presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



KYRGYZSPORT
Байматовго баурдастар кызыкты
Өткөндө биздин гезитке Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын капитаны Азамат Байматов кенен маек бергенден кийин Казакстандын "Акжайык" футбол клубу биздин мыкты топ тепкичибизге кызыгып, аны жакшы шарттар менен өзүнө чакырды. Буга чейин Латвия, Украинанын клубдарында оюн көрсөтүп келген быйылкы жылдын "мыкты футболчусу" эми кошуна өлкөдө да өз өнөрүн көрсөтө турган болду. Былтыркы Казакстандын биринчилигинде сегизинчи орунду алып калган "Акжайык" "Дордойду" чемпион кылган оюнчу менен чемпион болуу аракетин көрүшөт экен. Учурда Азаке ал жакта кароодон өтүп атыр.

Даамы жок даярдык
КМШ өлкөлөрүнүн Кубогуна аттанып жаткан Кыргызстандын 21 жашка чейинки курама командасы Санкт-Петербургга жөнөп кетээрдин астында акыркы достук беттешин өткөрдү. Кадимки "Дордой" клубу жаш футболчулардан экзамен алышты. Беттештин биринчи бөлүгү мына бүтөйүн деп калганда Калеутин-Рустамов-Мурзаев үчилтиги эсепти ачты. Оюн суз өтүп жатканына аба-ырайы себепкер болуп жатты. Тыныгууда ысык чайды талаша ичкен футболчулар экинчи таймда кичине кыймылдай башташты. Алмашууга кирген жаштар курама командасынын оюнчусу Владислав Барсуков эсеп тактайына 1:1 деген жазууну койдурууга аргасыз кылды. Оюн аякташына саналуу мүнөт калганда "Дордойдун" мыкты чабуулчусу Мирлан Мурзаев дарбазачы менен жекеме жеке чыгып, гол сокпой койду. Көптү түшүнгөн жигитибиз жаш балдарды чет жакка жөнөп жатканда уят кылып маанайын түшүрбөй эле коеюн деди окшойт. Ошентип биздикилер өлкө чемпиону менен тең чыгып Россияга жөнөп кетти. 18-январдан тарта Питерде Шериктештик Кубогу - 2013түн багы чечилет.

Бахадырдан башкалары
Азия футбол конфедерациясы биздин континенттеги мыкты футбол калыстарынын тизмесин жарыялады. Мурда бир гана Бахадыр Кочкаров менен сыймыктанып келсек, бул ирет бул элиталык тизмеге 9 кыргызстандык адис кирген:
Калыстар - Дмитрий Машенцев, Тимур Файзулин, Рыспек Шекербеков, Нурдин Букуев (футзал);
Калыстардын орунбасарлары - Бахадыр Кочкаров, Сергей Грищенко, Замир Чыныбеков, Артем Скопинцев; Лилия Хасанова (аялдар футболу).

ФИФАнын тизмесине илингендер:
Калыстар - Нургазы Чолпонбаев, Нурбек Букуев (футзал);
Калыстардын орунбасарлары Абдуганы Турсуналиев, Вадим Скопинцев, Марина Алексеенко (аялдар футболу).
Бул калыстар элиталык тизмеге кирген менен азырынча расмий эмес, достук жана коммерциялык турнирлерди карап беришет. Тажрыйба топтогон соң Бахадыр байкесиндей дүйнө биринчилигине, континент чемпиондугуна кызмат кылышат.

Эң кыйыны биздики
11-13-январь күндөрү Россиянын Красноярск шаарында Дмитрий Миндиашвилли атындагы күрөш академиясынын байгесине эл аралык турнир болуп өттү. 16 салмак категориясында Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Россиянын 18 аймагынан келген спортчулар күч сынашты. Жыйынтыгында турнир кожоюндары 6, Кемеров облусу 3 алтын медалга ээ болушту. Эң башкысы абсолюттук категорияда 360 спортчунун ичинен эң кыйын деп биздин мекендешибиз Айаал Лазарев табылды. Бул деген ошол жерге баргандардын бири дагы биздин балбанга алы жетпей койду дегенди билдирет.

Чоңунан болбосо кичинесинен күчтүүбүз
Минифутбол дейбизби, футзал дейбизби, кыскасы, залда ойнолуп келген кичи футбол боюнча биздикилер кыйын экен. Муну расмий сайт жазып чыкты. Азия континентинде 5-орунда турсак, дүйнөдө 37-орунду ээлептирбиз. 1071 упай топтогон Кыргызстан менен жер шаарынын жарым адамын батырган Кытай да спорттун бул түрүнөн биз менен бирдей упай топтоптур. Футболду улуттук оюнундай көргөн Мексика бизден 3 орун артта экени көңүлүбүздү көтөрүп койду.

Алтын күмүштөр бизде
Таэквондо ITF түрү боюнча Алматыда өткөн Эл аралык турнирге Бишкектин атынан машыктыруучу Сергей Фаустовдун 13 мушкери барышкан. Алар 8 медалга татыктуу болууга жетишти. 1 коло, 3 алтын жана 5 күмүш Кыргызстанга келди. Ийгилик жараткан азаматтарыбыз төмөнкүлөр:
1-орун - Дильшана Донцова, Валерий Сердюков, Темирлан Тогойбаев;
2-орун - Азамат Мырзакан уулу, Темирлан Тогойбаев, Кыдыр Кадырбеков, Бектемир Тургунбай уулу;
3-орун - Абдырасулов Акжигит.




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??