presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар




Ошко оомат келиптир
Айла жок салыштырасың…
Өткөн жумада Бишкектен отуздай журналист Ош шаарына барып келдик. Шаар жетекчилиги Ошто жасалып жаткан иштер менен тааныштырып чыкты.

Барар жагыбызды басаар жолубузду билбей башыбыз маң болуп, өткөөл жолдон өталбай турганыбызга 20 жылдан ашты. Бийлик канча, кантип алмашпасын, эмне үчүн элдин жашоосу оңолбой жатат? Эмне үчүн? Азыркы бийлик эки тизгин, бир чылбырды колго алганына апрелде үч жыл толот. Кайсы тармакта эмне өзгөрүү, жаңылык болду? Бардыгы 5-7 жыл мурдагыдай эле келатат. Ички-тышкы миграция күчөп, чек арадагы кол салуулар, адам өлтүрүүлөр болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Эл өз алдынча, бийлик өз бетинче түтүн булатып келатканына көп болду. Каякты караба, караңгылык каптап тургандай. Мындайда адам жарыктын өзүн болбосо да шооласын издейт тура. Ошо шоола Ошто бар экен.
Ош шаар мэри Мелис Мырзакматов менин ода айтканыма муктаж эмес. Жасаган иштерин көрүп баа бердик. Кеп анын өзүндө эмес, командасында экенине көз жетти. Шаардагы жүргүнчү ташуучу мекеменин эле ишин алалы, автобустагы төлөм 6 сом, троллейбустарга төлөм 4 сом экендигине карабай ишкана былтыр да, ушу күндө да рентабелдүү иштеп жатыптыр. Биз барган 8-январда Ошко жергиликтүү казынанын 13 млн. сомуна Россиянын Саранск шаарынан эки жаңы троллейбус келиптир. Ак жол каалап, лентасын кесип, ичине түшүп биринчи жүргүнчү болдук. А Бишкекте Кытайдан автобус-троллейбус алып келүүдө чоң сумма жеп алган деп борбордун экс-мэри Н.Түлеев түрмөдө отурса, жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкана бул иш эч качан өзүн актабайт оозун кан чыккыча сүрүп, же колдо турган транспортторун толук кандуу иштете албай нечен жылдан бери элди кыйнап келүүдө. Же калппы? "Жаңы Агым" былтыркы жылы эле бул жөнүндө канча жазды. Дегеле Бишкек шаарынын мэриясы өз казына эсебинен коомдук транспорт алды дегенди кудай акы, уга элекмин.
Манас атабыздын эстелиги, кабыландары кимдин болбосун сыймыктантпай койбойт. Сүр да, сыймык да сезилет. Эми салыштырып бак: Оштогу Манас атабыздын эстелиги үчүн 9 млн. сом жумшалып, ал өлкөнүн өзүндө эле архитектор жана дизайнер Равшан Маматкулов тарабынан жасалса, Бишкектин борбордук аянтында турган Манас атабыздын эстелиги (Оштогу эстеликке салыштырганда анын жанында Манас эмей эле Семетей десе болчудай) 15 млн. сомго Москвадан жасалып алынып келди. Кимиси чындап Айкөлдүн духун берип турганын көргөндөр билишээр...
Эми дагы бир күйүнүчтүү нерсени айтайын. Кыргыз Республикасынын Баатыры, 7-апрелдин баатыры Алиясбек Алымкулов жетектеген Жаштар министрлиги бар. Атын айтсаң тим эле ооз толот. Былтыркы жылы ушу аты улук министрликтин бюджети болгону 6 млн. сом болсо, ошол эле учурда Ош шаар мэриясынын алдындагы жаштар комитетинин эле бюджети 7 млн. сомду түзүптүр. Алиясбек мырза муну билип эле аткандыр. Мен анын ордунда болсом мындай "показуханын" кереги жок деп чындап баатырлыкка салып басып кетмекмин. Кыйраткан иши, жыргаткан бюджети жок куру үстөлдү кучактап А.Алымкулов эмнеге отурат дейм да. Ушу бир кишиге кызмат таап бериш үчүн министрлик деп атап, бирок шылдыңдагансып жарыбаган каражат чегерген бийликтин алдамчылыгына күйүнөсүң. Эми быйыл да министрлик менен комитеттин бюджети кандай болоруна көз салып турабыз го.
Ош шаары экономикалык өсүү боюнча 2012-жылы өлкөдө биринчи орунга чыгыптыр. Шаар бюджети өткөн жылы 1 млрд. 258 млн. сом болуп, жыл аягында 54 млн. сом менен чыккан. Жолдору оңдолуп, транспорту жакшынакай жүрүп, түнкүсүн шаар жаркырап турат. Айтмакчы, Манас атабыз кабыландары менен, Барсбек кагандын, Алымбек датканын эстеликтери шаарга өзгөчө көрк берип, Ошто жашагандарга, келген меймандарга да дем берип турат.
Эми Ошко барган негизги себепке келели. 2010-жылдагы эки улуттун ортосундагы согушта Кыргыз Республикасы маалыматтык кармашта утулуп калгандыгын моюнга алыш керек. Кармаш деп коем, кармашмак турсун карааныбыз деле көрүнгөн жок да ал майданда. Дегеле азыр өлкөлөр илгеркидей курал менен эмес, маалымат менен кармашып келатканы баарыбызга белгилүү. Маалымат айдыңында ким үстөмдүк кылса жеңиш ошонуку. Ушуну эске алган Ош мэри шаар ичинен 1,8 км жерди Журналисттер аллеясы үчүн бөлүп берип, анын инфраструктурасын жасоого шаар казынасынан 89 млн. сом бөлөт экен. Аллеяга баарыбыз арча көчөтүн отургуздук. Биздин арча деген кубаныч пайда болду.
Шаар бийлигинин быйылкы жылга пландары көп. Чекесин эле чыгарсак, буюрса эскилиги жеткен үйлөр бузулуп, ордуна кичирайондун курулушу, жалаң эле ТЭЦ менен көмүрдүн көзүн карабай көп кабаттуу үйлөргө дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй заманбап жылуулук системасын киргизүү башталганы турат. Ал эми оштук мугалимдер жана окуучулар үчүн сүйүнчү, мындан ары республикалык олимпиадаларда ким жеңишке жетишсе 1000 доллар, окутуучусу 2000 доллар менен сыйланат.
Аскер САКЫБАЕВА




Керегем сага айтам...
Демократия менен акыйкаттык кантип айкалышат?
(Башы 7-бетте)

1.Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө колго дээрлик бепбекер тийген менчикти адалдоо аркылуу акыйкатты калыбына келтирүү. Бул үчүн Улуу Британиянын мисалына түшкөнүбүз оң. Анда бизнеске 1980-жылдагы "менчиктештирүү шок терапиясы" үчүн бир ирет төлөнүүчү кошумча салык киргизилген. Бул мыйзамга ылайык, М.Тэтчердин маалында арзан менчикке ээ болгон компаниялар бюджетке ошол менчикти алган баа менен анын 1997-жылдагы наркынын 25 пайыз айырмасын төлөп беришкен.
Мында менчикти легалдаштыруу (адалдоо) дегенди экономиканы мамлекеттештирүү же улутташтыруу деп түшүнүү жарабайт, ишканалар эч кимге баш ийбеген аткаминер-чиновниктердин карамагына өтпөйт. Тескерисинче, анын натыйжасында сарамжалдуу менчик ээлери, атайын тап катары пайда болуп, эл аларды кан соргучтар катары санабай, мыйзамдуу менчиктин мыйзамдуу кожоюну катары кабылдайт. Ошентип, менчикти легитимдештирүү Кыргызстандын тарыхында эң алгач ирет менчикти жана менчикке болгон мамилени адалдоого шарт түзмөк.

2. Россиядагыдай эле бизде да, оффшорго мамилени кайрадан оңдоп карасак, акыйкат болчудай. Экономиканын мындан мурдагы кайсы бир үлгүсүндө аларды пайдалануу, мүмкүн өзүн актаган чыгар. Бирок, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (ВТО) мүчө болуп кирген Кыргызстандын экономикасы эбактан ачык жана анын модели өзгөрүүгө тийиш. Бизден тышка кеткен акча каражаттары кимдин чөнтөгүнө түшүп, пайданы ким таап жатканын биз өзүбүз билбесек да, Англиянын, Германиянын, АКШнын юридикалык конторалары ал компаниялардын эсеп-кысабын, чыныгы ээси ким экенин эң жакшы билет. Минте берсек, итке минип калабыз.

3. Чет жактагы байлыктарга биздин бизнесмендер гана эмес, аткаминер чиновниктер да ээлик кылат. Ошол активдерди көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам кабылдоо зарыл. Албетте, мында канчалаган кыймылсыз мүлктөр, автомобилдер, жүздөгөн гектар жерлер тизмедеги ата-энесине, балдарына, жек-жааттарга жазылганы эске алынууга тийиш. Чындай келсе, жалган тизмедеги шордуулар ал байлыктардын бирин да көргөн эмес. Ошондуктан, укук коргоо органдары ал байлыктардын чыккан себебин жана жайгашкан ордун Генпрокурор аркылуу соттун чечими менен аныктап, мамлекетке кирешелөө керек.

Экинчи
олуттуу маселе -
бийлик жөнүндө
Эки жылдан бери Кыргызстан парламенттик республика деп саналат. Бул түзүлүш саясый маданиятка эң бийик талаптарды коет: саясатчылардан сабырдуулук, жоопкерчилик, келишимдерди кылдат кабылдоо жана аны сактай билүү талап кылынат. Антпесе, система туруксуз болуп, бир партиянын (Веймардык Германия, Гитлердин бийликке келиши) өкүмзордугуна багынат же араздашкан партиялар менен айныкей өкмөттүн чаржайыт алмашуусуна тушугат.
Мен астын сызган экинчи вариант Жогорку Кеңештин азыркы ахыбалын так көрсөтүп турганын далилдөөнүн зарылдыгы жок. Ошентсе да, мен парламентти таркатууга да, өлкөнүн Негизги Мыйзамын кайра жазууга да караманча каршымын. Минте берсек, ар бирибиз көзүбүздүн карегиндей коргой турган мамлекетибизден айрылып калуу коркунучу бар. Анткени мамлекет барда гана демократия менен парламент боло алат. Эгер кокус мамлекеттен айрылдык дегиче, баарынан кол жууйбуз: бийликтен дагы, улутубуздан да айрылабыз. Ал эми мамлекети жок улут ушул аймакта эптеп күн өткөргөн шордууларга айланат. Эч бир Конституция өз бетинче иштей бербейт, ал республиканын абийирдүү атуулдарынын акылы менен жүрөгүндө жашайт. Ыңгайдан пайдаланып, жалпы кыргыз калкыма кайрылгым келет: "Башмыйзамды барктай билели!"
Албетте, биз аны жакшыртуу үчүн, саясый түзүлүшүбүз ийкемдүү жана натыйжалуу болушу үчүн ар дайым ойлонуп, тынымсыз иштөөбүз керек. Мисалы, Конституциянын азыркы жоболорун колдонуп, шайлоо системасын түп-тамырынан жаңылоо зарыл. Барыдан мурда тек гана партиялык тизме аркылуу бир жактуу пропорционалдык системада шайлоодон кутулуу оң. Биздин саясатчылар, айрыкча депутаттар ыйкы-тыйкы талаштан арылып, дүйнөлүк деңгээлде жүрүп жаткан процесстерди аңдап-түшүнүүгө мезгил жетти. Азыркы глобалдык өнүгүү ушундай дейсиз, саясый партиялар ташыркап, ал эми "саясаттын тегирменин" кеңири элдик кыймылдар айлантып калды. Россиянын өзүндө президент В.Путин Жалпы россиялык элдик фронтту (ОНФ) саясый партияга айлантууга каршы чыгып, анын партиялык түзүлүштөн өөдө статусун бекитүүнү талап кылганы белгилүү. Европалык Союздун континенталдык партияларына көз салсак, алардын көбү иш жүзүндө ар түркүн коомдук уюмдардан куралганын көрөбүз. Япониянын Либералдык-демократиялык партиясы сөз жүзүндө гана партия деп саналат, ал эми иш жүзүндө саясаттын кеңири аймагын камтып, идеялык биримдиктен аң-сезимдүү түрдө баш тартууда.
Бизде шайлоонун пропорцио-налдуу-мажоритардык системасына өтүүгө мезгил жетти. Муну калкыбыздын кеңири катмары гана талап кылып жаткан жок. Мындай талаптар бардык Шериктеш өлкөлөрдүн күн тартибине коюлуп, бийликтин эң жогорку эшелондорунда колдоо табууда. Мисалы, президент В.Путин шайлоонун аралаш системасына ынтызар экенин ачык айтты: "Мунун бардыгы РФтин саясый системасын ого бетер ачык-айкын, акыйкат жана турмушка жакын көрсөтүп, коомдун талабына төп келет, саясатка жаңы толкун, бийликке жаркын жана жалтанбас адамдар келишине жол ачат."
Ушундан улам, өлкөбүздө референдум аркылуу шайлоонун пропорционалдуу-мажоритардык системасын киргизүүнү сунуш кылам. Бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар курамынан Жогорку палатаны (Курултайды) түзүп, ал жылына эки ирет сессияга чогулуп, негизги үч маселе - бюджет, өкмөттүн курамы жана конституциялык өзгөрүүлөр боюнча макулдук берип турушу зарыл.
Жумагул Сааданбеков, коомдук ишмер




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??