25.01.13 Бизге ким келди?
"Жаңы Агым" Жамилялуу болду

Буюрса "Жаңы Агым" гезити жаңы жыл менен дагы да күчтөнүп, кабарчыларынын катарын калыңдатып алды. Себеби арабызга куудураган кургак саясаттан алыс, жазганда эле кепти Конфуций баштаган чыгыш акылмандарынын, Гете, Байрон баштаган батыш даанышмандарынын, акындарынын керемет ойлорунан, сезимди кытыгылаган ырларынан баштаган, улуттук уюткубузду да иргеп барктаган, окурмандарды жанга жагым котормолору, жаңыча ойлору менен калчаган, алгач "Агым" гезити, андан соң "Де-факто" таптаган, поэзияны сүйгөн, сөз кадырын билген, көбүнчө сөзгө кулак түргөн, гезиттерде буга чейин Жамиля Таштанбекова деген ат менен таанымал болуп жүргөн калемгер кошулду. Өткөн жумадан бери Жамилябыз "Жаңы Агымга" "буудайдын барар жери тегирмен, кыздын барар жери күйөө" дегендей, кайын-журтунун фамилиясына өтүп, Жамиля Нурманбетова деген ат менен татынакай макалаларын тартуулай баштады.
Жалпы жамаат окурмандарга катарыбыз толукталганын сүйүнчүлөө менен бирге арабызга келип кошулган кесиптешибизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайт! Калемиң мокобосун. Ушул жерден агарып-көгөр, Жамиля. Окурмандарыңды жер каратпа.


Оп, майда
Эл чиновниктерге ишенбейт
Улуттук статистика комитетинин изилдөөсү боюнча КР жарандары үч мамлекеттик органга такыр ишенишпейт. Алар Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматы, Экономикалык кылмыштуулукка каршы жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик агенттиги. Булар 2012-жылдын төрт кварталынын жыйынтыгы менен чыгарылган. Сурамжылоо элдин аткаруу бийлигине болгон ишениминин деңгээлин билүүнү максат кылган. Каражаттын тартыштыгынан сурамжылоого шаар, район тургундары гана тартылган. Эгер эл жогорудагыдай мамлекеттик органдарга ишенбесе, аларды кармап каржылоонун зарылдыгы барбы?

Боюнан алдыргандар көбөйдү
Кыргызстанда соңку жылдары боюнан алдырган аялдардын саны кескин түрдө өстү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы 15600 аял медициналык жана социалдык себептер менен боюнан алдырса, жети миңден ашууну балалуу болгусу келбегендиктен аборт жасаткан. Саламаттык сактоо министрлиги жыл сайын бойдон алдыруу көрсөткүчү өсүп жатканын билдирүүдө. Мисалы, өткөн жылы негиздүү себептер менен бойдон алдырган аялдардын саны он беш миңден ашса, мындан үч жыл мурунку статистикада бул көрсөткүч он төрт миң болгон. Бойдон алдыргандардын көбү 20-29 жаш курактагылар. Жылына жетимишке чукул он алты жашка чейинки кыздар аборт жасатышат. Бирок бул расмий гана сандар. Мындан тышкары, жеке клиникаларда боюнан алдырып же медициналык мекемеден сырткары жайда аборт жасаткандар дагы бар. Дарыгерлер кооптонгон дагы бир жагдай, бул криминалдык аборттор. Медициналык мекемеден сырт жайда, белгисиз шартта бойдон алдыруу дагы деле болуп жатат. Дал ушундай шарты жок жайда боюнан алдыруунун кесепетинен жылына төрт-беш аял көз жумат. Кезинде өлкөдөгү динаятчылар аялдардын бойдон алдыруусуна расмий бөгөт коюу демилгесин көтөрүп чыгышкан. Адистердин айтымында, бул көйгөйдү тереңдетип жибериши мүмкүн. Анткени, аргасыз жарык дүйнөгө келген наристелер көп учурда таштанды болуп калышат. Андыктан бул багытта аял-эркек бирдей жоопкерчиликти сезүүсү керек дешет жарандык коомдун өкүлдөрү.

Мыкаачы эне
Мындан үч күн мурун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда таңкы саат жетилер чамасында жаңы төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган эле. Тоңуп өлгөн ымыркайдын энесин иликтөөгө алган тартип сакчылары тез эле күкүк энени таап чыгышты. Ал 25 жаштагы жубан экен, үйүндө өзү төрөп, баланы талаага таштап ким көрдү кылып, өзү "кыз" болуп чыгыптыр.

Жаз эмес Жантөрө жадырайт го
Кыш айынын экинчи айы аяктап баратканда өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев быйыл фермерлерге миңден ашык айыл чарба техникасы лизингге берилерин кабарлады. Өкмөт башчынын айтымына караганда, 5 млн. доллар Түркия кредитинин алкагында биринчи айыл чарба техникасынын алгачкы партиясы 80 трактор жана 5 комбайн фермерлерге берилет. А жалпысынан бул кредиттин эсебинен 225 даана техника алынмакчы. "Мындан сырткары Кытайдан лизингдик система менен 36 трактор келет. Жазгы сугат иштерине алгач 121 даана техника лизингге берилет. Кийин кезектеги айыл чарба техникаларынын партиясы келет" дейт өкмөт башчы. Буга улай премьер-министр агроөндүрүштү өнүктүрүү үчүн өкмөт менен беш коммерциялык банк дыйкан, фермерлерге жеңилдетилген кредит берүү меморандумуна кол коюшканын ортого салды. Бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөттөгү кредит февраль айынан тарта бериле баштайт. Кредиттин жылдык 20 пайыз үстөгүнүн жарымын өкмөт, калганын фермер, дыйкандар өздөрү төлөшөт.

Кожобектин колу талыганбы же?..
Кечээ ЖоКе депутаты Кожобек Рыспаев "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору" мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгарын парламент сайты билдирди. Мыйзам долбоордун авторунун айтымында, өзгөртүү башка демократиялык өлкөлөрдө гимн ырдалып жатканда колду жүрөккө коюу мыйзам эмес салт экендигине байланыштуу киргизилмекчи. Кыскасы, бул мыйзам ишке кирсе 2009-жылы киргизилген гимн ырдалып жатканда көкүрөккө колду коюу нормасы жокко чыгарылат. Таппасаң сыйпалап кал. Долбоор эмес бекен. Эми эртең демократиялык өлкөлөрдө гимнди жатып алып угат экен дешсе, биз да жатып алып угабыз дейбизби? Кыязы, Кожобек мырзанын колу аябай талыган окшойт улам гимн аткарыла берип. Же бир еврей шыбырап кеткенби?

Депутаттар машинесиз куурашыптыр, бечаралар
КСДП фракциясынын депутаты Эркин Сакебаев Жогорку Кеңештин депутаттарын кызматтык унаа менен камсыз кылуу маселеси боюнча парламент пайдалуу вариантты кабыл алуу керектигин билдирди. Депутат жыйында билдиргендей, 60 депутат мамлекеттик кызмат унаасы менен, 60 депутат жеке унаалары менен жүрөт. "Акматбек Келдибеков спикер учурунда бардык депутаттарды кызматтык унаа менен камсыз кылып берем деп убада кылган эле. Жеке унаа менен жүрүү ашыкча чыгымды пайда кылат экен. Тетиктери сынат дегендей, аны оңдоо өзүңө жүктөлөт, азыр чет элдик унааларды оңдоо да өтө кымбат болуп жатат" деди Эркин мырза. Буга байланыштуу ал ЖК депутаттарын кызматтык унаалар менен бирдей камсыз кылуу боюнча пайдалуу вариантты кабыл алуу керек деген оюн айтты.

Спортчуларга нааразы болгон Өмүркулов
Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов борбордогу спорт-мектебинин абалы менен таанышып нааразы болду. Мэрдин айтымында, шаардык спортчулар жыл сайын эл аралык турнирлерге чыгып көп медаль алышканы жакшы. Бирок өткөн жылдагы олимпиадада биздин спортчулар канчалык чабал экенин көрсөттү дейт. 2012-жылы бул спорт-мектепке жылдагыдан да көбүрөөк көңүл бурулуп, финансы жакшы бөлүнүптүр. Спортко өтө олуттуу караш керектигин, кичинекей ийгиликке жетип отуруп калбай, спорт дегенде көздөрү жайнаганда гана ийгилик болорун айтып, мэр нааразы болду. Эми Бишкектеги башка спорт жайлардын да абалы менен таанышаарын айтты.

Күйүүчү май күйүтү
Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев кечээ бир жумадан бери кыргыз-өзбек чек арасында 74 цистерна күйүүчү май токтоп турганын маалымдады. Анын айтымында, чек арада күйүүчү май, курулуш материалдары, тамак-аш продуктуларын тартып келаткан 500 вагон өзбек темир жол пункттарын бир жактуу тосушунан улам токтоп турат. Бул маселе эми президенттин же премьер-министрдин деңгээлинде гана чечүү керектигин айтат Ж.Акенеев. Эске салсак, өзбек тарап 21-январдан тарта убактылуу "Шамалды-Сай", "Жалал-Абад", "Кара-Суу", "Кызыл-Кыя" темир жол өткөрүү пункттарын жапкан. Жумакадыр мырзанын айтканына таянсак, Кыргызстанда азырынча бир айлык күйүүчү май запасы бар.

Төкмөлүк боюнча тасма тартылат
Жума ортосунда Маданият жана туризм министрлиги, кыргыз-казак тарап биргелешип "Төкмөлүк искусствосу - айтыш" номинациясы үчүн төкмө акындар тууралуу тасма тартышарын кабарлады. Тасма тартуу маселесин 22-январда министрдин орунбасары Кудайберген Базарбаев "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы Садык Шер-Нияз, ЭлТР башкы директору Шайырбек Абдырахман уулу жана төкмө акын Азамат Болгонбаев менен биргеликте талкууга алды. "Айтыш" өнөрүн материалдык эмес маданий мурас тизмесине алган ЮНЕСКОнун талабы боюнча акындар тууралуу он мүнөттүк фильм тартылышы керек. Фильмдин кыргызстандык үлүшү эми "Айтыш-фильмде" тартылат.

Мугалимдер муңайышты
Бишкек шаарындагы үч райондун мектеп мугалимдерине финансы тартыштыгынан улам маянасына кошумча пул төлөнбөй калды. Эскерте кетсек 2011-жылдын 1-сентябрынан тарта иштеген айлыктын жалпы фондунан 10% кошумча төлөө боюнча токтом чыккан эле. Ошонун эсебинен маянасына анча-мынча кошумча болгон мугалимдер ыраазы болгон. Эми кошумча акы качантан баштап төлөнөөрү белгисиз экен.

Тарас АСАНАКУНОВ дүйнө салды
Белгилүү обончу жана композитор Тарас Асанакунов 24-январь түнү дүйнөдөн өттү. Тарас Асанакунов өткөн кылымдын 80-90-жылдары кыргыз эстрадасына чоң бурулуш жасап, өзүнүн мукам обондору менен биртоп ырчыны сахнага чыгарып элге тааныткан. Алар А.Иманалиева, А.Жетигенова, А.Турдалиева, Мерген Турган, Р.Маматкулов жана башкалар эле. Тарастын "Ак куу белең Айперим", "Кыздын сыры", "Роза гүлүм" ж.б ушул сыяктуу ырлары азыркыга чейин ырдалып келет. Андан тышкары эки жыл мурун бизге берген маегинде симфония жазып атканын да кеп кылган. Акыркы кезде обончу чыгармачылыктан алыстап калган. Өкүнүчтүүсү 51 жаштагы обончу кыргыз искусствосуна опол тоодой эмгеги болсо да мамлекет тарабынан эч кандай сыйлык, атүгүл мактоо баракчасын да албаптыр. Адам өлгөндө гана аттиң деп анын артынан жасаган иштерин айтып калабыз. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун деп жакындарына көңүл айткандан башка не демекпиз.


"Жаңы Агым" - пресс