presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Саламат САДЫКОВА,
КР эл артисти:
Булбулдай үнү, тал чыбыктай ийилген келбети менен элдин көңүлүндө жүргөн таланттуу ырчы айым Саламат САДЫКОВА менен жаңы жыл алдында кыскача байланышкан элек. Анда Дубайга кетип атканын айткан. Эми Дубайдан келип, өзү жөнүндө кенен кеп салып берди.

- Жаңы жыл алдында Дубайга кыз-күйөөңүз менен жолугуп, куда-сөөк менен таанышып келем деп жөнөдүңүз эле, кандай барып келдиңиз?
- Жаңы 2013-жылдын дарбазасын Эмираттан ачып, тосуп алдым десем болот. Кызым ошол жакта иштеп, жашап жүргөнүнө биртоп жыл болуп калды. Ал эми кызымдын жеке турмушу туурасында айтсам, ал өз теңин жолуктурганына, жалгыз жүрбөй бактысын тапканына мен эне катары кубанам. Бул жерде катуу жар салып деле мактана турган өзгөчө бир жаңылык жок. Анткени эң алды баланын, анын ичинен өзгөчө кыз баланын бактысы өзүнө жарашкан теңин тапса дейт эмеспи ар бир эле ата-эне. Мен деле ошол өңүттөн алып карап кызымдын жеке турмушу тың болсо, бактысы жанып турса шүгүр келтирип, көңүлүм жайланып тынч уктап калдым десем болот. Кызымдын багы жансын, өз бактысы, теңи өзүнө буюруп балалуу болсо, агарып-көгөрсө, өнүп-өскөн үй-бүлө болуп кетсе деген гана тилегимди билдиргим келет.
- Дайыма жаш, сулуу болуп, бой келбетиңизге өзгөчө кам көрөсүз. Сиздин суйкайган келбетиңизге чет өлкөлүк куда-сөөктөр да суктанышса керек?
- Менин сулуулугума, жаштыкка жакыныраак келбетимди кандайча сактап жүргөнүм тууралуу көп эле сурашат. Бул өзү мага деле ары олуттуу, ары сырдуу маселе. Мен жашаган коом, урматтап турган чөйрө, дайыма эл көзүндө жүргөн аял катары мени жана элимди салкын жел сылап турса экен. Биринчиден, табият тартуулаган сымбатыма кээде ыраазы да болом. Анткени артисттин түйшүгүн мен багбан менен дыйканга салыштырам. Сахнанын адамы болгондон кийин анын өз эрежеси болот, тубаса сулуу болсоң да сахнага чыгуунун тартиби, грим-макияж жасоого туура келет. Ошондуктан кээде күзгүнү карап туруп өзүм менен өзүм сүйлөшмөй адатым бар, "ушу мага чыдаган бетиме да рахмат" деп коем. Анткени күн сайын эртең менен жүзүмдү сапаттуу бет жуугучтар менен чайкап, анан сапаттуу бетмай менен азыктандырам. Кечкисин да сөзсүз түрдө, мейли түн жарымда келемби, милдеттүү түрдө бетти таза жууп түнкү кремди коймоюнча жаталбайм. Бул да өзүнчө адамдын көшөргөн кайратын, сабырын, ынтаасын талап эткен түйшүк эмеспи. Анан адам ички жандүйнөсүн таза кармоо керектигин айткым келет. Менин мүнөзүм айрымдарга гана жакпаса да, кудай алдында эч кимди жаман көрө албайм. Эч кимге узакка дейре таарына да албайм. Убагында бир жарылып алышым мүмкүн. Тез эле оюмду тазалап, ал адамдын жакшы жагын да көрө билгенге басым жасайм. Ал эми такыр эле дабасы жок куйту, карөзгөй адамдарга теңелбейм. Апам ыраматылык "Жаманга теңелбе, сен жакшысың деп кой, а ичиңден сенден көрө эшиктеги ит жакшы деп кой" дечү.
- Кыздарыңызды узаттыңыз, эми өзүңүздүн жеке жашооңуз туурасында ойлонгонго убакыт келгендир?
- Менин жеке турмушума кызыккандар көп. Азыр ушул кезде, ушул куракта кантип өзүм жөнүндө ойлонбой коеюн. Эртели-кеч эмнеге мен жалгыз калдым деп көп санаа чегем. Адам бактылуу болуш үчүн өз бактысынын атайын формуласын күтүп отурбай, анүчүн күрөшүү керек экен. Бакыт үчүн кичине өзүмчүл да болуп коюшуң керек тура. "Аюу да болсо эрим бар" деп эл көзүнө жылтырап жетелешип, үйгө барганда ит менен мышык болуп жашап жүргөндөр деле жок эмес. Тирүү кишинин көзү көрүп, кулагы угуп тургандан кийин баарын байкайт экенсиң. Мен болсо башы бош мендик гана адамды издедим, жолукпады. Өзүм теңдүү жаш курагы мейли улуу болсун, акылы терең, айкөл, шайыр, чечкиндүү, март, жандан артык жаралган, калп сүйлөбөгөн адамды күтүп жүрө бериптирмин. Эми түбү өкүнбөйм деле, Кудайга шүгүр, кыздарымдын багы жансын, неберелерим бар.
- Сиздин интернеттеги баракчаларыңыздагы сүрөттөрүңүзгө, дегеле өзүңүзгө таазим эткендер да бар. Ошол сүрөттөргө чет өлкөлүк жарандар да ар кандай комментарийлерди жазышат. Аларды кызыгып окуп, бул ким эле деп көрдүңүз беле?
- Ооба, менин интернеттеги барагымдагы комментарийлерди байкапсыз. Негизинен менин баракчама чет өлкөлүктөр, казактар көп кирет. Алар жөнөкөй адамдар эмес, негизинен эл аралык абройлуу фестивалдардын, ассоциациялардын, музыкалык компаниялардын башында турган адамдар. Менин ар бир сапарымда алар мага терең ыраазы болуп узатышат. Алардан Мастер, Дива, Королева деген сөздөрү угам. Чыныгы искусствонун кадырын, касиетин түшүнгөн адамдар менен баарлашып, иштешип жүргөн ырчы катары бүгүн мен Жаратканга ыраазымын. Ал эми кээ бир чет өлкөлүктөр болсо "мен сени сүйөм, конокко келбейсиңби, тосуп алам" дешип өз ой-пикирлерин ачык жазышат. Менин сүрөтүмдү карап олтуруп алар да ырчы деп ойлошот го сыягы. Бир күнү бир араб күн сайын менин барагыма кире баштады. Алгач киргенде сүрөтүндө башында селдеси бар болчу. Бир жумадан кийин карасам баягы араб жигит жылаңбаш болуп көрүнүп калды. Анан сүрөтүмдүн астына мен сени сүйөм деп коюптур. Кызыгып барагына кирсем, ал болгону 1970-жылкы экен. Анан күндө мени аңдып турат, мен кандай кирсем жазып баштайт. Кайда жүрдүң, эмне кылдың деп, анан мен ой бул жигит менин статусумду билбейт го бечара деп, интернет барактарыма үй-бүлөлүк сүрөттөрдү, неберелеримди, эки кызымды койдум да астына англисче түшүндүрмө берип жаздым. Ошону менен тынчыды байкушум. Азыр деле кээде кирет, үн-сөзсүз барагыма көз салып коет. Негизи мен интернетке көбүнчө жумуш менен кирем. Кээде майда жумуш болуп калат экен, а чынында өтө сергек, жооптуу жумуштарды жасадым акыркы кезде. "Камбаркан" ансамблинин бардык кагаз иштерин өзүм бүтүрдүм. Жакында Оманда өтө турган эл аралык фестивалга барабыз. Дүйнөдөгү эң чоң театрда биздин топ өнөр көрсөтөт. Ал жактагы продюсерлер менен сүйлөшүүлөрдү өзүм жүргүзүүдөмүн. Азыр биздин топ фестивалга барабыз деп катуу даярдыктын үстүндө иштеп жатат.
- Акыркы кезде эмнеге каниет кылып кубанып, неге капа болосуз?
- Санат деген неберелүү болгонума кубандым. Азыр ошол неберелеримдин, кыздарымдын өмүрүн тилеп жашап келем. Неберелеримдин күлкүсүн угуп, таене деген бал тилинен баар алып кубанам. Кудайга шүгүр, эл кызы катары мени учуру келгенде колдоп алар эли-журтум бар. Намыстуу, ынтымактуу элдин атын чыгарар уул-кыздары бар КЫРГЫЗ деген элдин кызы экендигиме ар убак сыймыктанам.
Ал эми өкүнгөнүм, элди козутуп, будамайлап алдагандар көбөйдү. Көбү сүйлөгөн сөзү менен жасаган ишинен жыйынтык жок. Тескерисинче, момун элибизди бүгүн каалагандай сабап, ур-тепкиге алып, кааласа барымтага алып жатышат. Мыйзамдуу өлкөдө биринчи өз жарандарын колдош керек беле дейм. Анткен менен баары убактылуу. Бектер кетет эл калат, бетеге кетип бел калат дейт. Бул дүйнөдө түбөлүк ким калат, жашаар эл калат деп Манас атабыз осуятында даана сүрөттөгөн эмеспи. Элдин кадырын, касиетин, баркын көз жаздымда калтырып тапкан байлык деле, амал менен жеткен бийлик деле опаа кылбайт го. Элибиздин наркын, келечегин, гүлдөп-өсүшүнө акыл калчаган азаматтарыбызга Кудайым көмөкчү болсо экен деп тилеп жүрөм.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??