presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чек ара чыры ырбап барат
Сох дагы
эле солкулдап,
эл кыйналып турат

Чек ара жаңжалын жана чек арага жакын айылдардагы кырдаалды иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиясы Сохтун айланасындагы Согмент, Чарбак, Таян айылдарында болуп эл менен жолукту. Жолугушууда чарбактыктар бийликтен Сох анклавы менен чектешкен чек ара тозотторун жабууну талап кылышып, бул ишке өздөрү жардам беришерин билдиришкен. Ошондой эле үч айыл тургундары чек араны тезинен тактап, электр энергиясы, суу, жол боюнча коңшуларга көз карандылыкты жоюу керектигин баса белгилешти. Комиссия мүчөлөрү учурда Бөжөй, Сай, Бел, Сырт жана Чечме айылдарын да кыдырып жүрүшөт. Комиссияга жаңжалды иликтеп, кырдаалдан чыгуу жолун аныктоо милдети жүктөлгөн. Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин орун басары Алтынбек Эргешов баштаган жумушчу топ жакында бул боюнча тез арада кандай иштерди аткаруу керектигин тактап, өз сунуштарын ортого коймокчу.
Облус губернатору Жеңишбек Разаковдун көрсөтмөсү менен 14-январдан тарта Сохко чектеш беш айылда өзгөчө кырдаал киргизилди. Облустун коргонуу жана укук коргоо органдары бөлүмүнүн начальниги Адибек Набиевдин айтымында, 7-январдан бери Кыштут, Дара, Суу-Башы, Бирлик, Ак-Турпак айылдарынын тышкы чөйрө менен байланышы үзүлгөн. "Сохтун айланасында Баткендин 10 айылында жол, электр энергиясы, суу, мектеп, медициналык кызмат маселелери курчуп барат. Облустун болгон күчү азыр анклавды айланып өтүү жолун курууга багытталды. Бул үчүн облустун башка район, шаарларынан техника жана башка ресурстар тартылып атат" дейт Адибек Набиев. Баса белгилей кетүүчү нерсе, учурда облус эли, уюм, мекемелер акча чогултуп, аталган беш айылга тамак-аш, эң керектүү оокаттарды жөнөтүшкөн. Лейлек районунун акими Тилеберди Ариповдун билдиришинче, район эли Бөжөй, Чарбак айылдарына 50 миң сомдук азык-түлүк, бир суу ташыган машине жөнөткөн. "Азыр чек ара толук көзөмөлдө. Чарбак айылына жарык толук берилди. Суу, азык-түлүк, дары автоунаа менен жеткирилип атат. Бөжөй айылына ун, керектүү оокаттарды жеткирдик, дарыгерлер да барган. Айылга Сохко көз карандысыз жол салуу иши да башталды" дейт "Азаттыка" берген маегинде Жеңишбек Разаков.
Минтип бир чырдын башы басылбай атса, 14-январь күнү Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылынын чабанын үч өзбек жараны сабап, кайтарып жүргөн койлорун айдап кеткенге аракет кылышкан. Жанаша кой жайып жүргөн экинчи чабандын тоскоолдугуна карабай өзбекстандыктар 77 койду алып кетишкен. Өзбек чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдөн соң койлор кайтарылып, үч "үка" кармалды. Окуя болгон жерге нааразы болгон элүү чактыдай адам чогулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң тарашты. Учурда токмок жеген Капар Молдобеков ооруканада жатат.
Эки тарап минтип кырчылдашып атканда, Баткендин экс-губернатору Мамат Айбалаев "24kg" маалылмат агенттигине маек куруп, бийлик кыргыз чек арасын коргой албаса, аны коргош үчүн чек арага жакын жашаган элге курал берүү керектигин билдирди. Анын айтымында, бул учур талабы. Өзбек бийлиги болсо азырынча ак да, көк да дей элек. Ал ортодо Сох анклавында ун, күйүүчү май, тамак-аш баасы асмандап, ал жердегилердин тынчы кетип жаткан кези. Өзбекстан мындай көкбеттиги менен канчага чейин чыдайт күтө туралы. Бирок кырдаал өтө кооптуу.
(Уландысы 6-бетте)




Кандай болор экен?
АКШ аба базасынын
кетер-кетпесин Россия чечеби?

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк жумушчу сапарынын башталышында адегенде Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрүнүн чакан тобу менен жолугушту. Анда тараптар коомдук-саясый кырдаал, парламенттик башкаруунун өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө салымы, диндин, улут аралык мамилелердин таасири өңдүү маселелер боюнча пикир алмашты.
Кийинки жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев Блейкке "макулдашуунун мөөнөтү аяктаган соң "Манас" аэропортунда аскерге тиешелүү эч нерсе калууга тийиш эмес" деп дагы бир жолу эскертти. Роберт Блейк жарандык лидерлердин биринин борбордун ишмердигиндеги ачык-айкындыкка шектенүүлөр тууралуу суроосуна жооп берип, ачык-айкындык жок деген шектенүүлөр АКШны олуттуу демилгелер менен чыгууга мажбурлаганын, ал борбордун башкы милдети - логистика, башкача айтканда, Ооганстандагы операцияларды тейлөө, АКШ биринчи кезекте ал жердеги коопсуздукту ойлойт, ал жердеги коопсуздук бүтүндөй региондун коопсуздугу экенин айтты.
Кантсе да кыргыз-америка жолугушуусу Кыргызстан менен Россия ири экономикалык жана аскерий долбоорлорду баштаган мезгилге туш келүүдө. Маселен, буга чейин "Манастагы" транзиттик борбордун ордуна логистикалык борбор куруу боюнча Россия менен Кыргызстан ортосунда сүйлөшүүлөр башталган.
Бирок айрым серепчилер транзиттик борбордун кетиши же калышы Кыргызстандан эмес, атаандаш Россия менен АКШнын соодалашуусунан көз каранды экенин айтып келишет. "Манас" эл аралык аба майданында жайгашкан транзиттик ташуулар борбору тууралуу Кыргызстан менен АКШ макулдашуусунун мөөнөтү 2014-жылы июнь айында аяктайт. Роберт Блейк былтыркы апрель сапары маалында "Азаттыкка" берген интервьюсунда транзиттик ташуулар борбору АКШ-Кыргызстан кызматташтыгынын негизин түзбөйт, демократияга тоскоол болчу маңзаттарга, терроризмге каршы күрөш жаатында да кызматташып келатабыз деп билдирген эле.
Андан кийин бул жолку сапарында Блейк премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жолукканда кыргыз өкмөт башчысы тарабынан Кыргызстандагы демократиялык өнүгүүлөр жана өлкөнү турукташтыруу жаатында буга чейинки жардамдары үчүн АКШга ыраазычылык айтылды. Роберт Блейк учурда АКШ кабыл алып жаткан Борбор Азия мамлекеттерине колдоо көрсөтүү программасынын алкагында да экономикалык кызматташтык күчтөнөрүнө ишеним артты.
Кечээ АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк АКШ менен КР ортосундагы жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышты.
Ага чейинки жолугушууларда жабык эшик артында дагы кандай сөз болгону азырынча айтыла элек.





Эйфория бүттү, эске келели
Эрге да, энергетикага да ишенич калбай баратат, кандай кылабыз?

Кайрадан "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу тууралуу коомчулукта түрдүү пикирлер айтыла баштады. Кыш келген сайын турмуш чындыгы Кыргызстан энергетикалык кризистен кайра-кайра бийлик кулатуу аркылуу чыга албасын далилдеп келет. Адистердин басымдуу бөлүгү "Камбар-Ата-1" курулушу өлкөбүз үчүн киреше алып келерин айтса, айрымдары тескери пикирлерин билдиришүүдө.
Мисалы, Сапар Орозбаков аттуу адис "Электрстанциялар" ААКсы менен кайым айтышып атып, "Россия сырдуу (непредсказуемая) өлкө. 3,5 миллиард долларды жөн эле корото бере турган экономикалык күчү жок. Анүстүнө бул ГЭС курулганга чейин эки өлкөнүн тең президенттеринин мөөнөттөрү аягына чыгып калат. Андыктан ГЭСтин курулушу аягына чыгышы күмөн" дегендей оюн айткан.
Энергетика адиси Карыпбек Алымкулов бул маселе боюнча АКИpress агентигинин кабарчысына "менимче "непредсказуемая страна" дегендин өзү туура эмес. Россия мамлекети менен кызматташып келатканыбызга 150 жылга жакындап калды. Ошондон бери эле ынтымакта, достук мамиледе жашап келебиз. Ошол эле учурда эки өлкөнүн президенттеринин мөөнөттөрү аягына чыгып калса ГЭСтин курулушу токтойт дегени да жаңылыштык. Путин менен Атамбаев кетсе деле бул иш аягына чейин чыгышы керек. Кийинки президенттер ал үчүн кам көрөт деп ойлойм" дейт. Албетте бул жөн гана ой.
Ал ортодо серепчи Николай Кравцов "Кыргызстанда энергетикалык коопсуздукка жетүү - бул куру кыял, эч убакта жете албайбыз. Кыргызстанда электр энергиянын резервдери бар жана баланс да кармалып турат. Бирок энергетикалык коопсуздука эч убакта жете албайбыз" деп жүрөк түшүрдү. Ал бул сөзүн "бизде баары бир жайында профицит, ал эми кышында дефицит болот. Кичинекей станция куруш үчүн 5-6 жыл талап кылынат. Бактыбызга жараша, бизде "Датка-Кемин" долбоору ишке киришти, бирок муну менен бардык көйгөйдү чечүүгө болбойт. Ал транспорттоо маселелерин чечсе да жалпылаштырма маселесин чече албайт" деп тастыктап туру.
Н.Кравцовдун пикири боюнча электр энергиясынын тартыштыгы өлкөнүн чарбалык иштерин өстүрбөй жатат. "Кыргызстан электр энергиясын иштеп чыгаруу боюнча Борбор Азиядагы лидер болуп эсептелинет деген болбогон кеп. Лидер бул - Казакстан. "Камбар-Ата-1" бул масштабдуу долбоор, ага 10 жыл кетет. Ал убакыттын ичинде коңшуларыбыз бизден дагы ашып, алыстап кетет" дейт ал.
Өнөр жай жана геология Ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеевдин маалыматы боюнча Кыргызстан минералдык ресурстарга бай мамлекеттердин катарына кирет. "Былтыркы жылы биз 15 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөнбүз. Бул жетишкендик. Бирок биз мамлекетти башкарган жетекчиликтин жоктугуна байланыштуу артта калып жатабыз. Биз электр энергиясын сатуудан түшкөн каражатты колдонуп, келечек тууралуу унутуп калдык. Бизде электр энергияны өндүрүүгө, ташууга кеткен өздүк наркы менен 20 тыйындан алынып келинет, анан бир сомго көбүрөөк сатылат, андан бюджетке 15 млрд. сом түшүшү керек болчу. Ал акчалар кайда кетип жатат? Бардыгы чакчалекей, негизделбеген түрдө коротулуп жатат, жыйынтыгында биз бул тармактан артта калуудабыз " деп күйүп-бышат.
Айтса айтпаса төгүнбү. Чындап эле ошол акчалар кайда кетип атат? Шору каткан аялдар "эрге ишенгенче эки босогоңо ишен" дегендей, биз баарыбир өзүбүзгө ишенбесек болбойт окшойт. Ал ортодо айрым адистер Орто Азия чөлкөмүндө, дегеле дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда электр жарыгы текейден арзан экенин кайра-кайра эскерте баштады. Чамасы, тарифти көтөрүп, энергетика тармагын элдин жонунан кайыш тилип болсо да оңдобосо болбойт окшойт.





Адамды өлтүргөнгө унчукпайбыз...
Темирдин чыгымы төлөнүптүр, адамдардын моралдык чыгымы
төлөнөбү?

Сох анклавы чатакта жабыркаган кыргыз жарандарынын унааларынын чыгымын төлөп берди. Бирок сабалган, дарыланган отуздай катардагы жарандардын моралдык жана материалдык чыгымы тууралуу али сөз боло элек. Тактап айтканда, кошуналар жалпысынан 12 автоунаа үчүн 56 миң доллар беришти. Автоунаалар үчүн компенсация берүү чек арада Өзбекстандын Сох жана Кыргызстандын Баткен районунун акимдеринин, аксакалдарынын, тартип коргоо кызматкерлеринин катышуусунда жүрдү.
Баткендеги өкмөт өкүлүнүн басма сөз катчысы Мамажан Бердишевдин "Азаттык" үналгысына билдиргенине караганда, эми Өзбекстан Сох жаңжалында электр зымдарына келтирилген зыянды жана зымкарагайлар кулаганда жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү үчүн жумшалуучу чыгымдарды төлөп берет. Бул чыгымдын суммасы жалпысынан 373,8 миң сом деп эсептелген.
Баса, учурда Кыргызстан Өзбек-стандын Сох анклавы менен чектеш чек ара аймагын тикенек зым менен тосууну пландап жатат. Өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаковдун айтымында, тикенек зымдар чек аранын делимитацияланган участокторунда гана орнотулат. Бардык иштер өзбек тарап менен макулдашылат. Бирок азырынча бул план. Ал качан башталат белгисиз. Сох анклавынын абалы мурункудай бойдон калууда, ал тосулган. Бардык чек ара бекеттери жабык турат.
Зайырбек АЖЫМАТОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??