25.01.13 Улак тартыш
он адамдын оюну эмес
Өткөн аптанын дем алыш күндөрү Ноокаттын Кеңеш айыл округуна караштуу Куу-Майдан айылында спорттук чоң иш-чара болуп өттү. Түштүктө муну улак болот экен деп эле айтышат. Ал эми жаңылыктардан "көк бөрү" оюну уюштурулду деп маалымат берип жатканы туура эмес экенин айта кетүү менен бирге кыскача чыныгы кыргыздын улак тартыш оюну жөнүндө айта кетүүнү туура көрдүк.


"Көк бөрү" оюну тай казан ойлоп табылып, футболдогудай гол сокмой эрежеси ойлоп табылганга чейин жок эле. Ага чейин кыргыздар улак тартыш деген ат менен атап келишкен. Көк бөрүдө бир эле учурда он эле адам ойносо, байыркы улак тартышта ат минген каалоочулардын баары оюнга аралашкан. Той берип жаткан адам, башкача айтканда улактын уюштуруучусу алгач кошумчасын кошкон сыйлуу конокторго соорун кое баштайт. Мисалы, Асандын тоюна Үсөн бир чоң ат жетелеп келсе, Асан ким Үсөнгө ашырса бир тай деп алып келген белегинен арзаныраак турган соорунду улакчыларга сайып берет. Улак ортого ташталып, галеден (гале - улакты жерден алууну аракет кылып жаткандар топтолгон жер) ким алып чыгып аты аталган кишиге ашырып берсе соорун ошонуку болот. Бул учурда Үсөн галени тегеректеп улакты алып чыкчу кишини күтүп турат. Ошентип бардык сыйлуу конокторго соорун сайып бергенден кийин баш байге сайылат. Акыркы жылдары баш байгеге машине саюу модага айланып калган. Бирок бул жолу кыргыздын илгерки салты боюнча баш байгеге "тогуз" сайылды. Мурда "тогуз кара" сайылса, азыркы заманда баалуу белектердин тогуз түрүн коет.
Бул жолку Ноокатта өткөн улак тартышка коңшу өлкөлөрдөн, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген жана жергиликтүү чабандестер катышты. Мен кыргызмын деп ат жалында чыныгы жигит экенин далилдегендердин арасында ЖК депутаттары, министрлер, жетекчилер, белгилүү адамдар, карапайым калк көп болушту.
Байге фонду бир жарым миллион сомдон ашып, баш байгеге: 1 жылкы, 1 карышкыр, 1 топоз, 1 торпок, 1 бүркүт, 1 кой, 1 телевизор, 1 DVD, 1 төө сайылды. Талаа ээси Көкүшов Аблес аттуу палван жигит 1500 атчандын ичинен мыктылыгын көрсөтүп, баш байгени Ноокаттан алыс кетирбеди. Баш байгени алуу үчүн галеден улакты алып чыгып, саман менен белгилеп койгон жерге алып барып таштайт. Бул оюнду "таштамай" да деп атап калышат. Эгер таштамайды ким алды десе, баш байгени элестете бериңиз. Дагы бир айта кетчү нерсе, илгери текени союп улак тартышса, бара-бара теке жеңил болгондуктан торпок сойгонго өтүшкөн. Ошентсе да оюндун аты улак тартыш бойдон кала берген.
Бул жолу иш-чаранын башкы максаты кыргыз жигиттериндеги баатырдык, патриоттук духун ойготуу, элди биримдикке, ынтымакка чакыруу, сергек жашоо образын даңазалоо. Кыргыздын унутулуп бараткан салттарын алып чыгуу, Ош окуясы, Сохтогу чыр сыяктуу окуяларда ат үстүндөгү кыргыз азаматтары активдүүлүгүн көрсөтүп, кыргыз жерин көздүн карегиндей сактоого чакырык жасоого багытталган.
Бул демилгени көтөрүп толугу менен демөрчүлүк кылган ЖК депутаты Алтынбек Сулаймановго кыргыздын баалуулуктарын бийик коюп, эл үчүн кызмат кылган жетекчилер көбөйө берсин деген бата берилди.