25.01.13 Нурлан КАЛЫБЕКОВ, акын, эл аралык "Нурборбор" чыгармачылык академиясынын президенти:
"Кыргыз адабиятын мындай кой, кыргыз мамлекети сакталып калабы?"
- Нуке, "Нурборбордун" тарыхына кыскача токтоло кетсең?
- Чыгармачыл жаштардын республикалык "Нурборбор" бирикмеси 1999-жылы кеч күздө түзүлгөн. Ал кезде мен КМУУ да окутуучу элем. Жазуучу Абды Сариев Жазуучулар союзунда орунбасар болуп турган. Ошол кездери ал экөөбүз сүйлөшүп отуруп, мен "жаштар талаада калды, алардын башын кошкон бир ийрим уюштуралы" деген идея айтып, ал демилгени Абды аке өзү жакшы уюштуруучу болгондуктан андан ары тереңдетип, кеңейтип, мен балдарды таап келип, айтор биринчи Жазуучулар союзунун алдындагы "Топ жылдыз" деген ийрим болуп уюшканбыз. Аны Элдар Аттокуров жетектеп турган. Кийинчерээк катарыбыз калыңдап отуруп 2001-жылы "Чыгармачыл жаштардын республикалык "Нурборбор" коомдук бирикмеси" болуп кайра түзүлүп, Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өттүк. Алгачкы төрагаларыбыз Жаныбек Эсеналиев, Рыспай Исаков, алардан кийин Улан Турдалиев, Муратбек Рысбеков иштеди. Бул эч кандай акчалууларга жагынбаган, алардын арабасын тартпаган, өз киндигин өзү кескен уюм катары жашай алды. Төрага, катчыларыбыз чыгармачылыктын күйөрмөны катары бир тыйын албай иштеп беришти. Жаштыктын деми менен билип-билбей жүрүп көптөгөн белестерди ашып коюппуз.
- Бул коомдук уюм бир гана ыр жазгандардын эмес жалпы эле жаш өнөрпоздордун башын бириктирген уюмга айланды эле...
- Ооба. Бул уюмдун алдында бир нече ийримдер иштеди. Бүгүн обондору оболоп аткан маркум досубуз Калмурат Рыскулов жетектеген Муса Баетов атындагы музыканттар ийрими, Исхак Разаков атындагы мекенчилдер, жаш акындар, прозаиктер ийримдери иштеп келди. Өзүң жакшы билесиң, ал кезде экөөбүз Есениндин мектебинде "окуп", ыр жазганынан мурун ичкенин үйрөнүп алалы деп көзүбүзгө эч нерсе көрүнбөй турган. Жаныбызда чындыгында өнөргө суусаган, энергиясы ашып-ташкан жаштар көп эле. Алар менен парктарда чогула калып ыр окуп, чыгармачылык талкуу уюштуруп, жаштыктын жакшы ирмемдерин өткөрүп калдык. Уюшуп алып тоого чыгып, ич ара чакан сынактарды өткөрүп, шатыраңдап эле чогуу жүрчүбүз. Өз ара демилге көтөрүп кыргыздын кыйын уулдары жаткан Ала-Арча көрүстөнүн тазалаган кездерибиз да болду. Азыр өнөр өргөсүндө же башка тармактарда төбөсү көрүнгөн жаштардын көбү ушул уюмдан чыккан десек болот. Мисалы, манасчы Рыспай, азыр ЭлТРди жетектеп жүргөн Шайыр, Элдар, Кубаныч Аркабаев, сен, мен, кийинкилерден Мирлан Самыйкожо, Мелис Совет уулу, Алтынбек Исмаилов, Жылдызбек Турсунбаев, Эрлан Жумагазиев, Кубаныч Зайнидинов, кыздардан Афина, Кыял, Индира, Нуриза, Жазгүл, Махабат, Айсулуу ж.б. Биз чыгармачылыкта бири-бирибизден көптөгөн жакшы нерселерди үйрөндүк. Көрсө минтип топтолуп турганда бойдок жигиттер кыздарга жагыш үчүн деле жакшы ыр жазганга аракеттенет экен да. Ошол эле учурда аталган коомдук уюмда жүрүп бирин-бири табышкан, үй-бүлө курган жаштар болду. Байкасам, кийинчерээк ал жигердүү жаштардын көбү кызматка орношуп, үй-бүлө күтүп, бир-бирден туш тарапка тарап "Нурборбор" солгундап бараткан экен. Анан ушундай жакшынакай идеялар менен түзүлгөн, бир нече таланттуу жаштарды өстүргөн уюмдун жок болуп кетишин каалаган жокмун. Андан ары уланып кийинки жаштарга үлгү болсун дедим. Албетте бекер иштей турган коомдук иштерге баары эле макул боло бербейт. Бирок мен ушул бирикмени иштетейин деп ойлоп 2009-жылы 21-декабрда өзүмө өткөрүп алдым.
- Ишти биринчи эмнеден баштадың?
- Биринчи чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" республикалык коомдук уюмун элдин эсине салып коелу деп КТРКда аталган бирикменин он жылдыгын өткөрдүк. Мында биз өзүбүздүн демилге менен мамлекет тарабынан бааланбай жүргөн чыныгы таланттарга өзүбүз уюштурган Тургунбай Эргешов, Жоомарт Бөкөнбаев, Ашым Жакыпбеков, Жунай Мавлянов, Молдо Багыш Сарыбай уулу атындагы адабий сыйлыктарды, маркум обончу досубуз Калмурат Рыскулов атындагы музыкантардын сыйлыгын, Шапак Рысмендиев атындагы манасчылар сыйлыгын уюштуруп, аны татыктууларга тартууладык. Андан кийинкилерге Тенти Адышева, Кусеин Эсенкожоев сыйлыктарын бердик. Албетте бул мамлекет тарабынан таптакыр көңүл бурулбай калган таланттарга болгон моралдык колдоо эле. Сыйлык алгандардын арасында мамлекет тарабынан бир барак сый кагазга ээ болбой жакында өтүп кеткен Алик Акималиевден баштап жаңыдан калем кармап, бирок өз өзгөчөлүгүн көрсөтө баштаган калемгерлер да бар эле. Маркум Алик Акималиевдин Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыкка ээ болуп кадимкидей барбалаңдап калганы азыр да эсимде.
- Жаш авторлордун чыгармаларын элге жеткирүү боюнча кандай иштер жүрдү?
- Албетте, мен жалгыз эч нерсе жасай алмак эмесмин. Ошо 2009-жылы акын Маркабай Ааматов экөөбүз сүйлөшүп отуруп чыга элек жаштардын китебин чыгармай болдук. Алгач жети авторду бириктирип бир жыйнак чыгаралы деген идея болгон. Анан ар кимин өзүнчө чыгаралы деген ойго токтодук. Маркабай Ааматовдун аракети менен "Кыргызпатент" кызматынын ошол кездеги жетекчиси Улан Мелисбек биздин бул идеябызды колдоп ошондон бери жети жаш акындын алгачкы жыйнагын чыгаруу салтка айланып калды. Кудай буюрса быйыл да даярдай баштадык. Быйылкысы менен бешинчи жолу жаш акындардын жыйнагын чыгарып атабыз. Тактап айтканда, буга чейин жыйырма сегиз жаш акын-жазуучунун алгачкы жыйнагын чыгарып, чыгармачылыктын эшигин ачып бердик десек болот. Мындай колдоо жаштарга дем болот экен. Баса, ал ортодо Алыкул Осмоновдун, Турар Кожомбердиевдин тандалмаларын, "Селкилердин селкинчек" деп аталган кыздар поэзиясынын турган китептерди да чыгарып ийдик.
- Азыркы заманда жазган киши табылса да анын китебин бастырганга акча табыш кыйын. Жаш каламгердин жети жыйнагын каржылай турган булак "Кыргызпатент" экен. Ал эми жакында "Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясын" да чыгарып ийдиң. Ага каражат кайдан табылды?
- 2000-жылы Сорос фонду каржылап "Кыргыз поэзиясынын антологиясы" чыкты эле. Ал жыйнактагы эң эле жаш акындар Атантай Акбаровдун мууну болчу. Эми алар элүүдөн өтүп калбадыбы. Ал эми эгемендик жылдары адабиятка аралашкандар талаада калбадыкпы. Ар ким өзүнчө шапалактай жыйнак чыгарып жүргөнү менен бири-бирибизди билбейбиз. Нускасы да аз болот. Анан мен бир мүмкүнчүлүк болсо "Кыргыз жаштар поэзия антологиясын" чыгарып жиберейин деп эгемендик жылдары адабиятка келгендердин жыйнактарын чогултуп жүрчүмүн. Нурлан Шакиев Маданият министри болуп турганда ага кадыр-көңүлдү салып атып, китепти чыгарганга акча бөлдүрүп алдым. Ал каражат жарым тыйынына чейин эсептелип китепке жумшалды. Натыйжада 2011-жылы китеп чыгып калды.
- Өзүң акын болгон үчүн көбүнчө акындарга жан тартып башка жанрлар калып калып аткан жокпу?
- (күлүп) Ушинтесиңер анан, бул жерден да коррупция издеп... Жакында манасчыларга жардам берип келаткан республикалык "Манас"жаштар ордосунун жетекчиси Бакыт Романовго барып эгемен жылдардагы кыргыз прозасын топтоп китеп кылып койбосок болбойт деп бардым. Ага чейин "Кыргыз жаштар прозасынын антологиясын" топтоп койгом. Ал жигит чечкиндүү экен. Кыргыз адабиятынын кызыкчылыгы үчүн дароо эле макул болуп, учурда эгемен жылдардагы прозабыз басмаканадан чыгып атат.
- Учурда акындан көп неме жок, бирок проза аксап атат деп айтып калышат. "Кыргыз жаштар поэзия антологиясына" канча акын, прозачылардын антологиясына канча жазуучу кирди?
- Туура, ыр жазгандар көп. "Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясына" жетимиштей акын кирди. Ага кирүүчүлөрдүн жашын атайын жыйындын токтому менен 45 жашка чейин узарттым. Мыйзам боюнча азыр жаштар деп 28 жашка чейинкилер эле эсептелет. Себеби кимдир бирөө кырк жашында китеп чыгарат. Анан аны биз кошпой койсок жашсың деп карылар кошпой койсо тиги байкуш каякка барат? Ошондуктан жашын узартканга туура келди. Негизи эле чыгармачылыкта жаш деген сөз курагына карата эмес анын чыгармачылыктагы тажрыйбасына жараша айтылат. Прозада 25 жаш жазуучу бар экен. Эгер биз кыргыз адабияты өлбөсүн десек, анда адабияттын тарыхы үчүн мындай антология керек. Эми драматургия жок болуп атат. Жазгандар бар, бирок аз окшойт. Буюрса аны да топтоп атам. Жаштар драматургиясын топтоп 2013-жылдын эсебинен китеп кылып чыгарам. Бул үч тармак топтолуп бүткөндөн кийин мен атайын кат жазып алып Билим берүү министрлигине жана ЖОЖдорго "Өз аракетим менен эгемен жылдардагы кыргыз адабиятынын үч жанрын топтоп койдум, эми кыргыз адабиятына эгемен жылдары келген жаштар адабияты боюнча хрестоматия түзөлү, ал силердин планда барбы-жокпу өз ишиңер, бирок учур адабияты боюнча обзордук лекцияңар болор, ага мен эгемендик жылдары кыргыз адабиятына кирип келген жаш авторлор боюнча альтернативдик негизде болсо да хрестоматия түзүп берейин" деп кайрылганы жатам. Эгер бул идеяны Билим берүү министрлиги колдобосо мен ЖОЖдордогу адабият тармагындагы илимдин кандидаттарынан, докторлорунан, жазуучулардан редколлегия топтоп бул хрестоматияны түзөм. ЖОЖдор студентерге жок дегенде эгемен кыргыз адабияты бар деген маалымат берсин. Албетте биз түзгөн хрестоматия аларга окуу курал болуп эсептелиш керек. Бул кыргыз адабиятынын кызыкчылыгы үчүн керек.
- Жакында сенин демилгең менен республикалык чыгармачыл жаштардын "Нурборбор" коомдук бирикмеси кайра баштан эл аралык "Нурборбор" чыгармачылк академиясы болуп түзүлдү. Мындай аталыштын мааниси эмнеде?
- Чынында биринчи аталыш менен жүрө берсек бизди аа, жаштар экен деп жеңил мамиле кылып коюшат экен. Анан алдыбызга бул бирикмени мындан ары кеңейтсек, эл аралык деңгээлдеги чыгармачыл иш-чараларга аралашсак деген чоң максат койгонбуз. Ал эми кийинки муундун чыгармачыл жаштары үчүн бул академиянын алдында "Жаңы толкун" адабий клубун уюштурдук. Алар азыр өз алдынча иш жүргүзө баштады. Жума сайын чогулуп ыр окуп, талкуу жүргүзүп турушат. Ошондой эле белгилүү калемгерлердин адабий кечелерин өткөрүп турабыз. Чыгармачыл академия катары көп иштерди пландаганбыз. Жакында бир демөөрчү бизди жерлүү кылды. Ал кишинин атын учурунда айтарбыз. Эми ошол жерге академиябыздын имаратын куруп, чыгармачылыктын борбору кылсак деген аруу максаттар бар. Аны куруу маселесин да караштырып атабыз. Айтор иш көп.
- Нуке, чынында бир тыйын пайдасы жок коомдук иштен чарчаган жоксуңбу?
- Чарчадым. Бирок бул иштерди мен кылбасам да башка бирөө кылыш керек эле да. Жогоруда айткан максаттарды ишке ашырып бүтүп алып бул ишти жаштарга тапшырам. Ага чейин жөнгө салынып калар.
- Кыргыз адабиятынын келечегине ишенесиңби?
- ... билбейм. Азыр кыргыз адабиятын мындай кой, кыргыз мамлекети мамлекет катары сакталып калабы деген чоң суроо турат. Биз эч качан экономикабыз менен мактана албайбыз. Бизди улут катары сактап келаткан "Манас" эпосунан башталган улуттук адабиятыбыз, маданиятыбыз эле... Тилекке каршы биз ошол байлыгыбызды да жоготуп баратабыз. Бул тармакка мамлекеттик мамиле керек. Кашайып президент да, премьер да, спикер да унчукпайт.
Зайырбек АЖЫМАТОВ