presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жакыр элди карактаган
шылуундар

Акыркы кезде алдамчы-шылуундардын курмандыгына айланган карапайым адамдардын саны арбып барат. Анча-мынча акча салсаң эле артыңдан миллиондор чубуруп, өзүнөн-өзү чөнтөгүңө түшө берет деген компанияларга ишенбегиле деп ММК элге сайрап жатышат. Бирок болбой эле ишенчээк эл аларга болгон тыйынын кагып берип, акыры алданып ыйлап калышат. Редакцияга башбаккан Жийдегүл Оморова менен Жамиля Осмоналиева биз алдандык, эми башкаларга сабак болсун, эл билсин, бизге окшогон карапайым адамдар алданбасын деп келишиптир.
Жамиля ОСМОНАЛИЕВА: - Кара-Балта шаарында дыйканчылык менен алектенип, базарда соода кылып жашап атканбыз. Эки балам Бишкекте окушат, студент. 2011-жылдын октябрында бир тааныш эжеге жолуксам, Бишкекте бир автокомпания бар экен, ага кичине эле акча салсаң, артынан акча келет экен деп айтып калды. Адегенде ага анча көңүл бурбай кетип калгам. Бирок ал эже андан кийин да эки-үч жолу жолугуп, ошол автокомпанияга баргандар жакшы акча таап атканын айтып азгырды. Бул компаниянын шарты ага адегенде 17 миң сом акча салып, артыңан эки киши жаздырат экенсиң. Ошентип эки адам дагы экөөнү чакырып, айтор, жети адамга жеткенде программадагы матрица толот да оңбогондой акча аласың деп түшүндүрдү. Бир жолу Бишкекке келсем мага телефон чалып, ошол компанияга барып көрүп келчи дегенинен, айтылган дарек боюнча барсам, эл толтура. Компанияда жалаң жаш балдар иштешет экен. Алар бизге акча салып, артыңдан киши жаздырсаң эле толтура акчага маарып каларыбызды айтып түшүндүрүштү. Документиңерди көргөзгүлөчү, алдабайсыңарбы десек, бир кагаздарды көргөзүп, бирок колубузга карматпай эле, чочубагыла баары жакшы болот дешти. Биздеги Арапбай Адылов деген бала Германия менен биргеликте ушул компанияны Кыргызстанга ачыптыр деп калышты. Алардын айтымында, бул компания машинелерди алып сатуу менен алектенет экен. Ызатбек Салижанов деген жигит бонус толтуруп 21 миң евро алганын айтышты. Жети адамды чогултуп, артыңа жаздырсаң 46 миң сом аласың дешти. Андан кийинки тепкичте 21 миң евро күтүп турат, кааласаңар акча менен кааласаңар жапжаңы машине алсаңар да болот деп кызыктырышты. Ошол күнү чогулуш болуп буга чейин бонус толтургандарга 46 миң сомдон премия беришти.
Ушуларды көрүп кызыгып, катып койгон анча-мынча акчамды алып жөнөп калдым. Базарда соода кылган эжеме айтсам, ал анча ишенген жок. Мен балдарым студент, жок дегенде кичине тыйын болуп калсын десем, кийин ыйлап калба деп эскертти. Эртерээк матрицаны жаба коеюн деп 68 миң сомду өз чөнтөгүмөн чыгарып, төрт кишини жаздырдым. Бирок мен туура эмес кылыптырмын. Көрсө, мен чуркап алып келген акчамды башындагы башка эле киши алат экен. Ошо менен калып калбай, бонусту толтуруп бийикке чыгайын деп тууган, тааныш, куда-сөөктү чакырып артымдан 35 кишини коштуруп салыптырмын. Ошентип компанияга кишилерди улам азгырып, 17 миң сомдон коштура берип акыры бонуска чыктым. Негизи бонуска чыкканда 46 миң сом алышым керек болчу. Бирок Ы.Салижанов эже бул акчаны албай эле кайра 4800 сом кошуп, 21 миң евролук бонуска чыксаңыз батыраак барасыз деп азгырды. Бул сумманы алгандар байып атканын айтты. Ошентип атып билинбей эле 306 миң сом ошол компанияга төлөп коюптурмун. Артыман он сегиз кишиге өзүм төлөптүрмүн.
18-декабрда Финполиция бул балдарды кармап, 5000 доллар берип кутулуп кетишиптир деп уктук. Ошондон кийин бизди тоноп карактап кетти деп ызылдап да калышты. Биздин акчабыз эмне болот деп тынчсыздансак, коркпой эле иштей бергиле, эл жазылсын, акчаңар түшөт дей баштады. Жаңы жылдан кийин бонуска чыгып, 21 миң еврону ала баштайсыңар дешти. Бул эки жаш баланы он чакты аял, Акылбек Абдрахманов деген жансакчысы коштоп жүрчү. Акылбек да компьютерден мен жакында 21 миң евро алганы жатам, мынакей деп көрсөттү. Компьютерди жакшы түшүнбөгөндүктөн башыбыз айланып ага ишенип калдык.
2011-жылы 29-декабрда кечинде буларды Бишкек ШИИБ оперлери кармап СИЗОго отургузуптур. Биз сүйлөшкөн боюнча жаңы жылдан кийин барсак, кеңсенин ичи ызы-чуу, эл толтура экен. Ошол жерден гана бул балдардын мыйзамсыз иш алпарып элди алдап жүргөнүн уктук.
Эртеси аларды жактаган адвокат, туугандары келип өзүңөр күнөөлүүсүңөр деп кайра бизди айыптап уруша баштады. Бул ишти Бишкек ШИИБ беш ай тергеди. Ал жактагы тергөөчүлөр булардын үйүн тинткенде 1 млн. 300 миң сом, 1600 евро табышыптыр. Ушул сумма табылгандан кийин эле тергөөчүлөр көз көрүнөө тигил тарапты кайра жактап, бизди иттен чыгарып атты. Ошол жерде эки баланын апасынын бири үйдөн табылган акчаларды мен кредит алгам деп жалган документ топтоп келе калып, айтор, 500 миң сомду алып кетишти. Калган акчасы кайда кеткени белгисиз. Бизди эч нерсе түшүнбөйт деп көз көрүнөө маскаралап атышты.
Бул компанияга Кыргызстан боюнча 6000ден ашуун адам катталып, 102 млн. сом чогулуптур. Жалаң жакыр жашаган карапайым ишенчээк адамдарды алдашкан. Ошентип Бишкек ШИИБ беш ай тергегенден кийин ишти Свердлов райондук сотуна өткөрүп беришти. Ал эми Свердлов райондук соту бул мыйзамсыз иштеген компания деп үч ай создуктуруп, ишти кайра Бишкек ШИИБне жиберишти. Биздин эч кимибиздин акчабыз жок адвокат да жактаган жокпуз. Акыры бул иш боюнча Башкы прокуратурага арыз жазып, ИИМге да бердик. Ошол жакка өткөргөндөн кийин Игорь Мельник деген тергөөчү карап, ал да тил эмизип атты. Жакында бул иш Биринчи май райондук сотуна өттү.16-январда сот болмок, бирок сот процессин кайра 25-январга которуп салышты.
Кийин булар алдамчы экени билинип, кармалып калганда айла жок, менин айтканым боюнча жазылган адамдардын акчасын өзүм төлөп берүүгө мажбур болдум. Акчам жок үйүмдү сатууга туура келди. Ойлонбой иш кылсаң онтобой ооруга жолугасың дегендей, акча деген жаман экен, тууган-туушкан, сыйлуу адамдар менен жаман-жакшы айтыштык. Артыман кууган адамдарга акча жетпей процент акча алып бердим, ал да жетпей кредит алдым. Айтор, абдан кыйналып атам. Кээ бир тааныштарым мени алдагандай ойлошту.
Арапбай Адылов деген жигит Юридикалык академияда окуп, 1-курстан кийин аны окуудан чыгарып жиберишиптир. Ал эми Ызатбек Салижанов бир ЖОЖдо окуп жүрүп чыгып калыптыр деп уктук. Алар буга чейин ушул сыяктуу пирамида компанияларында иштеп тажрыйба топтоп, анан өз алдынча компания ачышкан экен.
Жийдегүл ОМОРОВА: - Токмок шаарында майып күйөөмдү багып, төрт балам менен эптеп күн кечирип жүргөндө бир тааныш эже жолугуп, ушул компанияга азгырып келип калдык. Мен да бул жерден акча алып аткандарды көрүп азгырылып, артымдан 38 кишини жаздырыптырмын. Компания бизди алдап кеткенин укканда шок болуп, жүрөгүм ооруп, аз жерден өлүп кала жаздадым. Мен азгырып жаздырган кишилер акчаны менден доолай башташты. Акыры айлам кетип апамдын малын сатып 121 миң сомду алдангандарга өз чөнтөгүмдөн төлөп бердим. Менин артыман жазылгандардын көбү майыптар эле. Ошонун азабынан туугандар менен да жаман-жакшы айтышып калдык. Элдин убалына, каргышына калбай акчабызды өндүрүп берсе болду. Эми ошол эки бала СИЗОдо да тынч отурбай ал жактан да акча жасап атканын угуп төбө чачыбыз тик турду. Акыры биз сыяктуу карапайым элге айтарыбыз, оңой акча жок экен, эч качан ушундай шылуундарга алданып калбагыла, антпесе жылаңач сызда отуруп каласыңар демекчимин.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??