presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргызстандыктар..... Мен муктажмын!

Ошентип бир жылдан ашты. Былтыркы президенттик шайлоодо президентибиз көп улуттуу өлкөбүз, биздин мекенибизде сексенден ашык улут бар деп, анан жаңылбасам эмнегедир кыпчак, найман деген элдер болгондугун кыпчып айтты. Манас атабыздан мисал келтирип, биз курама журтпуз деп айтты.

Анан башталды. Ал убак Бабановдун өкмөтү курала элек кез, белдүү журналисттерибиздин бири деп эсептелген Атахан Кожогулов коногу Акылбек Жапаровго сөз арасында кыргыз эли, кыргыз улуту деп кайрылса, дүжүр болуп көнүп калганбы же президентибиздин командасын күтүп отурганбы, айтор биз мындан кийин Дордой системасындай кыргызстандыктар деп айтышыбыз керек дейт. Ошондон кийин байкашымда белдүү журналисттибиздин бели бир аз мертинип калдыбы, ал дагы кыргызстандыктар, мекендештерге өтүп алгандай. Жер титиресе акындын жүрөгү менен өтөт дечү эле, кыргыздар кыргызстандыктарга айланып жатканда ал кантти экен?
Ошо менен коомдук каналдарда, гезит беттеринде кыргызстандыктар деп айтылып, жазыла баштады. Акын, ырчы-чоорчуларыбыз кыргызстандыктар деп чыга баштады. Ошентип кыргызстандык болуп жатып калдык. Негизи жыйырма жылда кыргыз эли, кыргыз коомчулугу жана биздин мекенде жашаган мекендештерибиз, баарыбыз жалпы эле дүжүр болуп калганбызбы же президентибизден жаңылык, жакшылык күткөнүбүздөнбү, айтор, жапатырмак коштомоюбуз бар. Таңгалганым жана коркконум, кийинки президентибиз кокуй, улут аралык ынтымак керек, мекенибиздин атын Дордойстан, Бишкекстан, Улуттарстан же Бешбармакстан... иши кылып станды кошуп өзгөртөлү десе ага деле көнчүдөйбүз.
2002-жылдары Астанада жүрүп Россияны Ресей, Англияны Агылчын деп которуп алганын угуп бир эсе таңгалып, бир эсе баа бердим. Кечээ жакында Казакстандын кино жумалыгы бизде болуп өткөндө да сөз арасында Ресейде деп айтып отурушту. Ал эми биз Россия Федерациясын Русская Федерация кылып алганбыз, тагырагы оозубузду толтуруп Орусия деп айтабыз федерация экенине карабай. Бул жерде керек болсо дипломатиялык этикет бузулуп жатат. Алар өздөрүнө ыйгара албаган, өздөрү айта албаган ысымды коркпой-үркпөй эле Орусия деп биз ыйгарып берип койдук. Биз деле өз тилибизге ылайыкташтырып Россияны Росый десек эмне үчүн болбосун? Өзүбүз унитардык журт экенибизге карабай, башмыйзамыбызда Кыргыз Республикасы деп жазылып турса да кыргызстандык болуп алдык президентибиз айтты деп. Кытай-Кыргыз-Өзбекстан темир жолун Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан деп айтабыз.
Бул баягы кыргыздын толгон токой мыйзамдарын бузуп Кумтөрдү эл аралык шылуундарга кармата салгандай эле. Эми аларга келгенде кокуй, укуктук талаа, эл аралык мыйзамдан утулуп калабыз деп жарымыбызга жакыныбыз жактоочусу болуп жүрөбүз.
Президентибизди коштоп Манас таануучу баатыр аксакалыбыз айтты курама журтпуз деп. Азыр кыргыз, кыпчак тарыхы деген китептер чыга баштады. Азыркы кыргыз тили кыргыз, кыпчак тили деген кептер айтыла баштады. Жаңы нерселерди тез кабыл алган улут экенбиз, титулдук этнос деген терминди айтып чыгышты эле, аны да унчукпай сиңирип алдык. Ошентип ата-бабаларыбыз калтырып кеткен жерибизде, мекенибизде болгону кандайдыр бир титулдук этнос болуп калдык. Кээ бир урууларыбыз баланча эли деп курултайларын өткөзүп жатат. Жайсаңчыларыбыз Жайсаң китебин Айкөл Манас деп өзгөртүп алышты. Орус тилине официалдуу статус берип Акаев кыргыз элин кыргыз менен киргизге, кыргыз тилдүү менен киргиз (орус) тилдүүлөргө бөлсө, Бакиев түндүк менен түштүккө бөлдү. Атамбаевдин азыркы курама журтпуз идеологиясы менен кырк уруу кыргыз улуту, кырк улутка бөлүнөт окшойбуз. Мындай ойду мурунку тарыхчылардан Кызласов кийинкилерден Мурад Ажы айтып келет. Тагыраагы, кыргыз деген улут болгон эмес, болгону титулдук этнос башкаруу элитасы болгон деп келишет.
Мен билгенден Манас эпосубузда бири кетти эренге, бири кети тереңге деп айтылган. Манас атабыз кытай чачкан кырк уруу кыргыз элин чогулткан. Убагында эл болуп беребиз, кыргыздын бир уруусу болуп беребиз деп, тегибиз кыргыз урааныбыз Манас деп кошулган элдер да болгон. Албетте кээ бирлерин чаап, басып алган башка элдер жана уруулар болгон. Азыр демократиянын шылтоосу менен кээ бирлеринин койнунда котур ташы бар экени эми билинип жатат... Бирок мунун баары кыргыз элин курама журт деп айтканга негиз болуп бербейт. Манас эпосубузда түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз деп айтылган саптарыбыз бар. Ушунун өзү эле кыргыз улуту эч кандай кырк ууз эмес, кырылгыс маанисин берерин көргөзүп турат...
Президент мырза, сиз Россияга барганда Путин да, Медведев да, Патриарх Кирил да киргизский народ, кыргызскому народу деп кайрылат. Баамдасаңыз, эч кандай кыргызстандыктар эмес. Себеби бүт дүйнө жүзү Кыргыз Республикасын кыргыздардын жери, мекени деп билет. Президент мырза, сиз Кыргыз Республикасында кандайдыр бир элдердин же кыргызстандыктардын болгондугу үчүн президент болуп отурган жоксуз. Сиз кыргыз улуту бар үчүн, кыргыз жери бар үчүн, кыргыз журту бар үчүн Кыргыз Республикасынын президенти болуп отурасыз. Менин кыргыз улуту катары, кыргыз катары башка мекеним жок. Мага Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын президенттери кыргыз элим, кыргызым деп эч убакта кайрылбайт. Шайлоочуңуз катары мен сизден талап кылам жана муктажмын.... Мен муктажмын!
Данияр БУСУРМАНАЛЫ




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??