоого туура келет. Ошентсе да биз айыпталгандар өз жазасын алып, буга чекит коюлсун деп жатабыз. Эгер чекит коюлбаса бул кайра-кайра козголо берип, коом тынчыбайт деп эскерттик. Бирок бийлик сот чечимдерине такап эле тумандатып койду. Бийлик өзү ушинтип жатса биз эмне кыла алабыз?" дейт Осунбек мырза.
Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовго ишенсек ажо Алмазбек Атамбаев бул ишти аягына чыгарарын убада кылган. Болуптур, президент аягына чыгарат экен. Бирок президент кеңешчисинин "жеңишке жетүү жолу оңой болбойт" дегенин кандай түшүнөбүз? Же Фарид мырза эми Нурлан Темирбаев эркиндикке кое берилсе бийлик жеңишке жетет дегенди кыйытып жатабы, түшүнүксүз.
"МК-Азия" гезитинин башкы редактору Улукбек Бабакулов жакында маалымат жыйын куруп, 7-апрель соту сот эмей эле талаш-тартышка айланып кеткенин ортого салган. "Бийлик 2010-жылдагы апрель окуясына, "Ата мекен" партиясы аралашкан морадерлукка такыр маани бербей койду. Андыктан биз Коргоо кеңешин саясый чечим кабыл алып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырдык. Бардык маселелер мыйзам чегинде чечилишин талап кылдык. Кеңешке кат жаздык. Анткени анда негизги күч структура жетекчилери жана саясый фракция лидерлери бар" дейт Улукбек Бабакулов. Жаманбы-жакшыбы бул айтылган ой туура. Муну "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова, башка коомдук ишмерлер да айтып келатат. Бирок парламент да, бийлик да негедир бул маселеге "көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин" таризинде мамиле кылып келет. Балким, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, качандыр бир кезде бул сот иши дымып калар. Бирок дымыган от бир күнү жалындап чыгарын унутпашыбыз керек. Бийлик Ата-Бейитте ок аткандарды жазалайбыз деген убадасын аткарышы керек. Бул ишке ашпаса ансыз да бүлбүл жанып турган ишеним өчүп, өлкөдө маселелер мыйзам жолу менен эмес, митинг, пикет менен гана чечилип калат. Анда мамлекеттүүлүгүбүздүн зарылчылыгы канча?

Мелис СОВЕТ уулу