18.01.13 Юнус Эмре ГҮРБҮЗ, тарыхчы, социолог:
"Түрк сериалдары жылына 60 млн. доллар киреше алып келет"
Азыр сериал көрүү деген "оору" тамырын кенен жайып барат. Мурда Мексика, Бразилия, Корея өлкөлөрүнүн тарткан сериалдары көрүүчүлөрдүн шилекейин агызып келсе, эми алардын ордун түрк сериалдары басып өттү. Улуу-кичүү дебей аталган сериалдарды экрандан көзүн албай сериал куугандар көбөйгөндөн көбөйүп барат. Мына ушул сериалдар, түрк тасмаларынын өзгөчөлүктөрү тууралуу коммуникация боюнча адис, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин окутуучусу Эмре Гүрбүздү кепке тарттык.
- Түрк сериалдарынын дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда өтө популярдуу болушунун сыры эмнеде?
- Түрк сериалдарынын кыргыз коомчулугунда популярдуу болуп жатышына маданиятыбыздын жакындыгы, ошол эле учурда кыргыздарга анча тааныш эмес түрк маданиятынын айрым көрүнүштөрү себеп болуп жатат. Сериалдардын өзүнчө формуласы бар. Башы америкалык сериалдар менен 1970-жылдары башталган. Бардык сериалдардын өзөгүндө бир үй-бүлө болот. Окуянын баары ошол үй-бүлөнүн тегерегинде өнүгөт. Интрига, сүйүү, байлык, согуш баары камтылат. Сериал ошонусу менен гана көрүүчүлөрдү өзүнө тарта алат. Түрк сериалдары Латын Америкасы, Индия, Бразилия, Мексика сыяктуу өлкөлөрдүн сериал формуласын түрктөрдүн улуттук өзгөчөлүктөрүн кошуп синтездеп чыкты деп айтсак болот. Биздин тасмалардын өзгөчөлүгү ушунда болду. Мурда түрк тасмалары фестивалдарга гана катышчу. Эл кинотеатрлардан көрчү эмес. 2000-жылдары сериалдарга драмалар, комедиялар кошулуп өнүгө баштады. Ошол мезгилге чейинки сериалдар бакубат жашаган үй-бүлөнүн жайбаракат жашоосу менен чектелчү. 2000-жылдардан кийин ошол үй-бүлөлөргө интригаларды, ар кандай өч алууларды, кан, сүйүү баяндарын кошкондо гана сериалдар өсүш алды. 2001-2002-жылдары Түркия Казакстанга сериалдарды сата баштаган. Аталган сериалдарда жалаң гана сулуу кыздар, кымбат машинелер, кыскасы бай адамдардын жашоосу чагылдырылган. Негизи көрүүчү тасмадан өзүнө жакын нерсени, анан суктана турган жашоону издеп көрөт. Сулуулук, байлык кимди гана суктантпайт. Учурда Түркия 20дан ашык өлкөгө сериал сатат. Сатылган 100дөн ашык тасма жылына 60 млн. доллардан ашык киреше алып келет.
- Түрк режиссерлору башка жанрдагы тасмаларды эмне үчүн тартпайт?
- Түркия сериалдардын түрүн тартып жатат. Комедиясы, мелодрамасы баары бар. Түрктөр америкалыктардан айырмаланып боевиктерди, супермендер катышкан фантастикалык тасмаларды тартпайт. Түрк киночулары жергиликтүү элге жакын болгон тасмаларды гана тартканга умтулушат.
- "Даңазалуу кылым" тасмасына байланышкан ар кандай пикирлер бар. Аталган тасманы тарыхый деп айтууга негиз барбы?
- "Даңазалуу кылым" тасмасы абдан популярдуу тасмалардын катарын толуктайт. Ушул тасмага чейин тарыхый сериал тартылган эмес. Султан Сулаймандын убагында Осмон империясынын аймагы канчалык кенен болсо, аталган сериалдын аудиториясы да ошончолук кенен болду. Орто Азияда, Орусияда, Жакынкы Чыгышта да көп көрүшөт. Аталган сериалдагы гаремде болгон окуялардын чындыгында кандай болгонун эч ким билбейт. Анткени гаремге эч ким киргизилчү эмес. Падыша менен Хүррем Султандын ортосунда кандай мамиле болгону да эч кимге белгисиз. Андыктан бул даректүү тасма эмес. Авторлор Осмон империясын көркөмдөп тартышты. Чындык сериалда көрсөтүлгөндөй деп кабыл алуу туура эмес.
- Түрк сериалдарынын кемчилиги эмнеде?
- Техникалык жактан Латын Америка тасмалары өтө начар, Орусияныкы начар, Кореяныкы орточо болчу. Ал эми Түркия режиссерлору көп акча тапкандыктан жана инвестиция көп болгондуктан тасмалардын техникалык сапаты жогорулады. Кемчилиги сериалдар аябай эле узун. Бир сериясы бир жарым саатка созулат. Диалогдор көпкө чейин узайт. Мен түрк сериалдарын көргөндө тажап кетем. Узун болушунун себеби, Түркиянын тиешелүү органдарынын эрежеси боюнча тасма болуп жатканда белгилүү гана мүнөттөн кийин реклама берүү мүмкүн. Рекламаны көп бериш үчүн узун кылып салышат. 90 мүнөттүк сериал болушу мүмкүн эмес. Бул убакытта толук метраждуу тасма тартса болот. Аны 6 саатта эле тартышат. Ал эми америкалыктар бир бөлүмдү 6 күндө тартышат убактысы 40 мүнөт. Бир жылда жүзгө жакын сериал тартылып, жарымы комиссиядан өтпөй калат. Темалар жок калды. Жакында түрк сериалдарында кризис башталышы толук мүмкүн.

Уланбек ЭГИЗБАЕВ