25.01.13 Өзбектер өктөмдүгүн коюш үчүн кыргыз тарап кыймылдашы керек

(Уландысы. Башы 8-бетте)
Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ, УКМКнын мурдагы төрагасы:
"2013-2014-жылдары кагылышуулар болот, абайлайлы"
- Бизде чек ара боюнча көп документтер кабыл алынып эле аткарылбай келатат. Азыр улуттук коопсуздукту камсыз кылуу концепциясы, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстүү программа бар. Мунун баарынын ишке ашпай атканынын эки-үч себебин көрөм. Биринчиден, бизде жеке эле чек арада эмес бардык тармактарда бирдиктүү мамлекеттик саясат жок. Экинчиден, өлкөдө болуп аткан иштерге жооп берген адам да, орган да жок. Үчүнчүдөн, кабыл алынган чечимдерди аткаруу боюнча мамлекеттик көзөмөл жок. Мен башка себепти көрбөй турам. Бир нече күн мурун Ислам Каримов Өзбекстан куралдуу күчтөрүнө биздин чек арага кандай гана кол тийгизүү болсо чечкиндүү талкалагыла деген тапшырма берди. Андан мурун ал суу талашы боюнча согуш чыгат сак болгула деген. Бул ал кишинин чечкиндүүлүгүн, өзүнүн мамлекеттик чек арасын коргоо аракетин көргөзүп атат. Бизде Сохтон башка канча жерде чатак болду, президент да, парламент да, өкмөт да чек арага кол салгандарды талкалагыла деп айта алган жок. Тиешелүү адамдарга талапты койбосок тарап кетебиз. Ошондуктан биринчи президент жоопкерчиликти алып тартипке келтириши керек.
Мына өткөндө Баткенге Ички иштер министри барып элге жолукпай кетиптир. Бул кандай? Эл менен ким сүйлөшүп, ким коопсуздукту камсыз кылат? УКМКнын төрагасы, Башкы прокуратура, Коргоо министринин, ИИМдин коргоо күчтөрү кайда? Эмне үчүн биз комплекстүү түрдө коопсуздукту камсыз кыла албайбыз? Мунун бирден бир себеби, ар бир жетекчи бийликте туруп анын ширесин татканды жакшы көрөт, бирок жоопкерчиликти алгандан коркот. Орто Азия чөлкөмү геосаясаттагы чоң мамлекеттердин оюн аренасына айланганбыз. Анткени бул жерде сейрек кездешүүчү металл, суу, минералдык ресурстар запасы көп. Эгер биз мамлекетибизде тезирээк тартип орнотуп, тыянактуу иш кылбасак келечегибиз күмөн. Анүстүнө 2013-2014-жылдары биздин региондо оюн күчөп, кагылышуулар болот. Ушундай шартта улут катары силкинип алып эсибизге келбесек, жок болуп кетүүчү мамлекеттер арасына кирип калышыбыз толук мүмкүн.
Ашырбек БАКАЕВ, эс алуудагы генерал:
"Кыскартылган ички аскерлерди калыбына келтирүү керек"
- Азыр Чек ара кызматынын жетекчилигин кайра Бишкекке которуп коюшту. Бул туура эмес. Тескерисинче, Чек ара кызматынын башчылыгын Ош же Баткенге коюшубуз керек. Мындан сырткары чек ара кызматы менен бирге кызмат өтөгөн ички аскерлер деген бар. Мен үч облус кошуунунун командири болуп жүргөндө 49 жерге өзүмдүн демилгем менен жоокерлерди коюп, Бажы кызматына жардам берип, чек арачылардын милдетин аткарчубуз. Мына Мамат Айбалаев губернатор болуп турганда мен кайсы жерге жоокерлер керек десе ошо жерге дароо койчумун. Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Чек ара кызматын УКМКга берип, кызматтын жетекчилигин Баткенге коюп, кыскартылган ички аскерлердин санын көбөйтүшүбүз керек.
Бейшенбек АБДЫРАЗАКОВ, мурдагы ЖК депутаты:
"Кыргыз үйлөрүн өзбек, тажиктер атайын сатып алышат"
- Чек ара боюнча менин беш-алты сунушум бар. Биринчиси, чек арага жакын жашаган элди жер салыгынан, кыймылсыз-кыймылдуу мүлккө болгон салыктан бошотушубуз кажет. Экинчиден, ошол жердеги жашоочуларга ипотекалык кредит берүү менен үй салып беришибиз керек. Колдон келсе күч структураларында, укук коргоо органдарында көп жыл кызмат кылып эс алууга чыккандарга, армияда кызмат өтөп келгендерге үй салып берсек, алар чек араны коргоого зор салым кошушат эле. Мындан сырткары чек арага жакын жашаган айылдардын фермерлерине үстөк пайызы аз кредит, техника беришибиз зарыл. Элди, жаштарды ал жакка кармап калыштын бир жолу чакан өндүрүштөрдү өркүндөтүү. Мисалы, тажик, өзбектер Баткен өрүгүн сыртка чыгарып атышат. Аны өзүбүз колго алсак элге да жумуш орундары түзүлмөк. Баткенде жакшы жашоого шарт жок болгондуктан шаарга, Россияга кетип атышат.
Биз ал жакта болгонубузда кыргыздын бир үйүн өзбек же тажик бир миллион сомго чейин сатып алат экен. Тажик, өзбек өкмөтү кадимкидей эле жарандарына кредит берип, кыргыздардын үйлөрүн сатып алгыла деген саясат жүрүп атыптыр. Ошентип билинбей эле биздин жерлер коңшуларга өтүп атат. Үчүнчүдөн, чек арага жакын айылдардын статусун тоолуу районго теңеп маяна, пенсиясын тоолуу райондукуна теңешибиз керек. Мектеп, оорукана, электр энергиясы, суу маселелерин да чечип беришибиз керек.
Мелис СОВЕТ уулу