presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кылым сотунан кыска сөз
Бизди Суталинов алдап атабы же Отунбаева менен Дүйшөбаев алдап келгенби?

7- апрелде Ак үйгө уруксатсыз киргендерге ок атуу тууралуу буйрукту ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев берген. Бул тууралуу ушул жумада сотто сурак берип жатып соттолуучу, ошол кездеги Жаныш Бакиевдин орунбасары Данияр Дунганов билдирди .
Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов сотто кан төгүлгөнү үчүн күнөөлүү эмес экенин, болгону моралдык жоопкерчилиги чоң болгонун айтты. Өзүнүн айтуусунда ал 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдына чыккан митингичилерге ок атуу тууралуу буйрук берген эмес. Ошондой эле ал УКМКнын "Альфа" атайын бөлүкчөсүнүн бир дагы кызматкери 2010-жылдын апрелинде "Форум" имаратынын жанында курал-жарак таштабаганын, митинг учурунда качып кетпегенин айтууда. Андан ары 7-апрелде "Форумдун" жанында митинг өтүп, ага расмий маалыматтар боюнча 600дөй адам катышкан болчу, бирок чындыгында ал жакта 2 миңден ашык адам болгон деди. Митингчилер Биринчи май РИИБнин кызматкерлерин "талкалашкандан" кийин Суталинов Ак үйдөгү жыйында кызматкерлерин "Форум" имаратынын жанына барууга жана абалды билүүнү сунуштаган. Жаныш Бакиев окуя болгон жерге спецназ менен барууну айткан. Суталинов кызматкерлери менен аталган жерге барган. Өзү айткандай алар "Форумдун" имаратынын жанына келгенде митингдин катышуучулары кол салышкан. Жыйынтыгында 15ке жакын "Альфанын" кызматкерлери ооруканага жеткирилип, бир нечеси "Триод" заводунун ичинде калып, чыга албай калышкан. "Форумдун" жанында жарандардын эмес, менин кызматкерлеримдин укугу тебеленди. Митингге келген бир дагы жаран спецназчылардан жаракат алган жок. Мунун баллистикалык экспертиза тастыктады" дейт Суталинов.
Ошол эле учурда Мурат Суталинов сотто өзү эч жакка качып кетпегенин, 7-апрель күнү Роза Отунбаеванын талабы менен арыз жазып, кызматын Кеңешбек Дүйшөбаевге өткөрүп бергенин, ал эми Дүйшөбаев аны жылуу жумшак Жибек жолу көчөсүнө узатып койгонун балп этти. Андан кийин "үй-бүлөмдүн коопсуздугу үчүн жашаган жеримди өзгөртүп Кыргызстанда эле жашырынып жаттым" дейт ал. Ошол эле учурда Суталинов элди атууга буйрукту ким бергенин так айтпай "мен Жаныш Бакиевдин ок аткыла деп буйрук бергенин уккан эмесмин. Бирок ал окуялардан кийин Жаныш Бакиев орус телеканалдарынын биринен "курал колдонууга мен буйрук бердим, эл арасында куралчан жүргөндөрдү түз эле аткыла, ал эми Ак үйдүн тосмосунан киргендерди бутка аткыла деген буйрук бердим" деген маегин мен өз көзүм менен көргөм" деп билдирди.
Анткен менен жабырлануучулардын жакындары сурак жүрүшүндө Суталиновдун көрсөтмөлөрү чындыкка коошпойт деп ишенбей жатышат. Чындыгында эле анын "митингге келген бир дагы жаран спецназчылардан жаракат алган жок" же "УКМКнын "Альфа" атайын бөлүкчөсүнүн бир дагы кызматкери 2010-жылдын апрелинде "Форум" имаратынын жанында курал-жарак таштаган эмес, митинг учурунда качып кетишпеди" деген сыяктуу сөздөрүнө биз деле ишенбей атабыз. Ошол эле учурда анын 7-апрель күнү Роза Отунбаеванын атына арыз жазып, ордун Кеңешбек Дүйшөбаевге өткөрүп бергени, ал эми Дүйшөбаев аны жылуу жумшак Жибек Жолу көчөсүнө чейин узатып койгонун айтканында бир мандем бардай. Буга чейин да ушул маанайдагы сөздөр айтылып келген. Калп болсо аны далилдеш деле оңой, аталган инсандардын көзү тирүү эмеспи. Эгер чын эле ошондой окуя болсо, анда эмне, УӨ аны өзү качырып кайра өзү издемиш болуп атканбы?
Зайырбек АЖЫМАТОВ




Көпкөн уул
Акчага да сатылбас нерселер бар экенин Кулбаевдер түшүнүшү керек
7-январда КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын кабарчылары Ширин Асанакунова менен Бурулай Пусурманкулованы сабаган Айдин Кулбаевдин өмүр таржымалы көпчүлүктүн кызыгуусун жараткандыктан, ал тууралуу билгендерибизди ортого салдык.


Айдин 29 жашта. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Борбордогу Абдылас Малдыбаев көчөсүндөгү №16 хансарайда жашайт. Жогорку билимдүү, бирок кайсы окуу жайды аяктаганы боюнча так маалымат жок. Мурда соттолгон эмес, укук коргоо органдарынын торуна биринчи ирет чалдыгышы. Дайыр Асанов атындагы аскер окуу жайынын жанында жайгашкан 150 орундук унаа токтотуучу жайды көзөмөлдөйт. Жалпак тил менен айтканда жеке ишкер.
А.Кулбаев үйдө эки кыздан кийинки жалгыз уул болгондуктан абдан эрке өскөн дешет аны жакындан тааныгандар. Ал эми эжеси Аида Кулбаева бийликчил КСДПнын атынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Социал-демократчы Абдыманап Кутушев Аида Кулбаеванын электр жарыгы үчүн акча төлөбөй жүргөнү аныкталса, мандатынан ажыратылышы керектигин билдирген. Бирок партия жетекчилиги ага карата чара колдоно элек.
Атасы эмне дейт?
Айдиндин атасы Абдирейим Кулбаев мурдагы белгилүү саясатчы болгондуктан, бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратты. Расмий маалыматка ылайык Абдирейим Стамкулович борбордогу "Кербен" базарынын ээси. Кезинде финансы полиция кызматынын төрага орунбасары, Бишкек шаарынын вице-мэрлигин аркалап, "Ак жол" партиясынын атынан депутаттык мандат тагынган. Учурда ишкерлик менен алектенет. Уулунун тегерегиндеги чууга байланыштуу пикирин угуу максатында а кишиге коңгуроо кактык.
- Уулум күнөөлүү эместигине ишенгени үчүн укук коргоо органдарына өзү барды. Азыр иликтөө иштери жүрүп атат. Уулумдун күнөөсү бар-жогун сот аныктайт. Сот чечими чыкканга чейин эч нерсе айта албайм.
"Бардыгы мыйзам
чегинде чечилиши
керек!"
Айдин Кулбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов vb.kg сайтына курган маегинде кызык нерсе айтты. Ага ишенсек, журналисттер Б.Пусурманкулова менен Ш.Асанакунова окуяны көбүртүп-жабыртып жиберишиптир. "А.Кулбаев микрофонду жана башка жабдыктарды сындырган, бирок журналисттерди сабаган эмес. Алар сөз менен айтышып кетишкен. Менин кардарым мыйзам бузганын мойнуна алганы менен, бул фактыны кылмыш катары эсептебейт" дейт ал. Ошондой эле А.Кулбаевдин журналисттерди сабабаганын далилдөөчү тасма бардыгын кошумчалады. Ал эми окуянын башкаармандарына телефон аркылуу байланышсак, алар муну жокко чыгарышты.
- Ширин, ден соолугуң кандай?
- Кудайга шүгүр, дарыланып атам. Ур-соккудан кийин баш мээм чайкалып калган экен. Азыр дарыгерлер башымды дарылап атышат. Бул окуяны Октябрь райондук ички иштер бөлүмү иликтеши керек эле, азырынча бизге келип сураша элек.
- И.Айткулов "журналисттер сабалган эмес, алар окуяны өтө шөкөттөп жиберишти. Муну далилдөөчү тасма бар" деп атпайбы?
- Бизге башынан ошентип моралдык кысым көрсөтүп атышат. Тасмасы болсо элге жарыялашпайбы? Айдин Кулбаевдин мени эки жолу кулата согуп, башка бир нече жолу сокку урганы жалган болсо, анда медиктердин баш-мээмдин чайкалганы туурасында бүтүмү кайдан чыкты? Калпты да ченеп айтышы керек го акыры.
- "Коомдук каналдын журналисттери өздөрүн ашыкча пиар кылып, А.Кулбаевден ири компенсация өндүрүүнү көздөшүүдө" деген кептер айтылганы жашыруун эмес. Кулбаев менен элдешесиңерби?
- Ар ким деңгээлине жараша ойлонот экен. Менин жамандыкты пайдаланып, элге таанылайын деген ниетим жок. Ал эми элдешүү тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Укук коргоо органдары тыкыр иликтеп, юридикалык баасын берип, күнөөлүү адам мыйзам чегинде жазага тартылышы керек.
Ушундай эле суроолор менен Бурулай Пусурманкуловага кайрылдык.
- Икрамидин Айткулов ошол тасмасын бүткүл элге көрсөтсүн, ошондо кимди ким уруп атканын билмекпиз. Ал эми жарашуу боюнча ойлонбойм дагы. Мен бул тууралуу позициямды башында эле билдиргем. Күнөөлүү адам мыйзам чегинде жазасын алышы абзел.
- Сага коркутуп-үркүтүүлөр болдубу?
- Башында бир жолу коркутуу болгондо укук коргоо органдарына арыз жазып кайрылгам. Андан кийин кайталанган жок.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Бардак
Чек арабыз четинен солкулдап, нааразы болгон эл бийликке ичи чыкпай, ал ортодо милициянын жооптуу кызматтагы полковниги атылып, бул боюнча милийсалар менен "каралар" бири-бирин күнөөлөп, Президент өзү гана жактырган "жол картага" кол коюп, өкмөттүн эмне кылып жатканы белгисиз, депутаттар Кыргызстандын оңолбой жаткан себебин гимнден таап, анын экинчи куплетин жок кылышып, байлыкты алдым-жуттумдук менен жыйнаган элитабыз дегендер парк аймагына каалагандай үй салышып, электр жарыгы үчүн жүз миңдеген карыздарын төлөбөй, анысы аз келгенсип журналисттерди сабап, айтор, бардак он жыл мурда кандай болсо так ошондой уланууда.

Үйдө баатыр жоодо жок бийлик биздин башка коңшулардай болуп өз жарандарын коргоп жерин кеңитмек түгүл, эзелтеден бизге тиешелүү болуп келген жерлерди, аларды коргогон өз жарандарын коргой албай жатат. Бир айылдан жетимиштей адамды барымтага алдырып ийип карап турган бул эмне болгон Чек ара кызматы?! Окуянын ушундай болорун алдын ала билбеген эмне болгон Улуттук коопсуздук комитети?! Айбалаев туура айтат, өлжүрөгөн мындай контораларды каржылагандан көрө чек арада жашаган элдин колуна курал бериш керек. Президент айтып жатпайбы, Америка менен Канада деле эки жүз жылдан бери чек араларын аныкташа элек деп. Качан болсо чоң, өнүккөн өлкөлөрдү ала жыгылабыз, ошону айтканга жараша чек арага ошолордой шарт түзүү, теңата сүйлөшүү жөнүндө эмнеге айтпайбыз?
Ички иштер министрлигиндеги бардак ушуга чейин жетти, чет өлкөдө качып жургөн кримчөйрө башчысы делгендер Президенттин өзүнө кайрылып жатышат. Мынчалык батылдыгына караганда, ИИМдин иши да оң эмес өңдүү… Шамил Атаханов анын башына келгени алардын ыйкы-тыйкысы апогейине жеткендиктен, катардагы эле кызматкерлер министрдин калпын ашкерелей баштады. Шамил аксакал бул тармакка реформаны эми баштайм деп жатат. Бирок анын деле реформа жасап жыргатарына коомчулуктун көзү жетпей турат.
Премьер Жантөрө Сатыбалдиев чек араны, Сох проблемасын эми билгенсип сүйлөгөнү кызык. Өкмөт былтыр жылдын башында деле жылдын аягында деле эч нерсе кылбагандыктан, азыр баарыбыз кыштан эптеп аман чыксак экен деп өнтөлөп турабыз. Деги биз эптебей жашаган күнгө качан жетебиз? Кыргызстан буга чейин ар кандай эл аралык уюмдар сыноо өткөргөн полигон болуп келди эле, эми Президенттин жакын адамдары үчүн кызмат полигонуна айланып отурат. Болбосо күнүмдүк ыпыр-сыпыр кагаздан капкачан өйдө турган, билекти түрүп чындап шымалана иштеген адам өкмөт башында туруш керек эле го. Азыр өлкөгө бардык жерден аман-эсен чыкканды билген саясый айлакер эмес чындап иштеген адам керек болуп турат.
Элдин чыдамын жаз келген сайын күтүп жашагандан өткөн кордук болбосо керек.
Аскер САКЫБАЕВА




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??