18.01.13 Бети ачылаар бекен...
Уюшкан топтор Ошто полковниктин көзүн тазалашты
Үстүбүздөгү жылдын 11-январында саат кечки 19.36лар чамасында белгисиз кишилер Ош шаарынын Ак-Тилек конушундагы өз үйүнүн кире беришинде Ички иштер башкармалыгына караштуу уюшкан кылмыштарга жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын башчысы, полковник Толкун Шоноевге күтүүсүздөн кол салышкан. Милициянын полковнигин тогуз жолу атылып, анын бешөө денесин ар жеринен тешип кеткен.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети тараткан маалыматка таянсак, Толкун Шоноевдин көзүн укук коргоо органдарына белгилүү уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Жылдызбек Карамбаев тазалаган деп шектелүүдө. Ыкчам иликтөөгө ылайык ал дал ошол күнү Ош шаарында беймарал жойлоп жүргөндүгү тастыкталды. Толкун Шоноевди аткандан кийин Жылдызбек Карамбаев дароо Бишкек шаарына аттанып, аз убакыт өтпөй башкалаада ээн-эркин сайрандаганга үлгүргөн.
- Ыраматылык Толкун Шоноев Кыргызстандын түштүк башкалаасында курмандыка чалынды, - деп каңырыгы түтөгөн коомдук ишмер Жээналы Баатырбеков. - Бийлик бул сапар дал ушул кандуу окуядан токтоосуз түрдө оң жыйынтык чыгарууга тийиш. Жооптуу кызматтагы кишилерди күч органдары өз кызыкчылыктарына пайдалангандыгынын кесепетинен чырактай жигиттин өмүрү кыйылып олтурат. Бул жерде Толкун Шоноевдин коопсуздугу туурасында ойлобогон жетекчилер дагы токтоосуз түрдө жоопкерчиликке тартылуусу кажет.
Деген менен Ош шаарынын тургуну Төлөгөн Келдибаев маркум полковниктин атылыш себебин башкадан көрөт.
- Толкун Шоноевдин атылышына Ички иштер министрлиги түздөн-түз айыпкер. Себеби уюшкан кылмыштуу топтор (ОПГ) жөнүндө ыраматылык полковниктин колунда айныгыс маалыматтар жана далилдер көп болгон. Ошондуктан муну даана билген Ички иштер министрлигиндеги эле кызматкерлер бул туурасында уюшкан кылмыштуу топтордун (ОПГнын) анабашыларына үзгүлтүксүз кабарлап турушкан. Мунун айынан тигилер өздөрүндө олуттуу проблема жаралышынан чочулап, жалгыз Шоноевди гана жайлап тынышты, - деп өктөм сүйлөдү Төлөгөн Келдибаев.
Дагы бир маалыматка таянсак, Жылдызбек Карамбаев уюлдук телефонун дароо Бишкекке жөнөтүп, изин жашыруу максатында аны карамагындагы ишенчиликтүү адамдары активдүү урунуп турушкан. Бул аркылуу алар тергөөчүлөр адегенде эле Карамбаевдин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн текшерип, анын дал ошол маалда Бишкекте жүргөндүгүнө ынанышат деп кыска ойлошкон.
Бирок мындай арам тилек дароо эле таш капты. Толкун Шоноев өлтүрүлгөнгө дейре Жылдызбек Карамбаев Ош шаарында жойлоп жүргөндүгү ашкереленди.
- Ички иштер министрлигине караштуу уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалагынын бандитизмге, жалданма киши өлтүрүүгө жана алдамчылыкка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги Толкун Шоноевдин өлүмү кабыргабызды абдан кайыштырып турган чагы. Анткени кесипкөй жигитибизден айрылдык. Анын өлүмүнүн себебин иликтөөнү мен жеке көзөмөлүмө алып, үй-бүлөсүнө терең кайрат айтып, күнөөкөрлөр сөзсүз табылып жазаланарын убада кылам, - дейт өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев.
Ал эми Ош облус прокурорунун орунбасары Бактыбек Сыргаков буларды кошумчалады: - Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлдү. Кылмышка азырынча 20-30 жаштагы эки адам шектелүүдө. Анын бири Бишкек шаарында кармалды. Эми аны Ош шаарына экстрадициялоо маселеси сүйлөшүлүүдө.
Айтмакчы, милициянын полковниги Толкун Шоноев 35 жашта эле. Артында жубайы жесир, беш баласы жетим калды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчы, Ош шаары




Ойлон, жаз, акча тап, окурман
"Айылдык кабарчы" аталып, сыйлык уткуң келсе чамда!
Кадырман калайык, урматтуу окурман, "Жаңы Агым" гезитинен жаңы жыл башында сиздерге жакшы кабар бар. 7-ноябрь басма сөз жана маалымат күнүндө "Айылдык кабарчы" наамын алып, капчыгыңызды кампайткан акчалай сыйлыктарды утуп, ага чейин жумасына эки жүз, үч жүз бирдиктен алып тургуңуз келеби?! Анда чамдаңыз.

Бул үчүн кол жоорутуп, бел оорутуп кетмен чаппайсыз. Болгону айылыңыздагы элет турмушунун кызыктуу, урунттуу, таңгалычтуу, кейиштүү окуяларын окурмандар менен бөлүшүп турасыз. Кошунаңыздын ую, бээси эгиз туудубу аны, дагы бир айылдашыңыз ата-бабаңыз көрбөгөн өсүмдүктү өстүрүп салса муну, дагы бирөө таңдайынан чаң чыккан чечен болсо аны, дыйканчылыкты мыкты өздөштүрүп, техниканын тетигин чакса муну, деги койчу баарын жазыңыз. Балким айылыңыздагы эле бирөө жыгачка, териге, темирге тил киргизет, балким айылдашыңыз саяпкер, мүнүшкөр, же жетимиш-сексендеги бир аксакал мыкты сүрөтчү болсо, алтымыштагы апа комузда кол ойнотуп созолонто ырдайттыр. Муну да жазыңыз. Мүмкүн бирөө малды семиртүүнү мыкты билсе, дагы бирөө айылдык Мичуриндир. Балким бир айылдашыңыз ашынган уз, же коңшу айылдагы кудаңыз мыкты акын. Буларды тартынбай эле кагазга түшүрүңүз да шаарга каттагандардан, тынып жатпагандардан "Жаңы Агымга" берип жибериңиз. Балким Ат-Башынын бир айылында бирөө помидор, бадыраң, алма, өрүк эккендир, Ошто бирөө он гектар жерге төө буурчак сепкендир. Таласта бирөөнүн уулу же кызы көзү ачык болсо, Ысык-Көлдө бир айылдагы он жашар бала оозду ачырган күлүк же балбандыр. Же Чүйдүн бир айылында орус апа кымызды катыра жасаса, Баткенде балык өстүргөн жигит жашайттыр.
Кыскасы, кызыктуу айыл турмушун кыска, нуска жазып, сүрөттөрү менен жөнөтсөңүз болот. Жыл аягына чейин кызыктуу макалаларыңыз гезит бетине өз атыңыз менен жарыяланып көңүлүңүз да, чөнтөк телефонуңуздун "курсагы" да ток болот. А эң негизгиси ноябрь айында кызыктуу макалаларды жөнөтүп жеңүүчү аталган үч адам "Жаңы Агымдын" "Айылдык кабарчысы" аталып, алар тууралуу гезитке кеңири макала жарыяланат. Андыктан мекендештер, жакшы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай пайдалана билели. Кандай дейсиздер?





Тай жарыш
Бир ырдын сынагын утуп Пегас мингиң келеби?
"Жаңы Агым" гезити менен республикалык "Айтыш" коомдук фондунун "Калемгер" адабий клубу жаш таланттарды колдоо максатында "Калемгердин Пегасы" аттуу бир ырдын сынагын жарыялайт.
Жобо боюнча сынакка катышуучулардын жаш курагы 30 жаштан өтпөш керек. Ошондой эле сынакка катыша турган чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбоого тийиш. Жөнөтүлгөн ырлардын көлөмү төрт саптан элүү сапка чейин болуп, ар бир автор бирден чыгарма менен гана катышууга укуктуу. Тематикасы чектелбейт. Келген ырлар кезек менен гезиттин ар бир санына жарыяланып турат.
Байге фонду30000 (отуз миң) сом , биринчи байге15000 сом , ага кошумча "Калемгердин Пегасы" тапшырылат. Экинчи байге 10000 сом жана диплом, үчүнчү байге 5000 сом жана диплом.
Сынак ушул жылдын 2-декабрында токтоп, жыйынтыгы 12-декабрда Адабият күнүнө карата чыгарылат. Автор "Жаңы Агым" гезитинин редакциясынын дарегине же zairajimatov_76@mail.ru, agym@vb.kg электрондук почтасына сынакка жөнөткөн ыры менен кошо өзү тууралуу кыскача маалыматты тиркеп, гезитке ылайыктуу сүрөтүн кошо жөнөтүшү керек.