18.01.13 Ээнбаш элита
Хансарайлары үчүн карыз "каймактар"
Жыл башында "Түндүкэлектр" ААКсы "Ататүрк" сейил багы тарабындагы Абдылас Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 23 хансарайдын жашоочусу электр энергиясынын акысын төлөбөй жүргөнүн жарыялады. Аталган ишкана электр жарыгына акча төлөбөгөндөрдү мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартуу өтүнүчүн ИИМдин уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү башкы башкармалыгына жолдоду. Ошондон кийин "особняктардын" кожоюндары буту күйгөн тооктой чуркап карызын төлөй башташты.


Расмий статистикага таянсак, 23 хансарайдын ээси (Өмүралиев Д.Д. - 409088 сом, Маковская - 272725 сом, Садырбаев - 31351 сом, Сариев Н. - 272725 сом, Халдамов - 16632 сом, Адаев М. - 4074 сом, Сафаров А.М. - 5179 сом, Мырзабаев - 6174 сом, Рысалиева - 17463 сом, Сагынов - 3031 сом, Болотбеков - 1470 сом, Жаналиева Б. - 7318 сом, Пирматова - 3112 сом, Учкунбаев Т. - 6575 сом, Шеитов - 17453 сом, Керезбеков - 16762 сом, Ушаков Н.А. - 9010 сом, Момунова - 7246 сом, Арзыкулова Б.А. - 6882 сом, Орозалиев Э.М. - 2397 сом, Бөрүбаев - 7762 сом) жалпы жонунан өлкө казынасына 1,1 млн. сомду төлөбөй келишкен. Электр энергиясын колдонгону колдонуп, акысын төлөгөнгө келгенде кымырылгандардын катарында элге төбөсү көрүнгөн инсандар да бар экен. Аларды четинен тизмектейли:
Бейшенбек Болотбеков - Талас облусунун экс-губернатору. 2010-жылдын 7-апрелинде губернаторлугун өткөрүп берип жанын ала качкан. Хансарайы жайгашкан жеринин аянты0,08 га . Электр энергиясын убагында төлөбөгөнү үчүн мамлекетке 1470 сом карыз болгон.
Алтай Асылканович Бөрүбаев - белгилүү коомдук ишмер. Кезинде И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайын жана улуттук университетти жетектеп, ЖК депутаттыгын, ЖКнын эл өкүлдөр палатасынын спикерлигин аркалаган. 2011-жылдын 15-августунан тартып Жогорку аттестациялык комиссиясын жетектеп келет. Минтип мартабалуу кызматта жүргөн адамдын электр энергиясы үчүн 7762 сомду убагында төлөбөй жүргөнүн кандай түшүнсөк болот?
Асел Пирматова - ЖоКедеги чуулгандуу депутат Исхак Пирматовдун карачечекей эжеси. Өткөн жылы "Республика" партиясынын атынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. Депутаттыкка чейин бизнестин ичегисине кан куюп, "Спецэнергострой" ЖЧКсын башкарган. Асел Айтбаевна акчалуу айымдардын катарына киргенине карабастан, колдонгон жарыгы үчүн 3112 сомду убагында төкпөгөнүн түк түшүнбөдүк.
"Түндүкэлектр" ишканасынын маалыматында Н.Сариев аттуу жарандын 272 миң 725 сомду төлөбөй жүргөнү жазылган. Н.Сариевди экономика министри Темир Сариевдин жакын тууганыбы деп калдык. Себеби "Түндүкэлектрдин" мекемелер аралык ыкчам көзөмөлдөө кызматынын тескөөчүсү Төрөбай Боогачиев журналисттерге "мисалы, мына бул үйдө Сариев аттуу жаран жашайт. Ал дагы чиновниктерге тиешелүү экени белгилүү " деп табышмактанта айткан…
Кулбаев актанып, Рысалиев "жок" деди
Экс-"ак жолчу" депутат Абдирейим Кулбаев электр энергиясына карыз болбогонун, тескерисинче, жаңы жылдын астында 8000 сомду алдын ала төлөгөнүн билдирди. Ал эми "Түндүкэлектрге" 17 миң 463 сом карыз болгон Рысалиева аттуу айым Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Зарылбек Рысалиевдин тууганы окшойт го деп божомолдоп атканбыз. Бирок Зарылбек Кылычбекович"жакындарымдын биринин да "Ататүрктө" үйү жок. Менин Жибек жолу көчөсүндөгү үйдө жашарымды билесиңер " деп тактоо киргизди.
Карапайым адамдар 50 сом карыз болсо жарыгын өчүрчү энергетиктердин 100 миңдеген сомду төлөбөй жүргөн "азаматтарга" алы жетпестиги "Ататүрктүн" мисалы көрсөттү. Эгер бул окуя маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка тарабаганда балким, "жабылуу аяк жабылуу бойдон" калмак. Дегенибиз, жогорудагы окуя ачыкка чыккандан кийин хансарайдын ээлери карызын төлөй башташты.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Полковник Т.Шоноев кимдин, эмненин курмандыгы болду?
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусундагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин киши колдуу болуп өлгөнүнө байланыштуу түрдүү версиялар айтылууда. Айрым маалымат каражаттары бул кандуу окуяны кримдүйнөнүн өкүлдөрү уюштурганын жазышса, кээлери аны Ички иштер министрлигинин системасындагы ички "тазалануу" сыпатында баалашууда.


Окуя болгондон эки күн өткөндөн кийин, 13-январда интернет-сайттардын бири ИИМдеги өздүк булагына таянып, Т.Шоноевди атып өлтүргөн деп шектелген адамдын ысымын жарыялады. Киллер 24 жаштагы Жылдызбек Карамбаев аттуу жигит экенин Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Мелис Турганбаев да ырастап, анын Алманбет Анапияевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин ишенимдүү билдирген.
Дубайда жашап аткан А.Анапия-ев адвокаты Самат Заков аркылуу үн катып, М.Турганбаевдин айткандарын төгүндөгөн билдирүүсүн президент Алмазбек Атамбаевге жана коомчулукка жолдоду. Кызыгы, ошол билдирүүдөн кийин ИИМдин басма сөз кызматы Ж.Карамбаев чындап эле кармалганын, арийне анын кайсы кримтопко таандык экени тастыктала электиги туурасында маалымат таратты. Дагы бир ирет кайталайлы, Анапияевдин жообунан кийин гана ушундай маалымат жарыялап атышат. Табышмактуу бекен? Андан да табышмактуусу бул, полковникти чын дүйнөгө аттанткан адам кармалса, анда неге Ички иштер министрлиги Шоноевдин өлүмү тууралуу кенен маалымат билгендерге 1 млн. сомдук сыйлык саят? Мынча каражатты сарптабай эле Т.Шоноевди неге атканын, ким буйрук бергенин Ж.Карамбаевдин өзүнөн эле сурап алышпайбы? Айтор, бири-бирине карама каршы келген жагдайлар, жоопсуз суроолор арбын.
Полковник наркобарондордун курмандыгы болгонбу?
Толкунбек Шоноевдин өлүмү-нүн тегерегинде ар кыл версиялар жаралды. Алардын ичинен үчөө чындыкка жакыныраактай туюлат.
Биринчи версияга кулак түрсөк, маркумдун колунда кримтоптордун бири туурасында сенсациялуу документ болгон экен. Ал документте "авторитеттердин" биринин өмүр таржымалы, кимдердин тагдырына балта чапканы жана мындан ары кайсы саясатчылардын башын жутууну пландаганы толук жазылган дешет. Өзү тууралуу маалымат ачыкка чыгып кетишинен чоочулаган "атаман" атайын киллер жалдап полковниктин көзүн тазалаганы божомолдонууда.
Андан кийинки версия боюнча бул окуяны 2008-жылы 4-августта киллердин огунан каза тапкан ИИМдин алдындагы маңзатына каршы күрөшүү кызматынын төрага орунбасары Анвар Алиевдин тагдырына окшоштургандар бар. Иликтөөнүн жыйынтыгында А.Алиевди өзүнүн үч кесиптеши жайлатканы тастыкталганы белгилүү. Т.Шоноевдин көзүн ошондой ыкма менен тазалашы ыктымалдыгы айтылууда. Себеби "кызыл шапкечендердин" бири Т.Шоноевдин баскан-турганынан, кандай иштерди жасап атканынан бери "караларга" кабарлап турчу экен. Чамасы, маркум кылмышкерлер менен кызматташып аткан кесиптешинин изине түшкөн өңдөнөт…
Соңку версияда Шоноев наркобарондордун курмандыгы болгону айтылат. Курманбек Бакиевдин заманында түштүк аймагы аркылуу өтчү наркотрафикти учурда сыртта бозгунда жүргөн кримавторитеттердин бири тейлечү. Апрель окуясынан кийин бу "тармакты" мартабалуу чиновниктердин бири көзөмөлдөп калганы кабарланган эле. Т.Шоноев мына ошол наркотрафикти кысууга белсене киришкенинин азабын тартышы ыктымал…
ИИМ иштебесе ордун басчулар табылат
"Мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев келгени эки ай өтпөй адамдарды ит аткандай атмай башталды. "Бул башталышы гана. Дагы бир нече кишинин, полковник, генералдардын каны төгүлөт имиш" деп көзачыктангандардын кебин укканда жакаңды кармайсың. Көлбаевдин кайтып келишинен улам ИИМдеги генералдардын бири "эми кылмышкерлер милиционерлерди таламандын тал түшүндө атышат…" маанисинде асанкайгыланганын уккам. "Чү" дегенде Т.Шоноевдин башы кетти. Генералдын божомолу туура чыкса, далай киши окко учат го… Мындайды болтурбаш үчүн Ички иштер министрлиги ички ыйкы-тыйкысын токтотуп, алардын негизги функциясы болгон мыйзамды бузгандардын ак-кара экенине карабай иштеши керек. Эгер андай болбосо алардын ордун так ошо "каралар" ээлеп алары көрүнүп калды.
P.S. Гезит басууга даярдалып атканда кызык кеп уктук. Полковникти атты делген Ж.Карамбаев "подставной" экен. Кылмыш ишин жашырыш үчүн Карамбаевди көндүрүшкөн имиш. Ал эми чыныгы киллер эркиндикте жүрөт дейт. Бул кейпине караганда, Т.Шоноевдин окуясы ачылбай, Карамбаев "садагага" чабылабы? Айтор, бул окуя дагы далайга созулчудай түрү бар…
Талантбек СЫДЫКОВ