presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чек ара чыры ырбап барат
Сох дагы эле солкулдап, эл кыйналып турат
(Башы 4-бетте)
Идрис Таиров,
"Кырк чоро" коомдук бирикмесинин төрагасы:
"Баткен өзү анклав
болуп баратат"

- Чек араны делимитациялоо, демаркациялоо демиш болушканы менен Баткенге бийлик өкүлдөрү келбейт. Келсе деле жергиликтүү тургундарга жолукпайт. Качан гана жерлер тажик, өзбектерге өтүп кеткени элге билингенде чыр чыгып атат. Коңшулардын анклавдарынан улам Баткен өзү анклав болуп баратат. Өзбек, тажик постторунан улам жамандык-жакшылыкта айылдан айылга бара албайбыз. А кыргыз чек арачылары болсо өзбек, тажиктерге эчтеке дей алышпайт. Анткени биздин чек ара тозотторубуздун материалдык акыбалы өтө начар, эч кандай жабдык, техника жок. Жоокерлер эптеп-септеп эле турушат. Чек ара кызматындагы кадр маселеси да ойлонулган эмес. Кызматтагылардын көбү Баткен аймагын жакшы түшүнбөгөн башка облустардан келгендер. Алар убактылуу миссиясын аткарышат да кетишет. "Чарбак" чек ара тозотунда токмок жеген прапорщик Мырзакмат Амирбеков деген бала гана баткендик экен. Калгандары бүт башка облустан келгендер. А башка облустардан келгендер Баткен чек араларына анчалык күйүп-бышпайт.
- "Чарбак" чек ара тозоту түзүлгөнгө чейин өзбекстандыктар Кыргызстандын территориясына өтүп арчаларды кыйып, каалаганын жасап келишкен деген чынбы?
- Чын. Азыр ооруканада Жумабай деген киши жатат. Хушярлыктар Чарбакка кирип атасын сабап атканын анын баласы чөнтөк телефонго тартып калган экен. Бул далил болбогондо биз дагы эле күнөөлүү болуп калмакпыз. Жакында депутат Токон Мамытов радиодон өзбек тарап бизди күнөөлөп атат, эгер биз күнөөлүү болсок кечирим сурайбыз дейт. Ал бул жакта эмне болгонун көрбөй эле сүйлөй береби? Чынында окуяга катышкан баткендиктердин пикири такыр башка. Өзбек тарап көз байланганда Чарбакка кирип келип жарандарыбызды сабап, үйлөрүнөн барымтага алып кетип атышса, кайра биз кечирим сурайбызбы?!
- Бул кандайдыр бир күчтөрдүн, ортомчулдардын чагымы эмеспи?
- Мен Хушярдын Аскар деген айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшсөм, ал жаңжал өзбектер тарабынан атайын уюштурулган деп атат. Себеби Сохто жалаң тажиктер жашайт. Тажиктер менен кыргыздардын мамилеси жакшы. Ошол ынтымакты ырбатыш үчүн өзбектер атайын чагым уюштуруп атышат дегендер да бар. Барымтага алынгандардын чөнтөктөрүн Феруза деген аял аңтарып документ, уюлдук телефон, акчаларынан бери чогултуп алыптыр. Аны көрүп туруп өзбек милиция кызматкерлери арачалаганга жараган эмес. Тартиптүү, мыйзамдуу экен, ошондо неге өзбек укук коргоо кызматкерлери ээнбаштарды тыйып койбойт? Ушундан эле өзбек бийлигинин эмнени көздөөрүн байкап койсо болот.
- Бийлик төрт-беш машине талкаланган десе, жергиликтүү эл жыйырма чакты машинени айтып атат. Жалпы канча машине талкаланган?
- Баткен ооруканасында жаткан Исраил Кенжебаевдин "Ниссан Сефиросун", Кулмырза Сатаровдун "Ауди 100" машинесин талкалашкан. Анын ичинде эки эркек, эки аял, беш жаш бала болгон. Алардын баары барымтага алынган. Нуралы Айбашевдин "Мазда" машинесин талкалашыптыр. Анын салонунда эки жаш бала менен сегиз адам болгон. Таяк жеген аймактык милиция кызматкеринин "Опел вектра" машинеси жана эки "Тико" машинесин да жарактан чыгарышкан. Булар мен билип, каттап алгандары гана. А таяк жеп, машинеси талкаланса да унчукпай жүргөндөр канча. Өзбектер Хушярдан өткөн бардык машинелерди токтотуп ичиндегилерди ооруканын жертөлөсүнө барымталап, машинелерди талкалай беришкен. Эми бул дүйнөдө жок ээнбаштык, кордук болуп атпайбы. Анан кайра кыргыз тарапты айыпташканына таңгаласың.
- Чек ара жабык болсо Сох аркылуу каттам жасаган кыргыз айылдары, Сохтогу тажиктердин акыбалы кандай?
- Бөжөй айылына азыр Сохтон башка жол жок. Айыл азыр өзү анклав болуп турат. Дары-дармек жок, оорулуулар, кош бойлуу аялдар бар экен. Ушу сыяктуу Аккан, Чарбак айылдары, Дара зонасы да бар. Бул аймактарда чөнтөк телефон иштебейт. Азыр Сохтогулар менен кыргызстандыктардын мамилеси анча жакшы эмес. Тамак-аштын көбү Сохко Кыргызстандан киргендиктен Сохто тамак-аштын баасы жогорулаптыр. Окуя болгон күнү Өтүкчү айылынан ун саткан оорукчан аял билбей Хушярга барып аябай токмок жептир. Сохто азыр жалаң тажиктер тургандыктан Кыргызстан Баткенди жеригендей Өзбекстан деле Сохту жерип турат.
- Баткендиктер бизге Мамат Айбалаев губернатор болсун деген талапты коюп атышканы чынбы?
- Губернатор Жеңиш Разаков элдин талаптарынан улам мурдагыга салыштырмалуу иштей баштады. Жаңжал болгондо эл экс-губернатор Мамат Айбалаевдин иштеп беришин өтүнүптүр. Ал колдосоңор иштеп берейин деген экен.
- Анклавдар Кыргызстандын ичинде турат, суу бизде, анан неге өзбек, тажиктер дайыма кыргызстандыктарга үстөмдүк кыла берет?
- Тажикстан менен кездешкен жакта Ворух деген анклав бар. Ага туташ жаткан биздин Ак-Сай, Самаркандек аймактарыбыз анклавдан айырмасы жок. Бир айылга барыш үчүн токсон электен өтөсүң. Биздин чек арачылар оозун ачып турат, өзбек чек арачылары ар бир кыргыз машинесин токтотуп, баарын текшерип карап чыгышат. Тажик, өзбек айылдарына суу бизден кирет. Сууну биз жаба албайбыз. Анткени тажик, өзбек айылдарынан кийин кайра кыргыз айылдары бар. Жапсак аларга суу жетпей калат. Өзбек тарап чырдап баштаганда чек аралар элдин демилгеси менен он-он беш күн жабылат. Өзбек бийлиги элинин кыйналганын көрүп достошобуз деп алдап чек араны ачтырып кайра эле мурдагыдай билген намазын окуй берет. Бу жолу жергиликтүү эл кыргыз бийлигине да, өзбек бийлигине да алданып калбайлы деп чек араларды ачканга каршы болуп атат.
- Ички иштер министри Шамил Атаханов менен Чек кызматынын башчысы Закир Тиленов окуя болгон жерге барыштыбы?
- Бишкектен келген чоңдор дайыма эптеп жыйын кыла коюп кетип калышат. Закир Тиленов менен Ички иштер министри Баткен шаарына, анан Боз-Адыр айылына чейин барып кетип калышыптыр. Эл эмнеге алар Чарбакка келген жок деп нааразы болуп атышат.Чек ара кызматынын чабалдыгынан азыр жергиликтүү мергенчилер, мурдагы милиция кызматкерлери, афганчылар эптеп чек араны өз күчү менен коргоп атышат. Буларды бириктирип бир уюм түзүп мыйзамдаштыралы деп аракет кылдым, эч кандай жылыш болбоду. Ак үйдөгүлөр сен кимсиң, ага атайын каражат да жок деп коюшту. Азыр Бүргөндүдө чек ара такталганы менен өзбектер дагы деле өмгөктөп атышат. Кыскасы, бийлик маани бербей атып Баткен өзү анклав болуп баратат.

Мырзакмат Амирбеков,
Чек ара кызматынын прапорщиги:
"Сохтогулар биздин жерди басып алабыз деп ойлошкон"

- 6- январь күнү тогуздар чамасында Хушяр айылы менен Чарбак айылынын ортосундагы макулдашылбаган аймакка алтымыштай хушярлыктар топтолду. Алар "Чарбак" чек ара тозотун көздөй орнотулуп бараткан төрт электр мамысын алуубузду талап кылышты. Көп өтпөй биздин командирибиз менен Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү келди. Ал убакта топтолгондор эки жүзгө жетип калган. Аңгыча Өзбек чек ара кызматынын Хушяр чек ара тозотунун он бешке жакын адамы бар ыкчам тобу келип, куралдары менен макулдашылбаган участокко турушту. А мыйзам боюнча мындай талаш жерге эки жактын тең чек арачыларынын турганга укугу жок. Саат он бирлерде миңге жакын адам чогулду. Хушярлыктар мени жакшы тааныгандыктан, тажик тилин билгендиктен топтолгондорго маселени тынч чечели десем, Хушяр айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар мени сабамакчы болду. Аңгыча мени эки жүздөй киши тегеректеп кетти. Өзүм спорт менен машыккандыктан он-он бешин уруп жыгып, өз жагыма качтым. Таш, темир, башына мык урулган союлдар менен куралданган хушярлыктар биздин чек арага чейин кирип келишти. Бул ачык эле кол салуу болду.
- Өзбек тарап кыргыз чек арачылары бизди атышты деп атышпайбы?
- Хушярлыктар мени, аймактык милиция кызматкерин сабап, Кыргызстанга кирип келип таш аткандан кийин гана чек арачылар эскертүү катары асманга ок атышкан. Ал жерде эч кандай кан төгүлгөн эмес. Бул алардын жөн эле чагымы. Негизи алар чек ара тозотунун орношуна, ага электр линиясынын тартылышына каршы. Анткени чек ара тозоту иштесе алар жайыт, суу жагынан кысылат. Буга чейин алар төрт жолу тополоң кылышкан. Менимче, булар баңгизаты менен да алектенишет. Ошол күнү да алар чегип алышса керек, көздөрү кызарып асманга атылган октон да чочулашкан жок.
- Хушярлыктар буга чейин Кыргызстан тарапка ээн-эркин өтүп, каалаганын жасашчу деген чынбы?
- Ал чын. Коңшулар мурда малын биз жакка каалаганындай жайып, кыргыздардын эгининен бери алып кетип турушкан. Кийин анын баарына тыюу салынып, паспорт менен өтүп калышты. Тополоң болуп калганда коменданттык сааттар болуп, Сохтогулар ээн-эркин жүрө албай кыйналып калышчу. Ошондон улам булар бизди коркутуп, мурда эркин жүргөн жерлерин басып алабыз деп ойлошкон. Ошол максатта мени сөгүп, коркутуп асылышты.
- Чарбактагыларды үйүнөн барымтага алып кетип атышканда сиздер кайда элеңиздер ?
- Ал убакта мен ооруканада элем. Тополоң-чулардын жарымы чек ара тозотуна беш жүз метрдей кирип келишип, электр мамыларын кулатып, Чарбак айылынын мамыларын да толук жыгышкан. Андан соң алар эки жараныбызды үйүнөн токмоктоп, барымталап кетишкен. Жолдо ката экөөнү токмоктоп отуруп, Хушяр айылынын ооруканасынын машине токтотуучу жайынын муздак жертөлөсүнө камашкан. Ага чейин ал жертөлөдө 18 кыргызстандык барымталанып жаткан экен. Барымтадагылардын айтымында, Хушяр айылынын айыл өкмөт кызматкерлери, оорукана башчысы "силердин бийлигиңер, башчыңар, мамлекетиңер жок, силер акчага сатыласыңар" деп барымтадагыларды сөгүп-сагып, утур-утуру ур-токмокко алып турушкан. Алардын ичинен 13ү азыр ооруканада.
- Демек учурда чек арада кызмат өтөө деле кооптуу турбайбы?
- Ошондой десек да болот. Ошондуктан мындай жерлерге жергиликтүү балдардан коюшубуз керек. Менин бул жерде иштегениме төрт жыл болду. Мени тажиктер коркута албайт, коркпойм дагы.
Мелис СОВЕТ уулу






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??