25.01.13 Бир үй-бүлө тагдыры,
ыйлаган көздөр,
өкүргөн жүрөктөр

Ыйлайсыңбы, боздойсуңбу, бакырасыңбы, өкүрөсүңбү, томсоргон Москва томсоргон бойдон тура берет. Москва көз жашка ишенбейт. Москва эле эмес кайсы мамлекет болбосун көз жашка ишенбейт. Көроокаттын айынан бакыт издеп миңдеген кыргыздын улан-кыздары Россияны, башка чет мамлекеттерди көздөй агылды. Азыр да агылып жатат. Аларды миң түрлүү ачуу-таттуу тагдырлар күтүп алат. А томсоргон Москва томсоргон бойдон турат. Бизге армандуу тагдыр менен кайтып келген Наргиля БЕККУЛИЕВА өз тагдырын баяндап берди. Бирок окурмандарга өзүн кенен тааныштырууну туура көрбөгөнүн белгиледи.
Тургун менен Наргиля жогорку окуу жайдын акыркы курсунда окушкандыктан үйлөнүү той болчу күндү белгилешти. Үйлөнүү тойго даярдыктар, чуру-чуу түшкөн ата-энелер. Уул-кызы үйлөнө турган эки тарап кандай жер экен, тууган-уругу кандай немелер экен деп эле сураштырып жатып калышты. Бир аз күндөн кийин эки тарап тең дым болду. Көрсө эки тарап тең эле биринен бири кем калбаган, биринен бири ашкан бардар жер экен.
Ошентип дүңгүрөгөн үйлөнүү той да өттү. Наргиля үлбүрөгөн келин болуп, ак жоолук салынып көшөгө артында олтурду. Элдин баары Тургун менен Наргилянын турмушуна суктанышчу. Экөө бактылуу жашашчу. Бирин-бири жакшы көрүп сыйлашчу. Күндөр жылга алмашып, экөө уулдуу, кыздуу болушту. Бирок экөөнүн бейиштей мемиреген жашоосунда ызгаар башталып, бир заматта эле будуң-чаң түштү да калды. Каргашалуу бир түндүн ичинде Наргиля ата-энесинен бирдей айрылып калды. Акчага кызыккан канкорлор түн бир оокумда атасын да, апасын да бычактап өлтүрүп, үйүндөгү болгон буюмдарын тоноп кетишиптир. Ата-энесин өлтүргөнүн көрүп калганбы, агасы да дендароо, акылы ордунда эместей болуп ооруканага жаткырышты. Бул оор кайгыдан баштарын көтөрө электе кырсык көз ачып-жумганча болуп, Тургундун атасы автокырсыкка учураптыр. Кудай сактап аман калыптыр. Бирок бел омурткасы сынып, соо жери жок. Операция артынан операция жасатты. Тургун атасынын чымындай жанын сактап калуу үчүн болгон далалатын жасап, колунда болгон малын сатып, жетпегенин карызга алып берип жатты. Бирок атабыз айыгып кетсе экен деп тилеген тилектери орундалбай, акыры колдорунан ач ажал жулуп кетти. Азаптуу күндөр, жоготуунун артынан жоготуу. Бул кайгылар аз келгенсип, белчесинен баткан карыздары доолап келе баштады. Бир күнү Тургун Наргиляга "балдарды апама таштап, экөөбүз Москвага барып иштеп келбейлиби. Карыздардан кутулалы, кичине бутубузга туруп, бир-эки жылда ирденип келебиз. Болбосо айлык менен кантип күн көрөбүз" деген сунушун айтты. Алгач Тургундун сунушуна Наргиля көңүлсүнбөй турду. "Балдарыбыз али кичинекей, улуусу үч жашта, кичүүсү жаңы бирден ашты. Бөтөн эл, бөтөн жерде кантип күн кечиребиз" деп кыйналып турду. Бирок башка арга, жол жок. Акыры макулдугун билдирди.
Москва. Кыргыздарды киши ордуна көрбөй тебелеп-тепселеген москвалыктар. Байкуш кыргыздар бири эшигин шыпырып, бири полун жууп, дагы бири адам чыдагыс оор жумуштарда иштеп жүрүшөт.
Тургун менен Наргиля да тез эле бир бөлмөдө 7-8 адам жашаган үйдөн орун алып, тааныштарынын жардамы менен бири дүкөнгө пол жуугуч, бири курулуш иштерине кирди. Алгач абдан кыйналышты. Мындай турмушту көрбөгөн жандары балдарын сагынып, кеткилери келди. Бирок кайдан, чыдаш керек.
Арадан алты ай өттү. Кыйналгандары менен айылга биртоп акча жөнөтүп, карыздарынан кутулуп калышты. Тургун дагы жакшыраак, акчасы түзүгүрөөк жумуш издештирип жүрдү. Жаш жубайлар балким тез эле көп ийгиликке жетет беле, Тургун кор болуп тебеленип-тепселенип жүргөн жердештерин, жеңил ойлуу кыргыз кыздарын көрсө эле жаны кейичү. Алардын кожоюндары менен урушуп, мушташа да кетчү. Дал ушул мекенчилдиги өзүнө муш болду окшойт.
Наргиля жумуштан келип бейкапар тамак даярдап жаткан, аңгыча эле чогуу жашаган өзбек улутундагы өспүрүм өң-алеттен кетип чуркап келип, "Тургун акени сабап кетиптир" деди. Үч кыргыз бала денеси канжалаган Тургунду алып келишти. Тургундун араң эле жаны бардай, денеси шалактайт, сөөктөрү сынган. Бычак да сайылган өңдүү. Ичинен кан сызылат. Наргиля Тургунду көрүп өзүн жоготуп койду. Бүткөн боюн калтырак басып Тургунду кучактап ыйлай берди. Тургундун сүйлөөгө да алы келбей оозу эле араң кыбырап, бирок жаны ушунчалык кыйналып жатканы билинип турду. Бөлмөдөгү адамдар чуру-чуу түшүп "тез жардам" чакырууга шашылышты. Кыргыз балдар болсо сабап кеткендерди тапчудай болуп издеп чуркашты. Тургун Наргилянын жүзүндөгү көз жашын арчууга далалаттанып, колун көтөрүп баратып жылмайды да, бул ирмем көпкө созулбай жаны үзүлүп кетти. Бөлмөдөгү эң улуу Бүбүкан эже шейшеп менен Тургундун жүзүн жапты. Бутуна гана шейшеп жетпей, Наргиля Тургундун эки бутуна жутунуп ыйлай берди. Улуту бөлөк кара кийимчен төрт адам Тургунду ушул абалда таштап кеткенин көргөн адамдар айтып жатышты. Бирок алар ким экени табышмак бойдон калды.
Жүзүн балбалактап жааган сары кар уруп, кайра көз жаштай эрип жатканын билбей Наргиля кайдадыр чуркап баратты…
Жамиля НУРМАНБЕТОВА